mainkaptal

Пользовательский поиск
  Күлазык

"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
"Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблдин солисти Дилшат КАНГЕЛДИЕВАнын жандүйнөсүн аңтарып, балалыгына кылчайып, эскерип, маек курдук.


- Акыркы кезде сизди көгүлтүр экрандан аз көрүп калдык. Же азыркы жаштардан сиздердин муунга орун тийбей атабы?
- Филармонияда жыйырма бир жылдан бери иштегендиктен, эс алууну билбей дайыма концерт менен алекпиз. Кээ бир учурда тойго чакыруулар болуп калат. Азыр эстесем, ушунча жылдан бери атайылап эс алып көрбөптүрмүн. Биздин жашообуздун, ишибиздин өзү эс алуу деп айтып калам. Ал эми көпчүлүккө чыкпай аткан себебим, балким азыркы жаштардан чындап эле орун тийбей аткандыр. Анткени жаштарды көбүрөөк колдоп калышпадыбы. Ошентсе да биздин муундагы ырчылардын кийиминен баштап турган турпатынан бери азыркылардан айырмаланабыз. Анткени, биздин ырлар орто жашап калгандардан жогоркуларга туура келет. Азыркы жаштардын жаш курагы жогорулаганда биз ырдаган ырларды угуп калат деп ойлойм.
- Кыргыздын фольклору менен чет өлкөгө көп чыктыңыз. Кыргызстан жөнүндө маалыматы жок өлкөлөр кандай кабыл алышат?
- Биздин башкаларга окшошпогон, чет элдиктерди таңгалдыра турган маданиятыбыз, өң-келбетибиз бар. Алар үчүн биз экзотикабыз. Бизди көрүп ушундай кыргыз эли бар турбайбы деп таңгалышат. Биздин дене боюбуз европалыктардай эле көлөмдүү, көздөрүбүз өтө жүлжүгүй эмес. Кыргыздарды ортодогу синтез десе болот.
- Жыйырма бир жыл ичинде чыгармачылыктын өтөөсүнө жеттим деп ойлойсузбу, же?..
- Мен чыгармачылыктын өтөөсүнө жетелекмин. Эгерде анын өтөөсүнө жетсем, андан ары жол жок болуп калат. Максатымдын өтөөсүнө чыгууга мүмкүн убактым жетпей атат… Чыгармачылыкка да өтө эгоист болуш керек экен. Көп учурда анын өтөөсүнө жеткен адамдар үй-бүлөсү жагынан аксап калышат. Анын үй-бүлөсү, жашоо-турмушу, тамак-ашынан бери өнөр болуп калат экен. А мен бардык нерсени чогуу алып жүргүм келет. Бул жагына жеткирсем, экинчи жагынан аксап калышым мүмкүн. Өнөр адамы мындайда чайналып калат экен. Кыйын өнөр адамын эл колдойт, көтөрөт. Бирок, ошол адамдын эмгеги да 95 пайыз болушу керек. Мүмкүн 95 пайыз эмгегим жок болуп атса керек деп өзүмдү сынга алам. Кырды аша элекмин, бирок, ага жетип калдым деп ойлойм.
- Жакын адамдарыңыз сизге кандай мүнөздөмө берет?
- Аба ырайы бузулганда чагылган чартылдап, өткүн өтүп кетет го, менин ошол сыяктуу мүнөзүм бар. Улуу манасчы Уркаш Мамбеталиев агай мага ушундай мүнөздөмө берген эле. Чынында мен бат таарынам да, секунд өтпөй кайра жазылам. Кек сактай албайм. Эгерде көңүлүмдү катуу оорутуп коюшса, тирүү жан болгондон кийин капа болом.
- Сизди таш менен урган адамды аш менен ура аласызбы?
- Аш менен урган адамды таш менен уруп койгондор бар экен бул жашоодо. Балким, мени таш менен урган адамды толук болбосо да, жарым аш менен урушум ыктымал. (күлдү)
- Белгилүү адамдардын артынан ар кандай ушак ээрчип жүрөт эмеспи. Өзүңүзгө карата чындыкка коошпой турган жагымсыз сөздөрдү уктуңуз беле?
- Жакында бир жагымсыз ушак уктум. Бирок, менин жашоомдо андай окуя болгон эмес, менин мүнөзүм да андай эмес. Кээ бирөөлөр мен аны жакшы билем деп мактангансып сүйлөп койгон чыгаар. Ошол ушакты укканда бир аз жүрөгүм ооруп, ойлонуп калдым. Бирок, андай болгон эмес да, эмне үчүн мен антип кыйналышым керек деп калдым.
- Сахна дайыма сулуулукту, жаштыкты талап кылат. Диета кармап же спорт залга барып көрдүңүз беле?
- Диета кармап көргөн эмесмин. Анүчүн адамда эрк болуш керек. Кандай жаралсам, ошол бойдон эле жүрөм. Эгерде ошондой эрким болгондо, фигурам мындан да укмуш болмок.
- Сүйүү сиз үчүн эмне? Ал түбөлүктүү болушу мүмкүнбү?
