mainkaptal
Пользовательский поиск
  Бизди дагы угуп койгула!

Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
(№27) 10-июлда "Агым" гезитине жарыяланган "Жашоодон кечип кетсин дебатасыңарбы" деген Азисов Автандилдин макаласына жооп.
Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн кургак учук жөнүндө маалымат. Анын эки түрү бар. Биринчиси, жаңы табылганда 6-8 ай дарылануучу түрү. Экинчиси, биринчи жолу дарылагандагы дарыларга туруктуу түрү, тагыраак айтканда, ошол дарылардан кургак учук микробу өлбөй турган түрү. Мунун себеби, биринчи дарылануу убактысында ар кандай себептер менен дарыларды ичпей коюу. Ушул убакта кургак учук микробдору өзгөрөт да (мутация болот), ал дарыларга туруктуу болуп калат. Кургак учукту дарылоо көп убакытты талап кылат. Дарылоо убактысы 18-24 айга чейин созулат. Муну башка жаңы дарылар менен дарылайт. Дарылар Эларалык Глобалдык фонд аркылуу алынат. Бир гана оорулууга берилген дарылардын баасы 7000 долларды түзөт. Эгерде оорулуу дарыларды бир күн ичип, бир күн ичпей койсо, айыгышы татаалдайт. Дарыны ичпей коюу көп убакытка созулса, бул оорудан айыгуу кыйын. Жаңы дарыларга да микроб көнүп калат. Оорунун белгилери кайра күчөйт. Эң жаман нерсе, жаш балдардын, өспүрүмдөрдүн бул ооруну жугузуп алуусу. Кокус ноокастар алкоголь ичимдиктерин ичсе, баңги заттарды колдонсо, организм кандай кыйынчылыктарды кабыл алаары айтпаса да түшүнүктүү.
Эми биздин ноокасыбыздын оору баянына кайрылсак, Азисов Автандил 2006-жылдын январь айынан баштап 2008-жылдын февраль айына чейин кургак учукту дарылоонун жаңы методу менен дарыланган. Дарылануу 24 ай бою жүргүзүлгөн. Бул убакыттын ичинде айыккан жок. Себеби, дарыларды ичпей жүрдү. 2007-жылдын биринчи 4 айында 3-4 күндөн ичпей коюп атты. Врачтар Автандил менен кайра-кайра сүйлөшсө да болбоду. 30-майдан 23-июлга чейин таптакыр таштап койду. Врачы Шейшеева Минара абдан убара болуп чакырып атып тубдиспансерге келтирди. Анализдери начар чыкты (жугуштуу деп). Өпкөсүндө оорунун күчөгөнү билинди. Шаардын кургак учук ооруканасына жиберилсе, ал жактан 21 күндөн кийин үйүнө кетип калды. Андан кийин дарыларды дагы ичкенди 1 ай (ноябрдан декабрга чейин) себепсиз токтотту. Сүйлөшө келгенде күнүгө тубдиспансерге келбейм деди. Врачтар (туруктуу кургак учук боюнча шаардын координатору Сорокина В.Г. менен директордун орунбасары Песина Е.Л.) анын ден соолугу үчүн кабатыр болуп, түшүндүрүүгө аракет кылышты. Эми Автандилди Воронцовка айылындагы бөлүмгө барып дарылангын деп айтса макул болбоду. Кайра-кайра айтып атып араң дегенде бир айдан кийин жаткызышты. Бул бөлүмдө ал ичимдик ичип, башка оорулуулар менен урушуп жүрдү. Медсестралар, Абдыбаева Жаркын баштап дары ичсин деген аракетин, бөлүм башчы Таджикованын арак ичкенге болбойт деген сөзүн четке кагып, сөгүп да атты. Бир айдан кийин мындай кылыктарына байланыштуу ооруканадан чыгарылды. Акырында (28.02.08) дарылоо токтотулсун деген тыянакка келдик.
Участкалык врачы Шейшеева ооруканага июль айында дагы жаткын деди, бирок Азисов макул болбоду.
2008-жылдын 30-октябрында врач Шейшеева менен шаардын эпидемиологу №85 мектебин текшерүү убагында Азисовдун бул мектепте кароолчу болуп иштеп атканын көрүштү. Көрсө, аялы бул мектептин завучу экен. Шейшеева Азисовдун окуучуларга кургак учук оорусун жугузуу коркунучун туудуруп атканын мектептин жетекчисине айтты.
Азисов Шейшеевага кол салганга чейин барды. Шейшееванын күнөөсү эмнеде? Азисовдун аркасынан дарылан деп чуркап ооруканага жиберип атканыбы, же андан эчтеке чыкпагандан кийин жаш өспүрүмдөрдү сактап калайын деген аракетиби?
Врачтар консилиумдан Жети-Өгүздөгү ооруканага жиберели деп чечип, ал ошол жакка жиберилди. Ооруканада болгон дарылар менен дарыланып атты. Анткени бул долбоор боюнча дарылануу мүмкүнчүлүгүн Азисов экинчи жолу алалбайт эле. Бул долбоор боюнча ооруларга кайрадан бул дарылар берилбейт.
Ар бир оорукананын бир жылга бөлүнгөн бюджети болот. Эсептеп көрсөк, бир оорунун дарысы 7000 долларды түзсө, бир оорукананын бюджети ушунча каражатты көтөрө алабы? Жети-Өгүздөгү кургак учук борборунда жылыга 200-250 оору дарыланат. Бюджет боюнча алынган дарылар июнда түгөнгөн экен. Азисов Автандил Жети-Өгүздөн июнда ичип аткан дарысы түгөнгөндө үйүнө кетти.
Май айынын аягында 4 врачтан турган консилиум Жети-Өгүздө дарыланып аткан 110 ооруну көргөнгө барды. Ал 18-24 ай дарыланган 16 ооруну "айыктың" деп чечим чыгарышты.
Азисов Автандил жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинде 2-июлда бөлүм башчысы Пайматов С.Ш. жана ГУМПнын башкы адиси Кухранова менен талкуулоо болгон. Жыйынтыгында, дарылоо туура жүргүзүлгөн деп тыянак чыккан.
Азисов Автандил макаланын аягында мындай бүтүмгө келиптир, "ДОТС+ долбооруна миңдеген долларлар бөлүнүп жатса, ооруларды чилче таратып жатышат" деп. Оорудан айыгам деп каалаган оорулуулар дарыланып атышат. Врачтар көп аракет кылышты. Азисов 7000 доллардын дарысын бекер ичсе да баалап ичпеди. Эмне үчүн ал өз жүрүм-туруму менен коомго коркунуч туудуруп атат?

Участкалык фтизиатр Шейшеева М.Ш.
МЛУ-ТБ республикалык координатору м.и.к. Токтогонова А.А.
МЛУ-ТБ Бишкек шаары боюнча координатору

Сорокина В.Г.
Мээрман айым Абдыбаева Ж.




  Сандан санга: сериал

Келдибек НАЗИРОВ
Сапардагы махабат
Мехмет Улараны сойкуканада иштейт дегенден кийин мен анын ким экенин түшүндүм. Анын ушул сөзү эртеби-кечпи сен да сойку болуп иштейсиң деген белгиси эле. Мен ушул ишке барарымды түшүнүп турдум. Мехмет мени Андрейдин алдына эки күн удаа салып берип, кабагым-кашым деп да койгон жок. Демек, ал үчүн акча башкы орунда.
- Улара сойкуканада иштесе, анда мен качан барып иштейин? - деп Мехметке тигилдим.
Ал менин көпкө карап туруп:
- Өзүң да сезип калган турбайсыңбы. Мен сени жакшы көрөм. Бирок, ойлоп көрсөм экөөбүздүн жолубуз эки башка экен. Ошондуктан бир аз иштеп бер. Үйүңө көп акча берип өзүм узатам. Сен тиги кыздардай көрүнгөн эле кардар менен жатпайсың. Ошондуктан чочубай эле кой. Иштеп тапканыңды тең бөлүшөбүз, - деди.
Ошондо баарынан түңүлдүм. Ичкиликтен башым ооруп турганда Мехметтин сөзү кошумча болуп, мээм жарылчудай ооруп чыкты. Ошол учурда кимдир бирөө бир ууртам уу бергенде, токтоосуз ичип жиберүүгө даяр элем.
Эртеси Улараны чыгарууга түш ченде бардым. Менин ишимди караган тергөөчү:
- Ушинтип бөтөн жерде кыйналып жүргөнчө мекениңерге эле кетип калбайсыңарбы. Жашаган жериңер же иштеген ишиңер жок. Жалданып иштесеңер, эмне болсо да силер күнөөлүү боло бересиңер, - деп чын дилинен кеңешин берди.
Улара аз эле күндө өңүнөн азып, кадимкидей чөгүп кетиптир. Балким менден башка болсо аны кечирмек эмес. Дал ошонун айынан азыркы кейпимди кийдим. Бирок, эмнеси болсо да кыргыз эмеспи, бөтөн жерде жүрүп мен колдобосом, ким колдомок эле деген ой мени башкарып алды. Мехмет берген акчага бир сыйра кийим-кечек алып, анын кызы жашаган үйгө келгенибизде башка кишилер чыкты. Көрсө, үй сатылып кетиптир. Улара ошол жерден эчкирип ыйлап жиберди.
- Билгем, - деди ал, - ушундай болорун билгем.
- Эмнени билгенсиң, табышмактатпай айтчы.
Ал ого бетер озондоп, башы менен дубалды сүзүп, акылын жоготкондой чачын жулуп жатты.
- Улара, түшүндүрчү байболгур, эмне болуп кетти? Эсиңе келчи! - деп эки колунан бекем кармап силкилдетип жибердим.
Ал эч нерсе сүйлөбөй көпкө чейин ыйлады да, "бул жерден кетеличи" деп бирөө башка чапкандай теңселе жөнөдү. Мен эч нерсеге түшүнгөн жокмун. Улара түз эле алгачкы кезиккен кафеге бет алды. Курсагы ачса керек деп анын кандай тамак жей турганын сурадым.
- Арак алыңыз, эже, арак… - деп көз жашын куюлтуп, мурдун тартып алды.
Ошондо менин да ичким келди. Экөөбүз арак алдырып, четтеги үстөлгө отурдук. Кичинеден куюп ичкенден кийин Улара сөзүн баштады:
- Кызымды алып кетишти.
- Кандайча алып кетишет, каякка?
- Запчастка, өпкө-боорун алып сойгонго.
- Түшүндүрүп айтчы, байболгур, эмне деп дөөрүп атасың?
- Дөөрүгөн жокмун. Кандай түшүнбөйсүз? Кызымдын канын, ички органдарын сатышат.
Мен дагы эле түшүнбөй, эч нерсеге башым жетпеди.
- Эже, азыр адамдын бөйрөгү же боору оорулуу болуп керектен чыкса, башка бирөөнүкүн алып салса болот.
Муну укканда үрөйүм учуп, оозум ачылып эле калды. Ошол токсонунчу жылдардын башында бул сөздү укканым бар эле. Бирок маани берген эмесмин.
- Сен муну кайдан билесиң?
- Мен кичине кезимде ата-энем ажырашып кеткен. Бул жашоодо көрбөгөнүм көр калды. Атургай киши да өлтүрдүм. Со йкулук кылдым, киши жасабагандын баарын жасадым. Бир аялды өлтүрүп, Россияга качып келгенде мен Мирлан аттуу жакшы жигитке жолуктум. Экөөбүз жакшы мамиледе болуп, мен аны сүйүп калдым. Ал баш кошолу деп кыйнайт. Мен макул болбодум. Анткени, эртеби-кечпи таржымалым билинсе ажырашып кетмек. Кулак укпаган, көз көрбөгөн тарапка качып жоголоюн дегем, бирок мен үчүн кең дүйнө тардык кылып туруп алды. Акыры Мирландан боюма бүттү. Ал салкым мамилемден улам мени сүйбөйсүң деп көп айтчу. Бирок ага түшүндүрүүгө кубатым жетпеди. Ошондуктан ага айтпай туруп ушул шаарга качып келдим. Жашаганга жайым жок көп кыйналдым. Казак кыздарга жолугуп, алар жакшы жардам беришти. Эптеп төрөп алсам наристемди эш тутуп, ошонун деми менен жашайм деп тилек кылдым. Анүстүнө аял төрөсө бардык күнөөсү жуулат деген сөзгө ишендим. Ошентип кыз төрөдүм. Албетте, балам менен жашоо мен үчүн жеңил болгон жок. Ошондой күндөрдүн биринде Сауле деген казак кыз мага "сойку болуп иштебейсиңби" деп кеңеш берди…




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет


ПОИСК ГАЗЕТЫ