Кыргыз гезиттер архиви

  Кечээ ги шайлоодон

Күрөш бүттү, эми натыйжа күтөбүз

Сырттан караган адамга кечээ шаар турмушу өзгөчөлөнгөн деле жок. Базарлар кадимкидей иштеп, эл өз тиричилиги менен алек болуп жатты. Мурдагы шайлоолордой эл уу-дуу, топ-топ болуп кайсы бир талапкерге добуш чогултуп, сүрөөнгө алгандар да жокко эсе. Биз участкаларды кыдырып жүрүп, кандайдыр бир мыйзам бузулуп талаш-тартыш жүрүп жаткан учурларга туш болгон жокпуз. Ар бир шайлоо участкасына барганыбызда байкоочулардын пикирлерин сурап жаттык. Албетте, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мыйзамды бекем сактап жатабыз деп айтары белгилүү. Ошондуктан жер-жерлердеги абалды билүү максатында талапкерлердин борбордук штабына кайрылдык. Талапкер Темир Сариевдин штабынан Таластын Кара-Буура районундагы кайсы бир участкада бирөө 50 шайлоо баракчасын салып жаткан жеринен кармалды деп билдирип, ошол облуста жүргөн Курманбек деген өкүлүбүзгө кайрылгыла деп телефонун берди.
Биз Курманбекке атайын кайрылсак, ал бул окуяга катышпай, башка бирөөлөрдөн укканын айтып, кайрадан Борбордук штабга чалгыла деп кеңеш берди. Ошондой эле Сариевдин штабынан Кемин районунун Кызыл-Суу айылындагы ?17 участокто Будакима Исраилова деген аял саат 1де бир пачке бюллетенди салып жаткан жеринен кармалды деп билдиришти. Биз бул боюнча Чүй облусунун шайлоо комиссиясына кайрылганыбызда, алар бул маалыматты ырастаган жок. Биринчиден, тажрыйба көрсөткөндөй урнага бир бюллетинди салуу да шайлоочуларга оңойго турбаганын добуш бергендер жакшы билишет. Анан эле пачке-пачке бюллетендер кантип кирип жатканына биз да таң калдык. Ал эми Ош шаарында КСДП менен "Акшумкар" партиясынын өкүлдөрү комиссиянын кол менен жазылган протоколун күч менен тартып алышып, интернетке чыгарып жиберишкен. Бул боюнча бизге Ош облустук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ал эми Алмазбек Атамбаевдин штабына пачкелеп бюллетень салуу боюнча республиканын бардык облустарынан маалыматтар түшкөн. Бирок ошол бюллетендерди бирден салып жатабы же чогуусу мененби, бул тууралуу ачык маалымат жок. Бирок Атамбаевдин штабынын маалымат кызматы пачкелеп бюллетень салуу боюнча маалыматтарында алардын саны 90-100 деп көрсөтүлүп жүрөт. Бул боюнча БШК Атамбаевге так маалыматтарды берүүсүн өтүнгөн. Саат 17ге жакын Назаралиев менен Атамбаев шайлоону легитимсиз деп эсептөөнү талап кылып, элди митингге чыгууга үндөдү.
Же биз утабыз, же шайлоо таза өтпөйт деген позицияны илгертен карманган БЭКтин шайлоодогу аракети ушундайча аяктады. Ал эми Балыкчы шаарында ЖК депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Мирбек Асанакуновдун таяк жеп, камакка алынгандыгы жөнүндөгү маалыматты да КСДП штабы таратты.
Айрым участкаларда, райондордо байкоочулар комиссияга ашкере кысым көрсөткөн фактылар катталган. Бирок шайлоонун жүрүшү боюнча эларалык байкоочулар өз учурунда эч кандай пикир билдиришкен эмес.
Адылбек АГЫБАЕВ,
1001-участкалык шайлоо комиссиясынын
төрагасы:
- Азыркы убакка шайлоочулардын беш пайыздан көбү добуш берип кетишти. Айрым байкоочулардан сунуштар, сын-пикирлер түшсө чечкенге аракет кылып жатабыз. Эларалык байкоочулар да келип көрүп кетишти. Бирок азырынча олуттуу мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөр түшкөн жок. Өзүңөр көрүп тургандай, биздин ишибизге байкоочулар такай көз салып турат.
Гүлмира
АМИРБЕКОВА,
шайлоочу:
- Менин жашаган жеримде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк жоктугуна байланыштуу атайын карточка алып келип, Бишкекте добуш берип жатам. Себеби, мен өлкөнүн келечегине кайдыгер карабайм. Ошондуктан мыйзамда көрсөтүлгөн укугумдан пайдаландым.
Сабыр АКИМАЛИЕВ, 1218 участкалык шайлоо комиссиясынын
төрагасы:
- Тизме боюнча 1871-киши катталган. Биз 1700 шайлоо баракчасын алдык. Шайлоону мыйзам боюнча эртең менен саат сегизде баштадык. Азыр 600дөн ашуун шайлоочу келип добуш берди. Атамбаев менен Сариевдин байкоочулары активдүү катышып жатат. Мындан сырткары эларалык байкоочулар да катышып кетти. Азырынча мыйзам бузуулар жөнүндө кайрылуулар түшкөн жок. Анткени биз бир гана кодекстин негизинде иштеп жатабыз. Коомдук уюмдардан да байкоочулар бар. Буюрса шайлоо тынч жана калыс өтөт деп ишенем.
Каныбек КАСЫМАЛИЕВ, талапкер Нурлан Мотуевдин байкоочусу:
- Мен 1001-шайлоо участкасында таңкы алты жарымдан бери келип катышып отурам. Азырынча кандайдыр бир укук бузуулар болгон жок. Учурда 30 пайызга жакын киши келип добушун берди. Дагы алдыда шайлоо аякташына жети саат бар. Менимче көпчүлүк шайлоочулар келип добушун берет.
Гүлзара ХАСАНОВА,
212-участкалык
шайлоо
комиссиясынын төрайымы:
- Негизинен Сокулуктагы маданият үйүнүн имаратында жайгашкан бул участкада шайлоо илгертеден эле активдүү өтөт. Кечке чейин тизмедеги шайлоочулардын 80 пайызы келет деп ишенем. Биз шайлоону өткөрүү үчүн мыйзамда каралган бардык нерселерди аткарып, шарттарды түздүк. Өзүбүз да шайлоо эрежелерин толугу менен мыйзамга ылайык жүргүзүп жатабыз. Биздин участкада шайлоо тынч, таза, калыс өтөт деп ишенем. Бардык жерде шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышып берсе болду.
Керимбек
СУРАПОВ,
шайлоочу:
- Мен ар дайым шайлоого активдүү катышам. Ошондуктан атайын келип өзүм тандаган талапкерге добушумду бердим. Шайлоо участкасындагы комиссияга дооматым жок. Негизинен, шайлоо тынч өтүп жатат. Эми ушул бойдон бурмалабай, шайлоочуларды нааразы кылбай ачык, айкын өтсө элдин ишенимине арзыган талапкер утуп чыгат. Шайлоодо жашыруун добуш берилгендиктен кимге добуш бергенимди айтпай эле коеюн.
Келдибек
НАЗИРОВ




