Кыргыз гезиттер архиви

  Токто, көз ирмем!

Жыргал КӨБӨГӨНОВА:
"Ата-энем алтын казыгым,
Күнболот жан шеригим"
Кыргыз эл артисттери, кыргыз театр искусствосунун корифейлери Абдыашым КӨБӨГӨНОВ менен Сайрагүл БАЛКЫБЕКОВА республикадагы облустук, райондук театрларды түптөөдө чоң салым кошуп, искусстводо терең из калтырган. Таланттуу адамдардын кызы, КР эмгек сиңирген артисти Жыргал КӨБӨГӨНОВА да ата-энесинин жолун жолдоп, театрда көптөгөн ролдорду аткарып келүүдө. Учурунда жалаң шок балдардын, тентек келиндердин образын жаратып, көрүүчүлөрдүн көңүлүндө калган. Эстей кетсек, "Келиндер козголоңу" комедиясында кайненесинин катыгын берген тентек келин азыркыга чейин элдин эсинен кетелек. Ал эми өмүрлүк түгөйү, КР эл артисти маркум Күнболот ДОСУМБАЕВ да кыргыз театр, кино өнөрүндө өчпөс из калтырган. Ж.Көбөгөнова жаштыгын, ата-энесинин түйшүктүү жашоосу, Күнболот менен өткөн өмүрү жөнүндө айтып берди.


Ийгилик жана кырсык
- Кичине чагыман театрдын короосунда чоңоюп, ата-энем менен гастролго чыгып кошо жүрүп, артисттик жашоонун ачуу-таттуусуна эрте аралаштым. Белгилүү киноактер Ашыр Чокубаев экөөбүз бир короодо өскөнбүз. Театрда спектакль бүткөндөн кийин Ашыр экөөбүз сахнага чыгып, ал Курманбек, мен Айганыш болуп өзүбүзчө роль ойноор элек. Азыр эстесем ошол кезде сахнага коюлган спектаклдердин баарын жатка билчү экенбиз. Бирок, ата-энем менин искусство жаатына аралашуумду каалашкан эмес. 8-классты аяктаганда алардын макулдугусуз эле "Союзгосцирктин" Фрунзедеги цирк өнөрү студиясында аба гимнастынын ролун аткарып машыга баштадым. 1964-жылы кыргыз цирки ачылганда алгачкылардан болуп аба гимнастикасы боюнча насаатчы шеригим Бирюков Алексей менен зубникти тиштеп айланып, чимирилип, элге ар кандай трюктарды тартуулаган элек. Ошондон кийин циркте иштеп, гастролго чыгып, көп жерлерди көрүп келдим. Бир күнү циркте оюн коюп атып, жаңы эле трюктарды жасап, шатыга чыгайын деп атканда көрүүчүлөрдүн көзүнчө бийик жерден кулап түштүм. Ызы-чуу болуп, "тез жардам" менен ооруканага жеткирилдим. Бутум, кабыргам сынды, жамбашым жабыркады. Ооруканада бир жылга чукул жатып, балдак менен басып жүрдүм. Ден соолугум калыбына келгенде циркте "Жаш Кыргызстан" аттуу номерде арканда (канат) ойнодум. Бирок, ден соолугум мурдагыдай болбой калгандыктан, филармонияда алгач уюшулган бий ансамблине бийчи жана алып баруучу катары чакырышты. Ошол кездеги маданият министри Күлүйпө Кондучалова Трускавецте өткөн концертте менин үнүмдүн тембри апам Сайрагүл Балкыбекованыкына окшош экенин баамдап, атама: "Драмалык жөндөмү күчтүү кызыңыздын багын байлабай, Оштогу жаңы ачылган драма театрына жибериңиз. Москвадан жаңы бүтүп келген теңтуштары менен иштесин" деп айтыптыр. Ошентип Ош облустук драма театрында эки жыл иштеп, "Курманбектен" Гүлгаакыны, "Күндүн чыгышы" спектаклинен Госпожаны, "Мүрөктүн суусунан" Жума (эркек бала), "Жүз катындан" Тоголок келинди жана башка ролдорду аткарып, эки жылдан кийин борбордогу академиялык драма театрына которулуп келдим.

Биртуугандарым ар кайсы жерде көмүлгөн
Ата-энем учурунда азап-тозокту көп көрдү. Алар бүт облустук театрларда иштеп, атам колхоз-совхоз театрларын уюштурган. Жумгал райондук театрын уюштуруп, аны Москвага алып баргандан кийин 1936-жылы "Эмгек сиңирген артист" наамын алыптыр. Ал эми апам он төрт жашында театрга келип, атам экөө баш кошуп, көп балалуу болушкан экен. Балдарынын көбү боюнан түшсө, биртобу торолуп калган кезде ысык-суукта гастролдоп жүргөндө көз жумган экен. Көз жумган балдарынын арасында Асан-Үсөн деген эгиздери да бар эле. Азыр менин биртуугандарымдын сөөгү ар кайсы жерде көмүлүп жатат, бири Нарында болсо, экинчиси Караколдо, Таласта, Чүйдө. Ата-энем үй-бүлөнү, балдарынын өмүрүн кийинки планга коюп, биринчи орунда театр, искусство деп берилип иштеген кишилер болчу. Кээ бир чогулуштарда Сабира Күмүшалиева: "Сайрагүл көптү төрөп, театр деп жүрүп, балдарынан да айрылды" деп калаар эле. Фрунзеге келгенде үйүбүз жоктугунан театрдын гриммдөөчү бөлмөсүндө жашаган учурлар болду. Ушул сыяктуу кыйынчылыктын четин мен да көрүп калдым.
Ата-энем учурунда урмат-сыйга бөлөнүп, чыгармачылыктан арманы жок кетти деп ойлойм. Ала турган сыйлыктардын баарын алышты. Апам райкеңешке, шаардык кеңешке депутат болду. Драматург катары атамдын спектаклдери сахнада коюлуп турду. Ата-энемдин көзү өткөндөн кийин өмүрлүк жолдошум Күнболотко туш болуп, ага эркелеп, бактылуу жашадым. Күнболот мага ата-эне да, өмүрлүк жар да болду. Былтыр сиңдим менен күйөө балам ата-энемди эскерүү кечесин өткөрүп, мемориалдык тактайын илип, алардын чыгармачылыгын архивден издетип, тасмага түшүрүп элге тартууладык.

Күнболоттун чыгармачылыгы жалаң баатырларга туш келди
Күнболот быйыл сентябрь айында жетимишке чыкмак. Айылдагы биртууган агасы Нурболот байкем Жаңы-Алыш айылындагы маданият үйүнө Күнболоттун ысымын ыйгарууга аракет жасап жатат. 11-сентябрда аталган айылдын маданият үйүнө Күнболоттун атын ыйгаруу аземи өтөт. Карындашы Кенже Досумбаева жолдошу экс-депутат Таалайбек Абдылдаев экөө жазуучу Эрнис Турсуновдун Күнболот тууралуу жазган китебин чыгартышты. Кудай буюрса жакында китебинин бет ачаарын, эскерүү кечесин, жетимиш жылдык мааракесин театрдан өткөрөлү деп атабыз.
Күнболот 63 жашында көз жумду. Ооруканада ооруп жатып да театрдагы спектаклдерге катышып, роль ойноп атты. Оору менен ажалга айла жок экен… Ал эң алгач Ч.Айтматовдун "Бото көз" аңгемеси боюнча тартылган "Аптап" фильминде куудул Шейшендин образын жаратса, "Космонавттар көчөсүндө" башкы каарман баланын жайдары мүнөз атасы Зарлыкты аткарган, "Махабат дастанында" Мамытбек баатырды ойноп көрүүчүлөрдүн жүрөгүн канаткан эле. Күнболот мындан тышкары бир нече фильмдерге тартылып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Анын театрдагы чыгармачыл тагдыры элибизден чыккан баатырлардын образдарын жаратуу бактысына туш келген. Мисалы, Кан Манас, Төрөгелди, Тайлак баатыр, Шырдакбек сыяктуу он бештей элдик баатырдын татаал образдарын алып чыккан. Ал абдан эмгекчил, жоопкерчиликтүү эле. Ташкентте окуп жүргөндө кыргыз радиосунда ар жекшемби сайын берилүүчү "Кутмандуу болсун күнүңөр" аттуу музыкалык-тамашалуу радиожурналына жана "Маданий университет" берүүсүнө үзбөй катышып жүрчү. Ушул берүүлөргө катышуу үчүн Ташкенттен жума сайын самолет менен 80-100 сом чыгым болуп учуп келсе, алган гонорары 3 сом 72 тыйын эле. Күнболот тамашакөй, жайдары адам эле. Кээде аны урушуп, бир нерсе айтайын деп келатып, күлмүңдөгөн көздөрүн көрүп каткырып жиберчүмүн. Таптакыр чатагы жок, ак көңүл болчу. Анын көз жумганына жети-сегиз жыл болсо да азыркыга чейин алыска командировкага кетип, кайра келип калчудай туюлуп, күтө берем. Ага ушунчалык көнүп алыптырмын.
Күнболот менен жашап жүргөндө кээде тамакка табитим тартпай эч нерсе жебей жүрө берчүмүн. Эч жакка барбайм дегениме болбой атайын өзү менен кошо радиого ээрчитип чыгып, ошол жердин ашканасынан кыйнап атып тамак жедирчү. Аны азыр тасмалардан көргөн сайын ыйлагым келет… Күнболоттун эмгеги учурунда бааланбай, наамды өтө кеч алды. А.Акаевге өзү кирип, наам алалбай жүргөнүн айтса, ал киши эмдигиче наамыңыз жокпу деп таң калыптыр. Ошондон көп өтпөй эле Асанкул Осмонов менен Күнболот экөө "Эл артисти" наамын алышкан.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА