mainkaptal
Пользовательский поиск
  Добуш

Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз

Союз тараганы кыргыз эли мамлекеттүүлүк, биримдик, көзкарандысыздык, ынтымак, ыймандуулук тууралуу көп маселе көтөрүп келебиз. Бирок, канчалык илгертен келаткан улуу тарыхы бар улутпуз деп төш каканыбыз менен бизге учурда бир нерсе жетишпей турат. Ал - эл ичиндеги өз ара ишеним. Бүгүнкү күндө кыргыз кыргызга, улуу кичүүгө, кичүү улууга, атургай тууган тууганга, ата-эне балага, бала ата-энеге ишенбей калды. Эмне үчүн кыргыз кыргызга ишенбейт? Эмне үчүн ата баладан, бала атадан сактанып, шекшинет? Мунун аркасы кандай болот? Албетте, баарын заманга, алдамчылыкты ашына үйрөнгөн муунга шылтагандар жүздөп, миңдеп саналары турган иш. Бирок, буга кичүү муун эмес, улуу муун, заман эмес, адам себепкер болуп жүрбөсүн.


Журналисттик кесипке байланыштуу мамлекеттик мекеме, ишканалардын жетекчилерине, саясатчы, коомдук ишмерлерге кайрылып калсаң, алар дароо шекшине башташат. Айрымдарынын "бул кимдин тапшырмасы? Жогору жак тапшырма бердиби?" дегенин угуп бир эсе таңгалсаң, бир эсе алардын мындай жоругуна өкүнөсүң. Мындайлардын арасында өз оюн, көзкарашын ачык айта албагандар да жок эмес. Эл алдында жүзү ачык, иштеген иши таза болсо, эмне үчүн алар сөз сүйлөөдөн, маалымат берүүдөн коркушат? Демек, булар башкаларга эмес, өздөрүнө да ишенишпейт.
Азыр кыргыз соода кылса, там салдырса, дөөтү оңдотсо да Ишенбекке эмес, Иванга көбүрөөк ыктайт. Анын айткандарына ишенип, ал сураган акчаны берип ишин бүткөртөт. Иван жалган айтып, Ишенбек чын айтып жатса дагы кыргыз Ивандыкын туура көрөт. Кыргыз туура жолду көрсөтүп жатса дагы ал жолго кыргыз барбай коет, же кылчактап, ишенбей атып араң барат. Кыргыздын кыргызга ишенбей, башкаларга ишенүүсү улуттун уңгусуна доо кетүү эмей эмне? Улуттун, кыргыз элинин турмушунун оңолбогону, ынтымактын жоктугу да так ушул ишенимдин күм-жам болгондугунан.
Кээде бейтааныш кыргыз менен таанышып калып, анын толук аты-жөнүн, туулган жылын, кызматын сурап калсаң айрымдары атылып кетчүдөй айтуудан баш тартат. Кээсинин айткандарынын жарымы чын, жарымы жалган. Айрымдарынын өзү тууралуу айткандары жүз пайыз "жомок". Бул эмнеликтен? Албетте, адамдардагы ишенимдин жоктугунан. Азыркы жаштар айтмакчы, бул "страховка". Кыргызстан демократиялуу, тынч өлкө болсо, кыргыздар мынчалык эмнеден сактанышып, эмнеден коркушат? Же азыркы заманда ушундай "страховка" сөзсүз керекпи? Демек, жогоруда айткандай, сактанган, эч кимге ишенбеген адамдын өзүнүн арты таза эмес. Кыргыздар бири-бирине ишенбесе, демек, кыргыз коому таза эмес.
Келечек жаштардын колунда дейбиз. Келечектен көптү үмүттөндүргөн кыргыз студенттерден коомдогу өзгөрүүлөр, саясый, маданий окуялар, атургай өзүнүн окуусу, максаты тууралуу сурасаң эки сөздүн башын бириктире албайт. Бириктирген күнү да айткандары ишенимдүү, бекем эмес. Алардын эртеңкиге эле эмес, бүгүнкүгө, замандаштарына ишеними жок. Ошол эле ЖОЖдордо окуган башка улуттун өкүлдөрүнө кайрылсак, алар коркпой-үркпөй, аты-жөнүн бурмалабай, оюн, алдыга койгон максатын так, ачык айтып бере алышат. Аларда бири-бирине болгон ишеним бар. Биздин жаштарда "ким дагы эмне деп коет" деген бүшүркөө, тарткынчыктоо бар. Кыргыз жаштары азыр бири-бири менен, улуулар менен пикирлешүүдөн коркушат, аларга көп ишене беришпейт. Демек, келечегибиз болгон жаштарда ишеним болбосо, өлкө кимге таянат?
Эми бийлик менен элдин ортосундагы ишенимге токтололу. Азыр бийлик канчалык аракет кылып, эл үчүн жасагандарын тизмектеп берсе дагы коом ага көп ишенбей турат. Жакындагы эле Ат-Башыдагы жер маселесин алалы. Ат-башылыктарга адегенде 1-вице-премьер, кийин президент өзү жер берилбесин канчалык канкакшабасын, элде дагы деле ишенбөөчүлүк калды. Президенттик шайлоодо калк талапкерлердин баарына эле ишенип ийген жок. Албетте, добуштун басымдуу бөлүгүн алган президент экинчи мөөнөткө шайланды. Бирок, анын алган добушунун мындай жогору болуп кетишине да эл ишенген жок. Кыскасы, эл менен бийликтин ортосунда ишеним аз. Муну ийне-жибине чейин териштирип деле кереги жок. Буга айыл жашоочуларынын айыл өкмөт башчыларына ишенбей калгандыгын мисал кылуу жетиштүү. Минтип отурсак өнүгө алабызбы?
Эмнеге минтип өзүбүзгө өзүбүз ишенбей калдык? Ишенимдин жоктугу мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө чоң кедерги болуп жатканын аңдабай жаткан жокпузбу? Ушуга баш катырып көрөлүчү, кыргыз боорум.
Мелис СОВЕТ уулу




  Жерибиздин кадырына жетебизби?

Ысык-Көлдү билесиң, Туз-Көл жөнүндө уктуң беле?

Кыргыз бермети Ысык-Көлдүн өзүнөн башка да анын айлана-тегерегинде адам баласынын ден соолугуна жагымдуу таасирин тийгизе турган касиеттери бар жерлер көп. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Көлгө эки миңге жакын ар түрдүү булактар, ысык суулар агып кирип турат экен. Ошолор өзгөчө касиет тартуулап, көл өзүн-өзү тазалап, кышында да тоңбойт.
Ал эми көл айланасындагы жерлерден чыгып жаткан булактар да көңүл бурууга арзыйт. Ак-Суу районундагы ысык булак - Арашан, Түптөгү Жыргалаң, Жети-Өгүз курортунан баштап кайнар булактар ар кандай илдет, дарттарга дабалыгы менен көптөн бери эле адамдын саламаттыгына кызмат кылып келүүдө. Тоңдун Бар-Булагында чыгып жаткан родондук ысык суу (+50, +55 градус) жөнүндө көптөн бери айтылып, жазылып келатса да, эч кандай өзгөрүү жок. Бул ысык суунун сөөк, муун ооруларына миңдин бириндей дарылык касиеттери далилденген менен "колдо бар алтындын баркы жок" болуп, жеткиликтүү маани берилбей келет. Эмдигиче саламаттыкты чыңдоочу жайлардын бирине айланууга тийиш эле. Көлдөн алыс эмес, болгону 250-300 метр аралыкта.
Ушул ысык суу чыгып жаткан жерден анча алыс эмес чыгыш тарабында жайгашкан Туз-Көл 7-8 жылдан бери белгилүү боло баштады. Ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Бишкек-Каракол автожолунун Кызыл-Туу айылынан 12 чакырым аралыкта, көлдөн 150-200 метр бийигирээк тектирчеде турат. Көлөмү өтө эле чакан, узун-туурасы 2-3 чакырымдай эле. Бул көлдүн азыр белгилүү боло баштаганы жанга жагымдуу, дартка дабаа касиеттери бар экенинен.
Туз-Көл орун алган жер токой-черлүү, жашыл ыраңдуу болбогону менен жаратылыштан өзгөчөлөнгөн, башкаларга окшобогон ажайып жер. Караган, алтыгана, чычырканак, жылгын, коен томук, чекенде, күйрөк, жерге килемдей төшөлүп өскөн жапалак арчалардын арасынан булт этип коен качат. Айдөш, тоо боорлорунда чил, кекилик учат. Жайкысын күнгө кактанып жылан кумда уктайт. Кескелдириктер таштын башына чыгып эки жакты элеңдеп карап турат. Жээкке шарп-шарп этип көбүгүн чачыратып жаба берген көлдүн толкундарынын үстүндө ак чардактар ойкуп-кайкыйт. Түнкүсүн түлкү жортот. Ар бир жерге табият өзүнө ылайык жан-жаныбарларын бериптир. Так ушундай башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү менен бул жер кайталангыс да, сулуу да.
Туз-Көлдүн дарылык касиеттери дүйнөлүк мааниге ээ. Өлүк (Мертвое море) деңизиникинен ашык болбосо, кем эмес деген маалыматтар көкүрөгүмдү кубанычка мелт-калт кылды. Бирок, Туз-Көлдүн адамдын ден соолугу үчүн кайталангыс касиеттерин, өзгөчөлүктөрүн окумуштуулар далилдеп, басма сөз беттерине жарыялап, радиотеледен айтып жатышса да, республиканын Саламаттык сактоо министрлиги, ишкерлер көңүлкоштой. Заңкайган супермаркеттерди, базарларды куруп жаткан байлардын, бизнесмендердин арасында элим-жерим деп, адамдардын ден соолугу, келечектин дени таза атуулдары үчүн кам көрө тургандар жокпу? Элибиздин Ташкул Керексизов деген мекенчил уулу Ысык-Көлдүн түндүк, түштүк жээгине "Рух Ордо", "Аалам Ордо" аттуу салт-санаабызды сактап улантып, руханий байлыгыбызды арттыра турган жайларды курду. Алар кыргыздын гана эмес, эларалык да маданий очокторго айланууда. Дал ошол сыяктуу кальцийдин, натрийдин, магнийдин, күкүрттүн, акиташтын ж.б. аралашмасы бар Туз-Көлдү да саламаттыкты сактоонун, ден соолукту чыңдоонун бир очогуна айлантуу өзүбүздүн эле атуулдардын колунан келе турган иш. Болгону демилге көтөрүп, мекенчилик намысты ойготуу керек болуп турат.
Дагы бир өзгөчөлүк - бул жерде Ысык-Көлдүн суусу таза, жээктеги куму да майда. Туз-Көлгө дарылануучулар да, көлгө эс алуучулар да келип, алар менен кошо жаратылыштын жогорудагыдай сейрек көрүнүштөрүнө кызыккан туристтерди да тартууга эң сонун шарттар бар. Ушундай мыкты жердин касиетине суктанганың менен, бул жерде ар кандай шарттын, жадагалса даараткананын жоктугуна, Россия, Казакстан, Өзбекстандан келип жан айласы үчүн эптеп дарыланып аткандарды көрүп зээниң кейийт. Бизден башка өлкөдө мындай жерди алаканга салып, төбөсүнө көтөрүп алышмак. Деги жерибиздин кадырына жетебизби же башкалардын пайдалануусуна берип жүрө беребизби?

Жума МАМБЕТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет