mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

25-августта "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

П-1002. Куш ылаңына дары табылыптыр, ал эми бийлик тумоосуна дары табылат бекен? Патриот кыз.
П-1003. Базарларда сүт, айран жана башка суусундуктарды сатышкан жарандар таштандыдан чогултулган селсаяктардын шишелерин пайдаланышууда. Ушундай саламатчылыкка коркунучтуу көрүнүштөрдү ким тартипке салаар экен? Караш Насер.
П-1004. Жакында Давыдов мырза суук кабар угузду. Ооруканалардын, мектептердин свети өчпөйт, октябрдан баштап үйлөрдүн светин өчүрөбүз деген. Анда балдарыбызды мектепке жибербейбиз, кайсы жыргаткан билим алып атты эле, ооруканаларга жатпайбыз, үйдөн эле өлөбүз, аяктан айыкпайсың, акча эле сорушат. Давыдовго айтып койгула, андан көрө мектеп, ооруканалардын светин өчүрүп, үйлөрдүкүн өчүрбөгүлө деп.
П-1005. Пейджердин кетпес ханы Алмаз байке! Качан эс алууга чыгасыз? "Аюдан" алган белектериңизден ооз тийгизип качан ырымдап бересиз? Карындашыңыз Нурзат.
П-1006. Бардык кыргызстандыктарга салам. Курбум Азизага, Элнурага жана Таңайымга салам жолдоп, алардын окууларына ийгилик каалайм деп классташыңар Уулкан.
П-1007. Эмнегедир акыркы убакта Бекмамат, Апсамат, Дооронбек агайларды көп эстей берчү болдум. Жандары бейиште болсун. Каныбек.
П-1008. Айбек Карымов, "Заманадан" апаңыз менен жараштыңызбы деп суроо берсе, ал апам эмес дейсиң, ошол апаң бар үчүн ушул жарыкчылыкка келип, ырдап, таанымал болуп жүрөсүң. Жаманбы, жакшыбы апаң. Акылы бар бала деп жүрчүмүн, жаманды жашырып, жакшыны чыгарыш керек да. Сенин да балаң чоңоет. Сен дагы ошол сөздү кийин угасың. Гүланда экөөң байланышыңарды элден жашырып жүрдүңөр эле. Эми уялбай ачыкка чыгып, тойго чакырып калыпсыңар. Тобуңа жаш ырчы кыз келсе аны дагы илип аласыңбы? Анара айым.
П-1009. Жылкы жүгүрсө туягы дүңкүлдөйт,/ Ууру жүгүрсө жүрөгү дүкүлдөйт. Караш Насер.
П-1010. Ала-Тоо конушунда жашаган жездем Кыялбекке, эжем Жыпарага, сиңдим Айданага салам жолдоп, алардын иштерине ийгилик каалайм. Уулкан.
П-1011. Акаевдин убагында пенсионер, студенттерге автобус, троллейбустарга түшкөнгө жеңилдик болчу эле. Бакиев келгенден бери ал жеңилдиктерди алып салып, студенттерге, алардын ата-энелерине кыйын болду. Жаңы окуу жылы башталганда студенттерге, окуучуларга мурункудай студенттик билет менен 1 сом кылбайбы. Бурул.
П-1012. Август айындагы эгиз биртуугандарым Асхат, Алтынай туулган күнүңөр менен куттуктайм. Ден соолукта болуп, жакшы ийгиликтерге жетишип, аман болгула, бар болгула. Эжеңер Анара.
П-1013. Биздин Ат-Башыда бир кызыктуудай оору башталды. Чочко ылаңына окшобойт. Кечээ светти өчүрүп, кечинде күйгүзгөндө элдин көзү кыпкызыл болуп бакырып жиберип жатышат. "Жашасын улуу март революциясы!" дешип. Алмаз.
П-1014. Шерлерден гүлдөтүшмөк сенин деген,/ Алдыртан жамап жолуң ачык кенен./ Коррупция мүлжүп жаткан Кыргызстанын,/ Куттуктайм эгемендүү күнүң менен. Эркин Жаныбеков.
П-1015. Ысык-Көлдүк Султанакматов Туратбек, сиз 0770297690 номерине Нурбекке чалып коюшуңузду өтүнөбүз.
П-1016. Падышам муңдап көптү урган ташы,/ Хан болуп кутурушка ичкен ашы./ Жүрбөсүн биздин ички күчүбүздө,/ Өз эрдей коррупциянын ана башы. Эркин Жаныбеков.
П-1017. Урматтуу Курманбек Салиевич! Сиз эс алууга кетериңиз менен светтерди өчүрмөй башталды. Унду, шекерди кымбаттатты. Чудинов мырза дагы бир жерге шуу койгон. Өлкөнү ким башкарып жатканы белгисиз. Биз чөп менен алышып жатабыз, бизди кудай алмак беле. Эртерек келип өттөрүн албасаңыз болбой калды. Кошуңуз, телевизордон көрүшкөнчө. Мамбетов А.
П-1018. Болду деп угуп балалуу,/ Болк этти жүрөк жаралуу./ Болмушка көнүп башканын/ Болдуңбу жакын адамы? Алыкул.
П-1019. Бакыт жезде, Венера эже уулуңар Чыңгыздын тушоо тою кут болсун. Чыңгыз атына жарашкан чоң инсан болсун. Нургүл.
П-1020. Эх жаштык, өмүр үчүн кымбат нерсе,/ Мээримин ар бир жашка бирдей берсе./ Армансыз өтөөр элек бул турмуштан,/ Айланып ушул күндөр кайра келсе - деп Оштон Алмаз мас болгондо созуп калат. Нус.

Бул жолу жеңүүчү жок. Кыргыздар, туз, мурч азайганбы?
Даярдаган Нургүл АЛИЕВА




18-августтагы "Пейджердин" жеңүүчүсү - Алмаз уулу Самат менен маек

- Чегара маселеси сизди катуу ойлондурган го?
- Жеке эле мени эмес, кыргызстандыктардын баары эле тынчсызданып жатышса керек. Өзбек аскерлери кыргыз айылдарына кирип кааласа атып, кааласа кармап өз үйлөрүндөй жүрүшсө. Ата Мекенди коргойт деп ант берген эркектаналар тартипти сактай албаса анда чегарага аялдарды коюш керек.
- Ошондо эле чегара маселеси чечилет деп ойлойсузбу?
- Россиянын аскер базасын киргизгени туура эле болду. Өз армияңды бага албасаң, башка өлкөнүн армиясын багууга мажбур болосуң деген туура окшойт. Анда бир машине жумуртканы заставага токтотуп, Түптүн, Оштун эжелерин заставага коюп коюш керек.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
28-август, 2009-ж.:
1-бет
Эгемендик… билим майрам жана да,
Эшикте күз, сары боек талаада.
Элес албай эч нерсени окуу деп
Эдиреңдейт Эркинбектер садага…
2-бет
Актанбай, ачыгын айткыла
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Ыйласам, угасыңбы?
5-бет
Төбөсү менен төркүнү
6-бет
Мирослав Ниязов, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Ойлоно турган, ойгоно турган мезгил келди"

7-бет
Мектепке кирүү үчүн акча төлөө мыйзамсыз!
8-бет
"Косметикалык ремонт эмес, конкреттүү өзгөртөбүз" дейби?
9-бет
"Арча-Бешикте" жол да сатыла баштадыбы?
10-бет
Европадагы еврейлер дүйнөлүк эки согуш ортосунда
13-бет
Экиге бөлүнгөн бир дүйнө
14-бет
Кайран тил
15-бет
"Оорулууларды таштап кете албайм"
16-бет
Билим соолубас булак
17-бет
Өнөр өргөсүндө
18-бет
Асел, "СТАРДЭНС" тобунун жетекчиси:
"Ак жоолук салынсам да бийим калбайт"
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Медер&Акмаанай:
"Баш кошконго чейин эки ирет гана көрүшкөнбүз"
23-бет
Обон-казына
24-бет
"...Өмүр бербейт кулдук ур деп кудайым,
Өмүр берет махабатка күйсүн деп"
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Тарых бүктөмүнөн
27-бет
Адилеттик жалаң акчадан турабы?
28-бет
25-августта "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
29-бет
Апта астрологиясы
32-бет
Show news
Яндекс.Метрика