mainkaptal


Пользовательский поиск
  Кимисине ишенебиз?

Мектепке кирүү үчүн акча төлөө мыйзамсыз!
Окуу жылы жакындап, көпчүлүк ата-эне балдарын мектепке даярдап аткан кез. Жыл сайын телерадиолордон, ММК каражаттарынан мектептердеги төлөмдөр жоюлду деп айтылып келет. Бирок, өзгөчө борбордогу мектептерден бала мектеп босогосун аттагандан баштап, ар кандай шылтоо менен акча жыйналары жашыруун эмес. Мектептердеги акча жыйноо жана башка мыйзамдан тыш көрүнүштөргө жооп алуу максатында Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира КУДАЙБЕРДИЕВАга кайрылдык.



- Гүлмира Каримовна, акыркы мезгилде окуучуларга бирдей мектеп формасын кийгизүү жөнүндө көп сөз болууда. Мектеп формасын 1-класстан 11-класска чейин кийишеби же ал баштапкы класстар үчүн элеби?
- Окуучулар үчүн бирдиктүү мектеп формасын киргизүү боюнча Билим берүү министрлигинин буйругу сунуш түрүндө берилген. Мектептер ата-энелер менен бирдикте мектеп формасын киргизүү боюнча жалпы чогулушта чечим кабыл алышат. Ар бир окуучуга мектеп формасын кийгизүү милдеттүү эмес. Мектеп формаларынын наркы сапатына жараша 800 сомдон 1600 сомго чейин.
- Мектепке бирдиктүү форманы киргизүүнүн себеби эмнеде, алар кайсы жерлерде сатылат?
- Форманы киргизүүнүн себеби окуучулар арасындагы социалдык теңчиликти, тартипти жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Бардык мектептерге бирдиктүү форма сатыла турган жерлер боюнча Билим берүү башкармалыгы тарабынан маалыматтар таркатылып берилген.
- Бишкектеги бир топ мектептер окуучуну 1-класска кабыл алууда "Жактан" коомдук бирикмесине 2000 сом төлөөнү талап кылышууда. Бул мыйзам ченемдүүбү? Чогулган акчалар кайда кетери жөнүндөгү маалыматты ата-энелер кайдан алышы керек?
- Биринчи класска кабыл алуу КР "Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына" жана "Мектеп курагындагы балдарды каттоого алуу" жөнүндөгү инструкцияга, 1997-жылдын 14-ноябрындагы бекитилген КР токтомуна ылайык жүргүзүлөт. Райондук администрациялардын чечими менен мектептерге микроучастоктор бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө мектеп курагындагы балдар жашаган жериндеги мектептерден билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана аны талап кылууга укугу бар. Азыркы учурда 100 миңден ашык окуучу билим алууда. Биринчи класска кирүүдө мектептердин ата-энелерден акча төлөөнү талап кылуусу мыйзамсыз. Бүгүнкү күндө шаардын көпчүлүк мектептеринде материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мектептин өнүгүүсү жана социалдык жактан муктаждыгы бар балдарга колдоо көрсөтүү максатында ата-энелердин коомдук бирикмелери (ОО) түзүлгөн. Коомдук бирикменин төрагасы тарабынан жарым жылдын, же болбосо окуу жылдын аягында ата-энелердин чогулушунда каражаттардын сарпталышы боюнча маалымат берилет. Мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер мектепке өз каалоосу менен демөөрчүлүк жардам көрсөтүшөт. Сөзсүз түрдө акча төлөөгө милдеттүү эмес.
- Бишкек шаарындагы № 23 орто мектепке тиешелүү ата-энелерден арыз түштү. Мектеп мугалимдери 1-класска кирген баладан 2000 сомдон тышкары, кие турган формасын Совет-Киев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн гана сатып алып, бул боюнча чекти көргөзгөндө гана баланы мектепке кабыл алабыз деп талап коюшуптур. Ал эми ата-энелер бул дүкөндөгү формалар базар баасынан кыйла жогору болгондуктан, көпчүлүгүнүн сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок дешет...
- Ата-энелер мектеп формасын мүмкүнчүлүгүнө жараша баада жана каалаган жеринен алса болот. ? 23 гимназия мектебинин Совет-Киев көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн квитанциясын талап кылышы туура эмес. Ушул сыяктуу жат көрүнүштөр боюнча Билим берүү башкармалыгынын ишеним телефону аркылуу ата-энелердин арыздары кабыл алынып, тиешелүү иш-чаралар көрүлөт.
- Эгерде баланы жашаган жеринен башка райондогу мектепке бергиси келген ата-эне 10 миң сомго чейин мектептин директорунун талап кылган суммасын төлөп, анан киргизет экен. Ата-эне баласын башка райондогу мектепке которуу үчүн мыйзам чегинде кандай талаптар коюлган?
- Бишкек шаары боюнча 24 статустук (гимназия, лицей, окуу-тарбия комплекстери) мектептер бар. Ата-энелер балдарын ушул мектептерде окуткусу келет, бирок каалоочулардын бардыгын орундун жоктугуна байланыштуу окутуу мүмкүн эмес. Мындай мектептер баланын жашаган жери мектептин аймагына карабаса, бирок, билим деңгээли жогору болуп, талапка жооп берсе, алышат. Ата-энелер бул мектептерге эле басым жасай бербестен, балдарын шаар ичиндеги сапаттуу билим берген орто мектептердин биринде окутса, максатка ылайык болот. Мектеп жетекчилеринин акча алуусуна шарт түзүп берген ата-энелер өздөрү күнөөлүү. Ал эми мыйзамсыз акча каражаттарын менчиктештирип алган жетекчилер жоопко тартылат.
- Мектепти жууп-тазалаган, коопсуздугун көзөмөлгө алган кызматкерлерге окуучулар чогулткан акчанын эсебинен айлык төлөнөт экен. Буларга мамлекет бюджеттен каражат бөлгөн жок беле?
- Кабинеттерден тышкаркы мектеп ичин тазалоого штаттык бирдик каралган. Кээ бир мектептерде ата-энелер балдарына окуу кабинеттерин жуудурбаш үчүн өз демилгелери менен акча төлөп беришет. Мектептин коопсуздугун көзөмөлгө алган кызматкерлерге айлык акы мамлекет тарабынан төлөнбөйт. Коопсуздук кызматкерлери келишим менен иштеп, айлык акылары ата-энелердин акча каражатынан төлөнөт. Мектепте коопсуздук кызматынын зарылдыгы жалпы ата-энелердин чогулушунда кабыл алынат.
- Кошумча сабакка деп ай сайын 250-300 сомдун тегерегинде акча чогултушат. Бирок, сентябрь-октябрь айында кээ бир сабактар анча-мынча окутулганы менен, жылдын аягына чейин мындай режим толук иштебейт. Бирок, акчаны жылдын аягына чейин чогултушат. Бул ата-энелерден ашыкча акча алуунун дагы бир мыйзамсыз жолу эмеспи?
- Кошумча сабактар окуучулардын каалоосу менен ата-энелердин арызынын негизинде өткөрүлөт. Ар бир ата-эне менен келишим түзүлөт. Мындай сабактын баасы Антимонополдук комитет менен макулдашылат. Эгерде сабактар өз убагында өтүлбөй, мектеп тарабынан келишимдеги каралган маселелер аткарылбаса, ата-энелер кошумча сабактардан баш тартууга акылуу.
- Борбордогу мектептерге ар кандай оюн-зоок көрсөткөндөр, театрлар келишип, окуучулардан акча алып, коюп кетишет. Мындайды көргүсү келбеген окуучуларды да кыйнап, билет алдырышат. Ушундайда мектепте окуу өтпөй калган учурлар бар. Дегеле мындай иш-чаралардын мектепке кереги барбы?
- Мектеп окуучуга билим гана бербестен, нравалык, эстетикалык жактан тарбия бериш керек. Бул максатта ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Ата-энелер борбор шаарда туруп, убактыларынын жоктугуна байланыштуу балдарын өздөрү театр жана башка маданий жайларга алып баралышпаса, эмне себептен маданий иш-чараларга каршы болушат? Албетте, катышкысы келбеген баланы кыйнап, акча төлөтүү туура эмес.
- Сабакка кечиккен, келбей калган окуучудан акча алып, класстык фондго деп чогултушат экен. Андан тышкары жайкы каникул учурунда эмгек тажрыйбасына катышпаган балдардан да 100 сом өлчөмүндө акча алышат…
- Сабактан кечиккен, сабакка келбеген, каникулга тараган учурда, мектептеги эмгек тажрыйбасына катышпаган окуучулардан акча алуу мыйзамсыз. Окуучуларды тартипке салуунун жана эмгекке үйрөтүүнүн туура жолдорун колдонуу керек. (Окуучулар үчүн эмгек тажрыйбасы Билим берүү министрлиги тарабынан окуу планда бекитилген).
- Көп балалуу же ата-энеси ажырашкан, жетим балдарга мамлекет тарабынан кандай жеңилдиктер бар?
- Жетим балдар үчүн дайыма камкордук көрүлүп, моралдык, материалдык жардамдар көрсөтүлүп турат. Ал эми азыркы учурда алар үчүн окуу китептери жана башкаларга төлөмдөр жок.
- Мектептеги ар кандай жагымсыз көрүнүштөрдү, көйгөйлөрдү министрликке жеткирүү үчүн ишеним телефондору иштейби?
- Билим берүү министрлигинде ишеним телефону иштейт:66-29-34 , Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын ишеним телефону: 61-23-40. Жогоруда айтылган мыйзамсыз көрүнүштөрдү изилдөө жана аларды жоюу иштери жүргүзүлүп, Билим берүү башкармалыгы тарабынан көзөмөл иштери жүргүзүлөт.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА
P.S. Балдарын мектепке киргизүүдө, бир мектептен экинчи мектепке которууда ар кандай фирмаларга мектептин директорунун, мугалимдеринин көрсөтмөсү менен (ремонт жүргүзөбүз, эмерек сатып алабыз деген ар кандай шылтоолор үчүн) аз, көп өлчөмдөгү акча төлөгөн ата-энелер ишеним телефондоруна кайрылышса болот. Ата-энелер төлөгөн акчалары айтылган иштерге жумшалганын так билүүгө кызыкса керек... Коррупцияга бөгөт кое алабызбы?






