Кыргыз гезиттер архиви

  Театр төр

Камчы САРЫБАЕВ:
"Актер мен эмес, силерсиңер"
Камчы САРЫБАЕВ - бул жигит тасмадан тааныш, бул өң театрдан көрүнөт, бул ысым үналгы обосунан жаңырат. Ал эми бул жолку театр өкүлдөрү меймандаган төрүбүздө.


Боорукер Камчы
Наристелер биринчи көргөндө менден коркушат. Бир аз өтпөй мойнума чыгып алышат. Боорукермин. Көп нерсени жүрөктөн өткөрөм, тез кабыл алам, бирок, бат унутам. Көчөдөн айрым адамдардын адамдык чектен чыккан кылыктарын көрүп таңгалам, а кээде тамырын тартып баарлашам да, күлүп-тамашалап отуруп эле адамдык нукка салып койгондон кийин жолумду жайдары улайм. Кайгырып тургандарды өз маанайыма теңдеп, көңүлүн көтөргөнүмө корстон болуп үйгө кайтам. Мейли, ал адамдарды тааныйын-тааныбайын, мага баары бир. Кыргыз өзү 5 миллион. Анан бөлүнгөндө не пайда. Кыргыздын ак калпагы, ак элечеги бар. Ар бир улутташымды биртуугандай көрөм. Эркек кишилер менен билектешип, кыз кишиге жайдары барып туруп, боорума кысып коем. Мендеги көтөрүңкү маанай аларга өтсүн деген ниетте…
Психолог Камчы
Милийсалар ар бир адамдан кылмышкер издейт эмеспи. Ал эми актер маңдайындагы адамдын көзкарашы, кыймылы, сүйлөгөн сөзү, сөзүнүн төркүнү неде, айтор, ар бир нерсесине кылдат карап, туура эмес жактарын күлкү-тамаша менен эч билдирбей туурап берет. Түшүнсө тигил адам уялып калат. Атайын психологдук билим албасам да, турмуштан көп сабак алдым. Атам 10-классымда каза болуп калды. Көп нерселерди чөйрөдөн улам тааныдым. Мектепти аяктап, дос күткөндө, достордун да түрү болорун билгенде, үйлөнгөндө, балалуу болгондо улам бүтүм чыгарып отурдум. Бирок, эч убакта мен бүт баарын үйрөндүм дебейм. Турмуштун сабактарынын түбүнө жетпейсиң. Артынан жүрө бересиң. Ар бир адам - мен үчүн бир китеп. Китепти окуш үчүн ар "обонго" салынасың.
Артист Камчы
Текеберсинип, пейил күтүп калган адамдар менен баарлашууда өзүнчө ыкма пайдаланып, кийин ошол адамдардын образын театрда жаратам. "Артист бул" деп коюшат го, артист мен эмес, адамдар. Ошол эл ичинен көргөнүмдү сахнадан сунуштайм. "Театр - адамдын күзгүсү" деген тегин жерден эмес.
Айылдык Камчы
Шаардагылардын көбү айылдан чыккан. Мен жөнөкөй эле айылдык кыргызмын. Артист кандай жер болбосун өзүн сууда сүзгөн балыктай сезиши абзел. Эл сынында, назарында жүргөн кишисиң, сен сыймыктанган, сени менен сыймыктангандар бар, сени күткөнү, сени сүйгөнү бар. Элдин алдында мындай, турмушта тигиндей жүрүш керек деп өзүмдү бир алкакка салбайм. Сахнада артист болсом, турмушта карапайым Камчымын. 5 миллиондон ашкан калктын ичинде жылдыз же укмуш деген түшүнүк болбошу зарыл. Теледен же тасмадан көргөн эл сени биртууганындай көрөт. Көчөгө чыксаң, биртууган сымал учурашат. Аларга неге мен текеберденишим керек. Жылуу учурашса жылуу, урушса урушуп жооп берем. Досторум тааныбагандар менен эле илгертен достордой учурашканыма таңгала беришет.
"Паспорт" Камчы
Досторум тамашалап калышат, "ГАИге биздин право" деп. Өзгөчө МАИчилердин социалдык ролигине тартылганымдан кийин. Бирок, тааныштыктан антип пайдаланбайм. Эреже бузсам, өзүм эле катамды мойнума алам. Дегеле "сен маичисиң, сен министрсиң, сен карапайым" дебейм. Мага баары эле бирдей кыргыз. Сураштырсаң эртең эле карын-бөлө чыга келесиң. Бат тил табышам. Ким болбосун баарлашып кете алам.
Асанкайгы Камчы
Кийинки кезекте дарыгерлердин адамдарды товар катары көрүшкөнү кейитет. Гиппократка ант берген врачтар! Азыр адамды өлүмдөн арачалап аман алып калуу эмес, андан канча акча төлөтүп алуу биринчи орунга чыгып калгандай көрүнүш бар. Турмушта да акчаң болсо адамсың, акчаң болбосо адам эмессиң деген түшүнүктү кабылдай албайм. Акчага карап мамиле кылгандарга көп кабылгам. Ишиң жүрүшүп турса, биртуугандар көбөйө түшкөнүн жактырбайм. Бир жолу аксап калсаң, тууганчылык жайың түгүл, тааныштыгын танып кеткендер арбын. Адамдардын руханий байлыгы азайып баратканынан маңкурт болуп бараткандай абалыбыз ушул. Кантсек да Америка болалбайбыз. Батышты туурап илимдүү көрүнгүсү келген кыргыздар устукан жиликтегенди да билбейт.
Философ Камчы
"Адам чыныгы адам экенин сезе билеби"? Ал неге жаралат? Адам неге умтулат? Ушул менин философиям. Жообун дале издеп келем. Кандайдыр бир деңгээлде жообум даяр. Кыргызмын! Салтымды, наркымды унутпайм, бирок, келечекке көп ойлорум бар. Дегеле, адамзаттын багыты кайда баратат? Бул өңдүү суроолорго азыр жооп айтыш кыйын. Рухий байлыкты өнүктүрүү үчүн "Каныбек" же "Сынган кылычты" барактап, Ч.Айтматов, ошондой эле учурда аты чыгып аткан чет өлкөлүк жазуучулардын китептерин окуй калам. Кимбайкенин юморлорун кайталай окуйм. Бул киши учурда болуп өткөндү шак жаза коет экен.
Патриот Камчы
Биздин бозүйдү азыр Голливуд тасма тартууга пайдаланып калган. Бир да мык жок, мобилдүү, чакан, жеңил. Тиктиң, чечтиң, жүктөдүң, кетип каласың. Кийиз кышында жылуу, жайында мелүүн. Жыгачтар кайыш менен кармалган, майланган, сынып калбайт. Оймолоручу! Төш кагып патриотмун дебейм. Кылган ишим менен улам кийинки муундун патриот калыптанышына салым кошкум келет. Эч качан уруп-согуп жеткире албайсың, акырын күлүп же актердук чеберчилик менен жаштарды туура нукка багыттагым келет. Өз тармагында иштин көзүн көрө иштеп аткан куракташтарым арбын. Алар төш какпастан, желекти көтөрүп чыга калып: "Мен кыргызмын" дебестен, акырын эле өз ишин так, туура аткаргандар. "Кыргызстан обондорунда" унутуп келаткан же унутулуп калган салт-санаа, наркын, кийим, тамак-ашы, сөздөрүн өсүп келаткан муунга эскертүү ниетинде "Жээренчи" оюнун киргизгенбиз. Салтым, наркым, улутум менен сыймыктанам!
Заманбап Камчы
Ар бир доордун сүрө турган жаштыгы болот. Биз СССР кезин да баштан өткөрдүк, азыркы заманда да жаштык доорун сүрүп атабыз. Советтер Союзунда апаларыбыз "коммунизм келет, бизди совет өкмөтү багат" дешкен. Биздин артыкчылык - аны да көрүп, анан жаңы нуктагы замандын да эрежелерине киришүүгө умтулганыбыз. "Алтын гвардия" деп коебуз театрда. Дүйшөн Байдөбөтов, Муканбет Токтобаев агаларыбыз идея үчүн иштеп, акчанын кереги жок деген аң-сезимде келишкен.
Сынчы Камчы
Кай бир адамдар сындайм деп атып, адамдын шагын сындырып таштайт. Жакшы тараптарын көрө билгендер акырындан бир адамдан укмуштай кызык же тың адамды өстүрүп коет. Батышты туурап киндик ачып кийинген кыздарыбыз төрөгөндө кыйналып атышат. Батышты тууроо менен биз батышты багындыра албайбыз. Биздикиндей таттуу суу, таза аба таппайсың дүйнө бурчунан. Арак ичип талкалангандан көрө кымыз же бозо ичпейби кыргыз. Мындан ичкич болуп кеткендерди көрө элекмин. Кымыз тамылжытат, бирок, адамдык чектен чыгарбайт.
Сунушкер Камчы
Акыркы тасмаларга тартылып жүрөм. Кээде чакырып калышат, өзүм да кастингдерге барып турам. Театрда багы ачылбаган артисттер бар. Тиешелүү адамдардан суранат элем, сыйлык, наам дегенди таптакыр эле жоюп салышса… Эл тааныган артисттер жүрөт эч наамы жок. Чоро Думанаев, Муканбет Токтобаев деген агаларыбыз. Кыргыз театрындагы эң күчтүү актер Муканбет агай. Убагында көңүл бурбай, көзү өткөндө кейиштин кереги не? Элдик артист дегенден не пайда, жашаган жериң ага жарашпаса. Тургун Бердалиев өтүп кеткенде үйүн көрүп зээним кейиди. Чет жерден бирөөлөр келсе артисттерди чакырып калышат. Андан башка убакта аларга кол шилтемей. Ал эми элди ээрчиткен артисттер. Элге салым кошкон мугалим, артист, журналист, тарыхчылар. Жылуулук эмне экенин сездирип тургандар искусство адамдары гана болот. Аларды багып турбасаң, элге нени тартуулайт?! Эгер сыйлык берсе, анда эл тааныган, элге эмгеги өткөндөргө берсин. Чоңдор балким аларды билбейт. Дегеле, аткаминерлердин театрга келгенин көрө элекмин. Маданият министрлигинен башка эч ким театр репертуарын да билбесе керек. Театрга бардым деш аларга уят да болушу мүмкүн. Ал эми Москвада театрга билет 1-2 жума калганда жок калат. Депутат, чиновниктеринин театрга барышы престиж. А бизде казино, чет өлкөдө эс алмай укмуш деп саналат.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы