Кыргыз гезиттер архиви

  Шыпаагер

"Оорулууларды таштап кете албайм"

Алмазбек Исманкулов. Бул адамды окурмандарга өзгөчө тааныштыруунун деле кажети жок. Учурда Алмазбек мырзаны мыкты көз доктур катары жеке эле кыргызстандыктар эмес, Орто Азия, КМШ өлкөлөрү жакшы билет. Анткени, 15 жыл ичинде белгилүү көз доктурга Орто Азия өлкөлөрүнөн миңдеген көзү оорулуулар, азиздер кайрылышып, кайрадан көрүү бактысына ээ болушкан. Ооба, түшүнгөн адамга кайрадан көрүү чын эле бакыт. Белгилүү көз доктурдун убакыты тардыгына карабай, биз менен ой бөлүштү.

Алмазбек Исманкулов Россия медициналык-техникалык илимдер академиясынын академиги, медицина илиминин доктору, профессор, эки баланын атасы. Анын "Көз оорулар" китеби КМШ өлкөлөрүнүн бардык медициналык окуу жайларында окутулат. Профессор 1995-жылы Бишкекте "Көз микрорхирургиясы госпиталын" ачкан. Ар күнү клиникага 54 өлкөдөн 300гө жакын оорулуулар кайрылат. Клиниканын дарыгерлери күнүгө 80ге жакын операция жасашат. Бүгүнкү күндө Алмазбек Исманкуловдун окуучулары Кыргызстан, Россия, Казакстан, АКШ, Украина, Германия, Корея, Италия, Филиппин, Швейцарияда ийгиликтүү иштеп жатышат.


- Алмазбек Осмоналиевич, азыр сиз жетектеген "Көз микрохирургия госпиталында" кандай көз ооруларды дарылоого болот?
- Азыр биз заманбап медициналык техникалардын жардамы менен алысты көрбөөнү (миопия), жакынды көрбөөнү (гиперметропия), глаукома, астигматизм, катарактаны, көз торчосунун (көз алмасынын артындагы нервдик ткандар) ооруларын дарылайбыз. Миопия - бул көз алмасынын вертикалдык узарып кетүүсү. Бул оору дайыма жарыгы начар бөлмөдө өтө жакын аралыктан көп окуп, жазып жана иштөөдөн, сасык тумоо, пневмония сыяктуу оорулардан, тамактануунун бузулушунан улам пайда болот жана өөрчүйт. Айрым адамдарда бул тубаса оору. Бирок миопияны өз убагында дарылабай, өтүшүп кетсе адам көрбөй калышы ыктымал. Айрыкча 8-11 жашта бул оору катуу өөрчүйт. Учурда алысты көрбөөнү көз айнек, көзгө коюлуучу атайын линзалар менен же хирургиялык ыкма менен дарыласа болот. Хирургиялык методдун эки түрү бар: биринчиси - фоторефракциялык кератоэктомия (ФРК), экинчиси - терс линзаларды көзгө орнотуу(имплантация). Гиперметропиянын өрчүшүнө болсо стресс, тукумкуучулук факторлор, көзгө көп күч келтирүү себеп болот. Мында көз алмасынын формасы өйдө-ылдыйга эмес, капталга бир аз чоюлуп тургандай абалда болот. Жакындан көрбөөнү да алдын ала дарылабаса арты жакшы болбойт. Муну дагы миопияны дарылагандай, үч жол менен айыктырса болот. Болгону гиперметропияда оң линзалар колдонулат.
Ал эми глаукома - көз-дүн өнөкөт оорусу. Муну жөнөкөйлөштүрүп айтсак, көздүн ички басымынын жогорулашынан улам көрүү нерви кысылып отуруп көздү азиздикке чейин алып барат. Глаукоманын эң жаман жагы - аны убагында гана дарылоого, токтотууга мүмкүн. Глаукоманын айынан болгон азиздикти кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Анткени, глаукома өөрчүп кеткенде көз нерви өлөт. Андыктан 30 жаштан жогоркулар көздөрүнүн басымын жылыга бир жолу ченетип туруусу керек. Бул ооруну атайын басымды төмөндөтүүчү дарылардын жардамы менен, хирургиялык дарылоо жана лазердик күйгүзүү жолу менен дарылайбыз.
Астигматизм тубаса тукум куучулуктан же операциядан, кээде көз травмасынан болот. Астигматизмде эки көздүн көрүүсү эки башка болуп, көрүнгөн нерселер так, даана көрүнбөй, түз сызыктар ийри болуп көрүнүшү мүмкүн. Муну дарылоо үчүн атайын көз айнектер колдонулат. Андай көз айнектер бизде жок болгондуктан баасы лазердик операциялар менен бирдей. Мындан сырткары астигматизмге атайын линзалар да колдонулат.
- Сиз эмне үчүн көз доктурлукту тандап калдыңыз эле?
- Көз доктурлукка (офтальмология) болгон кызыгуум, каалоом мединститутту аяктап жатканда пайда болду. Институтту бүтүп жатканда мен кызыл диплом алам деп тургам. Бүтүрүү экзамендеринин бардыгын "бешке" тапшырып, андан ары жалкоолонуп кетип так ушул көз ооруларынан "эки" алып калдым. "Беш" алыш үчүн экзаменди кайра "жетиге" тапшырышым керек эле. Ошентип, көз ооруларын ийне-жибине чейин окуп, бул предметти сүйүп калдым. Көрсө, офтальмологияда физика, анатомия, электроника, физиология өңдүү илимдин бардык бутактары бар экен. Анын үстүнө ошол кезде белгилүү офтальмолог Святослав Федоров мага катуу таасир берди. Ошондо мен көз доктурлук менен алектенүүм керектигин түшүндүм.
- Клиникаңыз абдан ийгиликтүү, окуучуларыңыз да жетиштүү, ишенчиликтүү. Эмнеге сиз кызматчыларыңызды башкарып коюп, эс алып жата бербейсиз?
- Мен азиз, начар көргөн адамдардын күңүрт дүйнөсүн жаркытуудан ушундай ырахат алам. Ар бир хирургдун бир бийиктикке чыгуусу жана түшүүсү болот. Мен азыр 46 жаштамын. Чоң тажрыйбам бар, мыкты иштөөгө демим, күчүм жетишерлик. Кантип ушундай алтын курагымда иштебей кое алам?
- Өлкө башчыбыз жакында бийликтин жетишкендиктерин көрбөгөндөргө "Исманкуловдун кабылдамасына барууну" сунуштады. Сиз ал ийгиликтерди көрө алдыңызбы?
- Текшерүүлөргө мораторийдин киргизилиши бизнесмен катары иштөөмө жеңилдик берди. Бирок ошону менен бирге эле жеке эле Кыргызстанда эмес, Казакстан, Россия, Европа өлкөлөрүндө, АКШда мамлекеттин ролу күчөтүлдү. Бул бир аз чочулатат. Ишкерлердин жашоосунун жакшырышы - бул жаңы экономикалык саясат. Бирок тарыхта мындай саясаттан кийин репрессия болгону белгилүү. А биздин жаңы экономикалык саясаттын аркасы андай болбой, экономиканын өнүгүшүнө алып келсе болгону.
- Ата жолун жолдогон балдарыңыз барбы?
- Жок. Себеби союз тарагандан бери бизде медициналык сапаттуу билим берилбей калды. Биз үй-бүлөдө экинчи "сорттогу" врачтын болушун каалабадык. Балдарымдын ар биринин өз жолу, максаты бар. Менимче, алар турмушта ордун таба алат. Азыр эки уулум Орто Азиядагы Америка университетин аяктап, менеджмент, финансы иштери менен алектенип жатышат.
- Сиз гитара боюнча музыкалык мектепти аяктаптырсыз. Эмне үчүн кийин медицинага бурулуп кеттиңиз?
- Музыкант болуп туруп, медицина менен алектенүү мүмкүн эмес. А дарыгер болуп туруп музыкалык аспапта эң сонун ойноп коюуга болот. Ушул ой жана адамдарга жардам берүү керек экендиги менин көз доктур болуума түрткү болду. Азыр врач болуп калганыма өкүнбөйм. Себеби ишим жакшы, музыка да мени таштаган жок. Кээде гитарада жакшы ойноп койсом, улуу муундун өкүлдөрү таң калышат.
- Кезинде сизди Москванын автобекеттеринде да түнөгөн дешет го?
- Болгон. Мединститутту аяктаган соң, Святослав Федоровдун клиникасына кирейин деп барсам, аякка россиялык каттоо керек экен. Ошентип алгач Гагарин райондук ооруканасында окулист, андан соң Смоленск шаарынын ооруканасында иштедим. Ал жактан аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, Москвага которулдум. Окуу жайдан жатакана бир жумадан кийин берилерин айтышты. Үмүтүм үзүлбөй, ошол эле күнү баягы Святослав Федоровго кайра келдим. Ал мага "ушундай эле өжөр экенсиң, анда бүгүнтөн баштап ишке чык" деп койду. Мен үйүм, кийимим жок экенин айта албай иштей баштадым. Кечке иштейм, кечинде бир автобекетке барам да бош сумкамды сактоочу жайга тапшырып, жетон алам. Кокус милийса сураса билетимди сумкамда унутуп калганымды айтып, аны ишендирүү үчүн жетонумду көргөзөм. Ошентип бир жума жашагам.
- Чет өлкөгө биротоло кетүү ою болду беле сизде?
- Албетте, болгон. Бирок, көз кош орган. Операция жасап жатканда ал адам менен жаның бир болуп калат. Ошондуктан кете албайм. Азыр дайыма 10 миңге жакын адам экинчи көзүнө операция жасатууну күтүп, менин аманчылыгымды тилеп отурушат. Мен аларды кантип таштап кетем? Ким аларды аягына чейин дарылайт?
- Жеке менчик медицинанын мамлекеттик медициналык мекемелерден артыкчылыгы кайсы?
- Менимче, мамлекеттик ооруканалардын доору өттү. Айрымдарын биротоло эле жабыш керек. Азыр мамлекеттик ооруканага баргандар акча беришет, акча берсе деле жакшы дарыланбай чыгышат. Болбосо жеке менчик клиникага барып тиешелүү акчаны төлөп, жакшы дарыланып алуу зарыл. Ар кимдин өз тандоосу. Эмне, батышта мындай эмеспи?
- Кыргызстан калкынын 80%ынын жарды жашашы сизди намыстандырабы?
- Ар ким өзү каалагандай жашап жатат. Эгер кимдин жашоосу начар болсо, демек ал аны жакшыртууга аз аракет кылган. Көп нерсе адамдын каалоосуна, аракетине жараша болот. Азыр башкаларга жумуш ордун түзүп, ишкерликти мыкты өздөштүргөндөр, тескерисинче шарт түзүлсө сонун иштей турган адамдар да бар. Муну мамлекет колго алып тигинисине да, мунусуна да шарт түзүп бериши керек.
- Бир эле мезгилде мыкты врач, мыкты менеджер болуу кыйын болсо керек?
- Албетте. Мен Федоровдун институтунан көп нерсени үйрөнүп, сапаттуу тажрыйба алдым. Бирок, ошол эле мезгилде Европанын эң мыкты делген клиникаларында көз ооруларды кандай дарылашарын билгим келди. Абдан кызыктым. Ошентип Англиянын Оксфорд университетинин көз оорулар институтунда эки жыл иштеп калдым. Ал жактан жетиштүү тажрыйба топтогон соң, өзүмдүн жеке клиникамды ачкым келди. Муну мекенимде гана ишке ашыра алам деп чечтим. Өлкөмө келип мамлекеттик ооруканада иштеп көрдүм. Мамлекеттик система жакшы иштебесин түшүнүп, клиника ачтым. Алгач экономикалык билимим жетишсиз болуп кыйналдым. Аз жерден жабылып кала жаздадык. Көрсө, финансыны башкарууну да окуп, билиш керек экен. Анан эки жыл АКШдагы Гарвард университетинде окууга туура келди. Бул билим клиниканын ишин илгерилетип кетүүгө чоң жардам берди. Азыр мамлекеттик ооруканалардын башкы врачтары жеке клиниканы ачуу менен акчаны самандай тапса болот деп ойлошот. Бирок, алар ойлогондой оңой эмес.
- Окурмандарга кандай кеп-кеңешиңиз бар?
- Биз дайыма эртең менен "Саламатсызбы!" деп учурашып, коштошордо "Саламатта болуңуз!" дейбиз. Каалоо-тилекти да "Сиздин ден соолугуңуз үчүн!" деп айтабыз. Бирок, ден соолугубузду чыңдоо үчүн жетишерлик аракет кылбайбыз. Кыргыз элиме айтаарым, ден соолукка кам көргүлө. Ден соолук абдан морт болорун ойлогула. Кээде бир сааттын ичинде эле аны жоготуп коюуга мүмкүн. Андыктан саат, күн, ай, жыл сайын ден соолукту чыңдаганга аракет кылуубуз керек. Антпесек, кеч болуп калат.
Мелис СОВЕТ уулу