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
28-август, 2009-ж.:
1-бет
Эгемендик… билим майрам жана да,
Эшикте күз, сары боек талаада.
Элес албай эч нерсени окуу деп
Эдиреңдейт Эркинбектер садага…
2-бет
Актанбай, ачыгын айткыла
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Ыйласам, угасыңбы?
5-бет
Төбөсү менен төркүнү
6-бет
Мирослав Ниязов, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Ойлоно турган, ойгоно турган мезгил келди"

7-бет
Мектепке кирүү үчүн акча төлөө мыйзамсыз!
8-бет
"Косметикалык ремонт эмес, конкреттүү өзгөртөбүз" дейби?
9-бет
"Арча-Бешикте" жол да сатыла баштадыбы?
10-бет
Европадагы еврейлер дүйнөлүк эки согуш ортосунда
13-бет
Экиге бөлүнгөн бир дүйнө
14-бет
Кайран тил
15-бет
"Оорулууларды таштап кете албайм"
16-бет
Билим соолубас булак
17-бет
Өнөр өргөсүндө
18-бет
Асел, "СТАРДЭНС" тобунун жетекчиси:
"Ак жоолук салынсам да бийим калбайт"
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Медер&Акмаанай:
"Баш кошконго чейин эки ирет гана көрүшкөнбүз"
23-бет
Обон-казына
24-бет
"...Өмүр бербейт кулдук ур деп кудайым,
Өмүр берет махабатка күйсүн деп"
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Тарых бүктөмүнөн
27-бет
Адилеттик жалаң акчадан турабы?
28-бет
25-августта "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Show news
Яндекс.Метрика