Кыргыз гезиттер архиви

  Орун бошотчулар барбы?


Бюджеттин 45 пайызы мамлекеттик чиновниктерди каржылоого жумшалат экен. Акча менен өлчөгөндө 17-18 миллиард сомдун тегерегинде. Эгер саламаттык сактоо менен билим берүүгө кеткен акчаны кемитсек, 10 миллиард сомдон ашуун. Албетте, бул көп каражат. Өз күчүбүз менен куруп жаткан Камбарата ГЭСине болгону 3 миллиард сомго жетпеген акча сарпталганын эстесек, 10 миллиард сом менен дагы бир ГЭС курууга болот.

Бирин чапса, экинчи баш өскөн ажыдаар
Президент шайлоодон кийин башкаруу системасын реформалоо керектигин, андан соң укук коргоо жана аскердик реформа башталарын билдирди. Аймактык - административдик реформаны жүргүзүү көптөн бери айтылып келе жатса да, бул маселе жакынкы мезгилде ишке ашпайт өңдөнөт. Облустарды, райондорду, айыл өкмөттөрүн кыскартуу аркылуу эбегейсиз акчаны үнөмдөөгө болорун адистер эчак эле эсептеп чыгышкан. 7 облус, 40тан ашуун райондун ордуна 16 гана аймак болмок. Ал эми 400дөн ашуун айыл өкмөттөрүнүн саны да 30 пайызга кыскармак.
Мындан сырткары бийлик түзүмдөрүн, мамчиновниктерди кыскартуу менен да бир топ акчаны үнөмдөөгө болот. Азыр бизде 18 министрлик, 30дан ашуун ар кандай комиссия, агенттиктер бар. Мындан тышкары президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппараты да оңой эмес. Жалпы мамлекеттик кызматкерлерди миңден ашуун кызматтык машина тейлейт. Ушунун өзү эле миң айдоочу, миң катчы, миң жардамчы жана миң орунбасар бар экенин билдирет. Ал эми президент менен өкмөттүн аппаратында бирин-бири кайталаган түзүмдөр абдан көп. Мисалы, президенттин администрациясында тышкы саясат бөлүмү деген болсо, өкмөттө да тышкы байланыштар бөлүмү деген аталыштагы ушундай бөлүм бар. Мындан тышкары Тышкы иштер министрлиги турат. Эми ойлонолучу, кайсы эле жыргаган эларалык байланыштарды айтабыз. Баарын эле президент менен премьер-министр өздөрү атайын сапар менен барганда чечип жүрбөйбү. Президенттин администрациясында социалдык жана экономикалык саясат бөлүмү болсо, мындай бөлүм башка аталыш менен өкмөттө да бар.
Ал эми экономика жана соода министрлиги, социалдык фонд өз өзүнчө иштеп жатат. Ушундай эле окшоштуктар бирин-бири кайталап кете берет. Мүмкүн кээ бир мамлекеттик кызматтар абдан эле керектир. Мында талаш жок. Бирок ар бир министрликке көз салган вице-премьер, министр, анын үч орунбасары, жүздөгөн аппарат кызматкерлери менен ошол ишти түздөн-түз аткарчу министрлик турганда ошондой аталыштагы бөлүмдөрдүн аппаратта болушу кажет беле деген ой туулат.
Бүгүн каржы полиция кызматы экономикалык кылмыштардын бетин ачып, казнага көптөгөн кирешелерди түшүрүп жатканы маалым. Кылмыштын бул түрү көбөйүп, коррупция тамырын жайып турганда жогорудагы кызматты мындан да күчөтүүгө эч ким каршы эмес. Бирок финансылык чалгындоо кызматы, финансылык рынокту жөнгө салуу кызматы, финансы министрлиги, президент менен премьер-министрдин аппаратындагы финансы бөлүмдөрүнүн иштеп жатканы ашкере көп эмеспи? Макул, болсун. Бирок булар муну менен чектелбейт экен. Ушундай министрлик, агенттиктердин ар бир облуста башкармалыгы, район, шаарларда бөлүмдөрү болот экен. Баягы эле айдоочу, катчы, жардамчы, орунбасары менен кошо.
Бүгүн Ички иштер кызматкерлеринин саны канча экенин эч ким билбейт. Жарыя айтууга мүмкүн эмес имиш. Бирок 18 миңден ашуун деп айтылып жүрөт. Президент бул тармакты да реформалоо зарыл экенин билдирди. Акыркы кезде ар бир участкалык инспектор кызматтык машина менен камсыз болду. Бирок кылмыштын бетин ачуу, анын алдын алуу сыяктуу нерселер дагы эле оор бойдон калууда. Ийне эмес, тирүүлөй адамдар жоголуп жатат. Чак түштө атышкандар көбөйдү. Демек, реформалоо дегенде укук коргоо органдары сыяктуу элдин коопсуздугун түздөн-түз камсыз кылган министрликти кыскартпай, керек болсо акчасы менен кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Андан кийин билим берүү министрлиги да оңой каражатты талап кылбайт. Мугалимдердин маянасы аз. Мектептерге жаш кадрлар иштөө үчүн барбай жатат. Биздеги билим берүү системасы союз мезгилинен бери келе жатат. Жадагалса окуучунун күндөлүгү менен класстык журнал да өзгөрбөй кадимки союздун үлгүсүндө. Түп тамырынан бери өзгөртүүгө бир да министр чыгынбады. Баарын окутуп, баарын үйрөтөбүз деп орундалбаган ишке акча сарптабай, сааттардын санын кыскартууга мезгил жетти. Саат кыскарса окуучулардын жумалык жүгү жеңилденип, мугалимдердин саны кыскарат. Муну менен сапатсыз мугалимдерден арылып, жакшы иштеген мугалимдердин маянасын 10 миң сомго чейин көтөрүүгө болот. Анан дагы акы төлөп окутуучу элиталык мектептерди бардык аймактарда ачууга мезгил жетти. Татыктуу билим берсе акча төлөөдөн ата-энелер качпайт. Түрк лицейлери талап кылган акчаны төлөп эле жатышпайбы.
Демек бийликти 30 пайызга кыскартсак, бери дегенде 3 миллиард сом үнөмдөлөт экен. Ал эми 3 миллиард сомду пенсия, пособиелерге жумшаса эл бийликти алкап эле жатып калат.
Келдибек НАЗИРОВ




Оп, майда
Кыргыз тарап Ташкентте газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Бирок сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жок.
***
"Эл сөзү" менен "Назар" гезитинин жетекчилери соттошуп жатат. Б.Жээнбеков Р.Момбековду намысыма шек келтирди деп сотко берген.
***
Бишкекте бармендердин таймашы өтөт.
***
Нарындагы корукта мыйзамсыз жүргөн кытайдын 60 жараны чыгарылды.
***
Кыргызстанда Россиянын альпинисттери көчкүгө кабылды.
***
12-августта ГУИН кызматкерлери кесиптик майрамын белгиледи.
***
Жети айдын ичинде жол кырсыгынан 524 киши каза болгон.
***
Таласта катуу жааган мөндүрдөн 250 гектар эгин талаасына зыян келтирилди.
***
Токмокто "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөлөрү баракчалар менен кармалды.
***
Екатеринбургда аял зордоду деген айып менен кыргыз жараны кармалды.
***
Боом капчыгайында жол кырсыгына учураган айдоочунун сөөгү табылды.
***
Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда азык-түлүк коркунучу болбойт деп билдирди.
***
ЮСАИД кыргызстандык 40 миң үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам көргөзөт.
***
Сырттан жеңил унааларды ташып келүү үч айда үч эсеге азайды.
***
ИИМ балдар үйү үчүн "Мектепке барууга жардам кыл" деген кайрымдуулук акциясын өткөрдү.
***
Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл кызматы А/211 ылаңына байланыштуу ажыга барбай турууну сунуштайт.
***
Укук коргоочу Азиза Абдрасулова коопсуздук комитетинин имаратынын астында нааразылык акциясын өткөрүүнү көздөөдө.
***
Балыкчыда А.Атамбаевдин тарапкерлери сот чечимине каршы.
***
Саламаттык сактоо министринин орунбасары М.Каратаев ээлеген кызматынан бошотулду.
***
Кыргызстанда импорттун көлөмү 358,3 млн.долларга азайды.
***
Жалал-Абадда эне тилди өнүктүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды. Ал эне тилдин 20 жылдык мааракесине арналмакчы.
***
Кыргызстанда кээ бир жаза өтөө мекемелери ачкачылык жарыялады.
***
Кыргызстанда 60 пайызга жакын кылкандуу дан эгиндери жыйналды.
***
Чүй районунун Искра айылында дунгандарды тартипке чакырган жыйын болду.
"Агым пресс"




