mainkaptal

Пользовательский поиск
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
Ондон ашуун жыл мурун Кыргызстанда пайда болгон уюлдук байланышы азыркы учурда заманбап адамдын жашоосунун айрылгыс бир бөлүгү болуп калды. Уюлдук операторлорунун иштөө аймагы барган сайын кеңейип, катталган телефон түйүнү жетпеген жерлерге да базалык станциялар орнотулуп жатат. Мына ушул себептен байланыш объектилери адам ден соолугуна зыян келтириши тууралуу көптөгөн кыргызстандыктар тынчсызданып келишет.

- Чын эле кээ бир жарандарыбыздын бул тууралуу тынчсызданууларын угуп келебиз, - дейт MegaCom компаниясынын уюштуруу-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн инженери Евгения Топольская. - Элди ушул байланыштын объектилери жараткан электромагниттик нурлануусу ден соолукка зыян келтирүү көйгөйү кызыктырат. Көңүл чордонунда турак жайлардын жанында же имараттардын үстүнө курулуп жаткан базалык подстанциялар (БС) турат.
- Мындай тынчсыздануу түшүнүктүү, бирок негизсиз, - деп улантат Евгения Топольская. - Биз бул тууралуу калкка уламдан улам түшүндүрүп, тиешелүү түшүнүк берүүгө милдеттүүбүз. Кыргызстандыктар алардын коопсуздугу мамлекеттин көзөмөлү астында экенин билиши керек. MegaCom компаниясы коюлган бүт талаптардын бардыгын кынтыксыз аткарып келет.
Кандайдыр бир көйгөйдүн пайда болушу БСны коюп жатканда эле алдын ала эске алынып турат. Орнотуудан мурун уюлдук операторунун адистери техникалык нормативдерди жана жергиликтүү эл үчүн ыңгайлуу болушун эске алып кылдаттык менен орнотушат. Бул маанилүү процесстин бир бөлүгү. Ошондой эле бул процесс төмөнкү документтерге таянат: "Калктын санитардык-эпидемиологиялык ыңгайлуулугу жөнүндө" мыйзамы, КР аймагында физикалык факторлордун булактарына көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобосу жана бир катар эрежелер жана нормативдер.
Кыргызстанда уюлдук байланыштын системалары пайда кылган электромагниттик талаалар үчүн колдонулуучу россиялык санитардык нормалар жана эрежелер колдонулат. Бул талаптар - дүйнөдөгү эң катаалдардын бири болуп эсептелинет.
- Биз физикалык факторлорго, алардын адамга жана ал жашаган чөйрөгө тийгизген таасирине катуу көзөмөл жүргүзүп турабыз, - дейт бөлүмдүн санитардык врачы Жаныбек Арзыкулов. - Бул уюлдук операторлорунун антенналарынан, турмуш-тиричилик буюмдарынан, лазердик, инфракызыл нурлануулар, ызы-чуу жана башка электромагниттик нурлануулар (ЭМН). Ал эми уюлдук чөйрө тууралуу айтсак, бул жерде Кыргызстанда жалгыз гана пайдалануучу Россияда жасалган прибор - электромагниттик талаанын деңгээлин анализдөөчү ПЗ-30 пайдаланылат.
Бул кымбат баадагы аспап кеңири диапозонду камтып иштейт - 300 мегагерцтен 3000 гегагерцке чейин. Жыл сайын бул аппаратты Алматадан текшерип турушат, ошондуктан ал жогорку тактык менен иштейт.
Мамсанэпидемкөзөмөл кызматкеринин БСга орун тандаганда жана аны орнотууда катышып туруусу мыйзам ченемдүү нерсе. Алгач санврач Улуттук байланыш агенттигинин, мамархитектура, жергиликтүү бийлик жана башкалар менен биригип атайын комиссиянын түзүмүнө кирип, бөлүнүп жаткан аймакты кылдаттык менен изилдеп, акыркы чечимге келишет. Экиничиден... Бул жөнүндө кийинчерек кеп кылалы.
