presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шоу маек

"Free Masters":
"МАДАНИЯТКА ЭРКИНДИК КЕРЕК!"
Бул ирет рубрика төрүндө - "Free Masters" тобу. Курамын Абай, Алмаз, Чыңгыз, Арлен аттуу төрт жигит түзөт. Аталган топ 2000-жылы түзүлүп, курамы бир ирет өзгөргөн. Реп багытындагы музыка менен иш алпарышат. Башта окуу жай сахнасында, ар кандай түнкү клубдарда чыгып жүрүшсө, акыркы жылдары чоң сахнада да ордун тапкан команда. Жигиттердин башын ыр бириктирет. Болбосо ар бири турмушта өз ордун тапкан, бирин кино тармагынан көрсөк, дагы биринин дизайнердик шыгына күбөбүз.

Абай: - Жаштардын алдыга жылуусуна кыйла оор болуп калды. Дегеле азыркы өлкө жетекчилиги келгени теле жааты бир стандарт коюп алып, биздин багытты жолоткусу жок. Реп багыты өлүп баратат. Мурда айрым каналдар биздин чыгармаларды айландырып турчу, азыр таптакыр эле кабылданбай калды.
Алмаз: - Реп багытына кандайдыр дискриминация бар.
Абай: - Учурдагы шайлоо алдында реп багытын пайдалануу утурумдук көрүнүш. Жаштарды тартууга келгенде биздин багыт керек болуп калат.
Чыңгыз: - Биздин мамлекет таза улуттук маданиятты көтөрүүгө аракет кылып атат. Бирок, ошол эле учурда маданияттын эркин экендигин, ал ар кандай багытта өнүгө берерин көңүлдөн сырт калтырышат. Бир гана улуттук маданиятты түртө бергенде болбойт, бөтөн маданият аркылуу да элдин маданий деңгээлин көтөрүүгө болот. Реп, джаз, рок, блюз да маданияттын элементтери экенин унутпайлы. Болгондо да булар эң кубаттуу түрлөрү. Аларды биздин улуттук маанай, улуттук нукка тууралап алсак болот.
Абай: - Учурда биз бир гана попсада такалып тургандайбыз.
Чыңгыз: - Анык мисал, Россияда бардык багыттар колдонулат. Ушул багыттары менен деле алар дүйнөлүк аренага чыгып атышат. Ошол себептен, маданиятта да эркиндик болуш керек. Эгер өлкө демократиялык болсо, анда ой, сөз эркиндиги болууга тийиш. Тилекке каршы, андай эркиндик маданиятта да, жашоодо да жок. Биздин да өз оюбуз бар.
- Мисалы, кайсы телеканал же радио силерге эшигин жапты?
Алмаз: - Атын атабайлы, бир радиого баш бактык. Ал жактагылар: "Чет элдик музыкаларды койгонум жакшы" дешти кесе. А биздин чыгармаларды алган да, уккан да жок.
Абай: - Дагы бир жерге клип берип атабыз. Бишкектик аткаруучулар акча төлөш керек экен. "Чет элдик клиптерди коюп жүрөсүңөр го? Алардан кайдан акы алып атасыңар?.." десем, сөзүбүз бүтүп калды. Өзүнчө бир форматка жараша бөлүп, ошого таяп баш тартышса унчукпайт элек, ал эми бишкектик же чет элдик деп бөлүш натуура көрүнүш.
Чыңгыз: - Мурда атайын программалар да болчу, азыр алардын баары жабылган. Реп угуучулары бизди кайдан угат?
- Неге мынчалык пессимисттик мүнөздөсүңөр?
Абай: - Жок, ушундай кептен улам айтылып кетти.
Чыңгыз: - Биз оптимист, анан да реалистпиз. Алдыга умтулабыз. Мейли мамлекет улам төмөнгө карай бараткан күндө да оптимисттик көзкараштан жазбайбыз.
- Алдыга да ушул багытыңарды алмаштырбай жыла бересиңерби?
Алмаз: - Биз багытты алмаштырбайбыз. Болгону улам жакшыртып, күчтөнтүп отурабыз.
Абай: - Алмаштыруу ойдо да жок. Биз бул нукка акча же даңк үчүн эмес, өзүбүз үчүн түшкөнбүз. Адам өзү үчүн болгондо гана чындап мыкты жасайт ишти.
Чыңгыз: - Адамдын бактысы - сүйгөн иши менен алек болгонунда. Бул башкы нерсе турмушта. Өзүбүзгө жаккан нерсе менен алектенгендиктен, биз келаткан нугубузду буруп жибербейбиз.
- Репертуарда кайсы тема басымдуу?
Алмаз: - Жашоо, сүйүү туурасында. Жашоо боюнча жазсак, анын азабынан эмес, жашоого болгон сүйүүнү ырга салгыбыз келет. Жашоо бизди, биз жашоону сүйөрүбүздү ырга салабыз.
- Жогоруда айтып өттүңөр турмушта да, маданиятта да эркиндик жок экенин. Ушул багыттагы ырларыңар барбы?
Абай: - Муну да ырга салып келгенбиз. Бирок татаал учурда биз угуучуларды кайра татаал ойго салгыбыз келбейт.
Чыңгыз: - Жашоо - бул сүйүү. Ал эми сүйүү баарынан бийик.

АБАЙ топто композитор, аткаруучу. Өзүн кинодо да көрсөтүп келет. Тасма талаасында бардык тармак чогулат дейт өзү. Абай музыканттык да, дизайнердик шыгын да кинодо чагылдыра алат. Кезегинде бир ансамблде гитарист да болуп иштеген. Алматыда даректүү тасма, клип, социалдык роликтерди тартып жүргөн. Ал эми актердук өнөрүн ушул күздө байкасак болот. Жаш кыргыз кинорежиссерлордун биринин тасмасына башкы ролго тандалды. Айтмакчы, жакында эле өзү режиссердук кылган "Облака" аттуу ырга тартылган клиптин мыктылыгын айгинелеген диплом менен сыйланды.


АЛМАЗ
Топтун аткаруучуларынын бири. Ыр тексттерин ушул жигит жаратат. Ыр дүйнөсүнөн сырткары дизайнер болуп эмгектенет. Кудайга ишенүү менен өз күчүнө таянат. Турмуштан көп деле нерсе күтпөйт, болгону ден соолук, бакыт жана кыялдарынын орундалышын гана самайт. Ата-энесин ыйык тутуп, алардын амандыгын тиленет. Жылдыз жаныбары арстан болгону менен жаныбарлардан негедир карышкырды жактырат.

АРЛЕН - таланттуу жубайлар Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшовдун уулу. Ата-энесин ыйык тутуп, алардын жолун жолдогонубу, Улуттук консерваторияны быйыл ийгиликтүү аяктады. 23 жашта. Кесиби музыкант болгону менен келечекте саясатка аралашууну көксөйт.


ЧЫҢГЫЗ да киночу. Кино тармагы бүтүндөй бир мамлекеттин экономикасын көтөрүп койчу тармак деп санайт. 2006-жылы Кыргызстан жаш кинематографисттер уюмуна мүчө болуп кирген. Быйыл "Ак туз" аталган даректүү тасмасы көрсөтүлө баштайт. Теңирчиликке ишеним артат. Китеп дүйнөсүн сүйүп, саякат, археологияны хоббиге айланткан. Чыңгыздын ийгилик ачкычы - эржүрөктүк. Эр жүрөккө ийгилик шерик деп белгилейт.


"Free Masters" ыр саптарынан:

С каждым днем мировозрение

к жизни погасает
Как в душе так и наяву вся

надежда угасает.
Минуты тикают, с каждым разом


все грустнее
Но тем не менее есть вера и


стремление.
* * *
Пусть путь будет чистым
От темных всех красок.
И яркое солнце
Осчастливит венец…


Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??