presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күйдүм чок

Азыр кадам сайын арзыматтарга жолугасың
Президенттик шайлоонун шарапаты менен капчыктарын кампайтуу ырахаты ырчыларыбызга ыракым этилиптир. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарында тартынбастан эле тигил же бул талапкер "колдоп ырдап бер" деп чакырганын, канча акчага соодалашканын жарыя кылган "жылдыздарыбыз" арбын болду. Көшөгө артында көмүскө чуркаган ырчыларыбыз да биртоп. "Пулуң болсо кулуңмун" деген аң-сезим, тарбия же арзыматтыктын арааны ар кандай шайлоолордо ар дайым ачылып, туруктуу көрүнүшкө айланып калды. Мейли, бечара жылдыздар жыргаганынан ошентип чуркап жатышыптырбы дейли. Жашоо-тиричилик, көроокат, жакшы жашоого умтулуу айрым учурда ар-намысыңды да тебелеген заман болду го...
Бирок, эмне үчүн учурда иштеп жаткан президент же президенттиктен үмүт эткен талапкерлер "жандооч ырчыларын" же тагырак айтканда, арзыматтарын жакшылап тандап алышпайт? "Досуңду көргөзчү, ким экениңди айтып берейин" деген накыл кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай арзыматтарын карап туруп эле ошол талапкердин маданий деңгээлин да аныктаса болот. Шайлануучулардын үгүт иштеринде долларга сатылып чуркагандар кимдер? Жалаң эстрада ырчылары. Арасында мектеп жашынан жаңы эле мойнун кылтайткан мотурайган чычымдар. Анда кандай болот, шайланган президентибиз эртең "ак кызматы" үчүн эстрада ырчыларын ыраазы кылып наамдарды ыйгаруу вазийпасын аткарышы мүмкүн. Орустарда бар го "долг платежом красен" деген кеп. Муну менен эртең Кыргызстанда жалаң эстраданы, болгондо да коомду тажатып бүткөн "котур" эстраданы гүлдөтүүгө жол ачабыз. Анткени болочок президентти эл артисттери эмес, фонограмма менен эптеп эки ыр созгон эстрада ырчылары жандап жүргөнү ошого түрткү берет. Байкашымча, президенттикке талапкерлердин биринин да деңгээли эстрададан карыш көтөрүлө алган жок. Эми карап көрсөңүз, Маданият министри С.Раев ушул кызматка келгенден бери эле фонограмма менен күрөшүүсүн баскан-турган жеринде байма-бай жарыялап келет. Мыйзам да кабыл алып жиберишти окшойт. Ак кагаз бардыгына түтөт дешет, көрсө, ооз менен да орок оро берген заман келген тура. 24-июлда Россиядан алдырып келген жылдыздар да фонограмма менен ырдаганы ырас. Чоң энесинин аброю менен атак алып жүргөн Стас Пьеха жана эротикалык жүрүм-туруму менен ММКдан түшпөгөн Жанна Фрискени чакырып келүүнүн кандай кажети бар эле? Деги эле орус эстрада жылдыздарын чакырууну адатка айландыруу тээ Акаевдин учурунан башталган. Эгемендүүлүктүн канча бир жылдыгында эл артисттерибиз түгөнүп калгансып, орус "булбулу" Н.Басковду чакырып Ала-Тоо аянтына эки саат ырдатканы эсимден кетпейт. Кыргыздын эгемендүүлүгүнө орустун Николай Басковунун кандай тиешеси бар дейм да. Андан да "Шоро" компаниясынын 10 жылдыгына татар кызы Алсуну алып келип ырдатканда да биздин улуттук суусундук шорого Алсунун кандай тиешеси бар деп дагы бир күйгөм. Бишкек шаарынын кайсы бир жылдыгына Россияга кетип калган Светлана Назаренко аттуу ырчы кызга шарт эле "эмгек сиңирген артисти" наамын белек кыла койгонбуз. Көрсө, тобунун аты "Город-312" экен. Ошол 312 деген башкатырма сан Бишкекке тиешелүү экендигин сканворд, кроссворд чечкен "акылдуулар" эле чечмелей албаса, карапайым калк эмнесине эмгеги өтүп кеткенин түшүнбөгөн бойдон эле калды. Канчалаган таланттарыбыз наам алалбай эле о дүйнөгө узап кетип жатышат... Өзүбүз мыкты ырчылардан өксүк эмеспиз да. Жанагы коноктор ири суммадагы доллар менен гана соодалашары баарыбызга маалым. Мына "жаңы" президентибиздин ант алуу аземине дагы Россиянын айрым бир жылдыздары чакырылыптыр деп угуп жатабыз.
Ой кыргыздар, намыс кайда? Тойдун көркүн ачар кыргызда талант калбай ташыркап калганбызбы? Миллиондогон долларды ошолордон көрө кыргыз ырчысына берип "багын ачсак" жаман болот беле? Шайлоонун үгүт иштерине мамлекеттин эсебинен эмгек акы алып жаткан эл артисттерин ырдатып, филармониядагы эл аспаптар оркестрин жана башка фольклордук ансамблдерди, опера ырчыларын тартууга болбойт беле? Дүйнө кезип комузун шартылдаткан, чопо чоорун сыбызгыткан ансамблдер, төк десе куюлуштура жамгырдай жаадырган төкмөлөр, ыр десе ырдаган, бий десе бийлеген, эларалык конкурс, фестивалдарда байгелүү орундарды алып келген балдар коллективдери бар. Ошолор тойдун көркүн ача албайт бекен?
Элдин эртеңи үчүн деп ураан көтөргөн талапкерлер аң-сезими калыптана элек жаштарды "акча берсең ар жагын өзүм жайлайм" деген принципке тарбиялап жаткан жокпу? Менин оюмда шайлоолордо таланттарды талапкерлерди мактоого, жактоого эмес, жөн гана эл көңүлүн көтөргөн, ынтымакка, тынчтыкка үндөгөн той маанайында концерттерди уюштурсак, андан талапкерлер да, талпынган таланттар да, элибиздин эс-акылы да утат беле. Себеби тоо булбулу Токтогул эл ырчысы, эл таланты болуп эсте жашайт, ал эми күнүмдүк чөнтөктүн кулу Арзымат кошоматтыктын гана символу катары айтылат. Аны элибиз эч качан ырчы катары кабыл алган эмес.





  Обон-казына

Эсимде
Кылым карытар кыргыз обондоруна залкар комузчу жана обончу Атай Огонбаевдин "Эсимде" аттуу ыры кирери талашсыз. Бул ырдын алгачкы аткаруучусу катары Атайдын замандашы Муса Баетовду билебиз. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз өнөрүнүн I декадасында ошол кезде жаңы түзүлгөн эл аспаптар оркестри менен (жетекчиси П.Шубин) ырдап, кинотасмага түшүрүлүп, тарыхый тасма катары кээде көрсөтүлүп калат. Мен билгенден Муса Баетовдун элеси түшүрүлгөн жалгыз тасма.
Атай Огонбаевдин "Маш ботой", "Марш камбаркан", "Ак тамак, көк тамак" сыяктуу керемет күүлөрүнүн катарында "Ой булбул", "Күйдүм чок", "Эсимде", "Гүл", "Жаштарга" сыяктуу ырлары турат. Ошолордун ичинен "Эсимде" туура жетимиш жылдан бери ырдалып келе жатканын жогорку тасмадан улам айтсак болот. Андан бери не деген гана атактуу ырчылар аткарган жок бул ырды. Өздүк көркөм чыгармачылыгынын катышуучуларынан эл артисттери, ал эми бүгүн эстрада ырчыларына чейин улам жаңыртып, ар кандай аранжировкалар менен ырдап келишет. "Эсимденин" сөзү кыргыздын таланттуу акыны Жусуп Турусбековго таандык.
Атайдын ырларынын кайрыктары кыргыз композиторлорунун ар түрдүү жанрдагы чыгармаларында пайдаланылды. Ал эми композитор А.Түлөев "Атай" деп аталган симфония жазган. Симфониянын өзөгүн Атайдын "Ой булбул", "Гүл", "Күйдүм чок", "Жаштарга" аттуу ырларынын кайрыктары түзгөн. Атайдын айтылуу "Маш ботою" атактуу А.Жумахматов тарабынан симфониялык оркестр жана комуз үчүн чебер иштелип чыгып, узак жылдардан бери угармандарга ырахат тартуулап келет.
А бүгүн болсо бардыгыңыздардын жадыңардан чыкпай келе жаткан "Эсимдени" дагы бир жолу эсиңиздерге салып турабыз.


Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде.

Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде,
Турмуштун сыры тереңдеп.


Агарып тоодон таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан.
Калды да бекен эсиңде,
Кыйышпай күлө карашкан.

Антыңды ойлоп таңдагы,
Көңүлүм сенден калбады.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөй болсун алганы.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??