Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңы окуу жылын утурлап

Билим соолубас булак

"Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат". Баланы куштай таптап, жаштайынан эмгекчил, адамгерчиликтүү, акылга бай тарбиялоо азыркы ата-энелердин эсине бир келип, кайта унуткарылып жүргөндөй. Жаш муун коомдун келечектеги өзөгүн түзүп, пенсия курагына келгенде ошол эле ата-энелер кандай уул-кыздын колуна түшөрү азыркы учурда кимди ойлондурат? Айтайын дегеним, баштапкы билим берүү чала калып, биздин орунду басчуларга сереп салсаң, көкүрөгүң сууйт. Албетте, дүйнө тарыхында орто билимге толук ээ эмес, бирок чоң байлык, мансапка жеткендердин ысымдары да жазылган. Бирок алардын чоңойуп өскөн шарттары, жанындагы адамдардын турмуш сапаты, билим деңгээли да зор болгон. Биздин алыскы айылдарда жашоонун сапаты жакшы турмуш курууга үлгү эмес. Ал эми шаарды курчап турган башаламан салынган жаңы конуштардагы балдар маданият, адабият, акыркы технологиялар менен иши да жок. Топурак сапырылган көчөдө сапатсыз ДВДлерден көргөн тасмалардагы тытышкандарды туурап күн өткөрүшөт. Алардын кыялы 15-20 жылдан кийин Бэтмен же Спайдермен болуубу? Турмушка ийгиликтүү кадам шилтөө жолдору азыр көп. Алар тууралуу кабардар болуп, чүрпөлөрүн ошол жакка буруу биринчи ирет ата-энелердин кызыкчылыгында. Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор, Барскоон, Чоң жана Кичи Жаргылчак айылдарында июнь айында ушул багытта жакшы иш-чара башталды.
Мектеп партасынан чоң турмушка кадам
Жайкы каникул учурунда аталган беш айылдын 9-11-класстын окуучулары бекер англис тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алардын башкы максаты тил үйрөнүп тим болбостон,
АКШда өтүүчү Келечек лидердин алмашуу программасынын (FLEX, АКШ Мамдепартаменти тарабынан каржыланат) тандап алуу турунан өтүүгө даярдануу болду. Үч турдан ийгиликтүү өткөн окуучулар бир жыл америкалык үй-бүлөдө жашап, орто мектепте окуп келет. Жогорку класстагы окуучу үчүн бул өлкөдөгү алдыңкы ЖОЖго өтүүгө алгачкы кадам. Өнүккөн өлкөдө базалык билим алып, маданияты менен таанышып, дүйнө таанымын кеңейтип келүү келечекти туура пландаштырууга баа жеткис негиз түзүп бере алат.
Ошентип балдар айылдардан чогулуп келе башташты. Тамгадан 9-класс толугу менен келет. Болгондо да бир машинеге баары батып алышат, бирөө сабактан калса ага сөзсүз тапшырма ала кетишет. Алардын ынтымагына кубанасың. Бирок тест тапшырган учурда ар бири өз алдынча болоруна үйрөтүш керек. Кандай максат менен окуп жатасыңар деген суроого, англис тилинде билген бардык сөздөрдү пайдаланып түшүндүрүүгө аракет жасашты. Бекмухамбетова Тина: "Мен мектепти аяктаганда Кытайга барып окуумду улантамын, анткени ал жерде менин чоң энем жашайт. Ага чейин Америкага барып бир жыл жалаң англис тилинде окуп, чет тилде эркин сүйлөгөндү үйрөнүүнү максат кыламын. Жер кыдырып, саякаттоо да менин чоң кыялым",- деп такылдап жооп берди. Эрнис уулу Нурбакыт болсо "Мен чоңойгондо апам үчүн айылда бассейни бар чоң үй салып бергим келет. Ал үчүн мен көп акча таба алгандай кесипке ээ болушум керек. Максатыма жетүү үчүн АКШдан билим алып, чет элдик мыкты ЖОЖдун дипломун аламын. Ири эл аралык компанияда иштесем кыялым орундалат...". Жоопторун угуп, каталарына жылмаясың, бирок дал ошол кемчиликтерин оңдоп, билимин тереңдетүү үчүн аларга агайы жумасына үч жолудан сабак өтөт.
Долбоордун жетекчиси жана англис тил мугалими Ташболот Абдырахманов ар аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү Бишкектен келип сабак берип турат. Долбоордун демилгеси "Кумтөр-Эл-Айкын" коомдук фондуна таандык жана сабактар да фонддун Барскоондогу офисинде өткөрүлөт. Адамзат эл аралык тил катары кабыл алган англисче FLEX программасына катышууга жашы жете элек окуучулар да үйрөнүүнү каалашты. Алардын ата-энелери Америкага барбаса да жай бою бекер жүрбөй, балабыз, кызыбыз убакытты пайдалуу өткөрсүн деген ниет менен сабакка өздөрү алып келишти. Албетте, долбоор жаңы башталган кезде чоочун элдин тили айылда кереги деле жок дегендер да болушту. Бирок окуп жаткан балдар сабактар тууралуу айткандары боюнча жаңы окуучулар келип отуруп, башында пландагандан да көп бала топтолду. Кызыкчылыгы арткан балдардын шагын сындырбай, аларды чет тилдин негиздерине үйрөтүүчү өзүнчө топ түзүлдү. Ташболот Абдырахманов буга чейин Ош шаарында начар жашаган үй-бүлөлөрдүн 11-класстарда окуган окуучулары үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо борборун уюштурган.
- Менин тажрыйбам боюнча ири шаарда өскөн окуучулар үчүн түркүн программаларга, долбоорлорго катышуу оңой. Маалымат жана шарттар жетиштүү. Ал эми айыл жериндегилер үчүн биздин жайкы долбоор сыяктуу иш чаралар абдан зарыл. Мектеп мугалимдери берген сабактардын сапаты канааттандырарлык эмес деп айта алам. Аларды да түшүнсө болот, жарыбаган айлык, карьералык өсүшкө шарттын жоктугу, англис тилинде зарылчылык айыл жеринде жок, жогорку окуу жайларга тапшырууда чет тил факультеттерине деле эч ким ашыкпайт. Бул себептерден кызыктуу, сапаттуу сабак өтүүгө мотивациянын жоктугу. Ошондуктан, биз АКШда окуп келүү программасына даярдоо боюнча өзүнчө жана жалпы тилди үйрөтүү боюнча эки топ түздүк. Жайкысын үй оокат көбөйгөнүнө карабастан убакыт таап, балдарын алып келген ата-энелерге өзүнчө ыраазычылык билдирем.
- Окуучуларды жайкы эс алуудан кантип сабакка кызыктырдыңыз?
- Чет өлкөдөн билим алууну максат койгондо кызыктыруу оңой. Сабак өтүү методикасы, балдар менен тил табыша алуу, жалпы профессионализм керек. Албетте, окуучулар билимдин зарылчылыгын түшүнгөндө аларды окутуу оңой. Борбордон алыскы жерде маалыматтын жетишсиздиги эң башкы маселелердин бири. Бирок ал маалыматты да туура берүү маанилүү. Мен АКШга окууга кеткен балдарды кайта Кыргызстанга кайтып келүүгө чакырам. Азыр өлкө үчүн айыл жергесиндеги жаштарды билим, тажрыйба жактан көтөрүү биз, улуулар үчүн башкы маселе катары коюлушу керек. Бул демилгени колдогондугу үчүн Кумтөр компаниясына ырахмат айтам. Биз өткөргөндөй жайкы мектептерди Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурууга толук шарттар бар, болгону демилгелүү мугалимдер жана билимге умтулган окуучулар болсо, башка жактарын колдоп бере турган ишканалар жергебизде жок эмес.
Кесипкөйлөр
Жакшы сапаттагы жогорку билим да маянасы жакшы жумушка орношууга 100% кепилдик эмес экенин турмуш ачык көрсөтүп турат. Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү жумушсуздук дайрасынан оңой өтүп кете аларын тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, техника боюнча адистерди, чачтарачтарды ж.б. кесиптер боюнча окутуучу атайы орто билим берүүчү окуу жайлардын жетекчилери баса белгилешет. Бишкектеги ?27 кесиптик лицей жеңил жана оор автоунаалар боюнча слесарларды, электриктерди, техника боюнча мыкты адистерди даярдайт.
Кесиптик лицейдин директору Игорь Маньковский окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү азыркы заманда абдан керектүү кесиптерге ээ болуп чыгышат дейт.
- Учурда жогорку билим алып ишсиз жүргөнгө караганда жакшы кесипке ээ болуу артык экенин көбү түшүндү. Быйылкы жылы 1-августта абитуриенттерди толук комплектациялап бүтүрдүк. Менин көп жылдык тажрыйбам көрсөткөндөй, июлдун башында келгендер чындап окууга ниети барлар. Андан кийинкилер көп учурда бош калбастын айласынан бир жерге тапшырып коюуну чечкендер. Алар окуу учурунда да дилгирлигин көрсөтпөйт.
- Ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн андан аркы турмушунан кабардарсызбы?
- Азыр шаар ичинде эле автоунаалар көбөйүп, аларды тейлөөчү жайларда бизден окугандар оңой жумуш таба алышат. Андан сырткары, 10 жылдан бери Кумтөр компаниясы менен кызматташабыз. Алар жылыга Тамга, Тосор, Барскоон, Чоң жана Кичи Жаргылчак айылдарынан тандап, тестирлеп бизге студенттерди окууга жиберишет. Башында аз эле бала келчү, өткөн жылы 23, ушул тапта 20 бала окуп жатат. Жалпысынан 60 тан ашуун автослесарь, сварщик, механиктерди даярдадык. Компания алардын окуу акысын төлөп берет. Андан сырткары жатакананы ремонттоого жардам берип, окууга керектүү шаймандар менен камсыз кылышат. Алардын акча каражаттары мугалимдердин жана адистердин айлык акысына жакшы кошумча.
- Сиздердин окуу жайга турмушу начар үй-бүлөдөн келген же жакшы жөндөмү бар студенттин кимисин алат элеңиз?
- Бул суроого бир жактуу жооп берүү кыйын. Менин оюмча билим алууга каалоосу бар, кичинесинен техникага кызыгып, жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүүгө умтулган окуучу дайыма биринчи орунга коюлат дейм. Эң башкысы, бала ата-энесинин же дагы бирөөнүн жетектөөсүндө эмес, өз каалоосу менен келиши керек.
Мына окурман, жаңы окуу жылы башталары алдында билим берүү маселелерин кандайча чечүү жолдору да бар экенине сереп салдык. Бардык окуучуларга, студенттерге жана алардын ата-энелерине окуу жылы ийгиликтүү өтүшүн каалайбыз!
Нуржан АЛЫМКАНОВА