presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Апта астрологиясы

Кой (21.03-20.04)
Турмушта: Аптанын биринчи жарымында ден соолугуңузга кам көрүү менен дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү сунушталат. Сергек жашоого өтүп, көңүлүңүздү көтөрүү, ден соолугуңузду чыңдоо, мүчө келбетиңизди калыбына келтирүүгө шарт түзүңүз. Үй тиричилигиндеги иштерди аптанын экинчи жарымына калтырганыңыз оң. Бул аптада досторуңуз, сырдаш адамдарыңыз менен жолугушуудан оолак болуңуз. Сүйүүдө: Досторуңузду жеке жашооңузга аралаштырып, жакын адамыңыз менен баарлашуудан абайлаңыз. Жакын адамыңызды кызгануудан улам чыр-чатак чыгып кетиши ыктымал. Акчада: Материалдык абалыңыз бир калыпта. Бирок, акча каражатын үнөмдөп, ашыкча чыгымдан тыш болуңуз.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта: Кандай гана ишти аткарбаңыз, ийгилик сиз тарапта. Өзгөчө илимий иштер, чыгармачылык, спорт менен алектенган адамдар бул аптада чоң ийгиликтерге жетишет. Жеке жашооңузда да жагымдуу өзгөрүү болот. Дымагыңызды ачыкка чыгарбай, жетекчилик менен чыр-чатактан тышкары болуп, эмоцияңызды ичке катыңыз. Антпесе, ийгиликтен тез эле кол жууп калышыңыз ыктымал. Сүйүүдө: Жаңы таанышуулар, көңүл ачуулар күтүлөт. Бирок, сүйүү сезимдери кыска болот. Акчада: Көптөн күткөн киреше булактары ачылат. Аны сарамжалдоо менен үй-бүлөлүк бюджетти калыбына келтире аласыз.
Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта: Бул аптада үй-бүлөдөгү документтерди текшерип, жаңы бизнес ачууга аракет кылсаңыз, ийгилигин берет. Үй тиричилигине көңүл бөлүп, оңдоо иштерин колго алыңыз. Аптанын аягында чала тааныш адамдардан сак болуңуз. Алыска жол жүрүүдөн баш тартканыңыз оң. Жакын туугандарыңыз менен баарлашып эс алуу жагымдуу маанай тартуулайт. Сүйүүдө: Жакын адамыңыздын түшүнбөстүгүнөн жан дүйнөңүз жабыркаган учур. Сүйгөн адамыңызды сактап калгыңыз келсе, убактылуу алыстаганыңыз оң. Акчада: Киреше кирет, бирок аны сарамжалдуу пайдаланууга аракеттениңиз.
Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта: Кызматыңызга байланыштуу келишимдер, мамиле түзүү ийгилик жаратат. Бирок, аптанын акырында тобокелге салбаңыз. Досторуңуз менен эс алууга чыгып, жол жүрүү көңүлүңүздү көтөрөт. Сүйүүдө: Жакын адамыңыз менен мындан аркы мамиле тууралуу сүйлөшүп алганыңыз оң. Антпесе, көңүл калуулар, түшүнбөстүктөр чыгышы күтүлөт. Акчада: Ири өлчөмдөгү финансылык келишимдерди түзүүдөн, кредит алуудан баш тарта туруңуз.
Арстан (24.07-22.08)
Турмушта: Табигый тамактанууга көбүрөөк басым жасап, ашыкча салмактан арылууга ыңгайлуу апта. Бул сиздин ден соолугуңузга оң таасирин тийгизип, мүчө боюңузду бир калыпка келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Аптанын акырында эс алуу, саякатка чыгуу күтүлөт. Сүйүүдө: Жакын адамыңыздын кулк-мүнөзүнө жараша анын кежирлигин көтөрүп, ашыкча чыр-чатактан оолак болуңуз. Акчада: Тааныштарыңыздан, жакын туугандарыңыздан материалдык жардам келет.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта: Апта башында жагымдуу адамдар менен жолугушуу, кызмат боюнча таанышуулар күтүлөт. Жуманын экинчи жарымында жандүйнөңүздү оорута турган жагымсыз адамдардан оолак болуңуз. Сизге жагымсыз маанай тартуулаган адамдын мамилесинен стресске кабылышыңыз ыктымал. Андыктан, келечекке койгон ой-максаттар тууралуу көбүрөөк кыялданып, досторуңуз менен эс алууга чыгыңыз. Сүйүүдө: Жаңы таанышуулар, көңүл ачуулар, романтикалык жолугушуулар күтүлөт. Сүйгөн адамыңыз менен жагымдуу жакындашуу болот. Акчада: Финансы маселелерине так болуп, шылуундардан абайлаңыз.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта: Бул аптада үй-бүлөлүк маселелерди, көйгөйлөрдү чечип, үй тиричилигине көбүрөөк көңүл буруңуз. Үй-бүлөлүк ынтымакты, мамилелерди бир калыпка келтирип, досторуңуздун кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Жашооңуздагы жагымсыз көрүнүштөрдү унутууга аракет кылыңыз. Сүйүүдө: Жакын адамыңыз менен мамилени үзгүңүз келбесе, жагымсыз сөздөргө көңүл бурбаңыз. Акчада: Күтүлбөгөн ири соода жасоо менен үй-бүлөлүк киреше булагы чыгымга учурайт.
Чаян (24.10-22.11)
Турмушта: Алыстагы досторуңуз менен баарлашып, коомдо, дүйнөдө болуп аткан жаңылыктардан кабар алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Достордун саны арбыйт, жаңы таанышуулар күтүлөт. Аптанын экинчи жарымында туугандарыңыз менен чатакташуудан, урушуудан алыс болуңуз. Антпесе, чыр-чатактын күнөөкөрү болуп калышыңыз ыктымал. Сүйүүдө: Эмоцияга, ачууга алдырбай, жакын адамыңызды түшүнүүгө аракет жасаңыз. Акчада: Акча маселесине байланышкан келишимдерди түзүүнү, кредит алууну токтото туруңуз. Ийгилик сиз тарапта эмес.
Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта: Аптанын биринчи жарымында аброюңузду жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андыктан, материалдык каражат жумшоого туура келет. Бирок, кетирилген чыгымдар тез аранын ичинде эле ийгилигин берет. Аброюңузду дагы жогорулатуу үчүн сиздин сөзмөрлүгүңүз да зарыл. Жуманын аягында жол жүрүүдөн сак болуңуз. Сүйүүдө: Жаңы таанышкан адамдардан, чала тааныштардан сак болуңуз. Сезимиңизге бүлүк салчу жаңылыкты угузушу ыктымал. Акчада: Тобокелчиликке сала турган, финансы маселелерине аралаша бериңиз, ийгилик сиз тарапта.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта: Билимиңизди өркүндөтүп, кызыктуу маалыматтарды алууга ыңгайлуу апта. Сизди илимий иштерде да ийгилик коштойт. Аптанын экинчи жарымында жакын адамыңыз менен жолугушуу күтүлөт. Ал адам менен кызыктуу баарлашып, келечектеги максатыңызды ишке ашырууга кыялданасыз. Сүйүүдө: Көпчүлүктүн көңүл борборунда болуу менен чыныгы сүйүүнүн даамын татасыз. Акчада: Жуманын аягында акча маселесине байланышкан иштерди жасоодон оолак болуңуз.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта: Аптанын биринчи жарымында көпчүлүккө табышмак болгон кырдаалды аныктоодо чындыкка жетесиз. Өзүңүздүн ички туюмуңузга ишенип, белгисиз жагдайларды изилдеп чыгасыз. Жуманын экинчи жарымында айдын тутулушунан улам эмоцияңыз сыртка чыгып, жакын адамыңыздын көңүлүн оорутуп коюу коркунучу бар. Андыктан, чыр-чатактан алыс болуп, эмоцияны ичке катып, кызматыңызга, ден соолугуңузга көбүрөөк көңүл буруңуз. Сүйүүдө: Сүйгөнүңүздүн көңүлүнө карап иш кылыңыз. Акчада: Киреше менен пайдалуу иштерге жумшала турган чыгаша да күтүлөт.
Балык (20.02-20.04)
Турмушта: Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликке жетишесиз. Бардык жардамдар өз натыйжасын берет. Аптанын аягында ден соолугуңузга көбүрөөк көңүл бөлүп, өнөкөт оорулардын алдын алыңыз. Ашыкча иштерди жасоодо абайлаңыз. Стресске кабылып, ден соолугуңузга зыяны тийип калышы ыктымал. Сүйүүдө: Жаңы таанышкан адам сиздин тагдырыңызга жазылган өмүрлүк түгөйүңүз болуп калышы мүмкүн. Эгерде башыңыз бош эмес болсо, жакын көңүлдөш табасыз. Акчада: Күттүргөн акча маселеси чечилет. Кирешелүү апта.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??