Аймакты биз беш категорияга бөлөбүз жана бул тизменин өзгөчө көңүл чордонунда селитебдик, башкача айтканда, адамдар жашаган аймактар турат, - деп сөзүн улантат Жаныбек Арзыкулов. - Тандалып жаткан жерге бир топ талаптар коюлат. Ал эми биздин кызмат болсо ЭМН деңгээлин эсептеп, электромагниттик талаа тикеден-тике таасир тийгизүүчү болжолдуу чекиттерди белгилейбиз.
Бул жерде дагы бир топ талаптар бар, алар жанында жайгашкан имараттардын өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлүнөт: мекеме болобу, турак үйлөр, мектептер жана ооруканалар.
ЭМНунун багытына жараша тике же туурасынан кеткен диаграмма түзүлөт. Мында курулуучу антеннанын үч секторлугу эске алынып, радиосигналдын багыты жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген зыянын жокко чыгаруу чаралары көрүлөт.
- Атайын комиссиядан уруксат алынгандан кийин гана биздин компания келечекте курулуучу БСга орун камдоого киришет, - дейт Евгения Топольская.
- Бул эсептөөлөр жол берилүүчү нормаларга ылайык жүргүзүлүп, объектини кийинки пайдаланууда ал нормалардан четтөөгө жол берилбейт, - деп белгилейт Жаныбек Арзыкулов. - Ошондой болсо дагы көзөмөл керек.
Мына ошентип "экинчисине" да жеттик. Ишке даяр болгон БСга Мамсанэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери кайтадан келишет. Эмики кезек аспаптык ченөөлөргө келип, алардын негизинде акыркы жыйынтыктар берилет.
Бирок ошондон кийин дагы уюлдук оператордун кызматкерлери менен Мамсанэпидемкөзөмөлдүн иши аяктабайт.
- Белгиленген эреже боюнча электромагниттик нурлануу деңгээлин байма-бай ченеп туруу каралган, - деп билдиришти MegaCom компаниясынын кызматкерлери. - Ал ченөөлөр жылына бир жолу жүргүзүлүп, орнотуулар айлана- чөйрө үчүн зыян келтирбестен иштеп жаткандыгына кепилдик берет.
Компания төмөнкү фактыга көңүл бурат: БСнын антенналары жерден 15-100 метр бийиктикте орнотулгандыктан (адатта курулган имараттардын, ишканалардын үстүнө жана атайын жасалган мачталардын үстүнө) диаграммалардын мүнөздөмөлөрүнө ылайык мындай радиотехникалык объектилердин багыттары үчүн санитардык-коргоочу аймак каралган эмес. Башкача айтканда, БСсы пайда кылган электромагниттик талаасынын радиотолкундарынын интенсивдүүлүгү жер үстүндө турганда мүмкүн болгон деңгээлден ашпайт.
БСсы коомдук, кызматчы, турак жайларынын үстүнө орнотулган учурда антенналар атайын орнотмолордун үстүнө коюлат. Ошону менен алар чатырдын үстүнөн жогору туруп, экологиялык коопсуздук үчүн бүт чаралар көрүлөт.
Мамсанэпидемкөзөмөл кызматы ар бир БС боюнча жыйынтык бербестен, ар түрдүү байланыш операторлорунун орнотулган базалык станциялары биригип суммада канча нурлануу берип турарын да көзөмөлдөп туруусун белгилеп кетүү керек. Бир эле жерде базалык станциялар канчалык көп болсо, алардын антеннасынын нурлануусу ошончолук аз болору кызыктырат (алар бири бирине тоскоол болбошу үчүн), демек нурлануу деңгээли да азаят.
Жалпысынан алганда ченөөлөрдүн жыйынтыктарын анализдөө туруктуулук менен төмөнкүлөрдү көрсөтөт: мындай станциялардын жанындагы селитебдик аймактардагы нурлануунун көрсөткүчтөрү - 10 мкВт/кв.см мүмкүн болгон көрсөткүчтөн төмөн турат.
Ошол эле мезгилде уюлдук телефондорунун ЭМН базалык станциялардыкына салыштырмалуу бир топ жогору келет. Бирок бул аппараттар сүйлөшүү учурунда гана күйгүзүлгөндүктөн, баарлашууну сүйүүчүлөр үчүн бул нурлануу бир аз мүнөт жанып, көп деле зыяны жок.
Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмдүн кызматкерлеринин иштөө графиги абдан катаал экендиги түшүнүктүү. Ар бир жаңы БСны каттоо үчүн республикабыздын ар кайсы булуң-бурчуна сапар тартышы керек. Кээде күтүүсүз иш сапарлары болушу да мүмкүн. Ошентип, бул материал башталган маселеге кайрылуу убактысы да жетти.
- Жакын жерде базалык станция курулса эл тынчсызданып, кээде Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жазган учурлар да болот, биз мындай учурда тез аранын ичинде чара көрүшүбүз керек, - деп MegaCom компаниясынын уюштуруу-укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери баса белгилей кетишти. - Биз ошол замат Мамсанэпидемкөзөмөл менен байланышып, ошол жерге барабыз.
- Мындай учурда кичинекей комиссия түзүлүп, ага алар аталган адистерди да кошобуз, - деп түшүндүрөт Жаныбек Арзыкулов. - Аны анализдөөчүнүн иши менен тааныштырып, анын көзүнчө ар түрдүү чекиттерден ченөө жүргүзүп, көрсөткүчтөрдүн белгисин түшүндүрүп, нормативдер тууралуу айтып беребиз. Көпчүлүк учурда тургундар мындай объектилердин ден соолукка зыяны жок экендигин түшүнөт. Актыны арыз таштаган адамга берип, аны изилдөөгө катышкан ар түрдүү мекемелерден тастыктап беребиз. Тынчсыздандырган көйгөйгө түшүндүрмө алуу - ар бир жараныбыздын мыйзамдуу укугу. Ошондуктан мындай изилдөөлөр ачык жана компетенттүү түрдө жүргүзүлөт.
- Кээде мына ушул иш-чаралардан кийин да адамдар тынчсыздоосу боло берет. Анда биз физика мугалимин же бул илимдин негиздери менен тааныш болгон адамды таап, электромагниттик талаалардын өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүнүк алууга сунуш кылабыз. Мындай адамдар көйгөйдүн негизин жакшы түшүндүрө алышат. Ал эми биз өз кезегибизде белгилей кеткибиз келет: мындай тынчсыздануунун негизи жок, - деп билдирет Жаныбек Арзыкулов.
Республикабызга мыйзамсыз жол менен, адистер тарабынан жасалбаган уюлдук аппараттарынын сатылышы чындап эле зыян келтириши мүмкүн. Буга байланыштуу учурда Мамсанэпидемкөзөмөл кызматы өкмөтүбүздүн мындай аппараттар сатылуудан мурун тиешелүү текшерүүдөн өтүшү керектиги жана тиешелүү сертификаттары болушу керектиги тууралуу токтомду ишке киргизүүгө демилге көтөрүп жатат. Бирок бул маселе менен уюлдук операторлоруна кайрылуу негизсиз.
MegaCom компаниясы 2006-жылдан баштап Кыргызстанда иштегенден бери базалык станцияларынын бири дагы электромагниттик нурлануусу тиешелүү нормадан ашкандыгы белгиленген эмес деп белгилейт. "Буга жол берилбейт!" - деп ишеничтүү айтат компаниянын кызматкерлери.
Келе жаткан жаңы жылдан баштап компания тейлөө көрсөткүчтөрүн жакшыртып, тейлөө аймагын кеңейтип, сапатын жакшыртмакчы. Учурда байланышты бүткүл республика боюнча жайгашкан 500дөн ашуун базалык станция камсыз кылып турса, 2009-жылдын аягына чейин базалык станциялардын саны эки эсе көбөймөкчү. Республикабыздын эң алыскы бурчтарында жашаган тургундарыбыз уюлдук байланыш инфраструктурасы менен камсыз болуп, бул жакшыртууга алган багытыбыз болмокчу.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика