Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Алмаз Атамбаев БЭКтен кетеби?
БЭК 17-августта жыйын куруп, алдыда турган милдеттерин, мындан аркы стратегиялык жүрүштөрүн аныктаганы жатат. Саясат таануучулардын айтуусу боюнча, президенттик шайлоодон кийин биринчи жолу өтүп жаткан БЭКтин ушул жыйынында мурдагы тактикалык жүрүштөр бир топ өзгөрүүгө учурайт. Негизи эле президенттик шайлоодон кийин Кыргызстан гана эмес, эл аралык деңгээлдеги саясат талдоочулар да "оппозициянын бирдиктүү максаты жана стратегиялык багыты анык эмес экендиги билинди" деп баа беришкен. Аталган иш-чарага А.Атамбаевдин жер-жерлердеги шайлоо штабдарынын жетекчилери катышат. Бирок иш-чара өтөрү тууралуу берилген маалыматта А.Атамбаевдин өзү катышар- катышпасы тууралуу айтылган эмес. Чамасы, шайлоонун жыйынтыгы чыгып-чыкпай "ооруп жатам" деп Түркияга учуп кеткен А. Атамбаев БЭК менен таптакыр коштошкон окшойт.

Азизаны угаар бекен...
"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова 17-августта УКМК астына пикет өткөрөт. Бул иш-чарада террорчулукка каршы күрөштө адам укуктарын коргоо жана УКМК системасын реформалоо талаптары айтылары пландаштырылган. "Учурда УКМК адамдардын укугун коргобой эле, саясый куугунтукка алуу, саясый лидерлерге кылмыш иштерин козгоо боюнча уста болуп калды. УКМК жабык структура болгондуктан алар эмне иш жасап жатканы белгисиз жана түшүнүксүз болуп жатат. Коомчулук бул орган эмне менен алек болуп жатканын билиши керек. Ошондуктан УКМК сөзсүз түрдө реформалансын" -дейт укук коргоочу Азиза айым "Азаттык" үналгысына берген маегинде.

Топчуке дүйшөмбүдө дүпүлдөйт
Кечээ президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, жөө жүрүш жасаган маалында кармалып, 15 күнгө кесилген 10 жаран бошотулду. Алардын арасында БЭКтин саясый кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев да бар. Эске салсак, 29-июлда Бишкектин Сыдыгалиев-Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде Т.Тургуналиев баштаган топ шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жөө жүрүшкө чыгышкан. Булар уруксатсыз митинг өткөрүп жаткандыгы үчүн айыпталып, соттун чечими менен он чакты жаран 15 күнгө, айрымдары 7 күнгө камалышкан эле. Көпчүлүгүнө акчалай жаза салынып, жашы жете электерге эскертүү берилген. Топчуке бул кармап-камоолор боюнча дүйшөмбү күнү маалымат жыйынын өткөрөм деп чамынып туру.

Ашынаңа аш бер, бирок жер бербе
Кыргыз-өзбек чек ара аймагында мыйзамдуулукту сактоо боюнча биргелешкен аймактык комиссия иштей баштады. 11-августта бул комиссиянын жыйыны өтүп, анда чек ара коопсуздугун, мыйзамдуулукту сактоо боюнча биргелешип аракеттенүү макулдашылды. Ошондой эле бул жолугушууда Аксы районундагы Бай-Кыштак айылындагы талаштуу чек ара аймактарында үйлөрдү бузуу аракеттери талкууланды. Көрсө, Өзбекстан талаштуу аймактарда отурукташкан өз жарандарына үй курууга акчалай жардам көрсөтүп, алар эски турак үйлөрүн буза баштаган экен. Эки тараптын макулдашуусу менен талаштуу аймактар бир ыктай чечилгенге чейин, мындай аракеттер токтотулду. Учурда бул чекте турмуш-тиричилигине байланыштуу 61 мыйзам бузуу катталган.




Крим-аалы
Көчөт кыздар көлгө чөгүп
11-августта Алай районуна караштуу Сары-Могол айылынан он төрт жаштагы Мадина Мырзакан кызы, 17 жаштагы Самара Мырзакан кызы жана 16 жаштагы Венера Рысбек кызы ушу аймактагы Тулпар-Көл көлмөсүнө чөгүп кетишкен. Ошол эле күнү Самара Мырзакан кызы менен Венера Рысбек кызынын сөөгү табылып, эртеси 12-август күнү туугандарынын жана жергиликтүү элдин тынымсыз издөөсүнөн Самара Мырзакан кызынын сөөгү табылды. Эс алууга чыккан кыздардын өмүрүн көлмө алып тынды.
Эмне өчү бар эле?
Борборубуздагы Жал кичирайонунда курулуп аткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен курулуштун кароолчусун кимдир-бирөө аеосуз сабап, өлтүрүп кеткен. Кароолчу башынан оор жаракат алып, көз жумгандыгын сот.мед.экспертизанын жыйынтыгынан белгилүү болду. "Кан кое бербейт" демекчи, арадан көп өтпөй эле Ноокат районунун тургуну, кырк жаштагы Ж.М. изкубарлардын кылтагына түшүп, күнөөсүн мойнуна алды. Учурда тергөө иштери жүрүп атат.
Бычактын азабын эми тартасың
Панфилов райондук ооруканасына 12-август күнү Күрпүлдөк айылынын жашоочусу, 1981-жылы туулган Н.Төрөкулов денесине бир нече жолу бычак сайылып, оор абалында келген. Көп убакыт өтпөй жабырлануучу эсине келбей көз жумду. Н.Төрөкуловго бычак сайып, өмүрүн кыйган айылдашы 1984-жылы туулган М.Т. изкубарлардын колуна тез эле түштү. Кылмышкер айылдашын уруштан улам өлтүргөндүгүн айтып, сурак берип отурган кези.
Алтын сөйкөнүн анты болот
Кичинекей үч кызды коркутуп, кулагындагы алтын сөйкөнү күч колдонуп чечип алган Кара-Суу районуна караштуу Кең-Сай айылынын он жети жаштагы жашоочусу Р.Д. Ош шаарынын изкубарлары тарабынан кармалды. Оңой олжого марып, өспүрүмдөргө кол салган кыз актанып, көрсөтмө берип отурат.
Кимди, эмнени күтүп жүргөн?
Өзгөн районунун милиционерлери Шералы айылынын жашоочусу Ш.Д.нын үйүнөн 7,62 мм.калибрлүү куралды 14 огу менен таап чыгышты. Курал эч жерде катталбаптыр. Уруксаты жок куралды кайдан, эмне себептен алгандыгы такталууда.
Намысы жок жигит сөрөй
Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунан түнкү саат он экилер чамасында он алты жаштагы Ж.Илимбекованын кол телефонун коркутуп, күч колдонуп тартып алган жыйырма тогуз жаштагы С.А. изкубарларга кармалды.




  И-тагдаалы

Эми эне тил оңолоор
Буга чейин "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" болуп, кыргыз тили ар кандай бурмаланып келгени чындык. Буга бири советтик доорду айыптаса, бири азыркы заманды, дагы башкасы кыргызча тыңгылыктуу орфографиялык сөздүк жоктугун шылтоолоп келишкен. Муну эске алып Мамлекеттик тил комиссиясы илимдин окумуштуулары, белгилүү окумуштуу, тилчилерден турган комиссиянын көмөгү менен "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн" жарыкка чыгарды. Буга ажо президенттик фонддун эсебинен 800 000 сом бөлдүртүп берген. Тил комиссиясы бул сөздүк кыргыз тилиндеги чар-жайыттыкты жоет деген ойдо.
Мухтар Шахановго жагыптыр
Драматург Жаныш Кулмамбетов тарткан "Чыңгыз менен Бүбүсара" фильми учурунда коомчулукта ар кандай пикир жаратып, киносынчылардын сынына түшүп, ур-тепкиге алынган эле. Атүгүл, киносынчы Гүлбара Төлөмүшова менен да соттошууга чейин барып тынышкан. Бул тасма Ч.Айтматов менен казак эл акыны М.Шахановдун биргеликте жазган "Аскада калган аңчынын ыйы" китеби боюнча тартылган. Жакында М.Шаханов тасма менен таанышып, фильмдин авторуна жакшы пикирин билдирип, Казакстанга да көрсөтүүнү сунуштады.
Токтогул сыйлыгын ким алды?
Кечээ өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты жазуучу Казат Акматовго жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын артисти Эльвира Асанкуловага тапшырды. Токтогул сыйлыгын ыйгаруу чыгармачыл адамдар арасында дайыма нааразылыкты жаратат. Бу жолу да өйдө-төмөн сөздөр болбой койгон жок.
КATEL кайра жанданабы?
Кыргызстанда чөнтөк телефондорду биринчи сунуштаган КATEL компаниясы шаршемби күнү "Хаят" мейманканасында 15 жылдыгын белгилөө менен бишкектиктерге жаңылыгын жарыялады. Мындан ары КATEL бишкектиктер үчүн жергиликтүү байланышын ишке киргизип, "фьюжн" кызматын сунуштамакчы. Жергиликтүү байланыш ар бир шаардык тургунга алты цифралуу номер сунуштайт. "Фьюжн" кызматынын жардамы менен ал номерди каалаган мобилдик байланыштын номерине, шаардык номерлерге кошулсаңыз болот. Муну да байкап көргүлө.
Омокенин ормон опузасыбы же оюнубу?
Кечээ жакында жазуучулар узу-ун үстөлгө учкаша отурушуп Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султановду ээрден шыпырышкан. Буга нааразы болгон Омоке тиги тарапты Бишкек шаарындагы райондор аралык сотко берген. Сот доо арызды карап, 2009-жылдын 22-майындагы "Пленум чечимин токтото турсун" деген аныктама чыгарган эле. Аны Омокебиз көбүртүп-жабыртып "мен кызматыма кайра келдим, Абдрахман Алымбаев төрагалыктан соттун чечими менен бошоду" деп жарыялаган. Мунун чын-бышыгына жетпей эле 300дөн ашуун акын-жазуучу дүрбөп, кайра сотко кайрылышкан. Сот кайра "Пленум чечимин токтото турсун" дегенди жокко чыгарып, Омор Султановдун жактоочулары аны акыя күтүп, акыры тарап тынышты.




  Жума окуясы

Кытайлар каптап жатат

Шаршемби күнү, 12-августта кытайлык жарандар Нарын районунун аймагында жайгашкан Нарын мамлекеттик коругуна суроо-сопкуту жок кирип, ал жерде мыйзамсыз иш аткарып жүргөн жеринен кармалышкан. Кошуналар таламандын так түшүндө өз жеринде жүргөндөй, коруктун Кашка-Суу жана Күрмөнтү участкаларында тогуз чакырымга жакын жол салып койгонго чейин биздин күч структураларыбыз билбептир. Алар бул аймакка эч тоскоолсуз эле трактор, эксковатор өңдүү жол куруучу техникаларын жеткиришкен. Мындан сырткары, Күрмөнтү участкасында эки лагерь жайгашып, биринде беш тонна өлчөмүндө жардыруучу заты да бар экен. Мындан эки күн мурда да Нарын облустук ички иштер башкармасынын кызматкерлери Күрмөнтүдөн кетпей жүргөн кытайлык алты жаранды кармап, аларды мыйзамдын ченеминде чек арадан чыгарышкан экен. Кийинки жолу тигинче буюм-тайымы менен алтымыш кытай чектен чыгарылды. Кызык, алар кирип келатканда бизди кайтарып турат деп ишенип жүргөн чек арачыларыбыз каякты карап отурушкан? Трактор, эксковатордун ордуна танка менен келсе деле отура бермек экенбиз да. Канткен менен бөлөк өлкөнүн жарандары мамлекеттик чек арабызды бузду. Азыр УКМК, ИИМ, Коопсуздук катчысы иштейби? Же "президентти шайлап алдык, болду" деп, баары каникулга чыгып кеткенби?