Кыргыз гезиттер архиви

  Өзгөнү тааны, өзүңдү жоготпо

"Немистер деле чыгыш-батыш деп бөлүнүшөт"
Германияда он жыл окуп, жашап, эми өз өлкөсүнө келип, эл үчүн иштейли деген жаштардын бири Сүйүн ОТУКЕЕВ менен баарлаштык. Ал он жыл жашаган Германия өлкөсүнүн кызыктуу жагын бизге ачып бергендей болду.

- Жалал-Абаддагы Кыргыз-түрк лицейин 1997-жылы бүтүрүп, 1999-жылы Германиянын Лемго шаарына Кыргызстандан беш-алты бала окууга кеттик. "Лемго" университетинин медиа продакшн бөлүмүндө окуп, он жыл Германияда жашадым. Биз бияктан Ата түрк лицейинде окугандыктан, түрк ишкерлердин каржылоосу менен барган элек. Алар окуумду, Германиядагы жашоомду толугу менен камсыздап, канча жыл жүрсөм ошончо жыл жардам беришти. Төрт жыл окуп, алты жыл медиа тармагында иштедим. Жергиликтүү телестудияларга барып, немец режиссерлорунан тажрыйба топтодум. Адегенде ишти немецтердин, орустардын, түрктөрдүн ар кандай оюн-зоок тойлорун тартуудан баштаганбыз. Азыр аяктан алган билимди, немец режиссерлорунан алган тажрыйбамды пайдалануудамын.
Кыргызстанга келгениме 6-7 айдын жүзү болду. Чет өлкөдө окуп, иштеп, тажрыйба топтоп келген балдар менен биргеликте "Медиа-стар" продакшн студиясын ачтык. Командабызда төрт бала бар. Ар кандай рекламалык роликтерди, клиптерди тартууну баштадык. Биздин студиянын негизги максаты - өлкөбүздөгү телеканалдар менен байланышып иш алып баруу. Европадагы телеканалдар өзүлөрү көп деле программа жасашпайт. Ал жакта атайын продакшн студиялар бар, аларга заказ беришип, каалаган даяр продукцияны сатып алып көрсөтүшөт. Буларда система ушундай. Буюрса бизде деле медиа тармагы жакшы өнүгүп келатат. Жакын арада биз деле ошондой системага өтөбүз деп ойлойм. Андан сырткары, кино тармагына кызыгуубуз зор. Азыр кызыктуу чыгармаларды тандап, сериал тартууну көздөп аткан учурубуз. Жыл аяктаганча толук метраждуу комедия тасмасын тартуу планыбыз бар.
* * *
Балалыгымдын, жаштыгымдын он жылы чет өлкөдө өттү. Кыргыздар башка улуттарга салыштырмалуу тил үйрөнүүгө абдан шыктуу экенибизди баамдадым. Бирок жаман жагы, башка тилге ушунчалык берилип кетип, өзүбүздүн тилибизди унутуп коет экенбиз. Себеби, Германиядан немец болуп калган кыргыздын улан-кыздарын көп көрдүм. Ошол жакта иштеп, үй-бүлө куруп, балалуу болушкан кыргыздардын балдары кыргызча бир да сөз билишпейт. Өзүлөрү да үйдөн, сырттан дайыма немисче сүйлөшөт. Алардын сырткы келбетинен эле кыргыз экени көрүнбөсө, ички жан дүйнөсү, психологиясы толугу менен немец болуп кеткен. Бул өтө өкүнүчтүү.
Үйлөнгөнүмө эки жыл болду. Бул жактан үйлөнүп, Германияда бир жыл жашап, анан көчүп келдик. Учурунда башка улуттун кыздарына үйлөнүү тууралуу ой болгон. Бирок таанышып мамиле түзсөк, биздин кыргыздын кыздарынан өтөрү жок экен. Кыргызды кыргыздар эле түшүнөт, орустар да, башкалар да бизди түшүнө алышпайт. Ал эми немис кыздарына үйлөнүү дегеле ойго да келген жок. Себеби, немецтер менен кыргыздардын ортосунда асман менен жердей айырма бар. Немецтер менен иштөө ишенимдүү болгону менен, адамдык, достук мамиледе бир аз кыйыныраак. Аларда өзүмчүлдүк аябай өнүккөн.
* * *
Шайлоонун үгүт иштери жүрүп атканда кыргыздын түндүк-түштүккө бөлүнүүчүлүгү күч экенин байкадым. Бейтааныш адамдар менен шайлоо тууралуу сүйлөшүп, кимди шайлаганы атасыз деп сурап калсам эле, түндүктү же түштүктү баса белгилеп айткандарын көп уктум. Германияда деле бөлүнүү бар. Бирок, бизчелик деңгээлде эмес. Алар ГДР анан ФРГ болуп тымызын бөлүнүп калышат. 1989-жылы ГДР менен ФРГ кошулду. Буга чейин ГДРге салыштырмалуу ФРГнын экономикасы, жашоосу жакшы болуп, бай мамлекеттердин катарына кошулуп калган. Кийин экөө бириккенде ГДРдин экономикасын өнүктүрүп, жардам берүү максатында ФРГ салыкты көбүрөөк төлөп калыптыр. Азыркыга чейин эле ФРГ тараптагылар кээде "силер биздин жардамыбыз менен бутуңардан турдуңар" деп кичине болсо да ГДР тараптагыларга тийишип калышат. Ошентип немистер деле батыш-чыгыш болуп бөлүнүшөт. Кээде мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда телевидение аркылуу ГДРге тийишип, кыйыр сөз менен орустарга жакындатып айтышат. Мындай учурда ГДРдеги немецтер чычалап кетишет. Чыгыш жактагы Бавария облусундагылар да өзгөчөлөнүп, өздөрүн бийик сезип, башкаларды тоготпойбуз деген эл.
* * *
Немец элинин арасынан Гитлерди сыйлап, дүйнөнүн жарымын басып алган, күчтүү лидер болгон деп ичинен аны менен сыймыктанып, кумир тутуп, жакшы көргөндөрдү көп көрдүм. Бирок, сыртка ачык айткандан бир чети уялышат. Ал эми немис жеринде жүргөн түрктөр абдан улутчул, патриот калк. Германияда үч миллиондон ашык түрк бар. Алар герби, улуттук желеги үчүн жанын беришет. Түрктөрдө кичине эле майрам болуп же ийгиликке жетишип калышса, байрактарын желбиретип көчөгө көтөрүп чыгышат. Ал эми немистер эгерде көчөгө байрактарын көтөрүп чыгып, немецпиз деп мактанышса, дароо эле силер нацистсиңер деп күнөөлөп, Гитлерге теңеп коюшат. Алар ошондон тартынышат. Германияда канчалык ийгиликтер болсо да көчөгө байрактарын көтөрүп чыгып, сүйүнүчүн сыртка чыгарышпай, эмоциясын ичтерине катышчу. Акыркы жылдары алар да түрктөрдөн үйрөнүшүп, футболдогу ийгиликтин шылтоосу менен байрактарын көтөрүп чыгып, ушуга чейинки буктарын чыгарып алышкандай болду.
* * *
Европада жүргөндө өзүбүз азиат болгондуктан азиаттарга көбүнчө боор тартчубуз. 1999-жылы Германияда саналуу гана кыргыздар болсо, кийинчерээк көбөйүп калышты. Германияда көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Тилекке каршы, бизди жетишпеген, анча өнүкпөгөн мамлекет катары карашат. Экономикасы артта калган Африкадан, Түштүк Америкадан, Азиядан келгендердин катарына кошулуп калчубуз. Кыргыздар аз болгондуктан бири-бирибиз менен абдан ынтымактуу болуп, жашаган жерибиздин алыстыгына карабай ай сайын жолугушуп, баарлашып турчубуз. Германияда орточо эмгек акы 2000 еврону түзөт. Бирок, баары бир жашоо кыйын. Евро валютасы ишке киргенде немистердин маркасы жок болуп, абдан кыйналышты. Мурун 4000 марка айлык алышса, кийинчерээк 2000 евро алып калышты. Мисалы, бир маркалык нан бир евро болуп калды. Бирок, бизди каржылаган демөөрчүлөрүбүздүн материалдык абалы жакшы болгондуктан, кыйынчылыкты сезген жокпуз. Чындыгында, Германиядагы кээ бир карапайым немистерден алда канча жогору жашадык.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





  Оку, оку жана оку

"Бүт Кыргызстанга китеп бизден тарайт"
Маектешибиз Оңолбек БАТЫРКАНОВ кесиби боюнча журналист. Кочкордун Кара-Суу айылынан. Кыргыз радиосунда тыш кабарчы болуп иштеген. Кийин биртоп гезиттерде да иштеп жүрүп, китеп базарына өткөн.

- Өзүң гезитте иштеп жүрүп, кайдан китеп базарына келип калдың?
- Китеп базарына 2002-жылы өттүм. Адегенде базарга "Жаңырган жаңы ырлар", "Эстен кеткис эски ырлар" деген ырдалып жүргөн ырлардын топтому менен кирдим. Той-топурларда бу да керек экен. Рыноктун шарты да эми. Сезип калып чыгарып жибердим. Ошо менен бир күнү Бактыгул деген сүрөтчү айтып калды. "Эмил Өмүракуновдун "Жыландар ханышасы" деген китеби даяр, акчасы жок чыгаралбай жатат" деп. Жазуучу өзү учук менен ооруп ооруканада экен. Барып сүйлөштүк. Колжазмасын берди. Ошондон 2-3 ай өтпөй китепти жарыкка чыгардым. Ооруканага алпарып авторго көрсөтсөм, ыраазы болду. Тилекке каршы, оорусу катуу экен, 3-4 айдан кийин каза болду. Ошо менен гезитти таштап, китепке биротоло өтүп кеттим.
- Дагы кимдин китебин чыгардың?
- Мелис Макенбаевдин үч китебин чыгардым. Базарда китеп чыгарып саткандардан азыр Орозбек Бөрүгулов экөөбүз эле калдык. Бүт Кыргызстанга китеп бизден тарайт.
Көпчүлүк авторлор каражаты жогунан өздөрү чыгаралбайт. Анан бизге келет. Сүйлөшөбүз, макулдашабыз дегендей. Эч кимдин ичи оорубагандай болуш керек. Кыскасы, баш-аягы 20дай китеп чыгардым. Жалаң эле ыр-күү, проза, поэзия эмес. "Балкитеп" (жылдыз төлгө), ден соолукка байланыштуу чыгарган китептер да бар. "Дартка даба дарыгер" деген ат менен Ислам апа жөнүндө китеп жарык көрдү. Бул апаны оору-сыркоого чалдыккандар жакшы билет. Китепте дары чөптөр, алардын рецеби жана башка керектүү маалыматтар бар.
- Силер кандай китепти чыгарасыңар? Же көтөрүп келселе басып жатып каласыңарбы?
- Жок, кайдан. Аны рынок өзү тандайт. Кандай китеп өтөт? Канча көлөмдө чыгарыш керек? Аны сезип турушубуз керек, болбосо, банкрот болуп калыш бир паста. Кийин өзүм "Жылдыз" деген гезит чыгардым. Атайын заказ деп бир эле артисттин же ырчынын окуясын камтыган гезитти уруп жиберем. Элдер талап кетчү. Ошондой стиль азыр эмнегедир жок калды. Мисалы, Роза Аманованы күйөөсү менен, Абдымалик Шерматов менен Динара Акулованы чыгардык.
- Рынокто азыр кайсы авторлор өтүмдүү?
- Азыр окурман калкы Айгүл Шаршен аттуу автордун китебине көп кызыгат. Соңку турмуштун өйдө-ылдыйы жөнүндө. Андан бөлөк Капарбек Сөлпиев, Назгүл Калмамбетова, эскилерден Зуура Сооронбаеванын китептери жакшы өтүп атат го дейм.
- Дагы кандай планың бар?
- Басма үй түзбөйлүбү деп ыраматылык Бекмырза Рахманов идея көтөрдү эле. Китеп базарда иштегендер, мен, Орозбек Бөрүгулов болуп беш-алтообуз биригели дегенбиз. Тилекке каршы, Бекмырза каза болуп калды да, иш токтоп калгандай болду. Азыр эми Жанызак, Орозбек, мен болуп ушул багыт боюнча иштеп атабыз. Каражат жагы чечилсе, бизге да, акын-жазуучуларга да оң болот эле. Буюрса, ишке ашып калат деп үмүттөнүп турабыз.
Маектешкен Төлөгөн УРУМКАЛЫЕВ