Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу маек

Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ:
"Жоготконумдан тапканым арбын"
Обончу, аткаруучу Сыймык БЕЙШЕКЕЕВдин турмушунда - быйыл бактылуу сандар тизмеги. Өзү 35ке, чыгармачылык чыйыры 15ке толуп, ал эми туулган күнү кылымда бир кайталанчу 090909 күнүнө туура келип отурат.

- 090909 деп атайын белгилөөңүздү цифрага болгону ишенимиңиз күч деп билсек болобу?
- Ишенимдин күчтүүлүгүнөн деле эмес, ушул күнү төрөлүп калыптырмын өзүм. Адамдын жакшы көргөн саны болот экен. 9 деген сан мени дайым коштоп жүрөт. Жакшы нерселерди тартуулайт. Балдардын туулган күндөрү да 9 деген санга ылайыкташат. Ошондон улам 9 мага ийгилик алып келе турган сан деп санайм.
- Окшош сандардын катар келишин эл менен кошо белгилебесе болбойт деп чечтиңиз…
- Бул салтка айланып калган. Туулган күнүмө арнап 1999-жылдан бери концерт коюп келем. Жүз жылда бир жаңырат экен мындай үч 9 саны катар келген күн. Салтымды улап быйыл да өз күйөрмандарым менен жеке майрамымдан бөлүшкүм келди.
- Күйөрмандарыңыз не өзгөчөлүк күтө алат?
- Чыгармачыл адамдан сөзсүз түрдө жаңы чыгарма күтүшөт, бул да болот. Сахналаш досторумдан 9 адам катышат, 9 күйөрманга 9 телевизор билет номуру менен ойнотулат. Кудай буюрса, бул концертке 9 компаниядан демөөрчүлүк көрсөтүлөт. Башталышы да 19.09да. Бардыгына 9ду аралаштырып ырымдаганыбыз. Кыргыз илгертен жакшылыктарда тогуздап мал айдап, "тогуздап берсин" деген ырым-жырымдары болгон экен. Анын сыңары, Кудай бизге тогуздап берсин. Алдыда кыш сыноосу деген бар. Жеңил, кыйынчылыксыз өтүп кетсин деген тилекти айткым келет.
- Канча кырды ашып койдуңуз?
- Кудай буюрса, 35ке чыгат экенмин. Анан да быйыл чыгармачылыкка аралашканыма 15 жыл толот. 1993-жылдын күз айларында Филармониядагы Эстебес Турсуналиевдин тобуна киргем. Ал жерде Тууганбай Абдиев өңдүү залкарлардан таалим-тарбия алдык. Ушундай улуу инсандардын азыркы даражага жетүүбүзгө салымы зор. Ушул 15 жылдык мезгилге саресеп салып, отчет дейбизби, же чыгармачылык кечеби, айтор, эл-журтка жакшы ырлар топтомун тартуулагыбыз келди.
- Чейрек кылымдык убакыт болуп калыптыр го…
- Убакыт өтө берет экен. 1994-жылдан баштап гастролдун даамын сездим. Ал убакта филармония чегерген суткалык акы менен гастролго чыкчубуз. Ар жумуштун түйшүгү арбын. Анын ийгилигин сезиш үчүн сөзсүз түрдө жыргалы менен азабын, сыйлоосу менен кыйноосун кошо тартыш керек тура. Чыгармачылык жолум шыдыр болду десем болот. Себеби, жаңы телчигип, филармониянын босогосун аттагандан эки ай өтпөй жумушка алынып калдым. Бакыт учкуну ошол жерде жанды окшойт. Азыр бир тобунун көзү өтүп кетсе да, не деген керемет инсандардын кебин угуп, чыгармачылык сапарда алардын сумкасын көтөрүп же аларга чай сунуп, батасын алыш мага өзүнчө бир чоң олжо болгон экен. Алардын ар бир сөзү чыгармачылыкта гана эмес, турмушта да пайдасы көп тийди. Алар көрсөткөн жол, үйрөтүп кеткен билими менен көп нерсеге жетиштик. Окуганда да жакшы мугалимге - профессор Улукмырза Полотовго туш болдум. Бул жагынан да арман кылбайм. Чыгармачыл чөйрөдө дагы жакшы инсандар менен мамиле түздүм. Бул жагынан да бактылуу экенмин. Кыскасы, чыгармачылык тушообуз Улуттук филармонияда жакшы кесилсе керек… Өнөрдүн уюткусу болот. Али күнгө чейин адамга, күйөрман, доско, улуу менен кичүүгө кандай мамиле кылышты бала кезимден ошол залкар аксакалдардан үйрөнүп калганым чоң сыймык.
- Чейрек кылым аралыгында тапкан олжоңуз - Сыймык Бейшекеев деген ысым болдубу же дагы бир баалуулуктар барбы?
- Ысым мага ата-энем тарабынан ыроолонгон. 15 жылда бул ысымды мен Кыргызстанга таанытып, жаман сөз тийгизбей алып жүргөнүмдүн өзү мага чоң олжо. Үй-бүлөмдүн амандыгы мага чоң бакыт. Чыгармачылыкты жаңы баштаганда үйлөндүм. Кудай сактасын, жоготкондон тапкан нерсем көп болду. Залкар устаттарымды жоготтум дегеним менен алар элдин көкүрөгүндө сакталып калышты. Теледен көрүп суктанып жүргөн адамдар менен жакшы мамиледе болдум. Жадагалса, ушул өнөрдүн арты менен алыскы чет мамлекеттерге барып жер көрүп, эл тааныдым. Уул-кызды тарбиялап атабыз. Чыгармачылыкта болбосом, кандай ата болмокмун биле албайм. Ушул чөйрөдө экениме абдан сыймыктанам. Айрымдар муну саясатка теңеп, ыплас чөйрө дешет. Менимче, бул дүйнөнүн эч кандай ыпластыгы жок. Эң таза дүйнө - бул чыгармачылык. Кээ бир ыплас адамдар кирип алып ушундай сөздөрдү айтышса керек. Улуу аталардын учугу уланып келаткан дүйнөнү биз кир дегенге эч акыбыз жок. Чыгармачылыктын дагы бир табылгасы - канча жоро-жолдош күттүм, баары ушул чөйрөнүн аркасы менен келди. Чыгармачыл адам болбосом, аларды табат белем, таппайт белем, ким билет. Гастролго чыкканда жолдо ар кандай нерсе болот. Машинең бузулуп калса да, ошол айылдын баары болбосо да, 20 пайызы бүт келип жардам беришет. Тааныбаган эле адамдар нанын берип, чайын сунат. Мунун баары элдин чыгармачылыкты сыйлоосу. Кай жерге барба, ал жердин аксакалдары батасын берип, жаштары келип саламын айтат. Бул да жашоодогу эң бактылуу көз ирмемдер. Сыймык Бейшекеев деген ысымды эле эмес, көп тууган таптым. Кудайга шүгүр, жандүйнөм да жакшы адамдарга аябай байыды.
- Чыгармачыл дүйнөнү ыплас дегенге кошулбайм дедиңиз. Ушунча жылда бир да ирет ошондой жагдайлардын эпкини тийген жокпу?
- Баары адамдын өз деңгээлине, аң-сезимине жараша. Өтө таза калыш үчүн анда жалгыз эле тоого чыгып кетиш керек. Бирок, адам аласы ичинде дейт экен. Адамда ар кандай нерсе болот экен. Бирок, адамдын жаман жактарына көз жуумп, жакшы жактарына көңүл буруп, кечиримдүү болуп койсок, кир деген саясат деле абдан таза болмок. Дилди, көкүрөктү таза кармаш керек. Тазаланыш, тазартыш адамдын өзүнөн.
- Өнөрлүү адамдын көкүрөгү таза болобу?
- Менимче, ушундай. Өнөрлүү адамдардын улуусу менен да, кичүүсү менен да мамиле түзөм. Алардын жакшы жактарын издейм. Менден кичүү болуп турса да, анын жакшы жактарын алып калууга аракет кылам. Пенделикте балким, болсо болгондур. А бирок, чыгармачылыкта ыпластыктын эпкинин туйган жокмун. Бир адамдан көңүлүм ирээнжисе, анда дайым өнөр мага аны жууп кетүүгө көмөгүн берет.
- Пендечиликке көз жумуш үчүн адамга күчтүү эрк керекпи?
- Баарына кол шилтей албайсың, албетте. Биз да пендебиз. Анүчүн, улуулук, айкөлдүк керек. Кемчилик ар адамдан кетет. Айтпай турган нерсени айтып, жасабаш керек нерсени жасап алышың мүмкүн. Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным" китебин окуп отуруп, бир жерине абдан муюгам: адам өзү эки жашынан тарта сөз үйрөнүү менен алек болот да, үйрөнгөн соң өмүр бою ошол тилинин азабын тартып жүрүп өтөт.
- Бийкеч жылдызындагылар терең жана так ой жүгүртө алган адамдар катарында экен. Өзүңүздөн кандайдыр өзгөчөлүктөрдү байкай аласызбы?
- Өзүмдү мактап кетейинчи, бир адам менен таанышып мамиле түзүп калсам, ошол адам менен туугандашып кетем. Ошого эле карама-каршы жагым - бир адамды жаман көрүп калсам, үч ирет кечиришим мүмкүн, андан ары да уланса, анда таптакыр кечире албайм. Гороскопко өтө берилип окубайм, аябай ишенич деле жок. Он жыл мурун бир эже келип, чыгарма жаратууга жакшы деп күндөрдү белгилеп, астрологиялык китеп белек кылган. Сурооңдон улам эске түшүп атат, ушул кезге чейин ошол китепке таптакыр кызыгып көрбөпмүн. Мисалы, бала төрөлөрүн билесиң, бирок, күнүн так билбейт эмессиңби. Чыгарма жаратуу деле ошол сымал.
- Ымыркай төрөлгөндө адам сүйүнүчтөн көзүнө жаш алат. Чыгарма жаралгандачы?
- Көп жолу болот. Өз ишиңе ыраазы болуп, сөзсүз толкундайсың, жашыйсың. Мен бирөөнүн сүйүнүчүнө да толкунданам, көзгө жаш алам.
- Жашка жаш кошулган сайын адамга акыл кошулабы же бул жаштан көзкаранды эмеспи?
- Адам акылы менен төрөлөт. Бирок, көрө-көрө көсөм болот деп кыргыз туура айткан. Көп нерсени көрүп отуруп, акылың курчуй берет. Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет эмеспи. Көрүнөөсүн көрүнөө, көмүскөсүн көмүскө үйрөнүш керек. Эгер улам жаш кошкон сайын акыл кошула бере турган болсо, мени кечирип коюшсун, 70тегилер өтө акылман болуп кетпейт беле. Кээде 45-50дөгү адамдар деле 20 жаштагы бала жасабаган кадамдарга барышат. Көбүрөөк окуп, адамдар менен көбүрөөк мамиле түзсөк, бардык нерсе орду-ордуна жуурулушат болуш керек.

Маектешкен Айнагүл САПАРБЕК кызы