Кыргыз гезиттер архиви

  Сүйөт-сүйбөйт, тиет-тийбейт азабы

Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
"Парламент тарайт, чиновниктер кыскарат"

Өткөн президенттик шайлоо боюнча көптөгөн пикирлер айтылды. Оппозициянын шайлоодо кетирген кемчилиги, шайланган президенттин мындан аркы кадамы, өлкөнүн ички жана тышкы саясаты боюнча саясат таануучу Марс САРИЕВдин пикири төмөнкүдөй.
- Президенттик шайлоодо К.Бакиевден башка талапкерлердин мүмкүнчүлүгү чектелүү болчу деген пикирге кандай карайсыз? Деги эле оппозиция биргелешип аракеттенгенде мындан башкача жыйынтык болушу мүмкүн беле?
- Шайлоодо оппозиция мүмкүнчүлүгү чектелүү же такыр эле жок экенин өзү деле билип турган. Анткени 2006-2007-жылдардагы өткөрүлгөн митингдерде булардын шагы сынып калган. Атамбаевдин талапкер болгону эле оппозициянын утулушунун белгиси болчу. Мен муну мурда да айткам. Бирок акча Атамбаевде болуп, талапкерлигин коюп калды. Эми жаманбы-жакшыбы, оппозиция сөзсүз болушу керек. Ансыз бийлик чирип кетиши мүмкүн. Бул жерде Темир Сариевдин позициясы да түшүнүксүз болуп калды. Аны Акүйгө ойногон фигура деп айтсак болот. Мен Назаралиевге да "эгер талапкерлигиңизди койсоңуз Бакиевдин эмес, Атамбаевдин электоратын аласыз" дегем. Үмөталиева менен Мотуев деле Акүйдүн фигуралары болчу. Мунун баарын политехнологдор даярдаган. Ошентсе да, оппозиция абдан бирдиктүү болуп, бир кишиге токтолуп ат салышканда, азыркыдан биртоп жогорку ийгиликтерге жетишмек. Элдин көпчүлүгү өлкөдөгү туруктуулукту каалайт. Бул каалоо да К.Бакиевдин пайдасына чечилди. Негизинен оппозицияда элдин жоон тобун ээрчитип кете ала турган харизмалдуу лидер болбоду. Анан да бизде кыргыздын трагедиясы болгон түндүк-түштүк маселеси бар. Каалайбызбы-каалабайбызбы, бул чындык. Ар бир эл өз кулунун шайлагысы келет.
- Эми кайрадан шайланган президенттин кадамы кандай болот деп ойлойсуз?
- Азыр президент негизги курсту элге угузду. Эс алууга кетип жатып баарын тазалайм, кыскартам дегенине караганда, эми өтө ишбилги, натыйжа бере турган кадрларды тандайт. Буга Нариман Түлеев менен Мелис Эшимканов күбө. Бул үчүн оппозициянын ичинен да ишбилги кишилер тандалышы мүмкүн. Ал эми эптеп эле жумушка келип жан бакма кызматкерлерден арылат деп ойлойм. Жогоруда айткандай, баарына Нариман Түлеевди мисалга келтирет. Демек, Бишкектегидей өзгөрүү бардык аймакта жүргүзүлүүгө тийиш. Болбосо, Нариман Түлеев өзүнүн түз эле милдетин аткарып жатат. Болгону ал гүл отургузуп, таштанды тазалады, ремонт жүргүздү. Мындай иштер А.Акаев мезгилинде жасалбагандыктан, эл муну өзгөрүү иретинде кабыл алып жатат. Демек, президент эң ириде бардык жооптуу кызматтарга ишбилги жетекчилерди тандайт.
Менимче, президенттин алгачкы кадамдарынын бири логикага ылайык, парламентти таркатат. Өкмөттүн форматы да өзгөрүшү мүмкүн. Эгер ушундай болсо, кызматка келүүнү каалаган, депутат болууну эңсеген элита топтор пайда болот. А.Акаев мезгилинде деле ушундай болчу. Келерки парламентте азыркыдай үч партия эмес, мындан көп болот. Атургай "Атамекендин" да өкүлдөрү кириши мүмкүн. Ошондой болсо да, башкы чечим бийликтин колунда кала берет. Бул схема Россияга окшош. Оппозиция бар, көп партиялуу парламент түзүлгөн, бирок бардык чечим Медведевдин колунда.
- Деги эле парламентти таратуунун кандай зарылдыгы бар?
- Парламентти таратуу президентке жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биринчиден, оппозицияны жиликтейт. Принцибинде жиликтеп да койду. Буга Т.Сариев менен Ж.Назаралиев күбө. Мындан башка коомдук уюмдарды тартышат. Бир сөз менен айтканда, саясаттагы искусство башталат. Муну башкарууга ийкемдүү демократия деп айтууга болот. Мунун үлгүсү жана мен жогоруда айткандай, Россия менен Казакстанда бар. Бирок бул өлкөлөрдө эбегейсиз ресурстар бар. Бизде жок. Демек, президент элдин жашоосун көтөрүш керек. Ал эми акчаны бир гана Батыш бере алат. Бул үчүн биз демократиянын жол-жобосун тутунушубуз зарыл. Ошондо гана бизге Батыштан инвестиция келет. Албетте, оппозициядан баарын эле кызматка тартпайт. Текебаев, Бекназаров сыяктууларды жолотпошу мүмкүн. Айрыкча жаштарга, иш билгилерине басым жасайт. Буга К.Карабеков, Ө.Бабанов, М.Эшимканов күбө. Азыр президент бийликке келди, эми ага эч кандай коркунуч жок. Ошондуктан ажо тизгинди бошотуп, демократияга көбүрөөк ыктайт.
- Ошондой болсо да оппозиция өкүлдөрү ири нааразылык акцияларын уюштуруу жөнүндө сөз кылышууда.
- Бул өтө эле арсар. Эл бийликке качан каршы чыгат? Жашоо төмөндөп, баалар кескин жогоруласа же жарык өчүп энергетикалык кризиске кептелсек, ошондо оппозициянын сөзүн угушу мүмкүн. Мындай жагдайлар пайда болбосо, кандай аракет болбосун майнап чыкпайт.
- Кадрдык өзгөрүүлөр кайсы максатта жүргүзүлүшү мүмкүн?
- Азыр кыргыз бийлигинин колунда акча жок. Россиянын өзүндө да кризиске байланыштуу акча тартыш. Убада кылган 2 млрд. долларды бериши да күмөн. Ошондуктан мамлекеттик кызматкерлерди минимумга чейин кыскартат деп ойлойм. Бул элге аябай жагат. Кыскартуу өкмөттө, президенттик аппаратта, парламентте, борбордук органда, кыскасы, казнанын акчасы сарпталган бардык тармакта жүргүзүлөт. Бул элдин турмушунун жакшырышына өбөлгө болот. Бакиевдин экинчи мөөнөттөгү алгачкы кадамы ушулар деп ойлойм.
Келдибек НАЗИРОВ