mainkaptal

Пользовательский поиск
  Эсен болуп, эстей жүр

Өмүрүң өтсө да, артыңда сени эстеген туяк, сени эстеткен эмгегиң болсун дешет улуулар. Жакында өлкөнүн экс-премьер министри Жумабек Ибраимовдун уулун кокусунан кезиктирдик. Нурдин ИБРАИМОВ да маркум атасынын жолун жолдой мамлекеттик кызматта. Туризм боюнча мамлекеттик агенттикте эларалык бөлүмдү жетектейт. Дал атасындай карапайым. Ашыкча бийлик, ашыкча байлыктан оолак. Эске салсак, Жумабек ИБРАИМОВ 1998-жылы өкмөт башына келип, коррупцияга согуш ачкандай болгон. Бирок жыл айланбай өлкө премьер-министрин жоготкон. Оор кеселден улам ал киши өзү ачкан "согуштун" акырына чыгалбай көз жумган. Нурдиндин сыймыгы, тутунган жана бийик көргөнү атасынын элеси. Ал киши туурасында узак кеп салып берди.


Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

Ата-энени өлбөчүдөй көрөт экенбиз. Түбөлүк жашачудай туюлат. Карыя куракка чейин жашап, неберелерине тарбиясын берет деп кыялданасың. Жаныңда жүргөндө балким, баркын деле жетишерлик билбейттирсиң, жоготкондо гана күйүнөсүң. Баркын, ордун терең аңдайсың. Атам каза болгондо бизге абдан эле оор болгон. Ал киши бизге азыр да жетишпейт. Бул турмушта эң жогорку орду бар адам - атам. Балдарыбыз да биз атабызды, анын элесин кандай сыйласак, биртуугандар ортосунда кандай сый орноп турса, дал ошондой тейде жашоолорун улап кетишин каалайт элем. Биз өз мисалыбызда балдарга үлгү көрсөтөбүз. Адам мүнөзү өмүр бою калыптанып отурат экен. Атамдын мүнөзү кимибизге өткөнүн ошол нерседен улам айталбайм. Акыркы күндөрүнө дейре өзүн өзү тарбиялап, улам жаңы билимге ээ болууга, баалуу сапаттарга ээлик кылууга умтулган. Бизге жакшы ысымын, башкысы мыкты тарбиясын калтырып кеткен. Эми биздин милдет - атамдан калган генди бузбай, ысымын булгабастан, муун улоого тийишпиз.
***
Атам бизди аябай катуу кармачу. Бирок акырын гана сөзү менен. Эмне туура, эмне туура эмес экенин эч жемесиз түшүндүрүп гана койчу. Эркелетчү эмес эч качан. Эч кимибизге бир да ирет кымбат белек тартуулаган эмес. Жаңы жылда мандарин, момпосуй менен гана чектелчү. Төрт биртууганбыз. Төртөөбүз тең туулган күндөрүбүздө атабыздын белегин күтчүбүз. Биз ойгонолекте керебет жанындагы үстөлгө белегин коюп, анан бизди тургузчу. Москвага барган сайын ар бирибизге китеп, оюнчук, карындашыбызга куурчак алып келер эле.
***
Балачагыбыздан бери туура жолго, сергек жашоого багыттачу. Кичинебизден баарыбызды тең лыжа тебүү, сууда сүзүүгө, спорттун көп түрүнө үйрөткөн. Жашоонун сергек мүнөзүндө жүрсөң жашоо кызык экенин сездирген. Кесип тандоо, турмуш куруу маселелеринде атам бизге, биз анын иштерине кийлигишчү эмеспиз. Таң эртең ойготуп, кайра эрте уктоону талап кылчу бизден. Демалыш күндөрү сөзсүз түрдө эмгектенип, жерди иштеткенибизди туура көрчү. Ошентип жалкоолукту да бизге жолоткусу келбечү. Анын бул сапаттарында канча акылмандык жатат. Мунун баары жашоодо зарыл нерселер экен…
***
Кыргыз тилинен кыйналганыбызды моюнга алабыз. Эки жашымда Балыкчыга көчүп барган экенбиз. Атам анда заводдо директор эле. Ал жерде жалаң орус, немистер көп эле. Жашаган үй, барган бакчабыз да заводго таандык болчу. Балыкчыда агезде бүт СССРден келгендер жашачу. Чөйрөбүз бүт орус тилдүү болуп калды. Ал эми кыргызча тиричилик сөздөрдү эркин эле сүйлөчүбүз. Анан Бишкекке келгенде орус тилдүү чөйрө ого бетер кеңейди. Орусча билим алып калдык. Атам да биздин орусча так сүйлөшүбүздү каалаган. Анткени айылдан келип, ал кезегинде орус тилинен кыйналган көрүнөт. Өмүр аягына чейин да туура эмес акцент менен сүйлөгөн айрым сөздөрү бар эле. Албетте, таза, так кыргыз тилинде сүйлөөгө тырышабыз. Кудай буюрса, үйрөнөбүз.
***
Атама улуу агам Ильяс жана кичүү иним Абакир түспөлдөш. Бирок, баарыбызды бирдей көрчү. Ильяс кесиби боюнча юрист. Убагында УККда иштеп жүрдү. Бирок, азыр жеке иши менен алек. А мен маркетологмун, мурда банкта иштеп келгем. Азыр мамлекеттик кызматка көнө түштүм. Бирок, мында туруктуулук зарыл. Адам өзү моралдык жактан мамлекеттик кызматка даяр болуш керек. Бекем нерв, сабыры күч болушу кажет. Материалдык жагы жакшырып, социалдык коргоо пакети болсо, мамлекеттик кызматтан өтөрү жок. Алдыга умтулган жаштар бар. Качандыр ал муундун да кезеги келер.
***
Биз эс тарткандан эле атам мамлекеттик кызматтарда иштеди. Анын иштерин көрүп, телефон менен сүйлөшкөнүн угуп, мамлекеттик кызматтын маңызын түшүнүп-билип эле калганбыз. Жаңылыктарды чогуу көрчүбүз. Мындай жагынан өзүбүздөн өзүбүз даярдалганбыз. А бирок атам эч кимибизди мамлекеттик кызматка барууга мажбурлаган эмес. Өзүбүзгө кызык болгон, шыгыбыз туура келген кесипти тандоо укугун өзүбүзгө берген. Мындай нерседе атам аябай демократ болчу. Анан да ар бир жеке кадамыбыз үчүн да жооп берүүгө үйрөтөр эле. Мажбурлап, түртмөлөгөн учуру болгон эмес. Ар бир нерсенин маңызын, жашоонун маанисин, адамдар менен болгон мамилелерди аңдап билип, туура чечим кабылдоого үйрөткөн бизди. Ошол нерсе азыр мага көп жардамга келет.
***
Айылдан чыгып, өзү бутуна турган адам эле. Өтө чынчыл болчу. Өзүнө да, бизге же туугандарга да ээлеген кызмат же бийлигинен пайдаланууга жол берчү эмес. Атамдын мамлекеттик маянасы бизди бакканга жетчү, атам андан ашык байлык күтпөдү. Атамдын ушул сапатына ыраазымын. Эгер ал бизди эркелетип, байлык менен өстүрсө, азыр бизге турмуш кыйын болуп калмак. Адамдар менен болгон мамиле баалуулугун жоготуп алмактырбыз. Азыр мага жөнөкөй эл менен баарлашып, мамиле түзүү жагат. Жумабектин уулу деген сыймык калтырды. Анда бийлик бар эле. Бирок аны өз кызыкчылыгына пайдаланган учуру болгон эмес. Акылдуу болгон, эгер кааласа андан укмуш бай чыкмак. Бирок ал таптакыр башка байлыкты - карапайымдыкты тандап, баалаган баалуулуктары башкача эле. Мен да атамдын дал ушундай жолун тандагым келет. Боорукердиги, башкаларга жардам берүүгө дилгирлиги сөз жеткис эле. Мен да бай болууга умтулбайм. Үй-бүлөнү багып, балдарга билим берүүгө, кээде жакындарга жардамдашууга тапканым жетип турса болду. Ал эми байлык бул турмушта башкы нерсе эмес. Азыр мени бир нерсе таңгалдырат. Ак эмгеги, өз мээнети менен иштеп жүргөндөр эмес, кандай жол менен болсо да байлык топтогондор татыктуу, урматтуу, жакшы киши деп эсептелген учур. Адамдар адамгерчилик баалуулугун жоготуп баратат.
***
Кыргызстандын ар аймактарында болгондо Жумабек Ибраимовдун уулу экенимди билишкенде атам туурасында жылуу пикирлерин айтышат. Атабыздын атын булгабоого кеңеш берип, бул турмушта татыктуу жолду басып өтүүгө үндөшөт. Арабыздан кеткенине 10 жыл болсо да эстеп жүргөндөр бар. Атам элдин татыктуу уулу экенин билем. Кезеги келгенде кыргыз тарыхынан элдин бакубаттуулугу, өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштеген адамдардын катарында биздин атабыз да өз татыктуу ордун алат деп үмүт артам. Бир адам айтты эле мага атамдын "Кыргызстан үчүн өзүн курмандыкка чалганын". Чындап эле өзүн да, өз денсоолугун да аяган эмес. Чынчыл жашоого үгүттөгөн.
***
Карапайым адамдар менен баарлашууну жактырчу. Айылда өсүп, атадан эрте калып, жалгыз апасынын тарбиясында чоңойгон. Карапайым элдин турмушун өзү жакшы билген. Айылда жашоо кандай экенин өзү көргөн. Ал чындап эле элге жардам кылгысы келген. Кимдин эли биримдүү болсо, ал чачына ак киргенче жашайт деген маанидеги сөздү жакшы көрчү. Элдин Түндүк-Түштүк деп бөлүнгөнүнө капа эле. Ар иштин башы эмес, натыйжасы маанилүү дечү. Муну өмүргө да байласа болот. Кандай наам, кандай сыйлык алба, дал ошол калыпта өмүрдү да аягына чыгар. Ал кыргызга бейиш сурачу, эми Кудай ага тигил дүйнөнүн бейишинен орун берсин.
***
"Кудай баары бир бар, качандыр бир кезде кылган ишиңе жооп бересиң" деп калчу. Ушул ишенимди да бизге калтырып кетти мурас сымал. Ал динге фанат эмес, бирок, аң-сезим менен Кудай бар экенине ынанчу. Иччү да эмес, чекчү да эмес. Спирт ичимдиктерин ичип алып, туура эмес иштерди жасаган адамдарга түшүнчү эмес. Ушундайга да адамдар убактысын коротобу дечү. Убагында десанттык бөлүмдө кызмат өтөгөн экен. Өзү да спорт менен машыкчу. …Атамдын өзгөчө жыты да бар эле. Биз аны да жакшы көрөр элек. Өз элибизди, өз жерибизди сүйүп, ал жашаган татыктуу жашоону биз да кечирсек экен. Атам каза болгондон кийин мен көп кызык адамдар менен баарлаштым. Бир аксакалдан жашоосун кандай өткөргөнүн сурасак, "босогодон биз тарапка басып келгендей" дейт. Өмүр учкан куштай тез өтөт. Ошондуктан, биз адамдар жакшылыкты көп жасоого үлгүрүшүбүз керек экен.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика