Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

31-июлдагы "Пейджердин" жеңүүчүсү
Мамбетов Алмаз менен маек
- Ак-Сай, Арпа маселеси боюнча Ат-Башы элинин маанайы кандай?
- Элдин маанайы өтө курч. Эгер Ак-Сай, Арпа жайлоолору Кытайга берилгени чын болсо, кары-жашы дебей танк алдында калабыз деп турушат.
- Мүмкүн жөн эле ушактыр…
- Оозуңа май, ошондой эле болсун. Чегараны бери жылдырбай, колдон келсе 50 см болсо да нары жылдырыш керек. Тескерисинче, Кытайдан жер сураш керек. Жылуурак жериң барбы, солдаттарым үшүп атат деп.

Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

П-934. Илгери союз учурунда "бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн" иштешер эле. Азыр бардыгы бирөө үчүн иштеп, өздөрүн, өз мекенин ойлогон бир жан жок. Баары бирөө үчүн эле иштеп калгандай. Кишимжан.
П-935. Азыркы сатылып жаткан кумшекердин курамында кум бар окшойт. Себеби, канча аралаштырба, эрибейт. Же мен чай демдей албаган начар келинмин… Начар келин.
П-936. Көптөн күткөн шайлоо да бүттү. УТРКны карасаң мактап-жактап, "ушунчалык жакшы өттү" дешет. "Бакиев жеңди" дейт. Кимди жеңди? Кайсы душманды жеңди? Жок дегенде утту же алдыга чыкты дешпейби? Анара айым.
П-937. Таластын Маймак айылынын жашоочулары таежем Бурулканга, бөлөм Нурайга салам жолдойм. Бишкектен Ули.
П-938. Жаштар, маршрутка, автобустарда орундукка отурганда башыңарды нары буруп, сыртты карап отургула. Эгерде салондун ичине карасаңар, маңдайыңарда турган улууларга орун берүүгө туура келет. Караш Насер.
П-939. №78 орто мектептин 7-б классынын окуучуларына чоң салам! Өзгөчө Ошто жүргөн Азизага, Каракөлдө жүргөн Таңайымга. Баяттан Уулкан.
П-940. Мен өткөндө жаздым эле, 75 пайызга өткөрүшөт деп. Бир пайызга аз айтып коюптурмун. Мен БШКга да, Бакиевге да ишенбейм. Бардык жерде шайлоо башаламандык менен өттү. Көргөн-билгендер айтып атат, бүлүтөндөрдү пачкелеп бир эле киши эки-үч шайлоо участогуна барып салганын. Ушу кантип анан таза шайлоо болсун? Анара айым.
П-941. Ала-Тоодо жашаган сүйүктүү сиңдим Айданага чоң салам. Окууларына ийгилик каалап, апчең Ули.
П-942. Мен суктанган УТРКчы байке, бир кезде берген убадаңыз алигиче аткарылбаганы ай эмес, жылдарга созулуп кетти го? Же сиздин да өрдөгүңүз мезгил-мезгили менен канаты жок учуп турабы? Саруулук карындашыңыз.
П-943. Кошой тирүү кезинде Манас атабыз "бир кадам жеримди душманга берсем, төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көк урсун, ак келтенин огу урсун" деп ант берип, антын аткарган экен. Жакында ажобуз Кошой Коргонго келип, Кошойдун арбагына сыйынып барып ант берди. Эл аябай ыраазы болуп калды. Алмаз.
П-944. Биздин чиновниктердин семиздиги, кудай бетин салбасын. Саммитке келген ажолор биздин ажобузга ыраазы болду болуш керек. Кризис убагында министрлерин жакшы багып аткан экен деп. Самат.
П-945. Нурдин Ибраимов, атаңыз Ибраим уулу Жумабектин кадырына жеткениңизге миң мертебе ыракмат! Караш Насер.
П-946. Атамбаев марага жетип качып кетерин билгенибизде, добушубузду Мотуевге берип өлбөйт белек. Ай караган текедей болуп отуруп бербедикпи. Эмкиде добушубузду бир Кудайдын өзүнө эле бербесек, башка арга калган жок. Мамбетов А.
П-947. "Кыргызстройсервистин" башкы бухгалтери Гүлмира эжени, Кымбатты, Босунду, Асанды 7-август кесиптик майрамы менен куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Нургүл.
П-948. Бишкектин көчөлөрүндөгү маршруткаларга түшсөң, жалаң жаштар төрүнө өтүп отуруп алышкан, брондоп алышкансып. Эптеп өтүп жанына барсаң, ооздорун ачып уктап калышкан же "билгениңди кылып ал" дешкенсип терезени тиктеп телмиришет. Пенсионер.
П-949. Бишкектин мэри Нариман мырза, жаңы конуштарга да көңүл бөлүп койсоңуз. Таштанды ташуучу унаалары бир жумада келсе, эки жума жоголот. Ушул ысыкта чогулуп калган жашылча-жемиш калдыктарын элестетиңиз. Эсен.
П-950. Ажобуз Курманбек Салиевичтин инаугурациясы ушунчалык жакшы деңгээлде өттү. Бирок, чачылып-төгүлгөн жок. Кыргызбай.
П-951. Нариман Түлеевге! "Жакшынын салган төшөгү - орто жери ой болот, эки чети дөң болот. Жамандын төшөк салганы - орто жери дөң болот, эки чети ой болот". Ошонун сыңарындай, борборубуздун чок ортосундагы көчөлөрүндө светтер жаркырайт, ал эми чет жагына чыксаң айылдан айырмасы жок. Караңгыдан эч нерсе көрүнбөйт. Дари.
П-952. Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын тургуну Сөлпиев Бердибекке, жеңебиз Кымбатка, балдары Жаңыл, Самат, Кайратка салам жолдойбуз. Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз. Карындаштарыңыз.
П-953. Назгүл Насиева, сиз абдан таланттуусуз. Чырайлуу, намыскөй, акылдуу жана эрктүүсүз. Мага абдан жагасыз. Кыргызда сиздей инсандар көп болсун. Бар болуңуз! Меку.
П-954. Кызыбыз Мубараны жогорку окуу жайын ийгиликтүү аякташы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Мубара, беш жыл мээнеттенип окудуң, эми үзүрүн көрүп, элиңе кызматыңды кыл. Ата-энең.
П-955. "Атын атаса куту сүйүнөт" дейт. Кыргыздар ырымчыл келет эмеспи. Жакшы адамдардын аттарын ошондой адам болсун деп балдарына коюшкан. Биздин президент эки жолу шайланса да, элибиз негедир балдарына Курманбек деген ысым коелек. Ага караганда казак ажосунун атын кыргыздар көп коюшту. Дари.
Жеңүүчүсү - Самат (П-944), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган Гүлжан ИЛИЯЗОВА




  Шибеге

? Саламаттык сактоо министрлиги эскертет: арзан тамеки чегүү ден соолукка зыян.

? Эй, чиновник, "жасаш керектен" "жасадымга" качан өтөсүң?

? Темирибиз жок калганы аз келгенсип, токоюбузду кемирип кирдик.

? Этеги жок, жеңи жок чапан чыгар, эли-журтун тоготпос тапан чыгар.

? Атажурт кыйын күнгө кабылганда, кубанба бекер оокат табылганга. (24-марттан кийинки лозунг)

? Айдаганың "Ауди", ышкырыгың таш жарат, жолдо турган кыргыз кыз "керекпи?" деп каш кагат.

? Акчанын аркасынан жүрүп, Алматынын аскасында калдым. (Азыркы Кожожаш)

? Колумду майласаң койчо, тартууңду алып келсең тайча, бергениң бештен ашса бээче союп дарылайм. (Эгемен өлкөнүн эркин доктуру)

? Азыр өлкөдө айлык жегенден башканы билбеген аким, акчалууну мактаган акын көп.

? Бакыт акчада эмес, анын көптүгүндө.

? Азыркы заманда атасы акчалуу, энеси эптүү, кызы кырк амалдуу, уулунун укуругу узун үй-бүлө гана бай жашайт.

? Турмушум таттуу болсун десең, жашоонун ачуусун да акчага айлант.

? Ашым жок деп кашыгыңды катпа, жардымын деп абийириңди сатпа.

? Бир жумада жети жекшемби болсо да кыргызга аз.

? Баарынан күлүк эмне? Ушак. Бат бузулчу "товар" эмне? Ушак.

? Кыргыз көпсө орусча сүйлөйт, а орус көпсө орусча эле сүйлөйт.

? Алган жарың акылдуу болсо сөзүң бийик, ажаан болсо түбөлүк күйүт.

? Отун албаганга отун жактырба, иштебегенге акча тапшырба.

? Улуулар менен сулуулар кадырын түшүрүп алышты. Бири абийирин сатса, бири денесин сатты.

? Айлыгымды сүйгөнүмдөн артык күтчү болдум.

? Мээнетиң алып кетейин, мен "Мерс" минген кезде кайда элең? (Банкрот болгон байдын арманы)

? Эримдин тамеки, арагын таштаттым, эми тамагын таштатсам байыйбыз.

? Май айы махабатым, кар менен ылайга баттым. (Ат-башылыктардын ыры)

? Партиядагылардын баары патриот болсо кана, атаганат!

? Убададан жасалган упчу ар бир жетекчиде бар.

? Мекеним бийик жай белең, жете албай болдум кайберен. (Гастарбайтер)

? Балык башынан сасыйт, саясатчы жашынан сасыйт.

? Адамга караганда айбандар ынтымактуу. Ит, мышык бир үйдө тытышпай эле жашай алат.

? Базарда баары кымбат, бир гана абийир арзан.

? Адам байыган сайын өзүн да, көзүн да май баса баштайт.

? Кыргыздар Бишкекте беш сотых жер алалбай ыйлап жүрүшсө, элбагарлар чет элдиктерге беш гектар жер берип сыйлап жүрүшөт.

? Өлкөбүз алма сыяктуу. Сырты жалтыраган менен ичи чирип бараткандай.

? Бир карын майды бир кумалак чиритет, бир өлкөнү бир сугалак чиритет.

? Айылда малдуу болсоң танкасың, малсыз болсоң маңкасың.

? Курсагы курулдаган студенттин ою сабакта эмес, тамакта.

Мелис СОВЕТ уулу