presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Убайымга салган унаа

Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт

Бүгүнкү күндө Бишкектин борбордук көчөлөрүндө, базарлардын тегерегинде автоунаалардын тыгыны шаар турмушундагы курч маселелердин бирине айланууда.
Мындан бир аз убакыт мурдарак эле шаардын Ахунбаев, Абдрахманов, Киев көчөлөрүндөгү, Тынчтык, Чүй, Жибек жолу, Дэн Сяопин ж.б. проспектилеринде автотыгындар эртең мененки саат 8ден 10дорго, кечкисин саат 18-19дарга чейин болсо, азыр кайсы убакыт болбосун тыгын демейки көрүнүшкө айланды. Ушул көчөлөр аркылуу жүрүүчү автоунааларга, троллейбустарга түшсөң, сөзсүз кызматтан кечиктим дей бер. Кечкисин үйүңө кеч келесиң. Ал эми Ош, Аламүдүн, Орто-Сай, Дордой базарларынын тегерегинде машинеден адамы, адамынан машинеси көп баш айлантмага туш болосуң. Мындай жерде жол эрежеси кайдан сакталсын.
Андан да тар жолдорду ого бетер тарытып, ар кандай офистердин, фирмалардын, агенттиктердин тушуна жеңил машинелерин токтотуп коюшкандыгы эл ташуучу муниципалдык автобус, троллейбустардын, кичиавтобустардын көчөлөрдө жүрүшүн татаалдантууда. Бул көрүнүш Киев, Москва, Ахунбаев, Манас ж.б. көчөлөрдө, Чүй, Абдрахманов проспектилеринде байкалат. Мындай күн сайын курчуп бараткан көйгөйлөр менчик автоунаалардын абдан көбөйүп бараткандыгынан чыгууда. Автокырсыктарга да ошол менчик машиненин айдоочулары көбүрөөк себеп болушууда. Анткени алардын көпчүлүгү жол эрежелерин жакшы билишпейт, тажрыйбасы аз, айдоочулук күбөлүктү ар кандай жол менен алган жаштар. Болгондо да чет өлкөлүк кымбат автоунааларды айдаган аткаминерлердин, бизнесмендердин, байлардын балдары.
Мындай темп менен жүрүп отурсак, бир-эки жыл эмес, аз эле убакыттан кийин автоунаалар көчөлөргө батпай, тыгын гана болбостон, жүрө да албай калышы толук ыктымал. Шаар бийлиги, МАИ кызматкерлери шаар турмушунда күн санап олуттуу курч маселеге айланып бараткан бул көрүнүштү чечүүнүн үстүндө баш катырып ойлонууга убакыт жетмек турсун, өтүп баратат.
Ал үчүн шаар бийлиги ишемби, жекшемби күндөрдөн башка күндөрү борбордук көчөлөр менен эртең мененки саат 6дан кечки саат 22ге чейин менчик автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салып, муниципалдык автобус, троллейбустар, кичиавтобустар, кызмат автоунаалары гана жүрсө, автотыгындар азаймак турсун болбой да калмак. Шаардын жалпы жашоочуларынын талабына ылайыктуу келген бул оюмду менчик автоунаалардын ээлери туура түшүнүшөт деп ойлойм. Анткени, алар өздөрү деле күн сайын кездешүүчү автотыгындардын азабын тартып жатканы жалганбы? Шаар абасынын булганышы да ушул автоунааларга байланыштуу экенин баары билет.
Кандай гана курулай ураандар, ар кандай иш-чаралар болбосун, көчөлөрдөгү автоунаалардын санын азайтмайынча автотыгындар күч алгандан күч ала берет. Шаарды көрккө келтирип жолдорун оңдоп жаткандай эле бул көйгөйгө да шаар мэри Нариман Түлеев көңүл бурат деген ишенимдемин.
Жума МАМБЕТОВ, Бишкек шаары




  Андай эмес, мындай

Кайран тил

Кыргыз билим берүү Академиясынын жооптуу кызматкери, музыка изилдөөчү Жумабек Дүйшөналиевдин айтуусунда, эгемендикке ээ болгондон бери ыр сабагы боюнча бир дагы окуу китеби, бир дагы усулдук колдонмо чыккан эмес. Байыркы бай маданияты бар элдин комузчуларынын, кыякчыларынын күүлөрү, ырчыларынын ырдаган ырлары окутулбайт. Балдарды адегенде элдик музыканын кыртышында тарбиялап алып, анан классикалык музыка дүйнөсүнө жетелеп чыксак, андан кийинки жолду алар өздөрү эле тандап алат эле дейт музыка адиси. Бирок көчөдө болобу, үйдө болобу, дүйнөнүн туш тарабынан агып кирип аткан жалган, жасалма ыргактар ансыз да жандүйнөсү жарды жаштарыбызды рухий жактан "мунжу" кылып бүттү деп кейийт.
Улут деп күйүп турган улан-кыздар улуттун уңгулуу музыкасын каны-жанына терең сиңирген жаштардан чыгарын түшүнгөн жапон эли, Балтика жээгиндеги өлкөлөр ыр сабагынын саатын көбөйтүп эле тим болбостон, аны орто мектепти бүткөнгө дейре окутушат. А биздечи? Жумабек Дүйшөналиевдин айтуусунда, 90-жылдарга чейин башталгыч класстарда болгону эки сабак болсо, 2000-жылы аны да кыскартып салышкан. Министрликтин Э.А.Казрина деген кызматкеринин аныктамасы боюнча, 8-класска көчө турган балдардын музыкага болгон кызыгуусу төмөндөй баштайт имиш. Мына ушинтип, кыргыз элинин музыкалык маданиятынан кенедей түшүнүгү жок бир эле чиновник кыргыз тилине жан куюп жаткан кантамырдын бирин кыя чапкан...
Ал эми Казакстанда казак тилине жасаган мамиле такыр башкача. Ал жерде ыр сабагынан, анын класстык сааттарынан тышкары кошумча сабактар киргизилгендигин, мектептеринде казактын элдик музыкалык өнөрү боюнча жазылган окуу китептери окутуларын айтышат. Өз элинин ким экенин, өз элинин ыр-күүлөрү эмне экенин билбей өскөн балдар эртең эл-жеринин тагдырына күйбөгөн, кайдыгер, мерес, ташбоор болуп каларын кыргыз түшүнбөгөн менен казак түшүндү...
Миң сандаган өзөн-дайралар агып кирип Ысык-Көлдү сактап турган өңдүү биздин тилибизди да кылымдан бери сактап келаткан өз дайралары бар эле. Ал дайралардын бири дал ошол билим министрлиги кыянаттык менен кыскартып салган ыр сабагы. Комуздун күүсүн уккандан кийин томуктай тоголонуп, дүйнөдө буга дейре мындай укмуш кереметти угалектигин урмат-сыйына кошуп туруп кантип туйгузарын билалбай, сахнага чыгып келип Нурактын бутуна жыгылган европалык музыканттын жандүйнөсүн алай-дүлөй кылган Карамолдонун күүлөрүнө биздин жаштарыбыздын "түкүрүп" койбогонуна улуу муундагылар так өзүбүз күнөөлүүбүз. Карамолдону окутпасак, Ниязалы менен Ыбырайды окутпасак, Боогачы менен Калмуратты, Атай менен Мусаны окутпасак, анан "аларды билесиңби?" деп кайсы бетибиз менен сурайбыз? Улуттук ыр-күүнүн кыртышына "сайылбай" өскөн жаштар бүгүн батыштан агып келип аткан масмаданияттын кулуна айланып, көчө деңгээлиндеги орус-кыргыз сөздөрүн өздөрү каалагандай жамаачылап ырга айлантып ырдап калышты. Ансыз да аргын тилде сүйлөнүп калган кыргыз тилинин ашмалтайын бүгүнкү прогресстин үлгүсү санашкан эстрада ырчылары чыкпаганына болбой чыгарууда.
Эч кандай түшүндүрмөсүз мисал келтирейин, өзүңүздөр таразалап аларсыздар.
Бек Борбиев ырдаган ырдан
Бакыт багын күйүт коштогон
Турмуш бизди шондо кошпогон.
Уулуң мага окшогон,
Мен да ага окшоном…
Султан Садыралиев ырдаган ырдан
Ойлонсом ойдун таңында,
Ойгонсом деймин жаныңда.
Оюнсуз сезимдерим,
От салган кезим менин,
Ой тобо, оору жедим.
Улан аттуу ырчынын ырынан
Сөздөрүмө түшүнбөсөң
Чын жүрөктөн баары бир.
Келечексиз ушул жорук
Мага деле баары бир.
Устукан бизге тартылат
Баары бир.
Самат Дөөлөтбаковдун ырынан
Эй жаштар, кол көтөрүп
Чапкыла баарыңар,
Бийлейли эсиңерди жоготкуча.
Ишен баары болот.
Жан жерим, ишенем сага,
Жан элим, ишенем сага.
"Кыз бурактын" Сайкалы менен Тимасынын ырынан
Молодежь, давай, ты
Давай и начинай.
Молодежь, кандай?
О проблемах забывай
Шампанское открываем,
Всем налиеваем
Мини юбки, сочные губки...
Курим красиво, без перерыва,
Бухаем по дороге.
Жыргал сонун жер экен.
Кана шараптан куйгула!
Уран деген жигиттин "Жизнь малина" деген ыры
Мен "эм-си", любого спроси,
Я парень с Каракола, звезда танцпола.
Оң жакты кара, это моя школа,
Колунда Кока-Кола,
Чөнтөктө жаңырат мобильник "Моторола"
Посмотри какая чикса (телка),
Это чикса теперь мне во сне сниться.
По ТВ мы смотрим МТВ
Говорят по телику, что все пути ведут на Дзержинку.
Жөнөкөй студентмин,
Жашоону көрө элекмин.
Пока я молодой,
Адреналин переполняет чувства,
Чөнтөктө түгөндү капуста (акча),
На душе так грустно,
А когда мне грустно, девушкама барам,
Таанышып алгыла, алтындай Айдай!
Көздөрү бакыракай, карагаттай,
Жини келсе чагылгандай.
Гүл алып берсем, жакшынакай,
Айдайга баратканда
Мен күйүп барам, өрттөнүп барам.
Ой SMS, "Уран, извини, мен келе албайм!"
Мен сага таарынгым келет, оооо...
Ну и ладно, не хочешь не надо,
Надену свой любимый "Найки"
пойдем гонять "Коунтер страйки" (компьютер-оюнчу)
И все таки, как бы жизнь не была,
Жизнь малина!
Бул ыры тууралуу Урандын өзү:
- Менин оюмча, бу азыркы учурда Батыштын маданияты менен биздин Азиянын маданиятынын ортосунда бир симбиоз жаралды да. Очень интересный симбиоз. Кыргыз адабий тили менен көчөдөгү тилди аралаштырып "микс" жасап, ушундай бир кызыктуу стиль пайда болду. Аны бардыгы түшүнөт, и русские и кыргызы, анткени, бүт бардыгы колдонуп эле жүргөн сөздөр. Эми чоңдор үчүн уккулуктуу эместир. А бирок жаштардын өздөрүнө жагат. Бул деген - рэп, бул деген - музыка, адреналин, драйв, кайф, - дейт.
Шайлообек
ДҮЙШЕЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
31-июль, 2009-ж.:
1-бет
"Мечиттер турат көк чийип, Мектептер турат жөткүрүп"
2-бет
Ат жүрүшпү же "мат" жүрүшпү?
3-бет
Коомдук Ордо Кеңеши кайрылды
4-бет
Акыркы шанс ушинтип өлдү…бү?
5-бет
Бирөөнүн кризиси бирөөгө пайда
6-бет
Устаранын мизинде оодарылган замандын уюткусу
7-бет
Медреселер мектептерди басып өтөбү?
8-бет
Американын атом сырын Россияга (СССРге) кимдер саткан?
9-бет
Кыргыз кыргызга ишенбесе, кылымда да оңолбойбуз
10-бет
Машиненин көптүгүнөн кең дүйнө тарыйт
13-бет
Жетинин бири кыдыр же аптаптуу 60 жаш
14-бет
Акчага ачкөз окутуучулар, билимсиз адистер пайда болууда
15-бет
Нурдин ИБРАИМОВ:
"Кудай бар, ар кылганыңа жооп берчү күн келет дечү атам"

16-бет
"Жолдошум менен эч качан ажырашпайм…"
17-бет
Мамсанэпидемкөзөмөл: "Ден соолукта болуп, кубанычта баарлашыңыздар!"
18-бет
Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт
19-бет
Издейм сени, арасынан элдердин...
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
23-бет
Күйдүм чок
24-бет
Коомго ким көп коркунуч келтирүүдө?
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
"Апам алдей алып келет деп уулум күтүп жүрөт..."
27-бет
Агым-гейм
28-бет
Пейджер
29-бет
Апта астрологиясы
31-бет
Шоу маек
32-бет
Шоу винегрет





??.??