presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кайрымдуулук, кайдасың?

Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
Дүйнөнү дүңгүрөткөн бузулгус мыйзам бар: байлар, мейли бай өлкө дейли, милдеттүү түрдө жардыларга, мейли жарды өлкө дейли, ошолорго жардам берүү, кайрымдуулук кылуу озуйпасын ООН расмий мойнуна алган. Анткени ал байлыкты алар асмандан алган жок, ошолеле жарды-жалчыларга да тиешелүү байлыктарды басып алуудан, тартып алуудан жыйналган. Аны бүтдүйнөнүн байлары билет, ошондуктан элдин социалдык маселелерин чечип берем маанисинде милдеттенме алат. Тилекке каршы, элдин канын энесинин эмчегиндей соруп байыган кыргыздын сасыкбайлары гана билбейт. Бирок ааламда акыйкат деген үлүш бар экендиги чын болсо, эртедир-кечтир билбей койбойт.
Биздин республикага жардам, кайрымдуулук жасоо аракетиндеги уюмдар көп. Биз дагы бир кезде ошондой ырасымды аткарарыбызга толук көзүбүз жетет. Ошондуктан "Бүтдүйнөлүк жаштар ассамблеясы" биздин рухий, материалдык турмушка кошуп аткан аздыр-көптүр салымы жөнүндө кеп кылууну туура таптык.


"Бүтдүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси тууралуу кээде оң да, терс да пикир айтыла калат. Өзүм да бир-эки жолу терс кайрып ийгеним бар. Ошондон уламбы, бул уюмдун ишмердиги боюнча жеке изилдөө жүргүзүп жибердим эле. Азыр алдым-жуттумдук күчөгөн, алдуусу алсызын баса калган же эптеп бир капталын жапса экинчи жагы ачылган тартыштык-каатчылык каптаган заманда материалдык дейбизби, гуманитардык дейбизби, айтор, колунан көөрү эмес, акчасы жаап турган уюм, мекемелер кайрымдуулук иштерин көп жасоо - азыркы дүйнөнүн айныгыс милдети.
Элдин негизги турмуштук талабын жакшыртуу, агартуу иштерине, элдин саламаттыгын сактоого көңүл буруу жана калктын жакыр катмарын социалдык жактан колдоо, өзгөчө жетим-жесир, кароосуз калган балдарга камкордук көрүү - бүгүнкү күндүн орчундуу да, жүрөк эзген да көйгөйлөрүнөн. Денесин жабарга кийими жок, ошонун айынан мектепке бара албай, окуудан калгандар бар десек муну аша чапкандай көргөндөр жок эмес. Айтор, жетишпестиктин, тамак-аштын тартыштыгынын айынан ооруп, айыккыс кеселдерге кабылган муктаждар, өзгөчө жетимдер жердин баарында бар. Арийне, азыркы ааламдык каатчылык каптап, адамгерчилик, кайрымдуулук азайгансып бараткан заманда гуманитардык иштердин арасынан өзгөчө эң эле сооптуусу - жетимдерге каралашуу. Ислам таалиминде да жетимди башынан сыламайын адамдын ийгиликке жетиши оор экени баса белгиленген. Жашоодо жаш баланын ыйык да, жападан жалгыз тутунары да ата-эне эмеспи. Ансыз баланын дүйнөсү түгөл эместигин тирүү жан билгени менен аны анын жүрөгү аркылуу ар ким эле сезе албастыр. Ушундай улуу соопчулук иштери менен алектенген адамдар арабызда бар экендиги адамдын жандүйнөсүнө жарык чачпай койбойт.
Акыйкатта, гуманитардык, кайрымдуулук багытта Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан уюмдар жүздөп саналат. Бирок, алардын арасынан өзгөчө басым менен белгилей кетүүчү уюм - ал Саид Баюми жетектеген "Бүткүл дүйнө жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси. Анткени, ал уюм бирин-экин гана багытта эмес, жогоруда белгилеп кеткендей, көп тармактуу кайрымдуулук иштери боюнча алектенгендиги менен айырмаланат. Бир гана мечит салуу менен (100дөн ашуун мечит салган) чектелбей, элдин социалдык абалын жакшыртууга да өзгөчө басым жасайт.
"Бүтдүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмеси Кыргызстандын аймагында 2000-жылдын ноябрь айынан бери кайрымдуулук иштерин жасап келет. Анын президенти Саид Баюми мырзанын жетекчилигинде көптөгөн көңүл жылытарлык иштер жасалганы кыргызстандыктардын кыйырына белгилүү.
Уюм жетим балдарга гана эмес, карылар үйү, балдар үйү, жакыр үй-бүлөлөр, инвалиддер ж.б., кыскасы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык көмөгүн аябай келет. Натыйжада, республика боюнча 602 жетим бала алардын карамагында. Чүй облусу боюнча 200 жетим бала, Жалал-Абад боюнча 24, Ош боюнча 108, Нарын боюнча 142, Ысык-Көл боюнча 112 бала. Бул жетим балдарга ай сайын акчалай көмөк, белектер жана бир жолу ысык тамак берилет. Эң жакшысы балдар квартал сайын республиканын мыкты профессор-медиктери тарабынан медициналык кароодон өткөрүлүп турат. Ошондой эле жетим балдар үчүн жыл сайын мектеп формалары, кийим-кечек, бут кийим жана сабактар үчүн керектүү мектеп куралдары да сатылып берилет. Жыл сайын жакшы окуган балдар окуу жылынын аягында ""Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын" адистери тарабынан аныкталып, Ысык-Көлгө ден соолукту чыңдоо лагерлерине жиберилет.
2008-жылы Бишкек шаарындагы 12-микрорайондо жетим балдар үйүнүн жана маданий ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу да ушул уюм тарабынан бүткөрүлдү. Жетимдер үйүнүн имараты бардык керектүү эмеректер, заманбап техникалар менен жабдылып, билим берүү деңгээли учурдун бардык талаптарына жооп берет. "Учкун" микрорайонундагы жетим балдар үйү үчүн каражат изделип жатат.
"Жаштар ассамблеясынын" медицина жаатына бергенин санап отурбайлы, балдар үйү, балдар ооруканасы, төрөт үйү, райондук, шаардык ооруканаларга кайтарымсыз финансылык жардам: медикаменттер, компьютерлер менен жабдып келишет. Кадамжай районунун администрациясы жана жашоочуларынын суранычы менен Кадамжай борбордук ооруканасынын инфекциялык бөлүмүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө көп каражат бөлүндү.
Илим-билим адамзатын бул дүйнөдө бакытка, акыретте Алланын ыраазычылыгына жеткире турган курал. Адамзат жашоосу билимдин негизинде жакшырат эмеспи. "Бүтдүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмесинин президенти Саид Баюми мырза агартуу багытында да изги иштерди жасоодо. "Илимий-техникалык интеллигенцияны колдоо" программасы боюнча 2004-жылы конкурс жарыялап, анын жеңүүчүлөрүнө материалдык өндүрүштө, айыл чарбасы, тарых, медицина жаатында жаңы ачылыштарды, ойлоп табууларды реализациялоо үчүн акчалай каражатты аянбай бөлдү.
Маданият жана илим министрлиги менен Кыргызстандын эң мыкты окуган студенттерине 20 даана жаңы компьютер тартуулады. 2006-жылдан бери аспирантура жана магистратурага тапшырган 10 мыкты студентке ай сайын стипендия, контракт акчасын төлөө боюнча спонсорлук да кылып келет, азыр андай студенттердин саны 25 жетти. Ал гана эмес, 2007-жылы 9-ноябрда "Бүтдүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмесинин каражатына КГУСТА китепканасынын жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилген. Ал жаңы заманбап техникалар, окуу жабдыктарынын толук комплектациясы менен жабдылып, 23 компьютер орнотулган.
Учурда Сокулук районунун Арал айылында бир орто мектеп жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы Акимбек Жолдош айылында аталган уюмдун президенти Саид Баюми атындагы да мектеп толук бүткөрүлдү. Анда азыр 250 бала окуйт.
Азыр дүйнө тынчын алып аткан суу маселеси экендиги белгилүү. Суу өмүрдүн булагы эмеспи. Бул жаатта "Бүтдүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коому кайтарымсыз финансалык жардамын аябай келет. Акыбетте, Кыргызстандын ар кайсы облус, райондорунда 100дөн ашуун скважина жана 90дон ашуун тереңдиктеги насосторду орнотуп, элдин алкышына татыган.
Кыскасы, "Бүтдүйнөлүк жаштар ассамблеясы" коомдук бирикмесинин президенти Саид Баюми биздин өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуу иретинде 7 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартты. Дагы тартат деген үмүтүбүз зор.
Анын эмгеги биздин жогорку, төмөнкү бийлик бутактарынын да көңүл сыртында калган жок. Жергиликтүү, райондук, облустук жана министрликтердин 30дан ашуун "Ардак грамота", "Ыраазычылык кат", "Ардактуу атуул", "Ардактуу профессор" өңдүү, ошондой эле ар түрдүү сыйлыктарына татыган. Кеп анда эмес. Кеп элибиздин экономикалык, рухий умтулуштарына чет элдик боордошубуздун чын дилинен үлүш кошуп атканында.


Эрнест АБДРАХМАН

Маалымат иретинде
Саид Баюми 1965-жылы Египеттин Эль-Шаркия шаарында туулган. Улуту араб. 1989-жылы Александрия университетин инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргызстандын эларалык "Руханият" сыйлыгынын лауреаты. КГУСТА жана Арабаев атындагы КМПУнун ардактуу профессору. Талас облусунун, Карабуура районунун жана Баткен облусунун Кадамжай районунун ардактуу атуулу. Саламаттыкты сактоо министрлиги "Саламаттык сактоо отличниги" медалы менен сыйлаган. Ош, Баткен шаарларынын мэрлери социалдык жана руханий салымы үчүн Ардактуу грамоталарын ыйгарган. Кыскасы, Кыргыз Республикасынын көптөгөн сый-урматына арзыган. Орусча, англисче эркин сүйлөйт.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??