mainkaptal
Пользовательский поиск
  Сая-саалы

Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
Ордо Кеңеш Кыргызстан өз тарыхында дагы бир чоң саясый окуяны - президенттик шайлоону баштан кечиргенин, шайлоодо уткан жана утулгандар болору жөнүндө жамы журтка кайрылды. Андан ары кайрылууда жеңилген тарап ачууга алдырбай, акыл калчап иш кылса, элди көчөгө чыгууга үндөгөндүн арты жакшылыкка алып келбейт. Кандай гана саясый күч болбосун, анын алдыга карай жылганынан акылмандыгы көрүнөт. Кыргыз эли дайыма кеңешүү менен ишти чечип, "сабырдын түбү сары алтын" деген көөнө накылды тутунгандыгын эске салышты.

"Днюха" башталды
Россия президентинин жардамчысы Сергей Приходько журналисттерге Кыргызстанда жайгашуучу ЖККУнун аскердик базасынын милдети жана шарттары тууралуу бардык маселелер буга чейин эле чечилгенин, жакынкы күндөрү ал келишимге кол коюлуусу мүмкүндүгүн шардана кылган. Ошондой эле бул маселе бүгүн-эртең Чолпон-Ата шаарында өтө турган бейформал саммитте талкууга алынарын билдирген. Чамасы аталган уюмга кирген мамлекеттердин президенттери көгүлтүр көлгө бул ийгиликти, анан К.Бакиевдин туулган күнү менен чогуу экинчи мөөнөткө шайланышын "майлаш" үчүн чогулат деген айың ырас окшойт.

Эдил Байсаловго эмне болду?
АКИpress маалымат агенттиги 2007-жылкы парламенттик шайлоодо бүлүтөн чыры менен Кыргызстандан качып кетип, издөөдө жүргөн Эдил Байсалов Молдовада кармалып, өз мекенине депортацияланганын билдирген эле. Таратылган маалыматка караганда, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын мурдагы жетекчиси, Социал-демократтар партиясынын баштапкы мүчөсү Эдил Байсалов аталган өлкөгө өтүп жаткан парламенттик шайлоого байкоочу катары катышуу максаты менен барып, Интерполдун кылтагына илинген. Биз бул боюнча "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясына кайрылсак, алар бул маалыматты ырастаган жок.

Инаугурация Чолпон-Ата саммитинин соңунда өтөбү?
Президент Курманбек Бакиевдин президенттик жаңы мөөнөткө киришүү салтанаты 2-августта өтөт. Бул боюнча Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев шаардыктарга болгон кайрылуусунда билдирди. Буга чейин Конституциялык сот 23-июлда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШК протоколун кароого киришкен. Кечээ Конституциялык сот президенттик шайлоонун тыянагын тааныды. Бул салтанатка бүгүн Кыргызстанга келүүчү ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттери катышар-катышпасы белгисиз.

Тойдо болду бекен же..
Үч күн дайынсыз болуп үй-бүлөсүнүн жүрөгүн оозуна каптаган ырчы Сагынбек Момбеков табылды. Өзүнүн айтуусу боюнча, аны айылдаштарынын бир-экөөсү түшүнүксүз себептер менен бир жерде кармап отуруп, кечээ түштөн кийин Таластан чыгарып, Бишкекке узатып коюшкан. Бул учурда анын үй-бүлөсү ырчынын кайсыл тойдо же ойдо жүргөнүн билбей, кабатырланып турушкан. Ырчынын айтуусунда, үй камакта жаткан учурда ага эч кандай күч колдонулбаган. Коркутуп-үркүтүүлөр да болгон эмес. Болгону аны кармоочулар "бизди туура түшүн, биз өз тапшырмабызды аткарып атабыз" деп айтып, ырчыдан "эч кандай дооматым жок" деген тил кат жаздырып алышкан. Сагынбек Момбеков өзүн кармап отурган кишилердин аты-жөнүн билет. Эми бул кармоонун себеби изилденеби?




  Крим-аалы


Алкымга тыгылган 3 миң сом
Баткен мамлекеттик университетинин окутуучусу абитуриенттен 3000 сом талап кылып, тапшыра турган экзамендерине көз саларын айткан экен. Абитуриент финансы полициясына паракор мугалимдин үстүнөн арыз жазган. 28-июль күнү абитуриенттерди кабыл алган комиссиянын мүчөсү болуп отурган окутуучу 3000 сом алып аткан жеринен финполиция кызматкерлеринин колуна түштү.

Жарылган баш
Борборубуздагы Ак-Бата жаңы конушунан 18-июль күнү башынан оор жаракат алып, улуттук госпиталга жашы 30-35тер чамасындагы азиат жигит түшкөн. Реанимация бөлүмүнөн эсине келбей көз жумган. Аты-жөнү алигиче тактала элек. Ал эми бул жигиттин башын жарып, из жашырып кеткен кылмышкер Свердлов РИИБнин изкубарлары тарабынан колго түшүп, ал 23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экени дайын болду.

Шайлоодон тапкан "пайда"
Президенттик шайлоо күнү Дордой базарындагы дүкөндөрдүн биринен 50 миң доллардан ашык товар уурдалгандыгы тууралуу укук коргоо бөлүмүнө кабар түшкөн. Арадан көп убакыт өтпөй уурулардын ким экенин Свердлов РИИБнин изкубарлары таап чыгышты. Шайлоого кеткен сатуучулардын жоктугунан пайдаланып, оңой олжого ээ болгон уурулардын үйүнөн далилденүүчү товарлар чыккан.

"Хизб-ут тахрирчилер" "тирилүүдө"
Ош облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Мады айылынын жашоочусу С.Изатилланын үйүнөн "Хизб-ут Тахрир" уюмунун 40 китеби, 120 даана CD жана DVD дисктери, өзбек, араб тилдериндеги диний уюмду үгүттөөчү китепчелер табылган. Ал эми ошол эле айылдын жашоочусу, 1979-жылы туулган Б.Тахирдин үйүнөн РГД-5 маркасындагы жарылуучу граната, Калашников автоматы он төрт огу менен, андан тышкары, колго жасалган жарылуучу каражаттар табылган. Учурда иликтөө иштери башталды.

Картошка жамынган апийим
Ысык-Көл облусуна караштуу Балбай айылында жашаган элүү беш жаштагы аял картошкасынын арасына апийим айдап, жашыруун өстүрүп жүргөндүгү үчүн укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал кырк төрт түп апийимдин жыйырма жетисин наркозатка даярдап койгон экен. Ал үч килограммдан ашык салмакты түздү.




  И-тагдаалы


90 эмес, тогузу эле…
Кыргызстан спортчулары жакында Афинада өткөн каратэ-до боюнча Х дүйнөлүк чемпионатта төртүнчү орунду жеңип алышты. "Кейхацу" клубунун жетекчиси Дмитрий Казановдун айтымында, бул турнирге 64 өлкөдөн 1500 спортчу катышкан. Башка өлкөлөрдүн командаларында кеминде 90дой спортчулары болсо, Кыргызстандан болгону 9 гана каратист барган. Азыр бул команда октябрь айында боло турган Евразиянын каратэ-до боюнча I чемпионатына кызуу даярдык көрүп жаткан кези.

Манасчыны "пираттар" кызылдай сабап
Жуманын шаршемби күнү элибизге белгилүү жаш манасчы Дөөлөт Сыдыковду Ош базарынан анын тарткан тасмаларын уурдап саткандар сабап кетишти. Ооруканада жаткан манасчыга байланышканыбызда, ал буга чейин алардан эки жолу уурдалган тасмаларын финполициянын кызматкерлеринин жардамы менен жыйнаганын, бул жолу жалгыз барганын билдирди. Көрсө, мурун дисктерин алдырып ызырынып калгандар бул жолу аны павильонго камап алышып, беш-алтоолоп эс-учунан тангыча сабап салышкан. Мындайда милиция кызматкерлери, финполиция каякты карап жүрүшөт?

Барскоондуку эмес, Орусияныкы!
Көлгө бараткан жолдо каз-катар тизиле ышталган балык саткандарды көрүп эле жүрөбүз. Эс алууга бараткандарды да, келаткандарды да жакалап ийчүдөй болгон сатуучулар балыктарын "көлдүкү" деп мактап сатышат. Көрсө, балыкчы эргулдар балыктарды кайырмак, тор ыргытып убара болбой эле, түптүз Орусиядан алып келишет экен. Муну жакында Орусиядан эс алууга келген орустар "доказать этип" беришиптир. Эми "балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" дебей эле, "балыкты балыкчы тааныйт" десек туура болчудай.

И-ий, дагы бир "импыртный" оорубу?
Укпадым, уктадым дебеңиз. Кыргызстанда биринчи жолу Борбор Азия боюнча медициналык уйку борбору ачылды. Аталган мекеменин жетекчиси Талант Сооронбаев медицинада коңурук тарткан адамдар башкалардан 30 жыл аз жашаса, алардын 70 пайызы капысынан өлүмгө дуушар болору илимий жактан аныкталганын айтат. Анын билдиришинче, коңурук убагында мээге, жүрөккө кычкылтек жетишсиз болот. Бул 8 сааттык кычкылтек "ачкачылыгынын" 365 күнгө болгон көбөйтүндүсү инфаркт, инсульттун себепкери болушу толук мүмкүн. Кыргызга ушул эле жетишпей жатты эле.

Толкун кайра "толкуп"
Эсиңиздерде болсо гезитибиздин №22(650) санына Каракөл шаарынын мэри Молдомуровдун "эрдиги" тууралуу жазган элек. Гезит жарыкка чыкканда мэр тез эле жумшарып, шаардын Серего көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарын чогултуп "жер силердики, мен тийишпейм" деп убада берген. Эми минтип шайлоо бүткөн соң Толкун Молдомуровдун "эрдиги" кайра толкуп, "жерди алам" деп туру. Буга чейин эл тарабында болуп келген шаардык кеңештин депутаттарын кара теке сүзгөнбү же бирөө куйруктарын толгоп койгонбу, айтор, азыр талкан сугунуп алгансып четте турушат.





  Жума каңырышы

Ийне жоголду, ийне жоголду…

Өкмөттүн кечээ күнкү жыйынында Саламаттык сактоо министринин орунбасары, өлкөнүн башкы санитардык врачы Сабиржан Абдукаримов чочко ылаңы болушу мүмкүн деген шек менен эки адам катталгандыгын жарыялаган. Алардын бири Лондондон окуудан кайткан студент болсо, экинчиси Москвадан келген. Буга улай ал чочко ылаңы кыргызстандыктарды массалык түрдө каптаса, ага туруштук берүүгө мамлекет даяр эместигин жашырган жок. "Андыктан, азыртадан бардык кокустуктардан сак болушубуз керек" дейт ал. Министр орунбасарынын мындай кабары көпчүлүктүн жүрөк үшүн алды. Бирок, түштөн кийин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Москвадан келген атуулда чочко ылаңынын белгилери табылбаганын кабарлап, коомчулуктун тынчсыздануусуна негиз жок экенин кошумчалаган. Эртең менен башка, түштөн кийин теңирден тескери маалымат тараткандардын кимисине ишенериңди билбейсиң… Кудай өзү сактасын деп туралы эми.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет