Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Турсунбай Бакир уулунун багы эми ачылды
Жаз башында Нурлан Мотуев менен тандем түзө коюп оппозициясын да, позициясын да талкалай баштап, бирок эмнегедир президенттик шайлоонун алдында дымып калган Турсунбай Бакир уулу 2-сентябрда президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. "Саргара жортсоң кызара бөртөсүң"- деген ошол да. Кайран Тукебиз Акыйкатчы институтун дагы бир молдо Турсунбек Акунга тарттырып ийгенден бери жумушсуз калды эле.

Жыл сайын атылган аксылыктарды эстейбиз
"Ак жолчу" депутат Бейшенбек Абдырасаков демилгечи болгон "17-мартты Аксыдагы 2002-жылдын 17-18-мартындагы кайгылуу окуяларда курман болгондорду эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө" ЖК токтомунун долбоору каралып, талкуусуз кабыл алынды. Бул токтом долбоору 2002-жылы 17-март күнү Аксы жергесинде өткөн каргашалуу окуянын курмандыктарын жыл сайын расмий эскерип туруу максатында иштелип чыккан. Токтомдо эскерүү иш-чарасынын механизмдери ырааттуу чагылдырылуу менен, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге бир катар тапшырмалар берилген. Мунусу го түзүк… бирок мындан көрө ошол алты жарандын өмүрүн алган Аксы окуясына тиешеси барлар жазасын алып, Домбунун кунундай чубалып келаткан сот ишине чекит коюлса жакшы болмок.

Карапайым элди кагыштыруу аракети эмеспи…
Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасына жергиликтүү тургундардан турган күзөт бекеттерди орнотуп жатат. Учурда ошол чек ара аймагында жашаган өзбек жарандары тарабынан түзүлгөн мындай күзөт бекеттердин саны жүз кырктан ашты. Кыргызстандын түштүгүндөгү бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча, жакынкы күндөрү мындай күзөт бекеттер үч жүзгө жеткирилиши мүмкүн. Кошунабыздын бул акциясы "Өз үйүңдү өзүң корго" деп аталат. Кыргыз чек ара кызматы өзбек тараптын мындай иш-аракеттери тууралуу азырынча комментарий бере элек. Расмий Ташкент Кыргызстан менен чек арасын 27-августтан 10-сентябрга чейин жапкан. Алар мындай кадамын өлкөнүн эгемен күнүн жана Ташкент шаарынын 2200 жылдыгын белгилөө менен түшүндүргөн.

Чет өлкөлүктөр чемичкеден көп
ЖК Коммунисттер фракциясынын билдиришинче азыр Кыргызстанда 70 миңден ашуун чет элдик жашайт. А ИИМдин маалыматына таянсак, алардын 8 миңи гана чет өлкөлүк атайын квоталар менен эмгектенүүгө келгендер. Кыргызстан "общий дом" болуп калгандыктанбы, айтор 2009-жылдын жарым жылдыгында эле 4 477 чет өлкөлүк өлкөгө мыйзамсыз кирип, жашап жаткандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Милиция кызматкерлеринин айтымында мындай мыйзамсыз киргендердин саны жылдан жылга өсүп келатат. Алсак, 2007-жылы 4 952 чет өлкөлүк кармалса, 2008-жылы 7734 адам административдик жоопкерчиликке тартылган.




  Крим-аалы

Баңгизат баткагынан неге чыгалбадыңар?
Россиянын Нижегородск облусунда жашаган кыргызстандык үй-бүлө өткөн жылдын июль айында 350 грамм баңгизатын соодалап аткан жеринен кармалышкан. Жакында Нижегородск облустук соту күйөөсүн он жылга, ал эми жубайын сегиз жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Булар башка кыргызстандыктардай болуп көчө шыпырып, же курулуш иштеринде иштеген эмес. Үй-бүлө башчысы Россиядагы аскер бөлүктөрүнүн биринде мед.бөлүктүн начальниги болсо, жубайы Москвадагы өнөр жай экономикалык техникумунда юридикалык тартип боюнча окутуучу болуп иштеген.

Эми жазаңды түрмө берет
Апрель айында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылынан төрт жаштагы кызды зордуктаган кылмышкер кармалып, жергиликтүү эл бир сыйра ызы-чуу чыгарган эле. Эскерте кетсек, окуя болгондон кийин кичинекей кыздын чоң энеси өз жанын кыйган. Жергиликтүү эл ал жерде жашаган күрд улутундагылардын үй-жайын талкалап, алардын айылдан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Жакында Москва райондук соту кичинекей кызды зордуктаган аңгини жыйырма жыл эркинен ажыратууга өкүм чыгарды.

Браконьер аз го…
Ысык-Көл жана Нарын облусунун жаратылышты коргоо департаментинин бир жумалык рейдинен он жети браконьер колго түштү. Алар он бир тоо текени, тогуз суурду, бир кашкулакты атууга үлгүрүшкөн экен. Браконьерлердин үстүнөн кылмыш иши козголду.

Кан куткарбайт
Москва шаардык соту "такырбаштардын" "Белые волки" уюшкан кылмыштуу тобунун үстүнөн сот процессин баштады. Он эки адамдан турган кылмыш тобунун колунан кыргызстандык бир нече жаран көз жумган. Атай кетсек, 2007-жылдын 31-октябрында 42 жаштагы Алишер Тешебаевди, 2007-жылдын 25-декабрында Токтобердиевди, 2008-жылдын 13-январында 25 жаштагы Нурланбек Шааевди, 17 жаштагы Алтынбек Жаркыновду, 2008-жылдын 16-январында 22 жаштагы Нурлан Эркинбаевди алар мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Алар жыл сайын 20-апрелде Гитлердин туулган күнүнүн урматына азиат улутундагы бир адамды курмандыкка чалып, аны мыкаачылык менен өлтүрүүнү адатка айландырышкан.




  И-тагдаалы

Ардак грамотаны ким алды?
Саид Баюминин жетекчилигиндеги "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы" Кыргызстанда ишмердигин жүргүзгөнүнө сегиз жылдын жүзү болду. Бул уюм алыскы аймактарда мектептерди салып, айылдык медициналык пунктарды да капиталдык ремонттон өткөрүүгө жардам берип келет. Жер астынан бургулоочу ыкма менен таза суу чыгарып, жүздөгөн айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылган. Ал эми ыйманга чакырган жүздөгөн мечиттердин салынышы жергебиздеги миңдеген мусулмандардын ыраазычылыгына татыды. Анын мындай эмгектерин баалаган президент Курманбек Бакиев "Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан көтөрүүдө кошкон баа жеткис эмгеги үчүн" Ардак грамота менен сыйлады.

Бейшебайдын "Түнү"
Белгилүү жазуучу, филология илиминин доктору, профессор Бейшебай Усубалиев "Түн" деген повесттерден турган китебин жарыкка чыгарды. Бейшебайдын кара сөздүн кандай сүрөткерү экенин анын чыгармачылыгын баалаган, сөз баккан окурмандар жакшы билишет. Жакшы чыгарма окугуңуз келсе, "Түндү" окуңуз.

Чептен эрдин күчү бек
Быйыл Кыргызстандын Ички аскерлеринин түзүлгөнүнө туура 68, Баткен коогалаңына 10 жыл болот. 1941-жылы 26-августта Кыргыз ССРинин ички аскерлери түзүлгөн.1999-жылы 24-августта Кыргызстандын территориясына куралданган сакалчандар киришип, өлкөбүздүн ички аскерлери аларга каршы турушкан. 2006-жылы өкмөттүн атайын токтому менен 24-август Кыргыз республикасынын ИИМинин Ички аскерлер күнү деп белгиленген. Жакында башында ИИМдин Ички аскерлер күнү белгиленип, 1999-жылдагы коогалаңда каза болгондорду эскерүү салтанаты болду.

Коомдук транспорт кокодон болду
Кечээ борбордо президенттин катышуусунда кытайдын 8 млн. доллар грантынын эсебинен келген муниципиалдык автобустар тапшырылды. Тактай кетсек, өлкөгө жалпы 183 автобус келген жана анын 30у Ош шаарына жөнөтүлөт. Бул жаңы коомдук автоунааларды Кыргызстанга кытай тарап тандап алып берген. Эми бул жаңы дөөтүлөргө Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу мекемесинин жетекчилиги 300 айдоочу алат. Жол кире акысы болсо мурдагыдай эле 6 сом бойдон калат.

600 алтын медалчандын араң 25и
Быйылкы жылы Кыргыз-Славян университетине 600 алтын медалчан абитуриент тапшырып, анын ичинен 25и гана алтын медалга татыктуу экенин көрсөтө алган. Окуу жайдын гуманитардык факультетинин деканы Абдыкадыр Орусбаевдин айтымында, мындай көрсөткүч орто мектептердеги билим берүү "аман эле болсун" акыбалында экенин айгинелейт. Абдыкадыр мырза айрыкча тил жагынан бүтүрүүчүлөр абдан чабал экендигин айтып, адамдын өз оюн так, туура айта албагандыгы жеке эле өзүнө эмес, коомго зыян экенин баса белгилеген. Тилден, ушундай чабал болсо, калган жагын кантишер экен "алтын медалчандар".