Кыргыз гезиттер архиви

  Обон-казына

"Ой тобо"
Калкыбыздын калың катмарына белгилүү, элдик деп эсептелип келген "Ой тобо" аттуу ыр бар. Ал ырды билбеген,?ырдабаган кыргыз жок болсо керек. Элдик ыр деп аталган "Ой тобонун"?автору бар экендигин жазуучу Насирдин Байтемиров 1963-жылы "Ленинчил жаш" гезитинин бетине макала кылып жазып,?аны белгилүү музыка иликтөөчү Балбай Алагушов агай дагы тереңирээк иликтеп,?1991-жылы чыгарган "Булбулдар" аттуу китебинде "Ой тобонун"?автору кегетилик Эсенаалы Кошчуев тууралуу кеңири маалымат берген. Ал 1873-жылы жарыкка келип, 1962-жылы 90 жашты таянып калган кезинде о дүйнө салыптыр. Жашынан эле жамакчы,?ырчы катары элге таанылып,?элдик ырларды,?дастандарды аткара билген. "Ой тобону" 1916-жылы кыргыз журтчулугунун башына түшкөн кыргында, тоо-таш аралап Кытай тарапка качып бара жатканда жаратыптыр. Ошондон өмүрүнүн акырына чейин отурган жеринен эле "Ой тобосун" созолонто ырдай берип, кийин ал киши Ойтобо деген атка да конгонун эскерет Н.Байтемиров. Алгачкы жолу бул ырды Мариям Махмутова 1937-жылы элдик таланттардын олимпиадасында аткарып, опера жана балет театрына ырчылыкка кабыл алынган. Ошентип "Ой тободон" баштаган Мариям эжебиз кийин операнын мыкты ырчысы болуп,?эл артисттигине чейин жеткен. Андан бери эчендеген ырчылар бул ырды ырдап, бүгүнкү күндөрү да эстрада ырчылары репертуарында алып жүрүшөт. КР эмгек сиңирген артисти Алтынбек Сапаралиев жана белгилүү "Элес"?эстрадалык тобунун аткаруусундагы "Ой тобону" эл жакшы билет. Ырдын кайрыктары көптөгөн композиторлордун симфониялык жана камералык-аспаптык чыгармаларында колдонулуп келди. Кызыгы, ушул күнгө чейин "Ой тобо" элдик деп аталып,?атүгүл кыргыз радиосунун фонотекасында да элдик ыр катары катталып, Н.Байтемиров менен Б.Алагушовдун айныксыз далилдерине көңүл бурулбай келет.
Кеп удулу келип турганда "Ой тобого" окшоп ээси бар туруп элдик болуп кеткен башка ырлар тууралуу да айтып кетпесек болбойт. "Элдик"?ырлар кантип пайда болот? Бир айылдын эли "кел,?обон чыгарабыз" деп чал-кемпири,?жаш-карысы биригип бир дөңгө чогулуп алып обон чыгарбайт эмеспи. Андыктан ар бир элдик деп аталган обондун качандыр бир кезде ээси болгондугу айныксыз. Анан жогорудагыдай далил менен ээси табылып жаткан элдик ырды эмне үчүн ээсине кайтарып бергенге болбосун. Дагы бир мисал. 10-15 жыл мурда гезит беттеринде академик Жамин Акималиев "Жалжалым" (сөзү Аалы Токомбаевдики) аттуу ырдын обонунун ээси экендигин гезиттерге берген маектеринде байма-бай айтып келди. Ооба,?1960-жылдары радионун фондунда "Жалжалым"?баш болгон бир нече ырларды жаздырып, ушул күнгө чейин эртели-кеч алар эфирден уктурулуп келет. Ошентсе да "Жалжалыма" элдик ыр деген ат жабышкан бойдон калды.
Ж.Акималиевдин кагаз бетиндеги маеги эч кимди ойго салгандай болгон жок. Ушундан улам көзү өткөндөрдү мындай коюп,?арабызда жүргөн авторлор өз укугун коргой албай, кор болуп жүргөндөрүнө таң бересиң. Карап көрөлүчү, айрым "обону элдики" деген бир топ ырлардын авторлору бар. Мисалы: "Айттырбай билер болсоңчу" - сөзү Аалы Токомбаевдики,?"Кайдасың келчи дегдетпей" - сөзү Какен Алмазбековдуку, "Ак кептер" - сөзү Кубанычбек Маликовдуку, "Кызыл гүл", "Курбума" - сөзү Осмонкул Бөлөбалаевдики, "Комузчу" - сөзү Темиркул Үмөталиевдики. Бул тизмекти дагы да улантса болот. Өкүнүчтүүсү, бул акындардын бардыгынын көзү өтүп кеткен. Эгер алар арабызда болгондо балким обонун ким жазганын сураштырсак,?тастыктап берет беле. Жакшылап сурамжылап учурунда авторлорун аныктабаган, жоопкерчиликтүү мамиле кылбай жогорудагы калпыстыктарды кетирип жаткан уюмдарга мен биринчи иретте кыргыз радиосун жана автордук укук коргоо агенттигин (Кыргызпатентти) кошоор элем. Кыргыз радиосунун алтын казынасына ырларды жаздырып жатканда авторлорун аткаруучудан тактап билип туруп жазууга учурунда ал жерде иштегендер жакшы көңүл бурушкан эмес. Сыртында так эмес маалыматтар жазылган тасмалар сакталган башаламан кутучалар ушул убакка чейин улуттук радиодо бир топ. Мамлекеттик телерадиону мындай коюп, азыркы учурдагы жайнаган радиостанциялар автордук укук боюнча иш алып барууну таптакыр жүргүзбөй жаткандыгын алсак эле, эртеңки күнү "элдик" ырлардын жайнап чыгышына ыңгайлуу шарт түзүлөрү бышык.
"Кыргызстан обондору",?"Миң кыял", "Тумар" ж.б. радиостанциялардын кызматкерлеринин автор деген эмне экенинен түшүнүгү бар экенине күмөнүм бар. Күнү-түнү тынбай уктурулган ырларда (сапаты жөнүндө унчукпай туралы) ырчынын гана атын кулактандырып коюп тим болушат. Атүгүл белгилүү эле автордун белгилүү ырын "Баланчаева Түкүнчө"?деген ырын аткарып берди"?деп авторлукту аткаруучуга ыйгара салып жүргөнүн жогорудагы радионун толкундарына бурап көрсөңүз, толук ынанасыз. Бир нече жылдардан бери чак түштө,?көз көрүнөө автордук укукту тебелеп, менчик радиомун деп "өзүн өзү билип,?өтүгүн төргө илип" жаткан бул радиостанцияларды кимдер тескеп, аларга кайсы мамлекеттик күчтөрдүн алы жетет болду экен.
Өттү,?кетти дейли. Көзү жоктун сөзү жок. Жок дегенде элдик деген ат менен обон жашап калганына каниет кылалы. Бирок биз авторлордун укугун урматтап, телерадиоуктурууларда туура кулактандырып, басмалардан чыгып жаткан ар кандай обондуу ыр китептердеги авторлорун туура эмес көрсөткөн башаламандыктарга жол бербей, обончу менен сөзүн жазган акындын укугуна олуттуу көңүл буруп?көзөмөлгө албасак, көч кыйшайган боюнча кете берип, көп авторлордун убалына каларыбыз бышык.
Акырында айтарым, ээси такталган "Ой тобо"?менен "Жалжалымдын" авторлору Эсенаалы Кошчуев менен Жамин Акималиевдин ысымдары радиолордогу фонотекалардын картотекаларына жазылып, тасма кутучасына тактоо киргизилип, авторлук укугу ордуна коюлаарын мен белгилеген мекемелер тарабынан ишке ашырыларын күтөлү.