presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?

Акүйдүн жетинчи кабатындагы каңшаарды эшитсек, күркүрөгөн күздүн алгачкы айында Чудинов өкмөтү толугу менен отставкага айдалат экен. Бошой турган орундарга азыртадан "куда" түшмөй башталып, креслолордун ставкасы асмандын башын чапчыды дешет. Бизге жеткен маалыматка караганда, премьер-министрлик кызматка оппозиция лидерлеринин бири, Транспорт жана коммуникация министрлик тууруна парламенттеги "Акжол" фракциясынын лидери Улугбек Ормонов конот имиш. Кадрдык жүрүштөрдүн илеби ЖК төрагасы Айтибай Тагаевге да жетип, Баткен облусунун губернаторлугуна дайындалары күтүлүүдө. Муну менен эле тим калбастан, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров, Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кресло бошотору күтүлүүдө. Булар кызматтан көтөрүлөбү же төмөндөйбү, азырынча белгисиз.

Темике кайда конот?

Президенттикке экс-талапкерлердин бири Темир Сариевди шайлоодон кийин мамлекеттик кызматка барат экен десек, чычалап, асман-айдан кетип атты эле, кечээ өз жүзүн биротоло ачкандай болду. Ал "Асман-пресс" гезитинин "мамлекеттик кызмат сунушталып калса кантесиз?" маанисинде соболуна "бул суроого ошол сунуштаган учурда жооп бербеймби…" деп табышмактуу жооп кылыптыр. Ошон үчүн эртеңки күнү Т.Сариевди бийликтин бийик тепкичинен көрсөк, таңгалбай эле койгонубуз оң.

"Кырк жылкысын" айдашып…

Кечээ Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жетекчиси Турсун Турдумамбетов уулу Бакытты үйлөп, "Алтын казына" ресторанында дүңгүрөгөн той өткөрдү. Министрлер кабинети баш болгон аткаминерлер үйлөнүү үлпөтүнө куландан соо келип, түн ортосунда "Он сегиз жашты" ырдап кайтышты. Турсун мырзанын келини Айжан, бирок анын ата-энеси жөнүндө билалбадык.

Апаптап койчу, апаке!

Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов дүйшөмбү күнү борбордогу "Навигатор" аталган эң кымбат ресторанга ЖК төрагасы Айтибай Тагаевди чакырып, жүда-а сыйлады. Бирок, Нурлан мырза бир нерседен чочуркагандай айланасын элеңдей карап, Айтибай Султановичтин кулагына шыбырай сүйлөгөнү кызык. Анысы аз келгенсип, ЖК төрагасы менен чогуу эмес, "черный ходдон" жашырынып чыкканы бүдөмүк ой жаратат. Министр аке, мынчалык чочулагандай сизге не болду?

Кошумчага жараша кресло

Президенттик шайлоонун үгүт иштерин жүргүзүүдө "акжолчу" депутаттардын ичинен кимиси канча кошумча кошкону туурасында тизме түзүлүүдө. Капилеттен парламент таркатыла турган болсо, жүз миңдеген "жашылбайдын" көзүн карабай кошумча бергендер эч тоскоолдуксуз кайрадан ЖоКеге шайланып келишет экен. Муну уккан айрым эл өкүлдөрү "ка-ап, көп эле акча кошкондо не?" деп бармагын тиштеп, жүрөктөрү дүкүлдөп аткан чагы.

Ким кимди өптү?

Өткөн ишемби күнү ажонун уулу Максим Бакиев депутаттар менен жолугушту. Кыргыздын ханзаадасы президенттик шайлоодо атакесин колдогону үчүн депутаттарга чын ниетинен ыраазычылыгын билдирип, алар менен чогуу дасторкондон даам сызган. Кызыгы, вице-спикер Чолпон Баекова Максим Курманбековичти бетинен өпкөнүнө өлө сүйүнүп, анысын алигиче айтып түгөтө элек.
"Агым-пресс"




  Ойнуңузбу, чыныңызбы?

"Бирдиктүү терезе" билдирет

Ушу жылдын апрель айында Юстиция министрлиги ишканаларды каттоо боюнча "Бирдиктүү терезе" аттуу долбоордун биринчи этабын жүзөгө ашырган. Азыр болсо бул долбоордун экинчи этабы ишке ашырылды. Долбоордун жыйынтыгы тууралуу министрликтин мамлекеттик каттоо башкармалыгынын начальниги Бекибай МАМЫТОВ буларды айтып берди.
- 8 сомго ишкана ачса болот десе ишенесизби? Албетте, ишенбейсиз. Бирок бул чындык. Эски мыйзам боюнча жеке ишкана ачкысы келгендер республиканын Юстиция министрлигине, Салык инспекциясына, Соцфондго, Статистика комитетине чуркап он чакты документти 15-20 күндө араң бүтүрүшчү. Буга кеминде 1000 сомдой чыгым кетет. Эми аны үч эле күндө, болгону 8 сомго бүтүрсө болот. Бул үчүн болочок ишкана ээси министрликке же облустардагы Юстиция башкармалыктарынын "Бирдиктүү терезесине" арызын, ишкананын чечимин, тиешелүү документтерди таштайт. Үч күндөн кийин келип 8 сом төлөп, документтерин алып, ишканасын иштете берсе болот.
Бүгүн ошол "Бирдиктүү терезе" ишин илгерилетип, облустардан райондорго чейин колун созду. Буга чейин ишкана ачуучулар Юстиция министрлигинин облустук башкармалыктарында каттоодон өтүшсө, эми министрдин ?155 буйругунун негизинде 1-августтан тарта документтерди райондук нотариалдык контораларга тапшырышат. Алар ошол эле күнү факс, интернет аркылуу облустук Юстиция башкармалыктарына маалымат жиберишип, алар ишкананы каттап, кайра районго жиберишет. Ишкана ээси тогуз-торолук же чоң-алайлык болсо ал Жалал-Абад, Ошко келип отурбай, райондун борборунан ишканасын үч күндүн ичинде каттатып кое алат. Муну менен биз биринчиден убакытты, экинчиден акчаны үнөмдөп жатабыз.
Мелис СОВЕТ уулу




  Ат жалында алтооз сөз

Жаңы шайланган президент элдин ишенимин актоо үчүн кандай иштерди аткарышы керек?
Жамин АКИМАЛИЕВ, академик:
- Өлкө экономикасы канткенде өнүгөт? Анүчүн биринчи кезекте айыл чарбасын көтөрүү талапка ылайык. Үгүт маалында мамлекет башчыбыз Суусамыр жайлоосунда эл менен жолугушуп, айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн беш багытын атады. Айтылган убадаларды жүзөгө ашырса, Кыргызстан тарыхында чыныгы элдик президент катары калат.
Төлөбек ӨМҮРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Өлкө жетекчиси биринчи мөөнөтүндө өзү кандай кемчилик кетиргенин, аткаминерлердин ичинен кимиси таза иштеп атканын аңдап түшүндү деп ойлойм. Андыктан, өкмөт курамын күчтүү кадрлар менен түзүп, жаштарды жооптуу кызматтарга тартса уттурбайт.
Болот ЖАНУЗАКОВ,
"Кут" партиясынын лидери:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде өзүнүн ыйгарым укуктарын толук аткарып, карапайым калкка чын жүрөктөн таза кызмат өтөшү керек. Ошондо эл ишенимин актай алат.
Мар БАЙЖИЕВ, драматург:
- Курманбек Бакиев кечээ эле жамы журтка Кайрылуу жасап, көп убада берди. Эгерде айтылган сөз айтылган жерде калса, анда аны Кудай да кечирбейт.
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, "Кыргыз туусу" гезитинин башкы редактору:
- Буга чейин баштаган ишин улантышы зарыл. Жакында президенттин "Келечекке жол" аттуу китеби жарык көрдү. Анда бийликке келгени, кандай жумуш аткарганы жана келечек пландары жөнүндө кеп кылыптыр. Эгерде "Келечекке жолдо" айтылгандардын бардыгы жүзөгө ашса, анда беш жыл аралыгында Кыргызстан дүркүрөп өсөт. Өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуларынан үмүтүм зор.
Марс САРИЕВ,
саясат таануучу:
- Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук сакталган эмес. Абсолюттук президенттик башкаруу орун алды. Андыктан, ириде системаны өзгөртүшү абзел. Система өзгөрсө, коррупция түп-тамырынан жоюлуп, үй-бүлөлүк башкаруудан арылабыз.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??