Кыргыз гезиттер архиви

  Ааламда

Кимдин булчуңу күчтүү?
Келдибек НАЗИРОВ

Кремлдеги орус бийлигинин төбөлдөрү азыркы геосаясый каршылыктарга туш келгенде союз учурундагы Москванын башкаруусун эстеп, анын кудуретине тан берери талашсыз. Ошондуктан Владимир Путин СССРдин ураганын "XX кылымдын геосаясый зор катастрофасы" деп атаганы бекеринен эмес. 15 союздук республика аз келгенсип, Европанын тең жарымы Москванын көзүн карачу. Бүгүн андай эмес. Балтика жээгиндеги мамлекеттер өз өлкөсүндө жашаган орус улутундагыларга "биздин ырды ырдап, биздин тилде сүйлөйсүңөр" деп орус тилине чектөөлөрдү кийирип жатат. Учурда Ригада орус тилдүү мектептердин жабылып жатканы буга күбө. Аларда улуттук нарк-насил илгертеден башка. Бирок тили, дини тектеш Украина менен Россиянын азыркы мамилеси Кремлди кыжырдантууга аргасыз кылды. Д.Медведев В.Ющенконун саясатын орустарга каршы багытталган деп атап, Украинада орус улутуна, анын тилине кысым көрсөтүлүп жатканын, былтыр Грузияны курал менен камсыздап, ал куралдан бейкүнөө кишилер өлгөнүн, Грузияга курал жөнөтүү аракети азыр да улантылып жатканын белгилеп, НАТОго мүчө болууга умтулганын айыптады. Мындан тышкары, Россия өз элчисин Украинага жөнөтпөй турган болду. Ошентип орус-украин алакасына доо кетти.
Д.Медведевдин В.Ющенкого жөнөткөн бул каты туура же туура эмес болгонун мезгил көрсөтөт. Муну орустун биртоп саясатчылары Кремлдин шашкандыгы деп баалады. Ошол эле учурда Украинанын бир катар саясый күчтөрү орус бийлиги менен макул экендигин билдирди. Ошентип Россия батыш менен теңтайлашкан улуу держава экендигин ырастоочу кезектеги аракетин жасады. Буга чейин былтыркы Украина менен болгон газ чатагы, Түштүк Осетиядагы согушту айтууга болот. Кремль СССР тушундагы башкарууну эңсеген менен жанындагы өлкөлөргө союз учурундагыдай камкордук көрүп, канатына калкалап алабы деген маселе да ойлондурбай койбойт. Анткени экономикасы алсыз Тажикстан менен Кыргызстандан башка республикалардын баары Россияга ылым санабайт. Өзбекстан менен Түркмөнстан газды Россиянын аймагынан сырт алып өтүү маселесине өтө кызыкдар. Себеби, мындан алар экономикалык ири утушка ээ болушат. Беларусь президенти Лукашенко ар убак биригебиз, бир болобуз деген менен эки өлкөнүн ортосунда да пикир келишпестиктер бат-бат кайталанып турат. Ошондуктан бирдиктүү валюта, бирдиктүү бажы союзу сыяктуу демилгелер кечеңдеп келет. Азырынча Россия менен терең мамиле түзүүгө кызыкдар мамлекеттер дагы эле Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан.
Бирок орус интеллигенциясы Казакстан менен кызматташууну жактырган менен, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр башыбызга жүк болот, андан көрө жардамды дили бирге славян элдерине көрсөтөлү деп айтып келишет. Жанагы АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасынын айланасындагы окуялар да орус интеллигенциясына Кыргызстан жөнүндө жакшы пикир жаратпады. "Булар ушундай соодалаша берет" деген пикирди биртоп саясатчылары айтып алды.
Ошентип, Украина өз агасына далысын салып, Батышка ыктап турган кези. Д.Медведевдин каары ушунчалык өктөм болгондуктан, В.Ющенконун дароо жооп берүүгө чамасы келбеди. Бирок украина президентинин катчылыгы орус президентинин билдирүүсүн жалпы украин элине каршы багытталды деп эки элди бири-бирине тукурчу маалыматты таратып жиберишти. Мунун өзү Д.Медведев украин элин жек көрөт дегендик эле. Кремль Украинага орус элчилиги президенттик шайлоодон кийин киргизиле турганын жарыя кылды. Демек, В.Ющенконун кайрадан шайланышы күмөн. Эгер бул аракет ишке ашса, Россия алгачкы ирет бөтөн өлкөнүн ички саясатына кийлигишип, өз кишисин бийлик башына алып келген болот. Эгер чын эле В.Ющенко Москванын таасири астында шайланбай калса, анда КМШ мамлекеттеринин башчылары Россия менен болгон мамиледе ойлонуп калары талашсыз. Себеби, Москванын кысымы астында кызматтан кетүүнү түркмөн президентинен тарта И.Каримов менен Н.Назарбаев деле каалабайт. Балким бул аракет да Россиянын жанындагы өлкөлөргө ээлик кылуу амалыдыр.




  Алатоодо

Көлдө суу жылуу...
Мелис СОВЕТ уулу

Президенттик шайлоодон кийин саясатчылардын баары эс алууга чыкты. Азыр өлкөнүн мындан аркы тагдыры Ысык-Көлдүн жээгинде талкууланып жатат. Депутаттар тарайбыз же тарабайбыз деген суроонун астында баш катырса, мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн кызмат орундары жөнүндө ойлонууда. Балким президент да көгүлтүр көлдүн жээгинде ушул маселенин үстүндө иштеп жаткандыр. Ошондуктан саясатта жымжырттык өкүм сүрүп, алдыдагы өзгөрүүлөр боюнча айың кептер гана айтылууда. Канткен менен президент кайра шайланып алдым, алдыдагы беш жылды эптеп өткөрсөм болду деген ойдон алыс экени көрүнүп турат. Буга шайлангандан кийинки элге кайрылуусу күбө. Азыр толук кандуу, жан үрөп иштөөгө тоскоолдук деле жок. Демек, кырдаал президенттин башкаруу жөндөмдүүлүгү, иш билгилиги канчалык деңгээлде экендигин баалай турган шарт түзүп отурат. Башкача айтканда, ага тарых журт атасы болуп, ысымы түбөлүккө калуучу мүмкүндүк тартуулады. Бул жагынан мезгил А.Акаевге деле зор мүмкүнчүлүк берген. Ал да Мустафа Кемал, Ата Түрк, Дэн Сяопин сыяктуу журт атасына айланып, атын сактап калса болмок. Буга ал кишинин илим, акыл эс-көрөңгөсү да жетиштүү эле. Бирок, пендечилик, үй-бүлөнү кыялбастык сыяктуу көрүнүштөр теңирден тескери жолго жетелеп кетти.
Азыр ошондой мүмкүнчүлүк Курманбек Бакиевге берилип отурат. Негизинен өткөн президенттик мөөнөттүн акыркы жылы Бакиев үчүн азыноолак аброй алып келди. Буга Алматыда Арал маселесин талкуулаганда башка президенттер менен теңата сүйлөшкөнү, Москвада орус бийлиги менен 2 млрд. доллардан ашуун каражат келишимине кол койгону, Кумтөр алтын кени боюнча жаңы келишим ж.б. себеп.
А өлкөдө чындыгында абал оор. Коррупция тамырын кенен жайган. Элдин башын бириктирип, атуулдук сезимин ойготкон идеологиябыз жок. Кыргыздын кырчындай жаштары акча үчүн бөтөн өлкөдө тентип жүрөт. Социализмден калган ишкана имараттарын, завод-фабрикаларды үркөрдөй топ эбак эле бөлүштүрүп алган.
Учурда эл чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Алдыдагы президенттик мөөнөттүн кандай болору ажонун алгачкы кадамынан байкалат. Чын чынына келгенде, миллиондогон кара көздөр турмуштун жакшырышын самап, ажого үмүт байлап турган кези. Эгер дагы эле коррупция күчүндө калып, жөнөкөй МАИ кызматкеринен Жогорку сотко чейин паракорлук өкүм сүрүп, эл акыйкатты таппай сот өкүмү менен мүлкүнөн айрылып зарлай берсе, өкмөт баштагыдай эле өсүү баланча пайыз деп элди алдаса, жумуш орундары түзүлбөсө, жарандарда тандоо укугу болбосо, анда эле кыргыздын шору шорподой катып үмүтүнүн өлгөнү. Ал эми үмүтү өлгөн элден баарын күтсө болот. "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" дегендей, ажобуз алдыдагы өзгөрүүлөрдө жакындарынын, санаалаш кишилердин көзүнө карабай, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өзүн садага чапканы лаазым. Жыйырма жылдан бери үй-бүлө, дос, жердеш, куда-сөөк деп жүрүп ушул күнгө жеттик. Кереметтүү жери, эбегейсиз тоо, токою туруп 5 млн. калктын 20 жылдан бери жакыр аталып жүргөнү ушундан улам болуп жүрбөсүн. Эл эс алып жатат. Карапайым кишилер жыргап эс алса, саясатчылар санаа менен...





Абийирде
"Мени кечиргиле"
Зайырбек АЖЫМАТОВ
Көөнөрбөсүн ыйманымдын ыраңы,
Көзөлбөсүн абийиримдин турагы.
Өмүр бергин башкаларга залалсыз,
Өлүм бергин таттуу уйку сыңары.
Бер пейилдин чалкып жаткан деңизин,
Бер мүнөздүн баарысына тегизин.
Тең карайын карыпка да, ханга да,
Теңир, Теңир, Теңир, Теңир, Теңирим… -деп жаздым эле "Кудайдан сураныч" деген ырымда мындан беш-алты жыл мурун. Азыр деле абийиримдин астында ак болоюн, кыймылдап, сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берген тирүүлүгүмө дөөгүрсүнүп кимдир бирөөнүн тагдырына, көңүлүнө зыян келтирип албайын. Бечара менен бай-бачага бирдей карайын деген ойлор мээмде турат. Анткен менен пенде болуп туруп периштедей таза болуу кыйын экен. Кудай сактасын, өзүмдү өзүм кечирбей аскадан бой ура турган деңгээлдеги күнөө кетирбей эле коеюн. Бирок күнүмдүк жашоодо бирде болбосо бирде кайсы бир адамдын шагын сындырып, үмүтүн өчүрүп, көңүлүн кирдетип алган учурлар болбой койбойт тура.
Бала кезде токойдон алган отунумду эшекке артып, аны артынан айдап баратып тазалык, анын кирдеши тууралуу бир салыштыруу таап алгам. Сүйрөлүп бараткан бутактуу жыгачка жолдо жаткан таштандылар илеше берет экен. Анын бири өзүнөн өзү түшүп калса, бири үйгө чейин келчү. Мен бул көрүнүштү адам жашоосуна, анын абийирине салыштыргам. Бала кезде баарыбыз таза болобуз, анан канчалык чоңоюп жашоо жолун арбыткан сайын отунга жабышкан ушундай кирди-чыкты таштандылар жандүйнөбүзгө жабышып, акырындап кирдей берет окшойбуз деп ойлогом тестиер кезимде. Чындап эле өзүмдүн өмүр деген өрдү карай келаткан жолумда канчалаган илешкектер болду. Дагы болот… Анын кайсы бир бөлүгү өзүнөн өзү түшүп калса, кайсы бири дагы деле жандүйнөмдү, демек абийиримди кирдетип, өзүм менен кошо жүрөт. Отуздан ашканда ошол бала кезде ойлогон абийир маселесине дагы бир кичинекей кыстырма кошулду. Ал мындай: отунга илешкен керексиз нерселерди тазалап койгонго болот, ал эми абийириңе түшкөн кара такты эч нерсе менен жууп кетире албайсың.
Аз өмүрүң салтанат курар чакта,
Абийириңди асти түк ылайлатпа.
Тирүүлүккө татыктуу болгон бакыт,
Тирүү өлүк болгондон Кудай сакта!
Уят эмес кемдигиң, жакырлыгың,
Айрылса эгер абийириң басынгының.
Эгер булгап жатсаң бул тирүүлүктү,
Эркиң менен кеткениң баатырдыгың!
Бул менин өз жанын кыйгандар тууралуу жазылган "Калпыс чындык" деген ырымдагы саптар. Кыргызда "уят өлүмдөн катуу", "эр жигиттин уялганы өлгөнү" деген макалдар бар. Мындан бир топ жыл мурун союз кезинде биздин кошуна айылдагы мектепте иштеген бир агай арак ичип, мас абалында окуучуларынын, алардын ата-энелеринин көзүнчө бир-эки жиндилик кылып, эртеси бул жоругуна уялып, чөнтөгүнө "мени кечиргиле" деген кат таштап өзүн-өзү асып таштаган. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү. Бирок мындай кадамга абийири бар, уяттуу адам гана барат. Азыр арак ичип уят болгонду мындай кой, андан жаман иштерди жасап, эртеси эч нерсе болбогондой басып жүрбөйбүзбү. Өзү адамдар абийири бар, анан абийири жок болуп экиге бөлүнөрү чын экен. Мен ошол уятын сезип, өз жанын өзү кыйганга колу барган мугалимди баатыр дээр элем.
Кудай ар бирибизди абийирден айрылгандан сактасын!