Кыргыз гезиттер архиви


Түркмөнбашынын түркүн жоруктары
Түркмөнстандагы элдин турмушун көргөн чет өлкөлүктөр Эфиопия менен Анголадан бир аз эле айырмаланат деп айтышат. Өлкөнүн борбору Ашхабад шаарына көз жоосун алган бир катар ири курулуштар салынып, көчөлөрү гүлзарга бөлөнүп турган менен калган шаарлары союз мезгилинен бери өзгөрүлбөптүр. Интернеттеги маркум Түркмөнбашы Сапармурат Ниязов жөнүндөгү тирукмуш маалыматтардын көпчүлүгү өлгөндөн кийин ачыкка чыгып айтыла баштады. Эмесе Түркмөнбашы жөнүндө айтылган айрым аңыздарга токтолуп өтөлү.

Эркектин күчү апийимдеби?
1994-жылы Сапармурат Ниязов өзүнүн айкелин жасаган скульптор менен сүйлөшүп отуруп "апийим эркектин күчүн арттырат" деп айткан экен. Натыйжада, Ашхабадда шаар тургундарынан 5 граммга чейин апийим табылса, милиция аларды жазалабай кое берген. Азыр Түркмөнстанда расмий маалымат боюнча 30 миңден ашуун баңги бар. Расмий эмес маалымат боюнча калктын тең жарымы нашаа тартып, баңгизат колдонот.
Түркмөнстандын "Эркин" деп аталган оппозициялык уюму Түркмөнбашыны Ооган талаа командирлери менен бирдикте баңгизат бизнесине катышы бар деп айыпташкан. Батыш Европанын докладына ылайык Түркмөнстандан бир эле жылда 80 миң тонна героин өтүп турат. 1999-жылы Астрахандан түркмөнстандык эки жүк ташуучу машинадан 200 кило героин тартып алынган. Мындай ири өлчөмдөгү героин Россияда бир да жолу колго түшкөн эмес. Дагы бир маалымат боюнча, Ооганстандан келген героиндер Түркмөнбашынын хансарайынын жертөөлөсүндө (Мурдагы Компартиянын имаратында) сакталып турган. Ал жерден Түркия, Азербайжан, Россияга жөнөтүлчү экен.
Түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун акчасы канча экенин эч ким билбейт. Борбордук банктын башчысы Оразовдун айтуусу боюнча, Ниязов негизги каражаттарын Германиянын банктарында сактаган. Аларды аялынын, кызынын, балдарынын атына каттаган. Ал эми анын уулу Мурат Ниязов Мадридде казинодо ойноп жатып бир түндө эле 12 миллион доллар уттурган.
Ошентип Ниязовдун үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнө баңги бизнесинен, газ, мунай, пахтаны сыртка экспорттоодон миллиарддаган доллар киреше түшүп турган. Мындан тышкары, Түркмөнбашынын Түркиянын токойлуу аймагынан ири өлчөмдөгү менчик жери болгон.
Түркмөнбашы күтүүсүз жарлыктарды көп чыгарган. Анысы бүт дүйнө элдерин таңгалдырган. Мисалы, бир указ менен опера жана балет театрын жоюп жиберген. Ал муну түркмөн салтында болгон эмес, эл балетти көрүп жатып эч нерсе түшүнбөйт деп айткан. Ал эми орто мектепти бүткөн окуучу эки жылга чейин иштеп, андан кийин гана жогорку окуу жайына тапшыра алган. Чет өлкөлүктөр түркмөн кызына үйлөнүү үчүн 50 миң долларын өлкөнүн бюджетине төлөп берүүгө тийиш болгон. Татыктуу чиновниктер президенттин колунан өбүүгө арзыса, татыксыздары этегине же батиңкесине эринин тийгизишкен.
Албетте, Ниязов бийликти укумдан тукумга калтыруу үчүн аракет кылган. Ал турсун вице-премьерлердин бири өлкөнү "Ниязовдун Түркмөнстаны" деп атоону сунуштаган. (Сауд Аравиясы дегендей). Анын 10 миллион долларлык 14 метр бийиктиктеги эстелиги борбордун чок ортосуна тургузулган. Ниязовдун сүйүктүү тулпарынын сүрөтү өлкөнүн гербине тартылган. Туулган күнүн жалпы өлкө майрамдаган. Анын "Рухнаме" китеби жөнүндө көп айтылды...

Кылым соңундагы гарем
Вице-премьер Борис Шихмурадов Түркмөнбашынын гареминде дайыма 500дөн 1000ге чейин 15-16 жаштагы кыздары болгонун ырастаган. Түркмөн диктаторуна кыздарды тандоону улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. Борбордук банктын экс-төрагасы Худайберды Оразовдун ырастоосу боюнча, Түркмөнбашы кызыгын көргөн соң кыздар улам жаңыланып турган. Х.Оразов көзү менен көргөндөрүн төмөнкүдөй баяндайт: "Түркмөнбашы өкмөттүн кеңешмесин жаш сулуулардын курчоосунда жамбаштап жатып өткөрдү. Анан аны карап турган бизден корунбастан жаш сулуунун санынан сылап жатты…" Гарем жөнүндө эч ким ооз ачууга дааган эмес.
Кыздарга сенин эмгегиң мекен үчүн керек деп шыктандырышкан. Алар Түркмөнбашыны денеси менен ыраазы кылууну Атамекенге кызмат кылдым деп түшүнүшкөн. Ошентип отуруп бүтүндөй кыздардын "Меджли" бий ансамбли СССРдин эмгек сиңирген артисти Светлана Жапарованын жетекчилиги астында Сапармурат Ниязовдун каалоосу үчүн гана иштешкен.
С.Ниязов жаш кыздар менен болууну абдан жакшы көрүп, жаш көрүнүү үчүн агарган чачын карага боетуп турган. Анын бул жоругун эл "сылаңкороз" деген.
Сапармурат Ниязовдун өмүр таржымалы кызыктарга өтө эле бай. Ал бир эле указы менен өлкөдөгү бардык китепканаларды жаптырып салган. Муну ал эл окубаган соң эмне кереги бар деп түшүндүргөн. Ал эми өзү эки түрдүү жашоону баштан кечирген. Биринчиси, салабаттуу партиялык костюм менен болсо, экинчиси кумар ойноо, катынпоздук, баңгизат колдонуу. Ал убакытты көңүлдүү өткөрүү үчүн өлкөдөгү эң аферист кумарчыларды чакырып акча сайып карта ойногон.
Бир жумалык аял
1995-жылдан тартып Крымдан өзгөчө жасалган коньякты алдырып иче баштаган. Кант диабети менен ооруганына карабастан анысын токтоткон эмес.
Түркмөнстанда тышкы иштер боюнча вице-премьер министр болуп иштеген Борис Шихмурадов менен Борбордук банктын төрагасы, экономика министри Худайберды Оразовдун Батыш маалымат каражаттарына Түркмөнбашы жөнүндө айткандары өтө эле кызыктуу.
Акыркы 10 жылда анын аялы Муза Алексеевна Түркмөнстанда жашаган эмес. Такай Москвада тургандыктан, Ашхабадга жаңы жыл алдында гана бир жумага келчү экен.
Сапармурат Түркмөнбашы өлкөнү каалагандай башкарган. Компартиянын эски имаратында анын аппараты жайланышкан. Өзү француздук фирма курган президенттик хансарайда отурган. Анда бильярд ойноочу зал, бассейн, кыскасы, С.Ниязов каалаган бардык нерсе болгон. Мындан тышкары, анын Европада, Түркияда расмий төрт резиденциясы бар экени айтылат. Ал түшкө чейин хансарайда болуп, коопсуздук кызматынын башчысынан башка эч кимди кабыл алган эмес. Анын докладын эртең менен уккан. Өлкөдөгү өтө маанилүү нерселер кыйынчылык менен араң чечилген. Кургакчылык өкүм сүрүп өрт чыгып, мал кырылып жатса да кабагым-кашым деген эмес. Беш миллионго жетпеген калктын тең жарымы жумушсуз, ал эми иштегендери айына араң эле 15-16 доллардын тегерегинде акча алган.
Анын уулу Мурат Ниязов өлкөгө спирт ичимдиктерин, тамеки ташуу менен да шугулданган. Ал дайыма Брюсселде жашаган. Бирок жасаган иштери боюнча бир тыйын салык төлөгөн эмес. Качан гана премьер-министр салык резолюциясын киргизгенде ал үй-бүлөнүн каарына калып, өзү өлкөдөн жашыруун качып чыгып кетүүгө мажбур болгон. (Кара-Кум аркылуу Каракалпакка чейин жөө келген деген кеп бар.)
Түркмөнбашы сыртынан караганда бир аз шайыр, аңкоо адамдай көрүнгөн менен өтө эле кекчил экенин Борис Шихмурадовдун ордун баскан тышкы иштер министри Авды Кулиев ырастайт.
Керек болсо ал өзүнө каршы чыккан саясатчыларды тындым кылганга чейин барган. Өлкөдө мыйзамсыздык өкүм сүргөндүктөн акыры ал мени кудай өзү колдоп, тандады деген ишенимге биротоло азыгырылып алган. Авды Кулиевдин айтуусу боюнча С.Ниязов өлкөнү жеке компанияны башкаргандай эле башкарган. Өндүрүш толугу менен кыйраган. Мунай жана газ боюнча келген инвесторлордун баары Түркмөнбашынын кызыкчылыгы боюнча иштешкен. Негизи алар Түркиянын, Израилдин, Аргентинанын атуулдары болгон.
С.Ниязов жүрөк оорулуу болгон жана андан абдан жабыркаган. Ага немец врачы дарылануу керек экенин айткан. Ошондон улам Ашхабадга 38 млн. долларга кардиологиялык борбор курдурган. Бул он беш жылда тургузулган жападан жалгыз дарылоочу мекеме. Болбосо илимдер академиясын жаап, медициналык институттун окуу мөөнөтүн тең жарымына чейин кыскарткан да Түркмөнбашы болгон.
Албетте, Сапармурат Ниязов "Миң бир түн жомогундагы" каарман эмес. Ал мындан төрт жыл мурда Түркмөнбашы деген ат менен Түркмөнстанды башкарып турган.
Тилекке каршы, эч нерсе түбөлүктүү эмес экен. Өзүнө бийиктиги 60 метр болгон алтындан эстелик тургузса да артында аңгилиги, баңгилиги ашкереленген сөз калды. Ошону менен буларды уккан түркмөн элинин Ниязовдордун үй-бүлөсүн жек көрүү сезими, 15-16 жаштагы уйпаланган кыздардын көз жашы, элдин каргышы калды.
Демек, сөз эркиндиги, мыйзамдуулук демократия, адам укугу деп Батыш какшаган асыл баалуулуктар мамлекет үчүн аба менен суудай керек тура. Булар жок жерде жалгыз киши миллиондогон адамдын укугун каалагандай тебелеп, керек болсо гарем ачып жашай турганына Түркмөнстандын мисалы күбө.
Мурза КОЙЧУМАНОВ