Пейджер


Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

28-июлда "Пейджер"
менен
сүйлөшкөндөр:

П-913. Теңир-тоолук туугандар! Ажайып кооз Арпа, Ак-Сай жерлериңерди Кытайга алдыра көрбөгүлө, бизге окшоп. Бычакка сап жигиттерибиздин жоктугунан, келген конокторго жумуртка ыргыткан мас келиндерибиздин азабынан калдайган Каркырабыз казактарга кетип, көзүбүздөн жаш, ичибизден кан өтүп отурат. Көл эне.
П-914. Турусбек Мамашов, Данияда өткөн Санта Клаустардын бүткүл дүйнөлүк конференциясына кыргыздын Сантасы эмнеге барбай калды? "Кыргызстан - Санта Клаустардын мекени" деген жөн эле сөз го. Же шайлоодо буту-бутуңа тийбей чуркап жүрүп унутуп калдыңбы? Аяз Ата.
П-915. "Сүрөтүң калып өзүң жок" дегендей, Жеңишбек Назаралиевдин башы Боом капчыгайында чапталбаган таш калбаптыр. Деги өзүң ташка жакын жигитсиң. Ичкүйдүңдү, ызаланганыңды таштардан чыгарып атыпсың. Беккелди.
П-916. Эгер батинкелерибиздин тамандарынын чыдамдуулугу бийликтин бетиндей болгондо 20 жылга чейин жаңыртпай кийип, 20 жылдык батинкебиздин акчасы үнөмдөлүп, кыргыздар байып жатып калмак экенбиз. Канымгүл.
П-917. Шайлоо ушунчалык "таптаза" өттү дейсиң, тим эле же күлөрүңдү, же ыйларыңды билбейсиң. Ажобуз марага эч кимге жеткирбей, автоматический биринчи келбедиби. Ой, тобо-о, "укмуштуунун төөсү жорго" дегенге чын эле ишенип калдым. Эми жерлерибизден, эр-азамат жигиттерибизден таптаза ажырап калып, кара көзүбүз кашайбаса эле болду. Көрөгөч Мамыт.
П-918. Жерибизде ар дайым күн тийип турсун,/ Желеги кыргызымдын бийик турсун./ Жерин саткан, эр-азамат уулун саткан залимдерди,/ Манастын, хан Кошойдун арбагы урсун. Ак сакалдуу карыянын батасынан.
П-919. Так талаштан жеңип кондуң кандыкка,/ Үй-бүлөлүк кайтпай бийлик кардыкка./ Өзүң жарды, эли-журтуң бай болсун,/ Командаңды жумша камкор-камдыкка!.. Эркин Жаныбеков.
П-920. Үзөңгү-Кууш, Каркыра,/ Сатылып кетти бөлөккө./ Азыркы бийлик жүзүнө/ Түшүрдү кара көлөкө./ Ак-Сай, Арпа жайытын,/ Сатам деп турат оолугуп./ Караңгы көргө салбасын,/ Кадимки хан Кошой бабам жолугуп./ "Хандын башын хан жутат"/ Деген сөзү элимдин./ Эгерде туура, чын болсо,/ Жерин саткан жексурлар./ Элибизден жоголсо. Тоолук кыргыз.
П-921. Ажолук марага жетпегендер, тушооңорду качан кесесиңер? Ийгиликтин эрте-кечи жок эмеспи. Тушоо кесүү тоюңарга мени унутпай чакырып койгула. Жаңыл.
П-922. Падышам, өрт чыкпаска канча бөлөп,/ Ишиңди кое туруп толгон бөлөк,/ Тажикти каптап келип жашап жаткан,/ Жериңден кубалай көр алдын бөгөп!.. Эркин Жаныбеков.
П-923. Чыгармачыл инженер-конструкторлор, тезинен бир-эки адамдык вертолет ойлоп чыгаргылачы, Ленин заводунда токарлар жетишерлик. Пересадка-мересадкасы жок эле жаңы Дыйкан базарына учуп барып, удобный соода кылып калабыз. Экономика деп мына ушуну айтса болот. Караш Насер.
П-924. Шайлоо бүттү. Жаңы аталуу болобуз го деп жатсак, бактыбызга өз атабыз менен калдык. Эми атабыздан өтүнүч, бизге эч нерсенин кереги жок. Светти гана өчүрбөсөңүз, биз сизди түбөлүккө атакелеп жүрөбүз. Алмаз.
П-925. Акаев Үзөңгү-Кууш менен бирге Ат-Башынын элин кошо сатып жибергенби, өткөндө үйдүн ичин байкаштырып карап көрсөм, апам тигип берген дамбалдан башкасы бүт кытайдын оокаты экен. Мамбетов А.
П-926. Биз, ат-башылыктар, жаңы ажобуздан суранабыз. Тиги беларусь ажосуна айтып бизге чалгы, орок, тырмоо чыгарган завод курдуруп берсеңиз жакшы болот эле. Быйыл жаан-чачын көп болуп, ташка да чөп чыкты. Азыркы кытайдын чалгылары ташка тийип сынып калып атат. Самат.
П-927. Биз, ат-башылыктар, Арпа менен Ак-Сайдагы берилет деп аткан жерди кашык каныбыз калганча коргойбуз. Бийлик күч колдонсо, 1916-жылдагыдай Кытайды көздөй үркөбүз. Үрүмчүдөгү уйгурларга кошулуп алып, кайра Кыргызстанга кол салабыз. Алмаз.
П-928. Кыргыздар уяттан тайып калыптырбыз. Жаш Гвардия бульварында эки эркек, бир көчүгү ачылып калган бомж аял жатат. Мастарды бала-чака, аял-эркек эчтеке эместей бардыгы тиктеп өтүп, жок дегенде "и-ий" деп бетин чымчып уялып койгон киши жок. Караш Насер.
П-929. Өзгөн районундагы Шоро-Башат айылында жашап жатышкан кайнага, кайнеже, кайынсиңдилериме, энеме, Самидиновдордун үй-бүлөсүнө салам жолдойбуз. Чын ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Келини Ракила менен Абдимуса.
П-930. Быйыл Ат-Башы дарыясы сайга батпай, толтура кирип Токтогул ГЭСине куюп жатат. Эгер быйыл ат-башылыктардын светин өчүрсөңөр, орто жолдон дарыябызды бууп, Ат-Башы-Ата деген мини ГЭС куруп алабыз, Кулов менен бирдикте. Нукура ат-башылык.
П-931. Ошто жашап, иштеп жатышкан аяшым Оморов Өзгөнбайга, балдарына, келинчеги Гүкүгө, Азизге салам жолдойбуз. Аларга чың ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик каалайбыз деп аяшы Ракила, досу Абдимуса.
П-932. Экинчи жолу президенттикке шайланып жаткан президентибиз Курманбек Салиевичти менин командамдын атынан шайланганы менен куттуктайбыз. Чың ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик каалоо менен бирге, алдыга койгон максатына жетишине тилектешпиз. Кошкатаева, жолдошум Калматов.
П-933. Кожоматов Болотбектин 27-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Таежеси Ракила, жездеси Абдимуса.
Жеңүүчүсү - Алмаз (927), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган Гүлжан ИЛИЯЗОВА






Warning: include(0731.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/09/0731_28.htm on line 79

Warning: include(0731.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/09/0731_28.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '0731.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/09/0731_28.htm on line 79