presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Илимди эмес, адегенде билимди айт

Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
Эмил КАНИМЕТОВ, философия илиминин кандидаты, көзкарандысыз серепчи-аналитик, И.Арабаев университетинин илимий-уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, жогорку окуу жайлардагы билимди өркүндөтүү борборунун жетекчиси. Биз ага бүгүн сөз болуп жаткан билим берүү системасын реформалоо боюнча кайрылып, пикирин уктук.


- Эмил Жангорозович, билим берүү жана тарбиялоо иштери боюнча мамлекеттик саясатта өзгөрүүлөр барбы? Канткенде билим берүүнүн жана тарбиялоонун сапаты өсөт?
- Билим берүү системасындагы сапат маселеси биринчи иретте мугалимдерге жана алардын деңгээлине байланыштуу экендиги белгилүү нерсе. Азыркы шарттын тили менен жөнөкөйлөтүп айтканда, мугалимдердин алган акчасы канча болсо, билим берүүнүн абалы ошончолук. Тилекке каршы, мамлекет жана анын мыйзам чыгаруу органдары, ачык айтканда, бул маселени туура жолго салуудан алыс. Ошону менен катар билим берүүнү кризистен чыгаруунун чыныгы жолун иликтеп түшүнүүдө азыркы мамлекеттик мекемелерде отургандардын чамасы чектелүү. Элге талапка ылайык билим берүү маселесин чечүү билим берүү тармагы менен гана байланыштуу эмес. Билим берүү - коомдун бир бөлүгү, мамлекеттин орчундуу бир институту, жалпы элдин тагдыры байланышкан мекеме. Аны өнүгүү жолуна салуу үчүн бүтүндөй мамлекеттик органдардын, коомдун түзүлүшүн жана ал-абалын ийне-жибине чейин билүү керек. Азыр мурдагы советтик доордон калган ресурстардын аягына чыгып калган учурда билим берүүнү жаңылантуу, мектептерди замандын талаптарына жооп бере ала тургандай кылып куруу, калыптандыруу элдин келечегине түз тиешеси бар маселеге айланууда.
Жакынкы арада жарыяланган КР президентинин "Жаңылануу Багытында" ушул маселеге байланыштуу көңүл бурарлык айтылган. Бул документтеги "ЖОЖдорго изилдөө жана долбоорлоо борборлорунун иш милдетин кайтаруу", "азыркы заманга жараша сабаттуулук тууралуу жаңы түшүнүктү түзүп, аны баштапкы жана орто билим берүү системасына жайылтуу", "окуу жайларды эмес, окуу процессине катышкандарды каржылоо жолу менен билим берүүдө атаандаштык мамилени калыптандыруу" деген сыяктуу көрсөтмөлөр, бийлик органдары үчүн коомдук институттардын колдоосу менен ишке аша турган практикалык көрсөтмө, тапшырмалар катары кабыл алынышы зарыл. Кийинки учурда өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан билим берүүгө тиешеси бар расмий документтерди анализдөө азыркы бийликтин бул тармактагы саясый түшүнүгү жаңыланууда деп айтууга негиз берет. Эгер өткөн 90-жылдарда башталган саясатта коомдун кызыкчылыгын көздөгөн жаңы типтеги экономикага өтүү аракети, саясый экономикалык системанын өзгөрүшүнө тап коюп келсе, азыркы шартта мамлекеттин өнүгүп-өсүүсү көп жагынан эл-журттун жалпы маданий жана руханий деңгээлине байланыштуу деген ой учурдагы мамлекеттик саясатка негиз болууда.
- Азыр жаш муун тарбия жагынан аксап келатканы жашыруун эмес. Анын тамыры кайда?
- Тарбия иштерине байланыштуу айта турган нерсе, элдин өсүп-өнүгүүсүнүн абдан маанилүү фактору - жаш жеткинчектерди тарбиялоо, тилекке каршы, көп убакытта коомдун көнүл чордонунан өз ордун таппай келет. "Перестройка" башталгандан кийинки билим берүү системасына болгон мамлекеттик катнаштын кескин өзгөрүшү, руханий-ыймандык багыттын маанисине баа берүүнү арткы планга коюуга алып келди. 1991-жылдарда кабыл алынган өкмөттүн токтому аркылуу Кыргыз Республикасынын мектептеринде билим берүү жана тарбия иштери ажыратылып, тарбия иш орундары жоюлган. Кийинки 15 жыл аралыгында адеп жана ыймандык жактан өнүгүү мектептерде көңүл буруусуз калгандыктан, ар кандай күч укуктук жактан сабат берүү аракети эч кандай чоң натыйжа бербей турганы ачык көрүндү. Мындай абал өлкөнүн келечеги түздөн-түз байланышкан жаш муундардын руханий маселелерге чоң маани берип, ыймандуу адам болууга умтулуусун жана жалпы эле этикалык жактан билим алуусун чектөөчү шартка кептеди. Азыркы мектептерде окуучулардын тартипти бузуусу, кылмыш иштерине баруусу адатка айланды. Мектепте окуган жеткинчектердин, балдардын өз курбалдаштарына куралдуу кол салып өмүрүн кыйган, зордук-зомбулук кылган учурлары жөнүндө айта берсе сөз арбын. Мисалы, мектеп окуучуларынын бирин- бири сабап, аны чөнтөк телефонго тартып алып көпчүлүккө жайылтуу иши кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн таасиринде турган криминалдык чөйрөлөр аркылуу жүргүзүлүүдө деген имиш бар.
- Деги эле жаш муунду тарбиялоо иштери кандай багытта жүрүшү зарыл?
- Натыйжалуу педагогикалык билим берүү окуучулардын адеп-ыймандык жактан өнүүгүсүн камсыз кылуу үчүн жаңыланган методиканы талап кылат жана андай методология төмөндө көрсөтүлгөн бир катар шарттар аркылуу камсыздануусу тийиш.
Биринчиден, азыркы замандагы окуучулардын психологиялык жана кабыл алуу өзгөчөлүктөрү эске алынып, окуу куралдары педагогикалык жана методологиялык илимдин алдыңкы жетишкендиктерин пайдалануу менен түзүлүшү керек.
Экинчиден, мугалимдин окуучулардын алдындагы этикалык жактан чоң жоопкерчилиги, өзүн алып жүрүүсү, коллективдеги мамиле жогорку деңгээлде болушун камсыз кылуусу зарыл.
Үчүнчүдөн, этикалык жактан тарбия берүүдө этнопедагогикалык маданияттын жетишкендиктери, салттык тарбия берүүнүн үлгүлөрү пайдаланышы ж.б.
Бул иштин актуалдуулугу ошону менен бирге эле 1) билим берүүдөгү гумандуу-ыймандуу инсанды тарбиялоонун принциптерине негизделген эволюциялык багыттары; 2) жалпы мектептин адептүү-ыймандуу инсанды тарбиялоодогу чоң мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылбай жаткандыгы; 3) мугалимдердин этикалык жактан билиминин сапаты жеткиликтүү болбогондугу; 4) Кыргызстандагы мектептер үчүн теориялык жана практикалык жактан бийик деңгээлдеги этикалык билим берүүнүн жолдору жана негиздери али иштелип чыкпагандыгы менен мүнөздөлөт.
- Азыр дүйнөлүк экономикалык кризис курчуп турат. Бул билим берүү системасына мамлекеттен жетишерлик акча каражатын бөлүүгө бөгөт болору анык. Ушундай шарттарда кыргыз билим берүү системасы өнүгөт деп ишенесизби?
- Кандай кылган күндө да биз мурдатан калыптанган системаны - билим берүү системасын сактап калууга тийишпиз. Кыргыз эли абдан таланттуу жана мындан да өсүп-өнүгүүгө жете турган бардык ресурстар бар. Кеп ошол ресурстарды пайдалануу жана аларга ээлик кылуу маселесинде. Жакынкы доордогу кыргыз элинин билим берүү системасынын өнүгүү процессине көз салсак, анда анын башатында турган, таланттуу педагог-окумуштуу, агартуучу Ишеналы Арабаев сыяктуу илим менен билимди айкалыштыра ала турган өз заманынын алдыңкы адамдарынын аракети менен жүргөндүгүн көрүүгө болот.
Менин оюмча, азыркы биздин Кыргыз мамлекеттик Арабаев атындагы университет Ишеналы Арабаевдын атын алып жүргөнү менен сыймыктанууга тийиш. Ал кыргыз элинин алгачкы агартуучусу, инновациялык багыттагы жаңы мектепти уюштуруунун башатында турган, өз эли үчүн чындап күйгөн коомдук саясый ишмер. Көп кырдуу талантты жана көп сырдуу тагдырды аркалаган мындай инсан А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов сыяктуу өз кезегинде бүтүн эл-журтка бел болгон мыкты адамдарга насаат берип, кыргыз улан-кыздарынын илим-билимдин жолуна чыгышына өбөлгө түзгөн. Учурунда Ишеналы Арабаев жолдоштору менен бирге абдан катаал шарттарга карабай элге билим берүүдө чоң башаттын башында турган. Алардын ишинин үзүрүн азыр кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнөн, илим-билимге колу жеткен жаштардын калың катмарынан көрүүгө болот. Ушул кезде улуу жолдун учугун улап, илим-билимдин сапатын заманга жараша жаңы деңгээлге көтөрүү азыркы муундун милдети.
- Сиздердин окуу жайдын мүмкүнчүлүгү замандын арабасын тарта алат деп ойлойсузбу?
- Азыркы учурда анын атын алып жүргөн университет Кыргыз Республикасынын илимине, билим берүүсүнө, маданиятына өз салымын кошуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып иш алып барууда. Биздин окуу жай заманбап илимий-педагогикалык жана методологиялык программаларды, концепцияларды, окуу китептерин даярдоо боюнча, педагогика илимдеринин стратегиялык багытында иш алып баруучу, илимий-педагогикалык экспертиза жүргүзүү, чет жерлердеги педагогикалык борборлор менен иш алып баруучу кыргыз жериндеги алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири. Устаранын мизинде оодарылып бара жаткан замандын талабына ылайык, университеттин укуктук-нормативдик документтеринде жаңы инновациялык багыттагы принциптер, билим берүүнүн идеологиясы, педагогикалык ишмердиктин жаңыланган парадигмасы орун алган. Биздин терең ишенимибизде ар бир окуу жай, ар бир педагог өткөн доордун тажырыйбасын жерибей жаңылантканда гана алдыга жол ала алат.
Кыргызстандагы педагогикалык эң жакшы деген салттарды улап, жаңы билим берүү технологияларынын алкагында иш жүргүзүү - бул биздин окуу жайда окуган бардык студенттер үчүн фундаменталдык билим алууга, практикалык тажырыйба топтоого мүмкүндүк берүүчү шарт болуп эсептелет. Азыркы күндөгү мамлекеттин абалына, финансы-каражат жагынан аксап турганыбызга карабай илим-билимди көтөрүп, коомдук интеллектуалдык-руханий деңгээлди жогорулатуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү жумшап аракет кылуу - Арабаев университетинин гана эмес, ар бир ЖОЖдун, ар бир окуутуучунун тарыхый милдети. Университеттердеги илимий-педагогикалык жана техникалык потенциалды сактап калуу, өнүктүрүү жана илим менен билим берүүнү өркүндөтүү - учурдун талабы. Өкмөт акча бөлбөйбү, ага карабай аракет кылыш биздин парзыбыз.
Мисалы, өткөн жылы өкмөт тарабынан түз каржыланган университеттеги илимий изилдөө иштеринин жалпы суммасы - 1 млн. 371 миң 500 сомду түздү. Үстүбүздөгү 2009-жылы мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат - 1451,3 миң сомду түзгөндүктөн,бул көрсөткүч сакталып калды деп айтууга негиз бар.
- Өкмөт тарабынан ушул сиз айткан илимий иштер үчүн бөлүнгөн акча жетишерликпи?
- Жетишерлик эмес. Университет тарабынан башка эларалык жана чет элдик илимий изилдөө долбоорлору менен иштеп, грант, ж.б. каржыларды алуу үчүн да аракеттер көрүлүүдө. Албетте алар тарабынан бөлүнгөн каражат менен мамлекет тарабынан илимий иштерди каржылоону салыштырып болбойт. Мисалы, университеттин химия жана биология факультетинин окутуучусу Э.К.Абдыкеримова тарабынан Чехиядан илимий изилдөө жүргүзүү үчүн алган гранты гана 2 млн. сомдон ашык сумманы түзөт.
- Билим берүү реформасы кайдан башталыш керек?
- Албетте, билим берүү системасын жаңылоо бала бакчадан башталыш керек. Биз жаштарды бала бакчада, башталгыч класстарда туура тарбиялабай туруп, аларды билимсиз, тарбиясы начар, мекенчил эмес дешибиз уят.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??