presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өкмөттүн жөжөсүн күздө санайбыз

Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда

Ааламда дүйнөлүк каржы каатчылыгы башталгандан бери бир жылга жакындап калды. Каатчылыктын таасири Америкада жана бул өлкө менен экономикалык тыгыз алакада болгон мамлекеттерде тез байкалды. Эми айрым экономикалык серепчилер Кыргызстанга каржы каатчылыгы жаз айларында келет, ошондо абдан кыйын эле болот деп эскертишкен. Бирок бул божомол да дал келбеди. Тескерисинче, бийликтин саясый чечиминин негизинде Россиядан 300 млн.доллар инвестиция, 150 млн.грант келип, АКШ транзиттик жүктөрдү ташуу боюнча "Манас" абамайданы үчүн 60 млн.долларды жылына төлөп турууга убада берди. Кризис мезгилинде бул каражаттардын мааниси канчалык экени айтпаса деле түшүнүктүү. Балким ошонүчүн кыргызстандыктар кризисти анчалык сезбеди. Көпчүлүк жарандарыбыз үчүн ал байкалган да жок.
Бирок европалык серепчилер Кыргызстанды каржы каатчылыгы менен күрөшүүдө КМШ мамлекеттеринин ичинде эң акыркы орунда деп чыгышты. Деги эле ар кандай чет элдик уюмдардын Кыргызстан жөнүндө чыгарган бүтүмдөрү шектенүүнү жаратат. Эң жаман жери, ошолордун маалыматын туура деп эсептеп ишенип алабыз. Алар биз жөнүндө чыныгы маалыматты билеби же үстүртөн эле бүтүм чыгардыбы, бул жагын эске албайбыз. Өзүбүз дагы эң акыркы, жаман деген сөздөргө көнүп бүткөн окшойбуз.
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндө кризиске каршы күрөшүү боюнча акыркы орунда дегенге макул эместигин билдирип, жооп иретинде бир катар маалыматтарды келтирди. Ал эми каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубеков жогорудагы маалыматты такыр четке кагып, каржы каатчылыгы менен күрөшүүдө атайын мамлекеттик программа бар экенин, ошонун негизинде туруктуу иш жүрүп жаткандыгын билдирди.
Ырас, Кыргызстан Казакстан, Россия сыяктуу каатчылык менен күрөшүү үчүн банктарга, башка финансы мекемелерине миллиондогон доллар бөлгөн жок. Ошого карабастан улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 6 айда ИДП 3 пайызды түзүп, өлкөнүн өнөр жай ишканалары 34 миллиард сомдон ашуун продукция чыгарган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 18,9 пайызга аздык кылат. Бирок салык жана ар кандай төлөмдөр да былтыркыга салыштырмалуу 2 228,8 млн. сомго көп чогултулуп, 28,1 пайызды түзгөн. Көрүнүп тургандай кризис учурунда салык көп чогулган.
Ырас, Кыргызстанга каржы каатчылыгы такыр эле тийген жок деп айтууга болбойт. Россия менен Казакстанда кризистен улам курулуш иштери солгундаганына байланыштуу алар бизден курулуш материалдарын мурдагы өлчөмдө сатып албай калды. Бирок бул кемтикти толтуруу үчүн биз ата мекендик курулуш иштерин жандандырып жиберсек болот эле. Тилекке каршы мындай болбоду. Ал турсун башка курулуш материалдары арзан экенине карабастан бизде цементтин кымбаттап кеткени түшүнүксүз бойдон калды. Россиядан келген 300 млн.доллардын тагдыры да ушул күнгө чейин чечиле элек. Ал кандай иштетилет, кайсы тармакка жумшалат деген суроолор да ачык бойдон калууда. Бул акчанын бүт баарын өкмөт зергерчиликти өнүктүрүүгө жумшайт деген да имиш бар. Бирок президент толугу менен бизнести өнүктүрүүгө жумшалат деп айткан. Айтор, бул акча акыл-эстүүлүк менен үнөмдүү пайдаланылса, экономиканы өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болмок.
Кыргыз өкмөтүнүн 28-июлда өткөргөн жыйынында кризиске каршы чараларды көрүү жөнүндө да сөз болду. Бул боюнча мамлекеттик программада 42 иш-чара каралса, анын 17си аткарылган. Министр А.Жапаровдун айтуусу боюнча 20 иш-чара аткарылуунун алдында турат. Бул үчүн өкмөткө 1 миллиард сом зарыл. Бирок атайын иш-чараларды каржылоо болгону 20 пайызы гана аткарылган. Мунун ичинде энергияны үнөмдөөчү лампочкаларды чыгаруу сыяктуу чечүүчү иштер калып кеткен.
Деген менен президенттин каржы каатчылыгынан жөн гана чыгып кетпей, пайдалуу бир нерсе алып чыгалы деп айтканын да өкмөт кулагынын сыртынан кетиргендей. Мисалы, каржы каатчылыгы кандай болору Казакстанда ачык байкалды. Көптөгөн курулуштардын токтогону жумушсуздукка алып келди. Банктар жабыр тартты. Ушул кырдаалда биз курулуш иштерин өнүктүрүп алсак болмок. Биринчиден, турак-жайга муктаж адамдар көп. Экинчиден, биздеги жеке курулуштар өтө сапатсыз. Өткөндө Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары Айдар Мокенов Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмүн 3 миллиард доллар өлчөмүндө белгиледи. Демек, элде акча бар. Ал эми мамлекет курулуш иштерине акчаны чет өлкөдөн, айрыкча Кытай же Түркиядан алса болмок. Курулуш техникалары Казакстанда өтө эле арзандап кеткен. Курулуш материалдарынын дээрлик баарын өзүбүздөн өндүрсө болот. Таш, кум, топурак жетиштүү. Кээ бир өлкөлөрдө буларды миңдеген чакырымдан ташып келип иш жүргүзөт экен. Азыр Кыргызстан геосаясый өзгөчөлүккө ээ болуп турганда бир топ эле пайдаланып алса болмок. Себеби, дүйнөлүк экономикалык серепчилердин божомолу боюнча инвестициянын көлөмүнүн кыскарышы дагы эки жылга чейин уланат. Демек, каржы каатчылыгынан пайдаланууга толук мүмкүн.
Ошентсе да, кризис деген кризис. Бизде көптөгөн нерселер сырттан ташылат. А.Жапаров макул болбогон менен европалык комиссия бүтүмдү тегин жерден чыгарбагандыр. Кыргызстандын каржы каатчылыгына терең кабылбаганынын себеби, кризис өкүм сүргөн өлкөлөр менен финансылык экономикалык байланыштын жоктугу менен түшүндүрүлүүдө. Ошондой болсо да, сак болгон жакшы. Анткени финансылык кризис Америкада айтылбай келген кырсык сыяктуу бир эле күндө, күндүн экинчи жарымында башталып, бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүрдү. Эми ошол чууну Кыргызстан сезбейт дегендин өзү да туура эмес.
Келдибек НАЗИРОВ




  Сырдуу өлүмдүн сыры ачылабы?

Жусупжан ЖЭЭНБЕКОВ:
"Буйрук берген деген жигит ак экенине ишенем"

Экс-депутат Жусупжан Жээнбеков 29-июлда "Агым" менен байланышып, уулу Бахтыярды өлтүрүүгө тиешеси бар деп кармалган шектүү жигит менен отурганын кабарлады. Буга чейин СДПК партиясынын мүчөсү Бахтыяр Амиражановду өлтүрүүгө буйрук берген Москвада жашаган шектүү жигит табылды деген маалыматтар көпчүлүк ММКлар аркылуу тараган эле. Бактыярдын атасы Жусупжан Жээнбеков "Бактыярдын жоголушуна шектүү деп кармалган бул жигит менин алдыма атайын кулдук уруп келиптир. Бактыярдын жоголушуна эч кандай тиешем жок, кысымга алып күнөөнү мойнума алдырууга аракеттенишүүдө дейт. Чындыгында мен бул жигитти кичинесинен бери билем, биз бир айылдан болобуз. Ата-энесин да жакшы тааныйм. Силерден ушунчалык көп жакшылык көрүп туруп, мен андай ишке кантип барам деп нан кармап, карганып ак экенин айтып отурат. Аны укук коргоо органы убактылуу үй камагына алышкан. Бактыярдын жоголушуна тиешелүү делген шектүү кылмышкерлердин арасында да түшүнбөгөн жагдайлар болууда. Учуру келгенде алардын чындыгы да чыгаар. Менин бул балада күмөнүм жок. Бактыярдын жоголушуна тиешеси жок деп ойлойм" деди.
Жусупжан Жээнбековдон Москвага кеткен ДНК анализдери тууралуу сураганыбызда "Москвадан анализдер чыгып келди, бирок, Англияга жиберген ДНК жыйынтыгы чыгып келмейинче аны ачтырган жокмун. Бардык ДНК жыйынтыктары даяр болгондо гана чогуу ачабыз дедим" дейт.
Азырынча шектүү деп үй камагына кармалган адамдын атын атабоону суранышты. Шектүү деп табылган адам менен телефон аркылуу байланышып, бир-эки суроого жооп алдык.
- Сизди эмненин негизинде шектүү деп кармап атышат деп ойлойсуз?
- Анысын өзүм да түшүнбөй калдым. Бактыяр экөөбүз кичинебизден бери бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Негизи Москвада иштеп жүрөм. Бактыяр экөөбүздүн ортобузда аласа-бересебиз жок болчу. Ар кимибиздин иштеткен бизнесибиз бар эле. Москвада иштеген учурда көпчүлүк кыргыздарга жардам берип, эл оозуна да алынып калганбыз. Бахтыяр жоголгондо да ар кандай ушактарды угуп келгем. Жакында Москвадан келсем 15-июлда мага издөө жарыяланганын уктум. Издетпей эле укук коргоо органдарына өзүм бардым. Анткени, мен күнөөлүү эмесмин, ак жерден менин үстүмө оор күнөөнү коюуга, мойнума алдырууга аракеттенип, кысымга алып атышат. Күнөөсүз ак экенимди далилдеп Бактыярдын атасынын алдына келип отурам. Эгерде мен күнөөлүү болсом, из жашырып качып жүрмөкмүн. Бактыяр жоголгон кезде мен кайда экенимди айттым. Мен бул иштин аягына чыкмайынча эч жакка кетпейм. Күнөөсүз экенимди далилдеп берем.
- Негизи укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү деген адамдарды криминалдык чөйрөдөн же мурда темир тор артына отуруп келгендердин арасынан издешет го…
- Менин эч кандай криминалга тиешем жок. Бир эле адамдын көргөзмөсү менен адамды күнөөкөр кылууга болбойт. Азыр сиздерге айтпай турган да сөздөр бар. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, чындыкты убагында далилдеп берем.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА
P.S. "Агымдын" кийинки санынан бардык ДНК жыйынтыктары, түшүнүксүз жагдайлар жана атын ачыкка чыгарбоону суранган жогорудагы жигит жөнүндө кеңири маекти окуй аласыздар.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??