Кыргыз гезиттер архиви

Мүйүзүң сынгыр
"Асаба" партиясы Искра айылындагы кыргыздар менен дунгандардын ортосундагы нааразычылыкты изилдөөгө алды. "Аталган айылда дунган жаштары кыргыздардын жаш балдарын уруп-согуп, торпогунда сүзүп коюшат экен. Мындай болуп отурса келечекте бул айылдын 80 пайызын түзгөн дунган улуту өздөрүн ошол жердин кожоюнундай сезип, ал эми 2 пайызга жакын жергиликтүү эл басынып калат"- дейт "Асаба" партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов.


Алдам-чылар элди эмитен "арбап"атат
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. кубометрден ашты. Өткөндө Энергетика жана отун ресурстар министри Илияс Давыдов суунун көлөмү 11 млрд. кубометрден ашса, кышында жарык өчүрүлбөйт деп айткан. Бирок ал сөзүнөн кайра танып, суу өзү айткан чектен 1 миллиардга ашса да элге берилген жарык кышкысын 5 сааттан өчүрүлө турганын өкмөттүн жыйынында кабарлады. Эгер суунун көлөмү бир аз көбөйсө, 5 сааттан азыраак өчүрүлөт имиш. Былтыр өчүрүлбөйт деп С.Балкыбеков алдады эле, быйыл пайгамбар жашындагы Давыдов алдап атат.


Кылымдын добушундай, ынтымак-ырыс улай, жылдыздар коштоп жансын, Ала-Тоо ырын ырдай...
Улуттук биринчи канал жана Жусупбек Бакиев атындагы фонд биргелешкен "Кош жылдыз" шоу - сынагын баштайт! Эл алдында атактуулардын ыр жөндөмдүүлүгүн таразалаган биринчи долбоор! Мыктысы ким? Чебери кандай? Көзгө толгон сүйкүмдүүсү барбы? Билгиңиз келсе, 28-августта саат 18.00дө Улуттук филармонияга келиңиз! Ушул күнү ар тармактын атактуу инсандары катышкан сынакты биз менен бирге баштап, күйөрман болуп, кадамды чогуу таштаңыз!


Кыргыз адабияты соттолот
Айтылуу акын Аалы Токомбаевдин жана белгилүү адабиятчы, "Эркин тоо" гезитинин алгачкы чыгарылыштарынын эки жолку редактору Камил Рахматулиндин кыздары сынчы Кадыркул Даутовду жана Улуттук жазуучулар союзунун "Кыргыз адабияты" гезитин сотко берди. Алардын талабы бул маалымат каражаты жана автор А.Токомбаев менен К.Рахматулиндин кадыр- баркына шек келтиргени үчүн 3 млн. сомго айыпка жыгылыш керек. Өлгөндөр эмне демек эле дегенби, айтор, К.Даутов сынчылык кумары кайнап, көзү өткөн аксакалдарды "согуп" таштаган экен. Же аны ошондогу Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз Эл акыны, ал учурдагы "Кыргыз адабияты" гезитинин редактору Омор Султанов кой деп койбойт.


Дагы 4500 ажылуу болобуз
Быйыл Баткенден - 350, Жалал-Абаддан -1200, Ысык-Көлдөн - 50, Нарындан - 50, Оштон - 1200, Таластан - 50, Чүйдөн - 850, Бишкектен - 350, Ош шаарынан-400 киши ажылыкка барууну каалайт. Өткөн жылдагыдай эле 2009-жылга да Кыргызстан үчүн 4500 орун бөлүндү. Бизден барчулардын жол акысы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда арзан. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик муфтиятка ар бир кишинин барыш-келиш чыгымы былтыркыдай эле 2400 АКШ доллары жана 1500 сомдон ашпасын деген талап койду.


Чоң машине-ден чоң акча
Борбордогу "Бишкексууканал" ишканасына тиешелүү "ГАЗ-54" машинесин 16-август күнү кечинде Ахунбаев көчөсүндө токтоп турган жеринен кимдир бирөө айдай качкандыгы тууралуу милицияга кабар жеткен. Изкубарлар кылмыш изин суутпай, мурда темир тордун даамын татып келген 31 жаштагы Д.Кыдыралиевди кармашты. Көрсө, ал машинени сатып, акча тапкысы келген экен. "Жакшы" тилек ушинтип таш капканын карачы...


Дагы эле баарынан алдыдабыз
30 млн. калкы бар Өзбекстанда болгону 8 медресе болсо, 5 млн. калкы бар Кыргызстанда алардын саны 60ка жетет. Ошондуктан алардын кадыры кетип, окутуу системалуу жүргүзүлбөгөндүгүнө дин боюнча мамагенттигинин жетекчиси К.Осмоналиев тынчсызданат. Кээ бир медреселер менчик турак үйлөрдө жайланышып, билим алчулар полдо отуруп куран окушат. Алар эмнени окуп, эмне үйрөнгөнү тууралуу да эч ким билбейт.


Окумуштуулар Осмондорду кайра тургузат
24-29-августта Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "Осмон мезгилиндеги жана ага чейинки Түрк маданиятынын Борбордук Азиядагы тамырлары" аттуу эл аралык симпозиум өткөрүлмөкчү. Ага түрк цивилизациясын изилдөө борбору менен университет жамааты катуу даярдык көрүп жатышат. Бул "Осмондорго чейинки жана Осмондор боюнча изилдөөлөрдүн эл аралык комитетинин" Орто Азиядагы алгачкы симпозиуму. Андыктан Буга Түркия, Казакстан, АКШ, Германия, Австрия, Венгрия, Италия, Греция, Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Корея, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн 100гө жакын окумуштуулар катышып, илимий баяндамалар жасалат. Кыязы, бул симпозиумда Осмон империясы кайра тургузулгандай болот өңдүү.


Канча бала мектепке барат?
Быйылкы окуу жылында 2188 жалпы билим берүү мектептери иштейт. Алардын ичинде 2108 массалык мектеп, 55 жеке-мамлекеттик жана жеке мектеп, 25 республикага караштуу жана 503 мектепке чейинки балдарды окутуучу мекемелер бар. Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, быйыл 1-класска 6-7 жаштагы 96 075 бала, мектепке чейинки билим берүү борборлоруна 63 875 бала барат. Жалпысынан алганда республика боюнча окуган балдардын саны 1 041 546 болот. Учурда окуу мекемелеринин балдарды кабыл алуу даярдыгы аяктап калды. Билим берүү министрлиги мектепке барбай калган балдардын санын негедир көрсөткөн эмес.


Касымбеков катуу той кылды
Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков жума башында борбордогу ири "Алтын Казына" ресторанында аттуу-баштуу адамдарды, аксылык, жумгалдык туугандарын чакырып, кызынын тоюн өткөрдү. Баса, бул кыз Төкөбүздүн азыркы жубайы Элмира жеңебиздин Наргиза аттуу кызы экен. Кайсы ата эле ушундай той өткөзүп жатыптыр. Болгону Наргиза атасынын баркын билсе болду. Тойго баргандар Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык болду дешет.


Токтом менен тыйылбайт го
2006-жылдын 25-августунда өкмөттүн токтому менен мектептеги окуу китептерге, ремонтко ата-энелерден акча жыйноого тыюу салынганы маалым. Билим берүү министрлиги ушул жылдын 17-августунда окуучуларды 1-класска кабыл алууда мыйзамсыз акча жыйноого да тыюу салган буйрук чыгарды. Бул буйруктун аткарылышына мектеп жетекчилери керт башы менен жооп бермекчи. Бирок мектеп жетекчилери буйрукту аткара турган түрү жок. Баламды 1-класска алып барсам, 5 миң сом сурап жатат деген ата-энелер көп. Анткени мектеп директорлору "орун толуп калды, башка кабыл албайбыз" деп аткез кылса, ата-энелер акча чыгарууга мажбур болот экен.

"Агым-пресс"




"Агым" гезитинин жамааты белгилүү төкмө акын, обончу, аткаруучу
МАЙРА КЕРИМ кызынын
мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтат. Мындай булбул арабызда жашай турса жакшы эле болмок. Аттиң, арман... Арты кайырлуу болсун.