Көлдө эс алууга каражатыңыз жетиштүүбү? Кантип эс аласыз?
Кубат Оторбаев,
"Азаттык" Бишкек медиа мекемесинин башчысы:
- Быйыл убакыт болбой, эс ала элекмин. Негизи ар жылы Ат-Башыга барып кымыз ичип, чөп чабыкка катышып эс алып келем. Элге аралашкан мен үчүн эң жакшы эс алуу. Анан албетте, башка кыргызстандыктардай эле Көлгө бир жумага барып келем. Быйыл да төрт-беш күнгө ыйык көлүбүзгө чумкуп келсемби деп турам. Буга чейин жакшы пландар бар эле, шайлоого байланыштуу алар аткарылбай калды. Каражатка келсек, азыр ар бир адамдын чөнтөгүнө жараша сунуш болот. Капчык канчалык калың болсо, ошого жараша эс алуу болот.
Меңди Мамазаирова,
акын, жазуучу:
- Жазуучулар, калемгерлер өмүрү эс албайт. Мен жылыга бир жолу "Арашан" жазуучулар үйүнө бир ай, кырк күнгө барып бир жылдан берки жыйналган асыл ойлорумду чыгарма кылып келем. Мен үчүн ушул эс алуу, ырахат. "Арашандан" көп чыгармаларым жаралды. Бул биз үчүн, жазуучулар үчүн куттуу жер. Анан ал ортодо төрт-беш күн Көлгө поэзия кереметине чалкуу үчүн барып келем. Кыргызстанда туруп Көлгө барбаса болобу. Союз мезгилинде чыгармачыл үйлөрдү тандап кетчү элек.
Чолпон Жакупова,
"Адилет" укуктук клиникасынын директору:
- Мен эс албайм. Быйылкы эс алганым Темир Сариев менен өлкөнү кыдырып, шайлоочуларга жолугушуум болду. Мага баарынан Ат-Башы, Таластын жаратылышы жакты. Мен үчүн эң жакшы эс алуу - эч жакка чыкпай, балдарымдын кашында болуп, тынч китеп окуу. Өзүм дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө болгондуктан азыр бир жакка чыгып эс алуу мен үчүн кызыксыз. Анын үстүнө ар кай жакта көп жүргөндүктөн үйдө балдарымдын жанында болгум келет. Баса белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандыкындай таза суу, кооз жаратылыш, сулуу, бийик тоолор эч жерде жок. Биз азыр "колдо бар алтындын баркы жок" болуп жатабыз.
Сабырбек Жумабеков, медицина илиминин доктору, профессор, белгилүү ортопед-травматолог:
- Мен беш жылдан бери эс ала элекмин. Азыр эс алайын десең да чөнтөк телефон аркылуу таап алышат. Анын үстүнө жайкысын ар кандай кырсыктар көп болуп, элге керек болуп калат экем. Азыр болгону чет өлкөлөргө сапарга чыкканда эс алгандай болом. Төрт-беш жыл мурун болсо айылга ата-эне, туугандардыкына барып эс алчумун. Азыр андай мүмкүнчүлүк, убакыт жок. Бирок, калкым үчүн кызмат кылуу- мен үчүн эс алуу.
Медер Бишкек,
Чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери:
- Мен жайкысын Көлдө император каган массажы, цигун менен иштеп жаткан окуучуларыма көмөктөшөм. Быйыл шакирттерим 18 пансионатта иштеп жатышат. Мындан сырткары туулуп-өскөн айылыма, апама, энеме жылыга барып келип турам. Мага ыйык көлүбүз менен туулган жерди көрүү, элдин ден соолугун оңдоо, шакирттеримдин эмгегине күбө болуу жакшы дем берип, эс алдырат. Менимче, ар бир адам баласы кантип эс алыштын жолун, ыгын таап, тыныгуу жасап, кубат топтошу керек.
Мелис СОВЕТ уулу