mainkaptal

Пользовательский поиск
  Саммит сарамжалынан

Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) курамына кирген мамлекет башчыларынын (Курманбек Бакиев, Дмитрий Медведев, Нурсултан Назарбаев, Александар Лукашенко, Ислам Каримов, Эмомали Рахмон, Серж Саргсян) бейформал жолугушуусу бүгүн Чолпон-Ата шаарында башталат. Галстуксуз жыйынга болгон камылга кандай? Алыстан ат арытып келген меймандарды татыктуу тосуп алганга шаабыз жетеби? Мына ушул жана башка суроолорго жооп табууга аракет жасадык.

Аман келип, эсен кет!
Кечээ президенттердин ичинен алгачкылардан болуп Беларусь президенти Александр Лукашенко менен казак лидери Нурсултан Назарбаев келди. Калган дөө-шаалар бүгүн ар кандай убакта келишет. Алардын айрымдары борбор аркылуу Ысык-Көлгө сапар алса, кээлери түз эле эларалык Тамчы аэропортуна конушу ыктымал.
Эларалык деңгээлдеги кандай гана маанилүү иш-чара өтпөсүн, ириде коопсуздук маселесине зор көңүл бурулары калетсиз. Чолпон-Ата саммитине галстуксуз келген өлкө жетекчилеринин коопсуздугун камсыздоо вазыйпасы Мамлекеттик күзөт башкармалыгы менен Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жүктөлгөн. Эки күнгө созулчу жыйын маалында Ысык-Көлдүн күңгөйүндө жайгашкан Бостери айылынан тескейдеги Тамга айылынын аралыгындагы канжолго убактылуу чектөөлөр киргизилген. Коопсуздукту сактоого жалпысынан 5 миң "кызыл шапкечен" тартылат. Мындан сырткары, өлкө жетекчилерин "Чолпон-Ата-2" резиденциясына жеткирүү үчүн "Мерседес", "Лексус" үлгүсүндөгү машинелер тандалган. Коопсуздук маселесинен улам темир тулпарларга "1001" деген окшош номурлар тагылат.
Бейрасмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда "Джип" үлгүсүндөгү үч ок өтпөс (брондолгон) машине бар. Алардын ичинен бирөөсү ажобуз Курманбек Бакиевге, калгандары ЖККУ президенттерине кызмат кылат экен.
Каримов палоо десе, Нураке бешбармак жейт
"Конок койдон жоош" дейт кыргыз. Ошентсе да падышалардын табитине жараша (алдын ала макулдашуу жолу менен) түркүн түстүү тамак даярдоо талапка ылайык. Анүчүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынын жана борбор калаадагы "мен" деген кафе-ресторандардын башкы ашпозчулары электен өтүп, жети өлкө жетекчиси үчүн дүйүм даам даярдашат.
Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына караганда, негизинен меймандарды улуттук тамак-аш менен сыйлоого басым жасалыптыр. Алсак, бешбармак, палоо, дымдама өңдүү тамактар даярдалат. Мындан сырткары, Нарындын куйруктуу койлоруна бата тиленсе, Ысык-Көлдүн "алтын" форелдери торго түшүп, түштүк аймагынан жашылча-жемиштер ташылган. Ошондой эле торопой эти, салаттын түрлөрү да унут калган эмес.
Кыргыздын тамагына табити анчейин тартпайбы, айтор, айрым коноктор өткөн жумада эле ашпозчуларын Чолпон-Атага жөнөтүшкөн. Биринчилерден болуп келген Ислам акенин (Каримов) ашпозчу отряды буусу чыккан ашын демдеп, шефин зарыга күтүп атыр. Башка жетекчилерге салыштырмалуу, казак лидери Нурсултан Назарбаевдин бешбармак дегенде эки көзү төрт болорун эскерте кетели. Бешбармак жегендин эртеси Нураке жалаң чай ичкенден тажабайт.
Ал эми орус туугандардын журт башчысы Дмитрий Медведев балыктан жасалган тамакка өлө ашык. Муну менен тим калбастан, Дмитрий мырза балмуздак менен момпосуй дегенде жантыгынан жата калат. "Манастан Чубак кем бекен" дегендей, Беларусь президенти Александар Лукашенко да дасторкондо дайыма балык, кара нан, жер-жемиш, сүйүктүү печенье менен балмуздагы турушун каалайт. Акыркы кезде А.Лукашенко чет өлкөлөргө кандай гана жыйынга барбасын, 5-6 жаштардагы Коля аттуу уулун ээрчите жүргөнү маалым. Бизге да ошо уулун ала келеби, көрөбүз го…
ЖККУ мамлекет башчыларынын ичинен "капризныйы" эле Эмомали Рахмон. Кайсы бир эларалык жыйында тажик лидеринин кыялы кармап, таптакыр даам сызбай койгон дешет. Көрсө, мейман тоскон тарап тизмеге тажиктердин улуттук тамагын кошпой коюптур. Бу саам да Э.Рахмон ошо "кылыгын" көрсөтөбү, же биздикилер анын кыялын эске алышты бекен…

"Бөдөнөнүн сүтүн" таба албай
Кайсы бир президент маанилүү жолугушууга барыптыр. Келери менен кесиптешине "жолукканыбыз үчүн жүздөшүп койбойлубу" дебейби. Мындай сунушту күтпөгөн мейман ээси кайсалактап калат. Көрсө, жакын жерде ичимдик аттуу жок экен. Бу жолу мындай сунуштардын болору эске алынды. Бул аңыз кепти мисал тартканыбыздын жөнү бар. Галстуксуз саммиттин шарапаты менен көшөгө артында ажонун 60 жылдык юбилейи шылтоого шыноо болуп, койкойгон "бөтөштөрдүн" мойну сынарын боолголосок жаңылышпайт чыгарбыз. Маселен, ушу тапта Франция менен Италиядан өндүрүлгөн кызыл жана ак вино, Россиядан жасалган арак, 30 жашты багындырган кыргыз коньягы коноктордун ичин жылытып, көңүлүн көтөрүүгө даяр.
Такталбаган маалыматтарга караганда, өзбек президенти Ислам Каримов орус өндүрүшүнөн чыккан "бөдөнөнүн сүтүнөн" өлө "кайф" алат имиш. Дмитрий Медведев болгону кампания үчүн кызыл же ак вино татышы мүмкүн. Чындай келгенде орус лидерине табигый сок менен көк чай чыныгы ырахат тартуулайт.
Ичимдик менен "касташкандардын" катарына Нуракени да кошсок болот. Ал кысталыш учурда кызыл винодон татып койбосо, жадагалса шампандын даамын татуудан заарканат экен.

Эмомали Рахмон сүйүүгө кандай?
ЖККУ курамына кирген президенттердин урматына бүгүн кечки саат 19:00дө атайын ыр майрам уюштурулат. Аталган иш-чара Ысык-Көлдөгү Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух ордо" комплексинде өтмөкчү. Маданият жана маалымат министринин орунбасары Орозбек Айдаровдун айтымында, концерт төрт бөлүмгө бөлүнгөн.
"Салтанаттын алгачкы бөлүгүндө кыргыздын нукура маданиятына басым жасадык. Ачылыш аземинде төкмө акындар Замирбек Үсөнбаев менен Элмирбек Иманалиев төксө, жаш жигиттер күпүлдөтө манас айтышат. Манасчылардан кийин "Кыз бурак" тобунун сулуулары ыр созушат" дейт Орозбек мырза.
Концерттин экинчи бөлүгүндө ЖККУ элдеринин достугун даңазалаган чыгармалар жаңырат. Аткарыла турган чыгармалар президенттердин табитине ылайык тандалганы кызык. Маселен, Жанетта Бобкованын аткаруусунда тажик элинин махабат темасындагы ырын укканда Эмомали Рахмондун көз алдына жалындаган жаштыгы тартылары талашсыз. Калган ырчылар, алсак, Курмангазы Азыкбаев армян лидери Серж Саргсяндын урматына чоор сыбызгытса, Нэна Беларусь президенти Александр Лукашенко үчүн обон созот.
"Маданий иш-чаранын акыркы бөлүгүндө классикалык чыгармаларга орун берилген. Булардан сырткары, "Акмарал" бийчилер тобунун ак куудай керилген кыздары нукура маданиятыбызды даңазалаган чыгармаларды аткарышса, "Акак" тобу үч кыл комузду тилге келтиришет" деп кошумчалады Орозбек Айдаров.
Ырчыларды тандоо кандай критерийлердин негизинде жүргөнүн сурасак, а киши мындайча жооп берди: "Министрибиз Султан Акимович башында турган Көркөм кеңеш атайын коюучу топ менен биргеликте концерттик программаны иштеп чыккан. Ошонун негизинде концерттин катышуучулары тандалды".
Маданият жана маалымат министрлигинен кабарлашкандай, саммиттин экинчи күнүндө Семенов капчыгайында кыргыздын ат оюндары чет эл президенттерине тартууланат. Ошондой эле бүркүт салмай, кыз куумай, тыйын эңмей, кыргыз көчү сындуу оюндар көрсөтүлөт. Албетте, жөн эмес, ажонун пайгамбар жашынын урматына…

Түштүктө да аскер база "төрөлөбү"?
Буга чейин ЖККУнун аскер базасы Кыргызстан аймагында жайгашат имиши желдей тарап кеткен. Россия президентинин жардамчысы Сергей Приходько "Интер-факс" агенттигине аскер база маселеси чечилгенин, жакынкы күндөрү келишимге кол коюусу мүмкүндүгүн кабарлаган. Атүгүл, бул маселе ЖККУнун эки күндүк бейрасмий саммитинде талкууланарын тастыктаган. Азырынча бул маалымат туурасында кыргыз бийлиги "ак" да, "көк" да дей элек. Алортодо Өзбекстан президенти Ислам Каримов ЖККУнун аскер базасын Кыргызстандын түштүгүндө жайгаштыруу калпыс иш болорун галстуксуз жыйында билдирерин "Uzmetronom" агенттиги ишенимдүү булактарга таянып жарыялады. Айтор, галстуксуз жыйындын шылтоосу менен бир катар маанилүү маселелер чечилет окшоп калды.




Ток этерин айтканда:
ЖККУнун Чолпон-Атада өтчү саммитине даярдык февраль айынан тартып көрүлө баштаган;
Президенттер жатчу люкс коттедждерде бардык шарттар түзүлгөн. Бөлмө ичинде интернет түйүнү, эки телефон (бирөөсү эларалык байланыштар үчүн кызмат кылса, экинчиси резиденция ичиндеги карым-катнашка ылайыкташтырылган), телевизор бар;
Өлкө жетекчилери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эле тим калбастан, кереметтүү Көлдүн чок ортосуна да саякат жасашат;
Президенттин иш башкармалыгы падышалардын эмне тамак-аш ичээрин ачыкка чыгаруудан баш тартты. Башкармалыктын кабарлашынча, ал келген меймандар үчүн "сүйрүприз" болушу керек.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика