presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Улуттук биринчи каналдын "Кайдасың?.." "көрсөтүүсү - "Агымда"

Издейм сени, арасынан элдердин...
"Кайдасың?.." көрсөтүүсү ар бир чыгарылышында адамдардын жоголуу себептерине байланышкан баяндарды сунуш кылуу менен, жоголуунун алдын алууга боло тургандыгын да түшүндүрүп келет. Бул көрсөтүү эфирге чыккандан бери Кыргызстанда эле эмес, коңшу республикадан да дайынсыз жоголгон адамдарды издөөгө салган каттар келүүдө. Көрсөтүү аркылуу табышкан тагдырлардын саны арбын. Тилекке каршы, бардык эле табышкан адамдар эфир аркылуу жолугушкусу келбейт. Ар кимдин ар кандай себеби бар. Ошентсе да алардын үмүтүнө үмүт кошуп, көптөн бери зарыгып, санаага батып, жакын адамын издеп таппай жүргөн тагдырларга "Агым" гезити менен биргеликте "Кайдасың?.." көрсөтүүсү да ишин улантууда. Андыктан, жашоодо кандай кырдаал болсо да, тагдырдын оор соккусуна чыдап, жакшылыктан үмүт үзбөңүздөр демекчибиз.

Осмоналиев Бактыбек Сатыбаевич
1988-жылы туулган. Бактыбекти тааныш, туугандары издешет. Кимде-ким сүрөттөгү жигитти тааныган болсо "Кайдасың?.." редакциясына кабар берүүңүздөрдү суранабыз.

Дайыр уулу Нурсултан
1990-92-жылдары туулган. Нурсултандын агасы Дайыр уулу Жаныбек издөө салат. Нурсултандын апасы Дамира казармандык болгондуктан, алар ошол жакта болушу мүмкүн деп божомолдошот издеп жаткан туугандары.

Байчериков Сыдык
Болжол менен 70-75 жаштарда. Ал 1960-жылдары Ош шаарында айдоочу болуп иштеген. Ошол жактан үйлөнүп, бир уул, бир кыздуу болгон. Кызы каза болуп калган. Уулу Таалайбек 46 жашта, анын үч баласы бар. Таалайбектин уул-кыздары чоң атасынын кийинки үй-бүлөсү жана балдары, неберелери менен таанышып, катташкысы келет. Кочкор тарапта болушу мүмкүн деп божомолдошот издегендер.

Вязов Николай Павлович
1962-жылы туулган. 2005-жылдын май айында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кабарсыз. Николайды туугандары, жакындары издөө салат.

Тыйтаев Бакытбек Көчкөнбаевич
1975-жылы туулган. Талас районунун Кара-Ой айылындагы үйүнөн 2006-жылдын февраль айында кайниси менен бирге Казакстандын Астана шаарына иштегени кеткен. Алгач курулушта иштеп жатам деп телефон аркылуу кабарлашып турчу. Кийин байланыш үзүлүп калды. Ошол эле шаарда Бакытбектин таежеси да балдары менен иштеген. Санаасы тынчыбаган апасы Астанадагы таежесиникине барып уул-келинине жолугат. Бир-эки күн өткөндөн кийин апасын Кыргызстанга узатып жиберет. Кийинчерек келинчегин да жөнөтүп, көп узабай артынан барып каларын айтат. Ошол бойдон Бакытбектен бүгүнкү күнгө чейин дайын жок. 2007-жылдан бери кабарсыз.

Садыков Абдисамит Шакирович
1976-жылы туулган. Баткен районунун тургуну. 2006-жылы жай айында Бишкек шаарында жашап турган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Жолдошбекова Улукбүбү Исабековна
1975-жылы туулган. Баткен районундагы Кара-Токой айылынын тургуну. 1997-жылы эртең менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Көпбаев Жаныбек, Жолдош уулу Жандос изделет
"Он беш жылдан бери уулдарымдын амандыгын Алладан тилеп, жолугар күндү ак эткенден так этип эңсеп келем, - деп айтылат Кадамжай районунан келген Акматова Замиранын катында. - Балким ал кезде кыска ойлоп жаштык кылгандырбыз, пикирибиз келишпей, бал ширин балдарым Жаныбек менен Жандостон бөлүнүп калгам. Аларды сагынып, энелик жүрөгүм ээнсиреп турган чагым. Садагаларым, терең ойлоп, кабыргаңар менен кеңешип көргүлө. Атаңар Жолдош деле түшүнүктүү адам болчу, силерди эстүү, ак-караны ажырата билген адам кылып тарбиялады деп ойлойм. Ал кезде силер Түп районундагы Фрунзе колхозунда жашайт элеңер. Азыр кайда экениңерди билбейм. Балким менин бул кайрылуумдан кабар алган болсоңор, кайдыгер калбай кайрылат го деген үмүттөмүн. Силерди сагынган апаңар Замира".

Шумкарбек кызы Асел
1984-жылы туулган Шумкарбек кызы Аселди агасы Медербек издейт. Медербек апасы Алмагүлдү сүрөтүнөн гана билчү. Анын колунда көтөрүп турган кичине кыз - карындашы Асел. Тагдыр сыноосу бул үй-бүлөдөн дагы кыя өтпөптүр. Асел төрткө чыгып калган кезде апасы менен Көлгө кетип, Медербек атасы менен калат. Атасы Шумкарбек да бул дүйнө менен небак коштошкон. Сегиз жыл мурда карындашы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө таякеси Дөөлөттүн үйүндө экендигин айткан экен. "Андан бери балким үй-бүлө күткөндүр, ал деле мага окшоп агасына бир жолуксам деп эңсейттир. Таякем, анын менден башка жакындары деле каршы болбостур" деп жазылат Талас облусунун Манас районундагы Бала-Саруу айылынан келген катта.

Улан кызы Бегимай
1994-жылы Камбарата шаарчасында туулган. 2007-жылдын сентябрь айында кечки саат жетилер чамасында Токтогул шаарчасындагы чоң энесинин үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз.

Бузурман уулу Ильгиз
1994-жылы туулган. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде эртең менен эрте Бакай-Ата районундагы жашап турган үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз.

56 жаштагы Жалал-Абаддык Назарбаева Гүлшайыр изделет
Санаага батып жол карап, 34 жылдан бери күтүүдөн үмүтүн үзбөгөн Козубекова Гүлкайыр биртууган эжеси Назарбаева Гүлшайырды издеп жаткандыгын билдирет. Турмуштун татаал жолу эже-сиңди эки кызды өгөй эненин колунда чоңоюуга аргасыз кылыптыр. Гүлшайыр 1953-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылында төрөлүп, кийинчерек ошол эле айылда мугалим болуп иштечү экен. Мындан 34 жыл мурун, 1974-жылы өгөй эне менен тил табыша албай калган Гүлшайыр үйдөн чыгып кетип, келген эмес. Ошондон бери бир кабары билинбей, жыл артынан жылдар өтүп, биртуугандары бир көрүүгө зар болуп келишет. Андан бери гезит-журналдарга сүрөттөрүн жөнөтө берип, акыркы сүрөтү калганын айтып, сагыныч менен кусалыкка баткан биртуугандары дагы да болсо үмүт үзбөй издеп келишет. Ал эми кызынын 20 жашка чейинкисин эле көрүп, кийинки 36 жылдагы өмүрүн билбеген атасы бул дүйнөдөн өтүп кетиптир. Гүлшайыр, эгер бул маалыматты алган болсоңуз, биртуугандарыңыз сизди сагынып, күтүп жүргөндүгүн билерсиз.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??