Тагдырлар таразага түшкөндө
"Ак жол" партиясынын атынан ажолукка аттанган Курманбек Бакиев жубайы Татьяна айым менен биргеликте борбор калаабыздагы ?1223 шайлоо участогунда добуш берип, төртүнчү бийлик өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бергенге да жетишти. Ал президенттикке кайрадан шайланып калса, башкаруу системасын жана билим берүү тармагын реформаларын билдирди. Буга улай, өлкө жетекчиси эгерде бу саам жеңишке жетишсе, кийинки мөөнөткө барбасын айтып, ага өнүккөн, чатаксыз өлкө маанилүү экенин жашырган жок.
Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) атынан такты талашка чыккан Алмазбек Атамбаев түштөн кийин ?5 кесиптик окуу жайындагы ?1210 шайлоо участогунда добуш берди. Күтүлгөндөй эле КСДП лидери бийлик башына келсе үй-бүлөлүк башкарууну жок кыларын журналист журтчулугунун алдында дагы бир жолу тастыктап, жубайы менен карачечекей кызы коркутууларга байланыштуу чет өлкөдө экенин кыстара өттү.
Өзүн оппозициячыл маанайдагы саясатчы катары эсептеген "Акшумкардын" лидери Темир Сариев Бишкектеги Юг-2 кичирайонундагы ?1210 шайлоо участогунда өз добушун бергени маалым. Эске салсак, Темир мырза шайлоо участогуна уулун кошо ээрчите келген. Аргенбай аксакалдын уулу Темир шайлоо таза өтсө 40% добуш алууга мүмкүнчүлүгү жетерин, непадам, президенттик жарыш ойдогудай өтпөсө нааразылык акциялары жаралышы ыктымалдыгын да айтты.
Калган талапкерлер, айталык Жеңишбек Назаралиев ?1116, Нурлан Мотуев ?1332, Токтайым Үмөталиева ?0676 шайлоо участокторунда добуш беришти.

"Тентек" депутаттар
Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында орун алган окуя боюнча Башпрокуратура кылмыш ишин козгоду. Башпрокуратуранын маалымат кызматынын билдиришинче, 23-июлда түшкү саат экилер чамасында парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары К.Кадыров менен М.Асанакунов баштаган топ (200-250 адамга жакын - К.Н.) укук коргоо органдарын оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, Балыкчы шаардык мэриясынын имаратын басып алууну көздөшкөн. Мындан улам, эл өкүлдөрү ШИИБге жеткирилген.

Алдыда Жалал-Абад
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, кечээ саат 18:00гө карата 2 087 610 адам жарандык позициясын аткарган. Бул жалпы шайлоочулардын 73,03%ын түзөт. Ал эми регион боюнча жыйынтык төмөндөгүдөй: Баткен облусу - 79,53%, Бишкек шаары - 63,95%, Ош шаары - 80,76%, Жалал-Абад облусу - 82,45%, Ысык-Көл облусу - 69,22%, Нарын облусу - 59,69%, Ош облусу - 79,38%, Талас облусу - 63,9%, Чүй облусу - 63,16%;

"Темир генералдан" үн чыкты
Президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиевдин шайлоону легитимсиз деп эсептеп, карапайым калкты пикетке үндөгөн маалымат жыйынынан кийин айрым коомдук ишмерлер пикирлерин билдиришкен. Маселен, "Ар намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун баамында, эки кандидаттын мындай кадамга барышы - алардын алсыздыгын айгинелеп турат. "Темир генералдын" айтымында, чындап эле фальсификацияга жол берилген фактылар болсо, Алмазбек Атамбаев сотко кайрылышы керек.
Ал эми саясат таануучу Темир Жумакадыров менен "акжолчу" депутат Бегалы Наргозуевдин пикиринде, талапкерлердин алдын ала чечим чыгарышы - саясый ыкманын бир түрү. Мындай технологияны колдонуу кандидаттардын шайлоо өнөкөтүнөн утулганын сезгенин тастыктайт.

Ток этерин айтканда:
Добуш берүү 2333 шайлоо участогунда өтүп, 23 өлкөдө шайлоо участогу ачылып, жалпы жонунан 2 872 000 бюллетень даярдалган;
Кечээ оппозиция лидерлеринин бири, президенттикке экс-талапкер Алмазбек Атамбаев кырдаалды курчутпоо максатында "Форум" ишканасында жана Горький атындагы эс алуу багында концерт уюштурду. Ага миңге чукул адам катышты;
КСДП штабы изилдөө жүргүзүп, кечээ саат 8:00дөн 9:00гө чейин 74 мыйзам бузууну тапкан;
"Биримдик" аталыштагы жаштар кыймылы БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин шайлоону тааныбоо чечимин колдошорун жарыялашты.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, Мелис СОВЕТ уулу