Кыргыз гезиттер архиви

  Төбөсү менен төркүнү

Террорчулук, экстремизм карааны аралап жүрөбү?..

Президент К.Бакиев Россия менен Кыргызстандын биргелешкен машыгуу борбору түштүктө жайгашарын айтты. Ал эми саясат таануучулар бул боюнча түрдүү пикир айтууда. Жаңы борбордун жайгашуусу ички саясатка таасирин тийгизбесе да, тышкы саясатта бир катар карама-каршы пикирлерди жаратышы талашсыз. Бирок көпчүлүк эгер борбор жайгаша турган болсо, анын орду Баткенде болору максатка ылайыктуу дешет.

Марат КАЗАКБАЕВ, саясат таануучу:
"Канттагы базаны Баткенге көчүрсө туура болмок"
- Түштүктө дагы бир россиялык базаны жайгаштырууга кандай карайсыз?
- Буга чейин эле россиялык болобу же америкалык болобу, аскердик базаларды түштүккө жайгаштырса максатка ылайыктуу болмок. Анткени, экстремизм, терроризм сыяктуу көрүнүштөр түштүктө көп болууда. Негизи, мен россиялык дагы бир базанын Кыргызстанга жайгашуусуна каршымын. Бизге Канттагы база деле жетмек. Азыр Американын базасы калып жатса, Россия дагы бир база ачканы жатат. Бул жерде кыргыз бийлигинин аракети туура эмес.
- Эмне себептен?
- Мен Ошко ачылып жаткан борборду колдобойм. Себеби, бизге көп базанын кереги жок. Канттагы ОДКБ алкагында ачылган база Кыргызстанда терроризм, экстремизм маселеси боюнча иштеши керек эле. Бирок бир канча жылдан бери тынч эле турат. Азырынча биз Канттагы россиялык базанын ишин көрө элекпиз. Ошко дагы бир база ачылса деле ушундай эле көрүнүш болот деп ойлойм.
- Ансыз деле бул аракетке айрым коңшу мамлекеттер каршы болуп жатат. Мындан абал өзгөрүшү мүмкүнбү?
- Абал өзгөрбөйт. Алар бир эле база эмес, башка аракеттерге да каршы. Ошондуктан ага көңүл бурбай, Канттагы авиабазаны Ошко көчүрсөк, ошол туура болмок. Менин оюмча, жаңы база Россиянын АКШ менен тымызын тирешүүсүнүн натыйжасында болуп жатат. Кыргызстан кичинекей эле өлкө. Эми анын ар бир облусунда Россиянын базалары жайгаша берсе жакшы болобу. Ошондуктан Канттагы базаны Баткенге көчүрсө жакшы болмок. Дагы бир маселе, америкалыктар келишимде көрсөтүлгөн ижара акысын төлөп келди. Ал эми Россиянын базасы эч нерсе төлөбөйт. Коңшу мамлекеттердин биздин ички ишибизге, тышкы алакаларыбызга каршы пикир билдиргени орунсуз.

Эсен УСУБАЛИЕВ, тарых илиминин кандидаты, көзкарандысыз "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун директорунун орунбасары:
"Россия-АКШ алакасы солгундаса, туруктуу-лугубузга доо кетет"
- Кыргызстанга диний экстремисттик топтордун кол салышы толук мүмкүн экендиги жөнүндө азыр көп айтылып жатат. Чын эле ушундай болушу мүмкүнбү?
- Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай нерсе мурда деле болгон. Кыргыз чегарасын толугу менен көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Албетте, коркунуч бар. Азыр Ооганстанда кеңири масштабдагы согуштук операциялар жүрүүдө. Бул кырдаалда сөзсүз экстремисттер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн ылайыктуу жай издейт. Ошондуктан, үйрөнгөн адаты боюнча алардын Кыргызстанга келиши толук мүмкүн.
- Азыр россиялык экинчи база түштүккө жайгаша турган болсо, Өзбекстан кандай жооп кылышы мүмкүн?
- Базанын түштүккө жайгашуусу ошол аймакта абалды турукташтырууга жардам берет. Азырынча кыргыз-өзбек чегара маселелери чечиле элек. Чегарада үчүнчү бир өлкөнүн аскер базасы болушуна Өзбекстан каршы. Бирок кыргыз бийлигинин чечими ушундай болгон соң, бул Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келет. Бирок мында улуу державалардын да тирешүүсү бар. Анүстүнө Россия Орто Азияда өз позициясын чыңдоо үчүн кошумча плацдармга ээ болгону жөнүндөгү түшүнүктү башкаларга сездирип жатат. Жеке менин оюмда, Кыргызстанда эч бир өлкөнүн базасы жайгашпаса жакшы болмок. Эгер Америка менен Россиянын алакасы солгундап кетсе, биздин туруктуулугубузга ичтен да, сырттан да доо кетет. Бир эле биздин өлкөдө эмес, бүткүл аймакта кооптуу жагдай пайда болот. Бул жерде америкалык базанын жайгашуусун туура көрбөгөн кытай тарапты да эске алуу зарыл. АКШ менен Россиянын чын эле алакасы бузулса, ал блоктук карама-каршылыкка алып келиши мүмкүн. Ошондо Орто Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга АКШны же Россияны колдо деген сунуш түшөт. Эгер ошол күн жүз берсе, ал кыргыз жетекчилигинин көзкарашына жараша болот. Кайсы өлкө менен алакасы жакшы болсо, ошол тарапка ооп кетет. Ошондуктан Кыргызстан улуу державалардын аймактагы кызыгуусун шайкеш алып жүргөнү жакшы. Бул жерде кыргыз тарап улуу державалардын алдында узак мөөнөттүү милдеттемелерди албаш керек. Бул аскердик базаларга да тиешелүү. Акырындык менен биз өз коопсуздугубузду өзүбүз камсыз кылууга кудуретибиз жеткенде, чет элдик базалардан биротоло баш тартышыбыз зарыл. Ал эми Өзбекстан маселесине келсек, бир тараптуу кесе айтуу кыйын. Эгер кыргыз чегарасы аскердик артыкчылыкка ээ болуп баратса, же Россия аскерлери кандайдыр бир ортомчулук позицияда үчүнчү күч болуп кийлигишсе, бул Өзбекстанды сөзсүз кабатыр кылат.
- 1999-жылы өзбек самолеттору Алайда кыргыз айылын кыйратып кеткени маалым. Эгер террорчулар кайрадан кыргыз жеринен көрүнүп, Өзбекстанга террордук коркунуч туулса жогорудагыдай окуя болуп кетиши мүмкүнбү?
- Өзбекстан кыргыз тарапты чегарасын талаптагыдай коргобойт деп ар дайым айтып келет. Ошондуктан алар биздин аймакка аскердик рейддерди уюштурушу мүмкүн. Муну биздин жетекчилик да ойлонууга тийиш. Андыктан бир гана сүйлөшүү жолу менен биргеликте иш алып баруу абалды жеңилдетет. Фергана өрөөнүндөгү диний радикалдуу күчтөрдүн бар экенин эске алсак, азыркы абал бардык Орто Азия өлкөлөрү үчүн кооптуу. Эгер Өзбекстанда кайсы бир себеп менен, мейли түркмөн сценарийи болобу, же башка болобу бийлик алмаша турган болсо, ислам кыймылын колдоочулар сөзсүз чыгат. Себеби, жаңы жетекчилик абалды көзөмөлдөн чыгарып жибериши мүмкүн. Анткени Өзбекстанда куралданган өзбек оппозициясы бар. Ошондуктан бүткүл Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу Өзбекстандан көзкаранды болуп кала берет. Репрессиялык жол менен дин маселесин чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан биз салттуу исламды тутунганыбыз абзел. Ошондо гана радикалдуу исламга каршы турууга болот. Биздин борбордун көзкарашы мамлекет мусулман коомчулугуна көз салып, жардам берүүгө тийиш.

Чарбактан чыккан чыр
Кыргыз-өзбек чегарасында кайрадан чыр чыкты. Баткен районунун Чарбак айылы Сох анклавынын түштүк-батыш тарабында жайгашып, Сох районунун Ушар айылы менен чектешет. КР чегара кызматынын берген маалыматына ылайык, 20-июль күнү Боз-Адыр чегара заставасындагы Чарбак постунда өзбек жарандары эки кыргыз жаранын сабап салышкан. Ал эми Ушар айлында жашаган Өзбекстандын жашоочулары Чарбак айылына келүүчү таза суу трубаларын бузушкан. Окуя болгон жерге Баткен чегара отрядынын командири өздүк курам менен келгенде, Өзбекстандын 300дөй атуулу кыргыз чегарачыларын ташбараңга алып жаткан болот. Кыскасы, өзбек чегарачылары менен кыргыз чегарачылары биргеликте абалды жөнгө салышкан.
Ал эми "Азаттык" радиосунун маалыматы боюнча, 20-июль күнү кечке маал Өзбекстандын эки жараны мас абалда кыргыз чегара постуна келип, бейбаштык уюштурган. Алар чегарага кол салууга аракет кылганда, биздин чегарачылар эскертүү огун атышкан. Ошентип тополоң башталган. Натыйжада, эки тараптан эл чогулуп, эки кыргыз ташбараңга кабылган. Чындыгында тополоң жөн жерден башталбайт. Өзбекстандын Ушар айылына суу Согмент айылынан келет. Азыркыдай саратан аптабында муктаждыктан улам, кыргыздар сууну аз өткөрөт. Ал эми Чарбак айылына суу Ушар айылы аркылуу өтөт. Ошентип суунун аздыгына нааразы болгон өзбекстандыктар Чарбак айылына суу беришпейт. Бул көрүнүш илгертеден эле салтка айланган. Жанагы өзбек жарандарынын да суу түтүктөрүн бузуп салганы бекеринен эмес. Бирок буга чейин мындай чыр чыккан жок эле.
Эске сала кетсек, жер айтылуу Сох дарыясынын жээгиндеги айылдарда болгон. Азыр бир катар саясат таануучулар Орто Азияга эларалык террорчулардын кирүү коркунучу ыктымал экендигин айтышат. Буга чейин жергиликтүү атуулдар кыргыз-тажик чегара тоолорунан куралчан кишилерди көргөндүктөрүн айтышкан. Бирок КР чегара кызматы бул маалыматты ырастаган жок.
Президенттин алдындагы эларалык стратегиялык изилдөө институтунун эксперти Ыкыбалжан Мирсайитовдун көзкарашы боюнча, Ооганстан менен Пакистандагы окуялар бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй Борбордук Азия үчүн коркунучтуу. Анткени сырткы күчтөр аймактагы өлкө жетекчилерин бир катар шарттарды аткартууга мажбур кылат. Бул атайын долбоор, даярдалган сценарий. Андан ары эксперт террорчулардын башкы максаты - Борбордук Азияда улуттар арасындагы чыр-чатакты ырбатуу. Ал эми чатак чыгаруунун бир гана жолу - суу менен жер маселеси. Элди бир гана ушул жол менен көкүтүүгө болот. Демек, Чарбактагы окуя тегин жерден болгон эмес деп бүтүм чыгарууга болот.

Келдибек НАЗИРОВ