Кыргыз гезиттер архиви

  Суу башында туруп зарбыз

Шаар көркү борбор менен чечилбейт
Борборубуз Бишкектин орто жери гүлдөп, дуулдап турганы менен четирээк жактары суусап, куурап турат. Анча чет жагына эмес, Ахунбаев көчөсү менен Токтоналиев (мурдагы Дүйшөмбү) көчөсүнүн кесилишинин түндүк тарабына эле көз салып көргүлөчү. Кара жыгач, долоно, эмен, арча, ал түгүл башка чет өлкөлөрдөн алынып келип отургузулган жазы жалбырактуу, июнь, июль айларында кебездей аппак болуп ачылган гүлдөрү менен адамдын сезимин сергиткен дарактар какжырап куурай баштаган. Алар өз учурунда сугарылбагандыктан ушундай болууда.
Суу агуучу арыктар да суусу жок какшып турат. Кез-кездерде гана чочугансып анча-мынча агымыш болот. Мына ушундай суунун жетишпегендигинин азабынан бир кезде Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүнүн бойлорундагы жазында көз жоосун алып гүлдөгөн, күзүндө мөлтүрөгөн мөмөлөрү менен көңүл тойгузган райка сортундагы алмалар куурап жок болду. Анда-мында гана жерлерде калгандары эчкинин сакалындай сербейишет. Суу таптакыр келбегендиктен ошол эле Ахунбаев көчөсүн бойлото өскөн эмен дарактары куурап калуу коркунучунда.
Баарынан да эң эле аянычтуу көрүнүш - Токтоналиев көчөсүнүн Ататүрк саябан багына чектешкен жериндеги шыңкыйган сосналардын, ошол бактын түштүк жагындагы кайыңдардын (орустар айткандай березовая роща) куурап калгандыгы. Булар совет доорунда Россиядан алынып келип отургузулганы ортоңку муундарга маалым. Азыркы жаштар деле ийне жалбырактуу бутактарын чачыратып барпайтып өскөн сосна карагайынын биздин өлкөдө өспөй тургандыгын жакшы билет болуш керек. Ошондуктан буларды көздүн карегиндей сактап, асыроо шаардын жашылдандыруу кызматында иштегендердин милдети эмес беле.
Суунун жетишпегендигинен шаардын башка жерлеринде деле бак-дарактардын, бадал өсүмдүктөрүнүн (ит мурун, сирень ж.б.) кунары качып куурап баратканы көзгө чалдыгат. Айрыкча, Чапаев, Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Аламүдүн базарынын чыгыш, чоң Чүй каналынын түндүк тарабындагы эл сейилдеп эс ала турган ж.б. жерлердеги бак-дарактардын жашыл тилкелеринин жок болуп такырга айланып баратышы, албетте, шаардын жаратылышына, анын жашоочуларына терс таасирин тийгизип жаткандыгын ойлогондо ич ачышып, тынчсызданасың. Ал эми жаңы имараттар, жолдордун айынан кыйылып жаткан бак-дарактар канча.
Суу чын эле жетишпей жатабы, же пайдасыз эле башка жактарга агып кетип жатабы? Тиешелүү бийликтегилер, суу башында тургандар ушул маселенин чоо-жайын тездеп териштиришпесе шаарыбыз жакын аралыкта жалаң такырайган таскыл шаарга айланып калып жүрбөсүн?

Жума МАМБЕТОВ