presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу винегрет

Залкарга таазим
Кыргыз эл баатыры Сабира КҮМҮШАЛИЕВАнын элесине жаш актриса, "Версус" бий тобунун мүчөсү Элина АБАЙ кызы таазим этет.

АЛЛАХ!!!
Сөзү: А.Алымовдуку
Обону: М.Ниязовдуку


Ааламга адамды жараткан
Мээримдүү зат болбойт бил, Аллахтан
Сакта Аллах азаптан
Билбей жолдон адашам
Сакта тозоктун отунан!!!

Күн менен түндү тактаган
Бүт ааламды сактаган,
Теңдеши жок сага заттардан.

Кайырма:

Аллахым, Аллах!
Дүйнөнү жараткан, Аллах!
Жалгызсың Аллах
Сактагын, шайтандан Аллах!!!
Аллахым, Аллах!!!

Жүзүңдү пендеңе бурасың
Жалынсам сен үнүмдү угасың.
Мактоо сага жарашкан
Болбойт сенде, адашкан,
Жоктон барды, ал жараткан!





Элина АБАЙ кызы:
"Лифттеги" чоң энем"
"Лифт" эсиңиздедир. Сабира апаны көбүнчө ошол тасмадагы образынан улам билем. Биринчи ирет бүт бүлөбүз менен көрүп, күлкүгө бөлөнгөнбүз. Азыркыга чейин анын чеберчилигин, актердук оюнун, жүзүн дал ошол тасма аркылуу даана элестетем. Сабира апа тартылган тасмалар сабынан ошол кинодогу образын жаттап калыптырмын.
Эс тартканы анын кандай залкар талант экенин билсем да, чоң апам катары кабылдачумун. Кийинки тасмаларында жалаң чоң энелердин ролунда ойнободубу. Башкы эмес, эпизоддук кичине роль болсо да Сабира апа жүрөктөрдөн түнөк таба алчу экен.
Азыр деле мага көзү тирүүсүндөй туюлат. Анткени, теледен баягы эле "Лифтти" көрө алам, "Ак кемени", ж.б. Көрсө, өчпөс из калтырган тура. Кино дүйнөсүнө жаңыдан өз чыйырымды салып келатып, Сабира апа өңдүү залкар таланттардын элесине ийилип таазим этким келет.





Сапардан соң...

Мирбек ИМАНБЕКОВ менен АЛИХАН жакында Санкт-Петербург шаарынан кайтышты. Буга дейре Орусиянын көп шаарларын кыдырып келген болсо да, ушул шаардын кооздугун угуп бир көрүүнү кыялданып жүрүшкөн. Өнөрдүн шарапаты менен самаган шаарды да көрүп, ырчы жигиттер ал жактагы мекендештер курган майрамга ортоктош болушту. Мирбек менен Алихандын концерти эки саатка созулуп, кыргыз ырын сагынган питердик кыргыздарды шаңга бөлөдү. Шаардын кооздугуна суктанып жүрө берип, чыгармачыл топ самолеттон 10 мүнөт кечигип калган. Аргасыз кайрадан Москвага учуп, аэропортто 8 саат күтүп, анан Бишкекке учушкан. Эми Мирбек Европаны эңсеп жүрөт. Көксөгөнү - Париж. Жакында эле Германиядагы кыргыз элчилигинен чакыруу алган Мирбек учурда продюсери менен акылдашып турган кези.




Тамчы кабар
Нурайым АЗЫКБАЕВА Лос-Анжелесте өткөн аткаруучулардын эларалык чемпионатынан эки алтын медаль тагынып кайтты. Ачык вокал жана инструменталдык номур боюнча башкы сыйга татып, Нурайым ушул күздө кайра эле АКШнын ушул шаарында өтө турган жаш аткаруучулардын сынагына чакыруу алган.
* * *
Сапар СОПУБЕКОВ ушул жума ортосунда айдоочулук күбөлүк алып, "Ниссан сефиро" маркасындагы машине минди. Сапардын темир аргымак алышына сахналаш түгөйү Назминин жолдошу көмөк кылган.
* * *
ЖАНЕЛЬ жеке интернет-сайт белекке алды. Лондондогу курбусу ырчыга арнап атайын сайт ачкан. Жанелдин жеке сайты учурда кайрадан иштелип, сүрөт, ырларынын баары тиркелүүдө. Анда ар бир жаңылыгы, жаңы клип, жаңы ырларынын баары катталып турмакчы.
* * *
АСЕЛге казак жигит ашык болуп, колун суроодо. Ал жигит менен ырчы Ысык-Көлдүн жээгинен таанышкан. Учурда баурдас жигит Аселдин телефонун тындырбай, сунушун кайра-кайра кайталап турган кези.


Даярдаган Айнагүл Сапарбек кызы




Клип сандык
"Максатына таянган" Арсендин алгачкы ыр тасмасы ушундай кадрларды камтыйт. Жараткандар - "ART VISION PRODUCTION" студиясы. Ырчы өзү клиптин башкы каарманы. Албетте, сулуу кыз да жок эмес. Клиптин георафиясы - Токмок, Ысык-Көлдүн Тоң району жана Боом капчыгайы. Бюджети - 2000 доллардын тегереги. Чөл жандүйнө боштугун ачып берүү үчүн тандалган. Ал эми клип жаратмандары буга ылайык жерди Токмоктогу кареьрден табышкан. Арсен сюжетке ылайык секирем деп бутун оорутуп да алган.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??