presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Чжо Линь-Дэн СЯОПИН
Кытайдын экс-лидери жана экономикалык реформатору Дэн СЯОПИНдин жубайы 93 жашында шаршемби күнү көз жумду. Эске салсак, Линь айым тарыхта калган кытай лидеринин үчүнчү жубайы болгон. Беш баланын энеси эле. Кызыгы, жубайы Дэн СЯОПИН да дал ушундай 93 жаш курагында дүйнө менен кош айтышкан.
Николя САРКОЗИ
Күндүн ысыгынан жана акыркы кезде чарчап-чаалыгуудан кыйналгангабы, Франциянын лидери дарыгерлердин жардамына кайрылып, алардын кеңеши менен эки күн эс алды. Ал эми жума ортосунда кайрадан ишке киришип, Елисей ордосунда өкмөттүн кеңешмесине катышты.
Уго ЧАВЕС
Венесуэла президенти Колумбия менен болгон мамилесин үзүп, ал жактагы элчиликти чакырып алууга буйрук берди. Буга Колумбия өз аймагынан америкалык аскердик күчтөргө 5-7 аскер базасын бергени жана аталган өлкө президенти Франсиско Сантостун Венесуэла жаатындагы акыркы билдирүүлөрү себеп болду.
Яап де Хооп СХЕФФЕР
Бул мырза НАТОнун башкы катчылык ыйгарым укуктарын бүгүн тапшырат. Кечээ акыркы иш күнүн Брюсселдеги штаб-квартирада өткөргөн Яап Схеффер мырза альянстын аскердик операциялары маалында каза болгон жоокерлерди эскерип, жубайы экөө гүл койду. Ал эми жаңы башкы катчы Андерс Фог Расмуссен 3-августта кызматына киришет.
Далай ЛАМА
Тибеттин рухий лидерине жума ортосунда Польша борбору Варшаванын ардактуу жараны деген наамды тастыктоочу күбөлүк тапшырылды. Далай Лама сый аземинде поляк жана варшавалыктар эч качан өз рухий күчтөрүн жоготпогондугун, ошондой эле Борбордук жана Чыгыш Европанын трансформацияланышында зор роль ойногондугун белгиледи.
Мухаммед VI
Марокконун падышасы тактыга келгенинин 10 жылдык мааракесине карата өз өлкөсүндөгү 24 миң айыпкерге мунапыс жарыялады. Абактагылардын 16 миңи боштондукка чыгып, 8 миңинин жазасы жеңилдетилет. Алардын ичинен өлүм жазасына тартылгандардын айрымдарынын жазасы өмүр бою камак менен алмаштырылды.
Виктор ЮЩЕНКО жана Виктор ЯНУКОВИЧ
Украинанын дүйнө тааныган бул эки лидери август ичинде уулдарын үйлөп, кайната болушат. Президенттин уулу Андрей Ющенко өз үлпөтүн расмий жарыялабаганы менен, Лиза аттуу сулуунун колун кармаганын белгилеп, 25 кишиден турган чакан салтанат өтөрү айтылууда. Ал эми кенже Виктор Янукович үйлөнөрүн тастыктап, сүйгөнү Ольганын кесиби юрист экендигинен бери маалымдаган. Эске салсак, кенже Виктор Янукович да саясатта, Жогорку Раданын депутаты.
Майкл ЖЭКСОН
Ооруну басаңдатуучу күчтүү дармекти кабылдабаганда дүйнө бул таланттан айрылмак эмес экен. Мындай ойго тийиштүү полициянын жакында эле ачкан иши түртөт. Жеке дарыгери уктай албай аткан Майклга Propofol аталган күчтүү анестетик бергенин полиция сурагынан соң моюнга алды. Врачтын кадамы америкалык коомчулукта дарыгердик шалаакылык деп бааланып, ырчынын өлүмүнө башкы себепкер деп саналууда.
РОМАРИО
Дүйнөлүк футболдун бул жылдызы каржылык кыйынчылыктан улам 700 метр аянттагы батирин сатууга мажбур. Алгачкы аукциондо бааланган баасы - 4,5 млн. доллар. Белгилүү футболчунун коммуналдык төлөм жана батир тейлөө акысына 450 миң доллар, ал эми Бразилиянын салыкчыларына спортчу 420 миң доллар карыз. Эске салсак, Ромарио өз карьерасында 1000 гол киргизгендиги 2007-жылы белгиленген.
Игорь КРУТОЙ
Юрмалада өтчү "Жаңы толкун" сынагынын "атасы" аталган бул белгилүү продюсер жана композитор ушул жума ортосунда 55 жашын белгиледи. Алты жашар кызы Саша экөөнүн туулган күнү бир, бирок, жыл сайын аталган эларалык сынакка туш келип калчу. Быйыл гана ата-бала туулган күндөрүн бир белгилеп, дүйнөнүн ар бурчунан келген жаш таланттардын шыгына чогуу күбө болушууда.




  ДҮЙНӨКҮН


Дарт дүйнө. Доңуз ылаңы бир жылдын ичинде жер жүзүнүн үчтөн бир бөлүгүн камтышы ыктымал. Мындай билдирүүнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчисинин жардамчысы билдирди.
* * *
А/H1N1 ылаңынан 1012 адам курман болду. Доңуз ылаңы учурда 180 мамлекеттин 144үндө катталганы кабарланууда.
* * *
Туура бир ай мурун гана алгачкы учур катталган Индонезияда бүгүнкү күндө доңуз ылаңына чалдыккандардын саны 444кө чыкты.

Кор дүйнө. Нигериянын түндүгүндөгү ислам согушкерлери менен күч органдарынын кагылышында 300дөн ашуун адам набыт болду.

Араз дүйнө. Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалдан анча алыс эмес, этникалык грузиндер жайгашкан Никози айылы тараптан бейшемби түнү ок атуулар болгон. "Интерфакс" маалымат булагы аталган айылдан Цхинвал тарапка 82 мм калибрдүү эки мина ыргытылганын маалымдайт.

Эриш аркак дүйнө. АКШ менен Филиппин лидерлери кечээ эларалык терроризм жана экология көйгөйлөрүн талкуулашты жана ушул тармактарда тыгыз кызматташууну күчөтүү ыкмаларынан кеп козголгон.
* * *
Алгачкы АКШ-Кытай саммити эки күнгө уланып, меморандум кабылдоо менен жыйынтыкталды. Башта экономикалык маселелерге басым жасалат деп күтүлгөнү менен эки тарап талкуусунда экология башкы темага айланды. Эске салсак, дүйнөлүк атмосферага келтирилген зыяндын 40 пайызы АКШ менен Кытайга тийиштүү.

Арачы дүйнө . Гондурастагы абалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөргө отурууну арачылыкка түшүп аткан Коста-Рика президенти өтүнүүдө. Эске салсак, аталган аймактагы абал бир айдан ашуун мезгилден бери чыңалып, Гондураста утурумдук бийлик өкүм жүргүзүүдө.

Жаза дүйнө. Америкалык Холокоста музейинде ок чыгарып, полициянын өмүрүн кыркып, адамдардын саламаттыгына зыян келтирген кылмышкер АКШ мыйзамдарынын 7 беренеси менен соттолууда. Өлүм жазасына да тартылышы ыктымал.

Бек дүйнө. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги транспорттук система жана антитеррористтик чаралар үчүн 78 млн. доллар бөлмөкчү. Ошондой эле өлкөнүн 15 транспорттук түйүнүнө 240 жаңы коопсуздук кызматкерлерин ишке алуу каралат.

Түтүн дүйнө. Улуу Британияда чылым чеккендердин жарымы гана тамекиден ырахат алат. Муну "The Independent" кабарлайт. Ал эми 47 пайызы стрессти жумшартуу үчүн, ал калган 3 пайызы арыктоо, социалдык мамилелерди жөнгө салуу, ооруну басаңдатуучу каражат катары пайдаланат.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


ПАКИСТАН коопсуздук күчтөрү Түндүк-Батыш чегарадагы айылдан террорист-жанкечтиликке даярдалып аткан кеминде 200 баланы тапты. Алардын эң кенжеси 6 жашта. Жанкечтиликке тапталып аткан балдар менен баарлашуу алгач эч кандай натыйжа бербеди. Алардын иштелип чыккан аң-сезиминде жанкечтиликке барышса, бейишке чыгышмак экен.
МОЛДОВАдагы парламенттик шайлоо ЕККУнун стандарттарына жооп берет деп бааланды. Бюллетендердин 98 пайызы саналгандан кийинки жыйынтык боюнча, коммунисттер 45,1 пайыз (48 депутаттык мандат), либерал-демократтар - 16,4% (17 депутаттык мандат) либералдар - 14,4% (15 орун), демократиялык партия 12,6% (13 орун) жана "Биздин Молдова" - 7,4% (8 орун) алды. Өлкө президентин шайлоо үчүн депутаттарга 101 эл өкүлүнүн 61 добушу талап кылынат.
ИРАН. 20 чакты митингчиге оор кылмыш кылды деп айып тагылууда. Ал эми сот жараяны ушул ишембиде чыгат. Айыпталуучуларга экстремисттик топторго катыштыгы, тартип сакчылары жана аскерлерге кол салуу, курал колдонуу жана каршылаш мамлекеттерге Ирандагы ошол күндөрдөгү окуялардан сүрөттөрдү жиберген деген кинелер коюлган.
ИРАК. Багдадда шаршембиден бейшембиге караган түнү жардыруу болуп, сегиз адам мертинип, он үч адам жаракат алган.
ТҮРКМӨНСТАН президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөсүндө башкы бажы жана баңгизат менен күрөшчү мамлекеттик кызматтарынын башчыларын алмаштырды.
АЛБАНИЯ депутаттары бир жыныстагы никени мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун карашмакчы. Бул басмырлоого каршы маанилүү мыйзам болот дейт өлкө премьер-министри.
ЖАПОНИЯ юстиция министринин буйругу менен үч кылмышкер дарга асылды. Жапон өкмөтү өлүм жазасына каршы эларалык уюмдарды да укпады. Дарга асылгандардын бири эки аялдын, ал эми экинчиси менен үчүнчүсү үчтөн адамдын өмүрүн кыйган.
АКШ. Грузия менен Украинага колдоодон баш тартпайт жана алардын НАТО мүчөлүгүнө укуктарын тастыктайт деп билдирет Коргоо министрлиги.
ЗИМБАБВЕнин саламаттыкты сактоо министри өлкөдө холера эпидемиясынын токтолушун жар салды. Эске салсак, аталган дарт өткөн жылдан бери өлкөнү кыйсыпырга салып, 4000ден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.
WWW маалымат булактарынан даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??