presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаза шайлоо

Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?

Шайлоо өттү. Эми жөжөнү күздө санаса болот. Дегеним, жаз менен күз митинг-пикеттердин сезону эмеспи. Жагдай табылат. Бирок азыр элди көчөгө алып чыга турган лидерлер барбы? Кеп ошондо. Баам салсак, бүгүн бийликке реалдуу оппонент боло ала турган саясый фигура көрүнбөйт. А.Атамбаев өзүнө болгон акыркы чекитти ушул шайлоо учурунда койду окшойт. Бул өзүнөн-өзү буга чейин президенттик шайлоо бүткөндөн соң Социал-демократтар партиясы тарайт деген божомолду чындыкка жакындатып койду. 23-июль шайлоо күнү саат 16да БЭК сүрөп чыккан Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев өткөргөн маалымат жыйынында өз талапкерлигин алышканы тууралуу бир "дуу" деп кеткен маалымат кызык жагдай жаратты. Кайсыл бир убакка чейин шайлоо участокторундагы байкоочуларын да чакырып алышты. Мындай кезде аларга ишенген шайлоочу ачуусу келгенинен да өз добушун башка бир талапкерге бере салып басып кетери анык. Ал эми элдин калган бөлүгү чоң эле кишилердин минтип президенттик шайлоону оюнчук катары көрүп, каалаган учурда катышып, каалабаган учурда түшө качканына мыйыгынан жылмайып жатышты. Айрыкча А.Атамбаевдин бул жорукка барышы өзүнө эле эмес, жалпы кыргыз оппозициясына болгон ишеничти дагы бир жолу кетирди.
Бул маселе боюнча Темир Сариев маалымат жыйынында "А.Атамбаев саясый оюн кылып жатат. Ал башкы талапкер К.Бакиев менен экинчи орунду алуу үчүн соодалашкан. Ошондуктан шайлоо аяктап баратканда оппозицияны сындыруу үчүн шайлоодон баш тартты" деген мааниде жыландын башын кылтыйтты. Чын- төгүнүн ким билсин, бирок шайлоо башталгандан бери эле А.Атамбаев БЭКти ар кандай жол менен ыңгайсыз абалга калтырып келатканы ырас. Мисалы, ойдо жок жерден ооруп, добуш уурдатпоо үчүн элди ар нерсеге үгүттөп, табылбай жаткан депутатты ким өлтүргөнүн билип, бирок жашырып айтпай жүргөнү ж.б.у.с. Бирок 25-июлда Алмаз мырза Москвага кетип жатып, "Азаттык" үналгысына берген маегинде "мындай ыплас оюндарга ишенип алып, анан билбестик кылып Россия президенти Д.Медведев же премьер-министри В.Путин бул нерсеге катышпасын деп атам. Мен аларды абдан сыйлайм. Ошондуктан айтып коёлу, бул ыплас оюн, эл башканы шайлаган деп. Мен айткан жокмун, мени президент кылсын деп. Бирок кайрадан таза шайлоо өтсүн" деп үзүп-чолуп кыйкырып чыкты. Анын айтканына караганда, элдин 60 пайыз добушун өзү, 25 пайызын К.Бакиев алган экен. Болсун дейли. Бирок ал бул сөздү кандай маалыматка таянып айтты? Анын штабы бул эсепти кантип чыгарды? Эгер шайлоо участогунда саноо учурунда ушундай сумма келип чыкса, анда К.Бакиев менен А.Атамбаевдин байкоочуларынан башка талапкерлердин кишилери каякты карап отурду? Албетте, бул билдирүү тек гана элдин башын айлантуу.
Жогорудагыдай жоромол менен биз 23-июлда булактай таза шайлоо өттү дегенден алыспыз. Тек гана акыйкатчылык үчүн бул шайлоодо К.Бакиевге татыктуу атаандаш чыкпаганын айта кетүүбүз керек. Серепчи Марат Казакбаев шайлоонун астында "5-каналга" берген маегинде К.Бакиев администрациялык ресурсту колдонбосо деле жалаң эле авторитет менен 60-70 пайыз алат деген эле. Биз деле астында эки тизгин бир чылбыры, артында жасаган иши бар баш талапкердин биринчи эле турда утарын, бирок 80-90 пайыз албасын, администрациялык ресурс колдонуу К.Бакиевдин таза жеңишине көлөкө түшүрүп коерун белгилегенбиз. Баш талапкер жаманбы-жакшыбы, өз баасын алды. Бирок кошомат үчүн жарыша жел добуш топтоо, бөлөк талапкерлердин байкоочуларын бөлөксүнтүү болбой койгон жок. Мыйзам бузулган деген айып менен беш шайлоо участогунун жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Серепчилердин айтканына ишенсек, дүйнө жүзүндө бир дагы шайлоо идеалдуу өтпөйт. Кыргызстандагы кечээки так талашка 40 өлкөдөн 280 байкоочу катышты. Канткен менен бул жолу кыргыз бийлиги адегенде Батыш коомчулугуна өлкөбүздө демократиялык стандарттар сакталганын көрсөтүү үчүн ушунча байкоочунун шайлоого көз салуусуна кызыкдар болду. Шайлоонун эртеси эле ЕККУ миссиясынын байкоочуларынын айтуусу боюнча, 23-июлдагы шайлоодо биртоп кемчилик кетип, демократиянын принциптери бузулган. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар шайлоо кынтыксыз өткөнүнө басым жасашат. Кээ бир серепчилер ЕККУ потсоветтик өлкөлөрдө өткөн бир дагы шайлоо туураалуу оң пикир айткан учуру боло электигин, буга чейин Россиядагы президенттик шайлоолор тууралуу да ушундай эле пикир айтып келгенин, бирок аны орус бийлиги чиркей чакканчалык да көрбөгөнүн, негизинен биздеги президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн ир алдыда кошуна мамлекеттер тааныш керектигин белгилешет.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Сөз жана сөөк

Оппозициядан эми эмнени күтүүгө болот?
"Той болду, тойдун эртеси да болду" демекчи, көптөн күткөн президенттик шайлоо да өттү. Курманбек Бакиев кайрадан тактыга отурду. Ал эми Алмазбек Атамбаев башында турган оппозиция экинчи мөөнөткө шайланган президент бийлигин тааныбастыгын, 29-июлдан тарта республика боюнча "Таза шайлоо" урааны астында нааразычылык акциялары башталарын кабарлаган. Бирок, оппозициянын көздөгөн максаты жүзөгө ашкан жок. Шаршемби күнү жөө жүрүштүн катышуучуларын милиция кызматкерлери кууп таратып, айрымдарына кылмыш иши козголду.
"Туткунга" түшкөн Топчуке
"Түбөлүк демократ" Топчубек Тургуналиев башында турган топ борбордун алгач Дэн Сяопин-Сыдыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде чогулуп, борборду көздөй жол тартышкан. Арадан аз убакыт өтпөй оппозиция тарапкерлеринин астын "кызыл шапкечендер" тороп, Топчуке баштаган 42 адамды убактылуу кармоочу жайга жеткирди. Бул окуя боюнча Ленин райондук соту "Эркиндик" партиясынын экс-лидерин 15 күнгө эркинен ажыратты. Мындай "сыйга" дагы онго чукул жаран татыса, биртобу жети күнгө темир тор артына кеткен.
Ошол эле күнү түшкө жуук борбордун четиндеги Беш-Күңгөй айылынын тургундары да КСДП штабын көздөй жолго чыгышкан. Алардын да айласын тапкан жоон топ милиция 22 кишини ай-буйга келтирбей автобуска салып, Коргоо министрлигине тиешелүү аскерий абакка тыгышкан. Ал ортодо Нарын, Талас дубандарынын айрым аймактарында үркөрдөй болгон топ митингге чыгып, оппозиция талабын колдошорун билдиришти.
Ойлогон ойлору теңирден тескери чыккан оппозиция лөктөрү бир күнгө танапис жарыялап, 30-июлда Балыкчыга жол тартарын шардана кылышты. Алардын башкы максаты - президенттик шайлоо күнү камакка алынгандарды боштондукка чыгаруу. Эске салсак, жөө жүрүштүн башында Социал-демократтардын жетекчиси Алмазбек Атамбаев, "Атамекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, экс-министр Исмаил Исаков турмак эле. Бу саам да алардын тилеги таш капты. Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги ЖККУ саммитине карата жөө жүрүштү токтотуу үчүн үстөккө-босток эскертүү беришип, натыйжада "Форумдун" алдында чогулган 200дөн ашуун киши үйлөрүнө тарады. Президенттикке экс-талапкер Алмазбек Атамбаевдин айтымында, оппозиция анабашылары Балыкчыда абакта жаткандарды азаттыкка чыгарууга болгон күчүн жумшап, аны жеринде чечүүгө аракет жасайт. Бирок, аны кантип жүзөгө ашырарын ачык түшүндүрбөдү.

"Эмне кылуу керек?"
Орус жазуучусу Николай Чернышевскийдин ушундай аталыштагы романы бар эмеспи. Азыр "Эмне кылуу керек?" деген суроо кыргыз элитасына, саясат айдыңына төп келип туру. Дегенибиз, оппозициядан оомат кетип, бийликке ийгилик ташы ооп бараткандай. Мындай көрүнүш Акүйгө майдай жакканы менен, кыргыз коомчулугуна тескери таасирин тийгизиши ыктымал. Себеби, оппозиция муну менен эле токтоп калбайт. Өз жүзүн сактап калуу үчүн болсо да колдон келишинче кармашары турган иш. Ошол эле маалда жаңы шайланган президент Курманбек Бакиев өз бийлик чебин бекемдеп алганга жетишет. Жыйынтыгында карапайым калк шайлоого чейин кандай болсо так ошол абалда, а оппозиция лидерлеринин жагдайы андагыдан да төмөн абалга келет. "Чү" дегенде эле жөө жүрүшкө аттанган 100гө чукул адамды темир тор артына тыккан укук коргоо кызматкерлери эртеңки күнү бул жөрөлгөнү улантышы мүмкүн. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолу барбы?
Ушул маселенин тегерегинде саясат таануучу Токтогул Какчекеев гезитибиздин өткөн санында "… К.Бакиев кайрадан бийликке келе турган болсо, оппозицияга кысымын күчөтпөйт. Тескерисинче, алар менен бир мунасага келиши ыктымал. Анткени, дагы катачылыктарга жол берсе, 2005-жылдагы март ыңкылабы кайталанып каларын а киши жакшы түшүнөт" деген оюн билдирген эле. Токтогул мырзанын пикири төп келчү болсо, эки тарап тең сүйлөшүүгө барат. Андан башка жол да жок калгандай. Бийлик айкөлдүгүн көрсөтүп, каршылашына татыктуу кызмат ыйгарышы керек.
Шайлоо башталар алдында "биз эми 2007-жылдагы шайлоодогудай алданбайбыз, жеңишке жетүү жолдорун небак эсеп-чоттоп койгонбуз, жеңилбейбиз" деп оппозиция штаб жетекчилери биртоп ооз көптүрүшкөн. 23-июль күнү оппозиция лидерлери момпосуйга таарынган баланын жоругунан башка эч нерсе көрсөтө алышкан жок. Эң кызыгы, шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө дароо эле кыйкырып чыгышса да, шайлоо бүткөн соң эч нерсе кылышпады. Чечкиндүү кадам күткөндөрдүн шаабайы мында бир сууду.
Бийликке да тан бериш керек. Эл эс алууда, талаада жүрүп, аптаптуу жай ортосунда шайлоо жасап, каалаган максатына жетти.

Талантбек СЫДЫКОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??