- Практикалык жактан алып караганда аны түбөлүктүү деп ойлобойм. Бирок стимул берет, адам сүйүүсүз жашай албайт. Ар бир адамдын жүрөгүндө жаратылышка, эне-атага же балага деген сүйүү болушу керек. Ал эми эки жаштын сүйүүсү түбөлүктүү болушу мүмкүн эмес. Себеби, алар баш кошкондо бара-бара бири-бирине байлануу, көнүп калуу сезимине өтөт.
- Сизге сезимин өзгөчө билдирген мырзаны эстей аласызбы?
- Мектепте окуп жүргөндө андай сезимге кабылган эмесмин. Атүгүл сүйүү эмне экенин студент кезге чейин билбептирмин. Мүнөзүм эркектикиндей болгондонбу, мектепте окуп жүргөндө бир да бала сезимин билдирген эмес. Өзүмдү сулуу эмес, өңүмдү серт деп сезчүмүн. Училищага жаңы тапшырган кезде мени абдан жакшы карап, башкалардан коруп, сактап жүргөн бир жигит болду. Ошол кезде ал училищаны аяктап, мен жаңы гана тапшырган мезгил эле. Ал мага жакшы сөзүн айтып, ушунчалык урматтап, сыйлап, жакшы көргөн карындашындай мамиле жасачу. Мен учурунда анын мамилесин түшүнбөптүрмүн. Училищаны аяктап, институтка тапшыргандан кийин гана ал жигиттин мамилесин сүйүү болсо керек деп ойлоп калдым. Бирок, анын жакшы мамилесин азыркыга чейин унуталбайм. Эстесем жагымдуу, жылуу маанай калтырат. Андан кийин деле жигиттерден жакшы сезимдерди угуп келем. Бирок, жашоого койгон ой-максатым жеңил эмес. Ар бирин түшүнөм.
- Сырдаш досторуңуздун чыккынчылыгына кабылдыңыз беле?
- Адамдарды ушул жашка чейин өзүмдөй көрүп, абдан ишенчүмүн. Бирок, алар ар түрдүү болот экен. Турмуш куруп, эл менен көп аралашсам да, адамдын мүнөзүн жакшы билбейт экемин. Кийинчерек гана адамдардын кандай экенин билип калдым. Эгерде мен дос күтсөм, аны өзүмдөн да жакшы көрүп, сыйлап, ушунчалык берилип кетем. Эгерде ошол досторум, курбу кыздар менин ишенимимди тебелесе, бардыгына дароо чек коем. Тилекке каршы, ушундай учурлар болгон.
- Пенсияга чыккандан кийинки жашооңузду кандайча элестетесиз?
- Кудай ошол жашка бизди жеткирсин. Азыр карылык тууралуу көп ойлойм. Кийинки карылыктын жыргалы үчүн жаш кезиңде шарт түзүш керек. Эгерде пенсияга чыксам, Кудай буюрса, небере багып, короомду гүлдөтүп, жаратылыштын сулуулугу менен алектенем деп кыялга батам.
- Жолдошуңуз чыгармачыл адам экенин билебиз. Эки чыгармачыл адамдын үй-бүлө болушу кыйын эмеспи?
- Жолдошум Саадатбек Кендербаев экөөбүз чогуу окуп, "Камбаркан" тобунда бирге иштеп келатабыз. Ортобузда Кубанычбек аттуу уулубуз бар. Жолдошум абдан назик, интеллеги жогору, жоош, ийкемдүү, мени түшүнө билген адам. Экөөбүз эч качан ажырашпайбыз деп ойлойм. Кудай кырсыктын бетин ары кылсын, бирок, тирүү жүрүп, бирин-бири таштап ажырашып кеткендерди түшүнө албайм. Балким, алардын жашоодогу көзкарашы туура келбей калаар. Мен үй-бүлөдөгү көзкараштарды туура келтиргенге аракеттенип, чекти кармаган аялмын.
- Кыргыздар көп балалуу болууну каалашат эмеспи, эмне үчүн бир эле уул менен чектелип калдыңыз?
- Эми буйрук экен. Ден соолукка, ишке байланыштуу болуп калды. Биздин ар бир концертке чыкканыбыз канча толкунданууну алып келет. Өтө назик адамдарга мындай нерсени көтөрүү кыйын экен.
- Эгерде мүмкүнчүлүк болсо кайсы өлкөдө жашагыңыз келет эле?
- Жашым отузга чыгып калганча тил үйрөнүп, Америкага барганда ошол жакта калып, иштешим керек, анткени ал жакта жашоо-шарт жакшы, эмгек акыны жогору төлөшөт, тез эле байып кетем деп ойлочумун. Азыркы жаштар да ошентип ойлошот. Отуз жаштан өтүп калгандан кийин ырчылыкка өтүп кеттим. Ырчылыктын арты менен көп жерди көрүп келгенден кийин патриоттук сезимим ойгонду. Өзүбүздүн жерибизден өткөн бейиш жер жок. Кайсы жерге жашайсың деп сураса, Бишкекте эле жашайм же колуман келсе Ысык-Көлдө, же Сары-Челекте, же туулуп-өскөн жерим Ала-Букада эле жашайм демекмин. Сулуу жерлерге конок болуп барып келсе болот. Бирок, түбөлүктүү өзүбүздүн жерибизден өтөөр жер жок.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика