presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шыпаагер

Акыркы он үч жылдан бери Кыргызстан гана эмес, Орто Азия чөлкөмүнө таанылып бараткан КАМЭК көп профилдүү клиникасы медицина тармагынан өз ордун тапты. Ушу тапта мамлекет каржылаган ооруканалар менен менчик бейтапканалардын ортосунда таза да, таза эмес да атаандаштык күчөгөндөй. КАМЭКтин жетекчиси, медицина илиминин доктору Эркин Абдраимович МАМАТОВ кабарчыбыз менен ушул жана мындан башка көйгөйлөр жөнүндө ой бөлүштү.
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
- Каалайбызбы-каалабайбызбы, биз капитализм доорунда күн кечирип атабыз. Бул система атаандаштыктын күчөшү, анын аркасында санга эмес сапатка жогору баа берүү жана иштин натыйжалуулугун арттыруусу менен айырмаланат. Мындай шартта медицина тармагы дагы рынок шартына ылайыкташканы абзел. Анткени, саламаттыкты сактоо жааты тез аранын ичинде жаңыланууга муктаж.
- Аны кантип жүзөгө ашырабыз?
- Көптөн бери "ансыз деле мамлекет атуулдардын бекер дарылануусуна өбөлгө түзгөн. Анда жеке менчик бейтапканалардын ачылышынын кажети барбы?" деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытып келет. Менимче, көп багытта иштеген менчик клиникалардын санын арбытууга мамлекет өзү кызыкдар болушу керек. Маегибиздин башында айтып өткөндөй, өнүгүүнүн бирден бир жолу - конкуренция. Бейтапканалардын саны арбыган сайын, алардын ортосунда атаандаштык күчөп, иштин эффективдүүлүгү артып, сапаты жогорулай баштайт. Саламаттыкты сактоо жаатын реформалоонун алгачкы кадамы ушундайча башталуусу зарыл.
Туура, мамлекет жарандардын максималдуу акысыз дарылануусуна шарт түзүүгө убада кылган. Тилекке каршы, айтылган сөз айтылган жерде эле калды. Кесиптештеримди жамандагандай болбоюн, бирок, мындай кырдаалда ак халатчандардын көпчүлүгү капчыгын кампайтуу менен алек. Жөнөкөй эле бир мисал. Кошумча төлөөгө 800-1500 сом, дары-дармекке да өзүнчө акча беришиң керек. Непадам, оорулууга операция жасоо зарыл болсо, наркозго да белгилүү өлчөмдө акча төлөө каралган. Чынында наркозго деп мамлекет каражат бөлөт, анүчүн сыркоо адам башын оорутпаганы оң. Ошондой эле врачты ыраазы кылмай салты бар.
Буга салыштырмалуу менчик клиникалардын табияты такыр башка. Оорунун түрүнө жараша конкреттүү баа коюлган. Анын ичине бардыгы: палата акысы, дары-дармек, кызмат көрсөтүү камтылган. Андан башка каражат коротпойт. Бизге "акчаны төлөйм, ошого жараша сакайып чыгам" деген ниет менен кайрылышат. Менин жеке пикиримде, өкмөт медицина жаатын кардиналдуу түрдө реформа жасоону кааласа, мамлекеттик ооруканаларды менчик бейтапканалардын иштөө системасына акырындап өткөрүшү абзел.
- Медицина кызматкерлеринин коррупциялашып кетишине система таасир этип жүрбөсүн? Себеби, адам өмүрүн сактагандардын маянасы өтө төмөн. А силердечи?
- Биз бардыгын эсептеп чыкканбыз. Оорулуудан түшкөн акчанын кандайдыр бир пайызы ак халатчандардын маянасына бөлүнөт. Алардын эмгегин баалоо башкы планда. Маселен, мамлекеттик бейтапканада иштеген врачтардын айлыгына салыштырмалуу бизде биртоп эле жогору маяна алышат.
- Дарылануу наркына жараша адамды дартынан айыктырууга мүмкүнчүлүктөр да кененби? Дегеним, кызмат көрсөтүү баасы жогору эмеспи?
- Биздин клиникага кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн капчыктуулар эмес, карапайым калк түзөт. Сыркоолуулардын жеке шартына жараша жеңилдиктер каралган. Айрымдары таптакыр бекер дарыланышат. Аты эле айтып тургандай, менчик клиника бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Эгерде, кызмат көрсөтүү сапаты талапка жооп бербесе, бейтаптардын мыйзам чегинде укугун коргоого мүмкүнчүлүгү зор.
Ал эми мамлекеттик ооруканада дарылангандар акыйкаттыкка жетиши өтө кыйын. Дарылануу сапатына нааразы тарап калдайган система менен күрөшүүсү керек. Оору жөнүндө чындыкты билгиси келсе бейтапкана, министрлик менен соттошуусу зарыл. Көпчүлүк учурда андан сыркоолуу гана зыян тартат. Муну түшүнгөн киши бардыгына кол шилтеп, Гиппократтын антын бергендер менен тирешүүдөн баш тартат. Жыйынтыгында дарыгерлердин басымдуу бөлүгү өздөрү каалагандай иштеп, катачылык кетирсе деле көпчүлүк учурда жоопкерчиликке тартылышпайт. Мындай көрүнүш көнүмүшкө айланып, калктын саламаттыгына тескери таасирин тийгизери калетсиз.
- Сиз жетектеген клиникага нааразычылыгын билдирип, соттошкондор болду беле?
- Оорулуулар менен соттошкон кырдаал түзүлүп калат. Кудайга шүгүр, КАМЭКтин эмгек жамааты өтө тажрыйбалуу. Ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Кемчилик кетирбегенге аракет кылабыз. Андыктан, өз укугубузду татыктуу коргогонго мүмкүнчүлүгүбүз жетет.
Биздин клиниканын негизги иштөө принциби - сыркоолуу кандай гана абалда келбесин, аны артка кайтарбай, кабыл алуу болуп саналат. Өлүм алдында жаткан адамдын өмүрү үчүн болгон профессионалдык мүмкүнчүлүктү жумшап, кичине болсо да бу жарыкчылыктын даамын татышына өбөлгө түзүшүбүз керек.
- Өзүңүз айтмакчы, медицина тармагында конкуренция деген түшүнүк бар. Атаандаштыктан сынбай келатканыңардын сыры неде?
- Жашырганда не, бизде конкуренциянын цивилдүү жолуна караганда, жапайы түрү өтө жогору. Таза атаандашуунун жаралышына өкмөт көзөмөл жүргүзүп, шарт түзүп бериши керек. Бирок, мамлекет тарабынан камкордук көрүлүп атканы анчейин байкалбайт. Алдыга озуп бараткан клиникаларды көралбастык менен буттан чалып, ишине тоскоолдук келтиргендер четтен табылат. Мунун башкы себеби - медициналык идеология бузулуп, ак халатчандар кесиптештерин жек көрө баштаганында. Кыскача айтканда, "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" кырдаалы түзүлдү. Биздин клиника деле мындай "белектен" куру эмес. Түрдүү ыкманы колдонуп, КАМЭКти жаманатты кылууга аракет жасагандар бар. Ошого карабастан, Кудайга шүгүр, бардык тоскоолдуктарды жеңип, ишибиз илгерилөө багытынан тая элек. Анткени, биз оорулуунун акчасына эмес, анын тез аранын ичинде сакайып кетишине болгон күчтү жумшап, иштин санына эмес, сапатына басым жасайбыз.
- Эсил кайран СССР доорунда медицина тармагы жогорку деңгээлде эле. Эркиндикке ээ болгону саламаттыкты сактоо тармагы баштапкы басыгынан жазып, түбү жок түпкүргө түшүп бараткандай. Буга кадрлардын жетишсиздиги, аларга билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткени таасир эткендир?
- Ачыгын айтканда, бүгүнкү күнгө салыштырмалуу совет мезгилиндеги медицина төөчөлүк өйдө турчу. Агезде болочоктогу дарыгерлерди даярдоо, ага болгон талап жогорку деңгээлде эле. А азырчы? Медициналык академия аты бар, заты жок окуу жайга айланып бараткандай таасир калтырат. Контрагын убагында төлөп, зачет, экзамендерин жалаң акчага бүтүргөн студенттер арбып баратканы өкүнүчтүү. Акчага сатып алган дипломдун ээсинен кайсы жарыткан адис чыксын? Жаш муундун ичинен таланттуулары жок эмес, бар. Бирок, алардын саны өтө аз. Анысы аз келгенсип, келечек ээлерине ойдогудай шарт түзө албай атабыз.
Биздин клиникага жумушка келген жаш врачтардын көпчүлүгү талапка жооп бербейт. Ашып кетсе бир-эки ай иштеп эле, билиминин тайкылыгынан улам жумуштан четтетилет. Буга ким күнөөлүү? Албетте, агартуу системасы. Катуу тийсе алдын ала кечирим сурайм. Айлык акынын аздыгынан улам студенттердин акчасына көзкаранды болгон көпчүлүк окутуучулар, аларды акчага сатып алууну көздөгөн студенттердин саны көбөйүүдө.
- Канткенде кадрдык кризистен чыгабыз?
- Сандан сапатка өтүү керек. Медициналык академияга тапшырууга орундарды чектөө зарыл. Маселен, жылына 1000 студент кабыл ала турган болсо, аны эки эсеге төмөндөтүп, алардан чыныгы билимдүү адис даярдасак жакшы эмеспи. Окууну аяктагандар даяр врач болуп чыгышы абзел. Тилекке каршы, практика жүзүндө бүтүрүүчүлөрдү дагы 5-6 жыл даярдоо керек.
Мындан сырткары, дарыгерлердин ортосунда атаандаштык күчтүү. Көп жылдан бери эмгектенип келаткан врачтар жаңыдан жумушка орношкон жаш адиске тажрыйбасынан бөлүшпөйт. Келген оорулууну кабыл алуу, операция жасоо - "карт бөрүлөрдүн" колунда. Анын негизги жүйөсү баягы эле акча талаш. Канчалык көп кардарың болсо, ошончолук капчыгың кампаят. Жаштардын көпчүлүгү медициналык академиядан жыргатып билим алалбаганы аз келгенсип, тигинтип "карт бөрүлөрдүн" курмандыгына айланып, 5-10 жылга чейин операция дегенди унутушат. Анан кантип биздин ордубузду басчу жаңы муун өсүп чыгат? Айтор, кадр даярдоо маселеси алдыңкы планда эмес, 2-3-орунга жылып калгандай. Мунун арты өкүнүчтүү аякташы ыктымал.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??