Кыргыз гезиттер архиви

  Базарыңды көрсөтчү

Айдаганың "БМВ", кайдан алдың тыйынды?
Чыгыш элинде эзелтен "калктын жашоо шартын билиш үчүн алардын базарына бар" деген сөз бар. "Риом авто" унаа базары - Кыргызстандагы автоунаа сатуучу эң ири соода түйүнү. Базар он миң унаага ылайыкташкан. Бир кезде чыла басып, иреттелбей жаткан унаа базар күн сайын оңдоп-түзөтүлүп, аларман менен сатарман үчүн ыңгайлаштырылган. Ар бир унаа чыгарылган жылдарына карата бөлүнүп коюлган. Кенен, транспорт эркин кирип чыгат. Бир мезгилде эртең менен машине сатып алган киши анысын айдап кеталбай, аарынын уюгундай ызылдаган машинелердин арасында кечке чейин, кээде таңга чейин калып калчу. Ашкана, банк кызматы, даараткана өңдүү маселелер чечилген. Базардан машине сатып алган киши ошол жерден эле аны өзүнө каттатып, документтерин тактап алууга мүмкүнчүлүк бар. Айтор, мындан үч-төрт жыл мурун көптөгөн көйгөйлөрү бар автобазар күндөн-күнгө өсүп-өнүгүп баратканы ырас. Себеби, элден ошондой талап бар. Калк жылдан-жылга унаа сатып алууга, алмаштырууга умтулууда. Аталган базардын администрация башчысы Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ булар тууралуу мындайча кеп салып берди:



- Биз дайыма керектөөчүлөрдүн талаптарын өз деңгээлинде аткарууга милдеттүүбүз. Өлкөдө автоунаа алуучулар жана алмаштыруучулар жылдан-жылга көбөйө баштады. Андыктан биз базардын тейлөө кызматын өнүккөн өлкөлөрдөгү унаа базарларына теңөөгө аракеттенип келебиз. Базардын ичин асфальттап, оңдоп-түзөп кеңейтүүдөн сырткары, ИИМдин мамлекеттик автоинспекциясы менен келишим түзүп, сатып алган унааны дароо эле базардын өзүндө каттоо кызматын уюштурдук. Дүйнөлүк автобазарларда ушундай. Ошол эле учурда биздин базарда бажы бөлүмү да жайгашкан. Бул сырттан автоунаа ташыган ишкерлер үчүн мамлекеттик каттоодон өтүүгө, салык төлөөгө ыңгайлуу. Ошондой эле буга чейин автобазардын жанынан өткөн мамлекеттик трассанын боюна машинелер башаламан токтоп, анын айынан автотыгын пайда болуп, шаардан чыгып кетип жаткан жана келаткан жүргүнчүлөргө чоң тоскоолдук жаратып келген. Азыр андай эмес. Базарга келгендердин унаасы токтой турган атайын жай салынган. Мурун базар ишемби, жекшемби күндөрү гана иштесе, азыр күнүгө иштейт. Чөнтөк телефон аркылуу кабарлашкан кардарлар каалаган убагында ушул жерден жолугушуп, соодалашат. Эсептешүү үчүн банктардын өкүлчүлүктөрү да ачылган. Базарга келген жаран ушул банктан коммуналдык кызматка: сууга, светке акы төлөсө да болот. Мындан сырткары, жакында Сокулук районунун жетекчилиги менен келишим түзүп, Казакстан, Ысык-Ата тараптан келген кардарлар шаарды аралап кыйналбасын деп унаа базарынан түз чет жолго (объезднойго) чыга турган жол салдык.
- Дүйнөлүк кризис унаа базарга кандай таасир этти?
- Албетте, азыр мурдагыга караганда соода азайган. Өзүңүздөр байкагандай, базарда бош орун көп. Бирок тиричилик токтоп калган жок. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, бизде соода жайлоодон мал түшүп, эгин-тегин жыйналгандан кийин күчөйт. Бул учурда машине да бир аз кымбаттайт.
- Өкмөттүн токтому менен 2009-жылдан баштап сырттан кирген эски автоунааларга болгон бажы акысы көтөрүлгөн. Ал кандай оош-кыйыш жаратты?
- Бул токтомдун максаты - Кыргызстанга кирген эски машинелерди чектөө. Чындап эле буга чейин унаа ташыган ишкерлер арзандыгына карап, колдонуу мөөнөтү бүткөн унааларды алып келчү. Эски техника экологияга тескери таасир этери айтпаса да түшүнүктүү. Чет элден алынып келген эски машиненин кээ бири өзүнөн өзү өрттөнүп кеткен учурлар да болгон. Ушул жагынан алып караганда, өкмөттүн бул токтому туура. Болбосо, сырты жалтыраганы менен техникалык жарамдуулугу бүткөн машиненин пайдасынан зыяны көп. Эң башкысы, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө тескери таасир этет. Техника деген техника, ал европалык стандарт боюнча 12 жылдан кийин эскирет. Бөлүнүп чыккан уулуу газ айлана-чөйрөнү жабыркатат. Автокырсыкка учурайт. Ошондуктан ар бир машине техникалык жактан коопсуз болуш үчүн белгилүү жылдарга чейин гана колдонулушу керек. Бүткүл дүйнөдө ушундай стандартты кармашат. Андыктан, өкмөттүн бул токтому өз атуулдарынын коопсуздугуна болгон камкордук десек болот. Ошол эле учурда түшкөн салыктан мамлекет өз бюджетин чыңдайт.
- Ушул токтом ишке кирерде унаа ташыган ишкерлер президентке чейин кайрылуу жолдошуп, эми биз алып келген машинелерди эч ким албайт, себеби жаңы машиненин баасы кымбат болот, токтомду четке кагыш керек деп чыгышты эле. Азыр автоунаалардын баасы кай тарабына өзгөргөн?
- Азыр машиненин баасы кандай болуп жатканына жалпы журт күбө. Токтом чыккандан кийин темир тулпардын наркы өсүп кеткен жок. Тескерисинче, үстүбүздөгү жыл ичинде автомобилге болгон баа 500 доллардан 3000 долларга чейин арзандады. Албетте, бул дүйнөлүк экономикалык кризистин таасири. Бирок жакындан бери чет өлкөлөрдө абал стабилдешип, дүйнөлүк кризистен коркуп калган Европа, Германия, Япония көбүнчө 2004-жылдан өйдө колдонулган машинелерди сатып алууга басым жасап, баа көтөрүлүп келатканын айтышат. Бул жакын арада биздин базарда да сезилет. Тактап айтканда, бизде сентябрь, октябрь айларында автомобилге болгон баа бир аз өсөт. Бирок бул сезондуу көрүнүш.
Капчыкка жараша марка
"Риом авто" унаа базарында бүгүнкү күндө кадимки "Жигули" автомашинасынын шалдырап калганынан баштап, заводдун майы кургай электерине чейин бар. Эскилери 1000 доллардан башталып, жаңысы 6000 долларга чейин барат. Чет элдик машинелердин мурда колдонулгандарын 3000 доллардан 7000 долларга чейин, ал эми жаңыларын 6500 доллардан 60000 долларга чейин алсаңыз болот. Аталган базардан "ЗАЗдан" баштап, дүйнө жүзүндөгү эң мыкты автоунааларды табасыз. Бусиктер да каз-катар тизилип, ээсин күтүп турат. Жүк ташуучу транспорттор ирети менен тизилип коюлган. Айыл чарба техникаларынын түрлөрүн табасыз. Трактордун эскиси 11000 доллар экен. Насыяга берүү, алмашуу сыяктуу ар кандай жолдор менен машине алса же сатса болот. Оң рулдуу автоунаалардын да түрлөрү тизилет. Эске салсак, мындай транспорттун жолдо жүрүүсүнө тыюу салынып, аз убакытка чейин мораторий жарыяланганы белгилүү. Автоунаа тейлөөчүлөр бул тоскоолдуктун да жолун табышыптыр. Сатуучулардын айтканына караганда, азыр Кыргызстанда оң рулдуу автоунаалардын рулун солго которуп коюучу фирмалар да иштей баштаптыр. Баасы 1000 доллардын тегерегинде болот дешти.
Биз кантип "байыдык" же тамырсыз "күркүлдөр"
Кийинки кезде көчөгө батпай кеткен машинелер тууралуу көп айтылып жүрөт. Негизинен эле адамдын алгачкы муктаждыктары курсагы менен кийим-кечеси экендигин билебиз. Ушул эки маселени чечкен ар бир пенде үй-жай салууну, машине алууну ойлоно баштайт. Чындап эле кийинчерек борбор шаарыбыздын көчөлөрүндө автоунаанын түрлөрү батпай, автотыгын чоң көйгөйгө айланып баратат. 2008-жылы эле Кыргызстанга бажы постунан 100 миң ар түрдүү чет элдик машине кирген. Кайсы бир уюмдун акыркы кездеги изилдөөсү боюнча, биз КМШ өлкөлөрүнүн арасында автоунааларды киши башына бөлүштүрө келгенде эң биринчи орунга чыгыппыз. Килейген Вашингтондо мындан беш-он жыл мурунку маалымат боюнча, болгону 50 даана акыркы үлгүдөгү "Мерседес" болгон экен. Ал эми ошол беш-он жыл мурун эле алакандай болгон Бишкектин бир районунда канча "Мерс" бар болгонун, азыр ал канчага көбөйгөнүн өзүңүз чоттоп коюңуз. Бул эмнени түшүндүрөт? Бай экендигибиздиби? Анда эмне үчүн кээ бир үй-бүлө нанга зар болуп, тыйын санап отурат? Ал эми калктын күтүрөп жаткан катмарына ал байлык кайдан, кантип келген?
Сереп сала кетели, эгемендикке эшик ачкан 1990-95-жылдардан баштап өлкөбүздө сырткы жана ички миграция күчөгөнүн билебиз. Кыргызстандын атуулдары Бишкекке, андан ары Россия, Казакстан, атургай дүйнөнүн төрт бурчуна кетишти. Алгачкы жылдары соода менен кетишсе, 2000-жылдан баштап Казакстандын, Россиянын экономикасы көтөрүлүп, жумуш орун бардык тармакта, курулуштарда, завод-фабрикаларда керек болуп, адистигине жараша кыргызстандыктар сырттан жумуш издей башташкан. Ушунун негизинде аз жылдар аралыгында Россияда Сахалинден баштап Калининградга чейин кыргыз коомчулуктары түзүлүп, алар улам өзүнүн инилерин, ага-тууганын, тааныштарын, классташтарын чакырып, калктын кайсы бир бөлүгү жегенге аш, кийерге кийим тапты. 2002-жылдан баштап алар оокат-ашынан артканын айылдагы ата-энелерине жөнөтүп, Кыргызстанга көп акча келе баштады. Мисалы, 2008-жылы Кыргызстанга расмий жана чөнтөктө болуп, эки миллиарддан ашык АКШ доллары келген. Ушул учурга бүгүнкү заманбап технологиялар мобилдик телефондордун, DVD, видео магнитофондордун, Батыштагы эски машинелердин арзандашы туш келип, Кыргызстанга агып келе баштаган акча ушуларды сатып алууга жумшалды. Союз кыйраган учурда урук-тууганы менен жумушсуз калып, айласы куруган адамдарга ушу учурда кеңири аалам ачылды. Тапкан акчасына акыркы үлгүдөгү технологиялык буюмдарды, Батыштын модель үйлөрүнөн тигилген кийимдердин түрүн сатып ала башташты. Той берди, үй салды, машинелер көчөгө батпай кетти.
Жылкыңа ченеп ышкыр, Кыргызбай
Экономикалык өңүттөн алып караганда, чет жерден тапкан акчаны жогорудагыдай пайдалануу түпкүлүгүндө Кыргызстан үчүн да, аны тапкан адамдар үчүн да утуш эмес. Себеби чет жерден келген акчанын 90 пайызы так ошол чет элдин эски машинелерин, буюм-тайымдарын сатып алууга жумшалып, өлкөдөн сыртка чыгып кетүүдө. Менимче, өкмөттүн эски машинелерге болгон бажы төлөмүн кымбаттаткан токтому биртоп кечигип чыкты. Ал мамлекеттик казынага сыртка чыгып кетип жаткан ошол акчадан тырнактай болсо да арттырып калуунун амалы экени түшүнүктүү.
Майга жетпеген мышыктай болбойлу, ар бирибиз үчүн эле үй-жай, автоунаа керек. Бирок келечекке көз чаптырсак, стабилдүү кирешеси жок үй-бүлө үчүн акыркы үлгүдөгү машине минип, хансарайда жашоо убактылуу гана жыргалчылык болуп калышы толук мүмкүн. Бар акчасын өндүрүшкө жумшап, өзү айда алтын, күндө күмүш берип жаткан завод-фабриканын ээси болуп, чет өлкөдөгүдөй аны иштетүүнү небере-чөбөрөсүнө мураска таштоого эмнеге болбосун. Андан кийин автоунаанын түрү келет эмеспи. Анүстүнө ыксыз ысырапкорчулуктун, бар экен деп эле байпакты манат кылуунун кереги не? Азыр көчөдө жүргөн автоунаалардын көпчүлүгү бир нече млн. сом турат. Анысы аз келгенсип, жүз чакырымга 15-40 литр бензин сарптаган машинелер бар. Башкача айтканда, бир күркүл бир нече карапайым үй-бүлөнүн ырыскысын күйүүчү майына эле жумшап коет. Экономикасы дүркүрөп өнүгүп жаткан Япония, Кытай ар бир нерсени үнөмдөп, карапайым адамдарынан баштап чиновниктерине чейин велосипед менен жумушка барарын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ушундай жагдайлардан алып караганда, Кыргызстан жылкысына ченеп ышкырганы оң.
Зайырбек АЖЫМАТОВ