Кыргыз гезиттер архиви

?
  Саясаттан сармерден

Үсөн аке отпускеде эмес, офисте

Кадимки карт бөрү Үсөн аке Сыдыковдун карылыкка моюн сунар түрү жок. "Жаңы Кыргызстан" партиясынын башкы имаратын жасалгалап, анын төрүндө чалкалап эмес, баш көтөрбөй иштеп атканына өзүбүз күбө болдук. "Жаңы Кыргызстан" бийликтин партиясына айланат деген имиш туурабы десек, "азыр иштеп жатабыз, эки айдан кийин келсең айтканга бирдеме болот" дейт. Сыягы, эки айдан кийин парламенттик шайлоо болот го деп болжоп калдык. Анткени Үсөн акенин кабылдамасында күн сайын аймактардан келген өкүлдөр көбөйгөндөн көбөйүп барат. Себеби, Үсөн аке майнап чыкпаган ишке убактысын коротпойт.


Атаң башпрокурор болсо жакшы турбайбы

Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев жаздан бери жалаң күркүлдөр отурукташкан Бишкектеги Ахунбаев көчөсү менен Матросов көчөсү кесилишкен аймакка кычыраган үй салдырып жатат. Албетте, бул башпрокурордун биринчи үйү эмес. Жанында байбичесинин заңгыраган өргөөсү бар. Жаңы үй ошол биринчи жубайынан төрөлгөн уулуна арналды. Өзү ал тарапка басып деле барбайт, андагы курулуш ишин жардамчылары эле көзөмөлдөп туру.


Интернет "согушунун" чыныгы күнөөкөрү ким?

Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңеши "Кыргызпатенттин" жетекчиси Улан Мелисбек 38 домендик ысымды каттоого алып, анын айрымдарын сатыкка койгон" деп өкмөт башчысына кайрылышкан. Алардын айтымында Улан Мелисбектин бул аракети мамкызмат жөнүндөгү мыйзамга каршы келет. Мындан тышкары белгисиз бирөөлөр У.Мелисбек 150 миң доллар акча талап кылып жатат деген жарым сааттык үн жазуусун интернетке жарыялап жиберишкен. Ал эми Улан Мелисбек өзү мунун баарын четке кагып, мындай мамиледен кийин кызматынан баш тартып, кайрадан Америкага кете турганы мүмкүн экендигин жарыялады.


Алланын атынан алдамчылык кылгандардын бети ачылды

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев "Комсомольская правда" гезитине берген маегинде ажылык сапардагы коррупциянын бетин ачты. Анын айтуусу боюнча, буга чейин айрым ажы башчылары Меккеге зыярат кылууну каалаган мусулмандарды арзан тейлөөгө качырып, анын айынан ар кандай кырсыктарга кабылтып койгон учурлар болгон. Мисалы, буга чейин Кыргызстандан учкан зыярат кылчулар Иорданияга конуп, ал жерден 450 ысыкта Меккеге чейин автобус менен1200 км жол жүрүп азап чегишкен. Каныбек Осмоналиевдин айтуусу боюнча быйыл ажыга барчулар Меккеден 72 км алыстыктагы Жидага чейин самолет менен барышат. Ошондой эле ажыга барчулардын айрым топ башчылары ыйык парзын аткарууну каалаган мусулмандардан акча алып, бирок аларды соопчулук үчүн бекер кабыл алып жатакана, тамак-аш менен камсыз кылган "Аль-Бухари Мавереннахр" кайрымдуулук фонду сыяктуу бекер кызмат көрсөткөн уюмдар аркылуу тейлеп келишкен. Көрсө, Алланын ысымын айтып, алдамчылык кылгандар көп экен.
Бүгүнтөн баштап орозо айы башталды.


Болот Шамшиев кыргыз байларын кычыктап...
СССРдин эл артисти Болот Шамшиев кыргыз байларынын кино тармагына каражат бөлбөгөнүнө кыжыры кайнап, аларды бир сыйра каарып алды. Ал айрыкча Аскар Салымбековдун бул тармакка бир тыйын жылдырбаганын баса белгилеп өттү. Эсил кайран СССРге белгилүү болгон кинорежиссердун айтымында, чет өлкөлөрдүн байлары кино тармагынан таптакыр акча аябайт экен. Белгилей кетсек, учурда Болот Шамшиев "Жаңгак токоюндагы жан алгыч" тасмасынын демөөрчүлөрүнө отчет берип атат.


Кожосу ким дебейсиңерби...

Борбор калаабыздын 1-май районундагы ?12 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын башчысы Светлана Спиридонова деген айым азыркы кызмат ордуна келгенден тартып отуз адамды кызматтан алып, өзүнө караштуу отуз адамды кызматка отургузуптур. Анан калса, ошол аймактагы майлуу ишканалардан алчусун алып турат деген даттануулар бар. Светлана айымдын артынан арыз жамгырдай жааган менен мэрия, прокуратура, сот, укук коргоо органдарынын алы жетпей жатыптыр. Колдогон кожосу өйдө жактан го...


Иштесеңер Исаевдей иштегиле

Ысык-Көлдүн губернатору Кыдыкбек Исаев учурда адаттан тышкары чапкылап иштеп жаткан чагы. Анткени, ажо Көлдө эс алып жатат. Губернатор райондун бардык акимдерине президент кеткенге дейре маалымат каражаттарына интервью бергенге тыюу салып, мектеп директорлорунан тарта китепканачыларга чейин президент ушул жерде турганда эс алуусу жок иштейсиңер деген талапты катуу коюптур. Баракелде... Негизи К.Исаев Үсөн Сыдыковдун кадры. Ошондуктан өзү жөнүндө көп айтылган имиштен чочуп, жанымды аман алып кал деп аксакалга чалып жатыптыр.


Момбековго "Аудини" ким берди?

Президенттикке ат салышкан Алмазбек Атамбаевге айрым үгүтчүлөрдүн нааразы болгонуна карабай, ал сыйлачу кишисин жөн эле сыйлап коерун көрсөттү. Атамбаев Талас облусу боюнча үгүт жүргүзгөн ырчы Сагынбек Момбековго шайлоодогу эмгеги үчүн акыркы үлгүдөгү "Ауди" автоунаасын алып бергени маалым болду. Азыр ырчы машинанын артына комузун салып, чимирилте айдап жүргөн чагы. Бирок шайлоо учурунда С.Момбеков дайынсыз жоголуп кетти деп да чуу көтөрүп чыгышкан. Андан кийин кайсы бир жакын досу уурдап кетиптир деп айтышты. Иши кылып жалындуу ырлары үчүн бийликтен сый көрбөй жүргөн ырчыга сооп болуптур.


Болсун, болсун!

Быйыл кереметтүү Ысык-Көлдө 5-сентябрдан баштап спорттун 15 түрүнөн КМШ, ШКУ, ЖККУ өлкөлөрүнүн спортчуларынын ортосунда ири мелдештер өтөт. Буга өкмөт өзү шымалана киришип, Ак үй акчасын чыгармак болуптур. Көрсө, мындай иш-чаранын мамлекет тарабынан колдоого ээ болушунун да чоң себеби бар экен. Жакында ЖККУга кирген өлкөлөрдүн дөө-шаалары чогулушуп, Көлгө эл аралык деңгээлдеги спорттук ден соолукту чыңдоочу борбор куралы деп кол алышыптыр. Ошол себептен кыргыз бийлиги Көлдө өтө турган быйылкы спорттук оюндарды эсте каларлык кылып өткөрүүгө жан үрөп жаткан кези.