Кыргыз гезиттер архиви

  боор ооруган жан чыгабы?

Эркек шайтандаса үй-бүлө эле эмес, эл, жер бузулат
"Агымга" баш баккан Гүлмира менен Зинагүл аттуу эже-сиңдилер Айпери аттуу жээнин ээрчитип келип, сиңдиси Гулира Бийбосунованын тозоктуу жашоосун айтып, көздөрүнө жаш алып отурушту. "Күйөө балабыз Алмаз Токсобаевдин көрсөткөн кордугунан сиңдибиз Гулира бир күнү жантаслим болобу деп чочулайбыз. Башкы прокурор Э.Сатыбалдиевге да арыз жазган элек. Кыргызстан аялдар Конгрессинин төрайымы З.Акбагышевага да кайрылдык. Мүмкүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан Гулираны аман алып калышар" дешти.

- Сиңдибиз Гулира Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын жашоочусу Алмаз Токсобаев менен баш кошконуна он жети жыл болду. Алмаз 41де, Гүлира 39да. Ушунча жылдан бери Гулира барган жеринин "жакшысын чыгарып, жаманын жашырып" келет. Алмаз абдан кызыл камчы, зөөкүр, кызганчаак күйөө болду. Беш балалуу болгонуна карабай, он жети жылдан бери жалаң ур-токмок, ызы-чуу, кордоо менен жашап жүрөт. Нечен жолу ажырашам деп, сиңдим төркүнүнө балдарын алып келди. Бирок, күйөө бала жалынып-жалбарып, убадасын бек берип, кетпейм деп көгөргөн сиңдибизди коркутуп-үркүтүп кайра алып кетет. Айласы кеткенде унчукпас дудукка айланып, балдарым үчүн жашайм дейт, көзүнүн жашын көлдөтүп. Мүмкүн балдары чоңойсо токтолор деген ойдо биз да алардын жашоосуна кийлигишкен эмеспиз. Бирок, жыл өткөн сайын күйөө балабыз токтолмок түгүл, тескерисинче күчөгөнү баарыбызды азапка салды.
Гулиранын токсон жаштагы согуштун ардагери болгон кайнатасы, 75 жаштагы кайненеси бар. Нечен жолу күйөөсү жанчып сабаган жеринен аман алып калышкан ушул кишилер. Сиңдимдин айтуусунда кайнатасы сакалынан жашын куюлтуп ыйлап: "балам бизди таштап кетпе, бул зөөкүргө теңелбе, неберелеримден айрыба" деген сөзүн кыялбай жүрүп, ушул күнгө туш болду. Келинин аеосуз сабаган уулунун ортосуна түшкөн атасына колу тийип, энесин адам оозуна алгыс уят сөздөр менен сөгөт.
Үйдөгү тиричилик, чарба Гулира менен балдарынын мойнунда. Кышында 10-класстан окуган уулу Адилет экөө малдан бруцеллез жуктуруп алышыптыр. Баласы менен аялынын ооруп атканын көрүп, доктурга жибербей атып, араң дегенде 2000 сом берип, бала-чакасын кошуп, Гулираны шаардагы эже-сиңдилеринин үйүнө жиберди. Кымындай балдары менен сиңдим ооруканага жата албай, барып-келип дарыланып, уулу Адилет жугуштуу ооруларды дарылоо ооруканасына жатып чыкты. Бул жактан Гулиранын төркүндөрү дары-дармектерин алып бердик. Толук айыга электе эле Алмаз күндө телефон чалып: "нан салган, кир жууган киши жок, телтейип шаарда эмне жүрөсүң" деп сөгүп, коркутуп,чала дарылантып айылга алып кетти.Сиңдим дарыланып шаарда жүрсө Алмаз ата-энесин, чоңоюп калган эки кызын көзгө илбей, өзүнө окшош бөтөлкөлөш достору менен үйгө аялдарды алып келип жатыптыр. Аны көргөн улуу кызы: "апам жокто бул эмне кылганыңыз" десе, бетке муштап: "жаагыңды бас, жалап! Сен да чоңойсоң ушул катындардай сойку болосуң, уктуңбу!" деп сөгүп, урушуптур. Алмаз мас болуп келген сайын Гулирага "төрөгөн кыздарың келечектеги сойкулар, эркек балдарың келесоо, мен жаш аял алып тукумумду оңдошум керек" деп дөөрүйт. Мындай сөздөрдү уккан Гулира канчалык ызаланса да аны ичине катып, унчукпайт. 2008-жылы төрт жаштагы Сейил деген кызы жүрөгүнөн оор операция болгон. Кызы боюнда барда көлдүн жээгине коттедж куруп, чоң там салышкан. Ошол тамды Гулира жалгыз актап, сырдап, оңдогон экен. Доктурлардын айтымында, сырдын жытына ууланып кызы оорукчан болуп калыптыр. Кийин ошол тамды 25 миң долларга сатып, короодогу малды курашып, Алмаз өзүнө "Ауди" маркасындагы машина алган.
Он жети жыл жашап, Гулира Алмаздын оозунан бир да жылуу сөз уккан эмес. Анын ордуна "сен оорукчансың, мунжусуң, бруцеллез менен ооругансың" деп кемсинтип, "бул үйдөн ооруп өлүгүң чыга электе балдарыңды алып жогол, тамды, малды бөлөм десең, өлтүрүп көмүп коем" деп өзүнөн-өзү оолугуп, адатынча чыр баштайт экен. Мас дейин десе сопсоо. Ушу жылдын 18-мартында дагы уруш чыгарып, "мен сени кет дебедим беле, каракчыдай болуп эмне жүрөсүң" деп от чукуган шиш менен башка чааптыр. Башынан кан жая берип, эс-учун жоготуп койсо анын чачынан жулуп, сүйрөп, сен арамзаланып атасың деп ортого түшкөн ата-энесин, балдарын көзгө илбей урган экен. Эсине келген Гулира эптеп эринин чеңгээлинен качып, жакын жашаган кайнагасынын үйүн барыптыр. Кайнагасы Мыктыбек азыр айылдык кеңештин депутаты, учурунда Чолпон-Ата шаардык РИИБинде тергөөчү, участкалык милиционер болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан. Буга чейин далай кордук көргөн Гулира бир да жолу милицияга кайрылган эмес. Себеби, укук коргоо бөлүмүндө иштеген кайнагасы баарыбир ишти инисинин кызыкчылыгына жаап коймок. Андан кийинки уруш 23-июль күнү президенттик шайлоо күнүндө болгон. Гулира балдарын киринтип, казылган жертөлөнүн жанында кир жууп отурса, адатынча Алмаз урунарга тоо, урушарга жоо таппай мас болуп келип, эч кеп-сөзгө келбей эле тоголото тээп жибериптир. Казылып турган чуңкурга кулаган Гулираны башка койгулап, колунда чыныдай болгон ташы менен урмакчы болгондо карыган атасы калчылдап ортого түшүп, балдары бир жактан эптеп арачалап калышыптыр. Бирок, Алмаз Гулираны таш менен коюп жиберип, эстен тандырган экен. Гулира эсине келсе, балдары: "апа, атаман кетип калбасаңыз, бир күнү сизди өлтүрүп тынат" деп ыйлашып, эптеп үйдөн качып чыгышат. Шаарга беш баласы менен келип, туугандардын үйүндө жашап атты. Жарым ай шаарда жүрүп, ден соолугун бир сыйра караткандан кийин айылда жашаган апабыздын үйүнө айран-сүт ичип келсин деп жибергенбиз. Бирок, Алмаз Гулиранын айылда экенин угуп, болбой алып кетиптир. Биздин санаабыз чыдабай Алмаздын үйүнө барсак, туугандары Гулираны кое бербей коюшту. Алмаз болсо Гулира менин мыйзамдуу катыным, эч кимиңердин ишиңер болбосун деп машинеден жулкулдата алып калды. Биз Алмазга ишенбейбиз, ал бир күнү Гулираны өлтүрүп, колубузга карматып коет деп чочулайбыз. Алмазга катын, балдарынын энеси кереги жок болсо, бизге биртууган керек.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА

Редакциядан: Бул үй-бүлөнүн чыр-чатагын Чырпыкты айылынын аксакалдары, жергиликтүү укук коргоо органдары териштирет деген ойдобуз. А.Токсобаевдин айтаар сөзү болсо, аны да угууга даярбыз.