Кыргыз гезиттер архиви

  Шайлоо - 2009

Эми эмнени эрмектейбиз?

Байыркы бабалар салтында эл башындагы жигиттерден баштап кемегенин башынан чыкпаган кулга чейин сөзгө жыгууну да жана жыгылууну да билген. Ошол эле учурда жалгыздап же топ-топ болуп кара күч жагынан таймашуу да катардагы сыноо, же жөн эле оюн катары эсептелип, жеңген тарап да, жеңилген тарап да өз тагдырына тийген энчини көтөрө билген. Негизи эле "атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер", "таш менен урганды аш менен ур" дейт айкөл кыргыз. Ал эми бүгүнкү күндө саясат айдыңында эле эмес, жөн жай турмушубузда да бул нарк-насилибизден тайганыбыз чын. Өлүп кетсе да жеңилген тарап өз кемчилигин мойнуна албайт. Жыл башынан бери бүйүрүбүздү кызыткан президенттик шайлоо да өттү, анын эртеси болду. Бул аралыкта кээ бир саясатчылардын өйдө-төмөн жүрүштөрүнө алаксып, талапкерлердин тил комиссиясынан сынактан өткөндөн баштап, үгүт иштерине чейинки боорду эзген тирукмуш жоруктарына күбө болуп, көңүлдүү жашап жатат элек. Эми эмне болот? Кантип эле кийинки президенттик шайлоо башталганга чейин кулак-мурунду кескендей жымжырт болуп, "эки элди эриктирбеген, бир элди бириктирбеген" айрым массалык маалымат каражаттары ишсиз калат? Мындай болушу мүмкүн эмес. Арийне, 23-июлда буга чейин негизги тема болуп келаткан президенттик шайлоо апогейине жетти. Андыктан, буга чейинки кээ бир окуяларды эске сала кетели.

Президенттик шайлоонун 2010-жылы эмес, быйыл өтүшүнөн ким уткусу келген?
Ушул жылдын 11-февралында президент Курманбек Бакиев Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында журналисттер менен болгон маалымат жыйынында ММК өкүлүнүн президенттик шайлоо тууралуу берген суроосуна конституциялык укугунан пайдаланып, экинчи ирет президенттик шайлоого катышарын жарыя кылды. Бул өзүнөн өзү кызыл тебетей көзүнөн учкан тараптарды дүүлүктүрүп койду. Ал учурда президенттик шайлоо качан болору так эмес эле. Жаз алдындагы саясат ушул талаш-тартыш менен башталды. Буга акыркы он жыл аралыгындагы Башмыйзамдагы өзгөрүүлөр негиз болуп берди. Бир тараптын пикири боюнча азыр иштеп турган Конституцияга ылайык президенттик шайлоо келерки жылы болууга тийиш эле. Анткени Курманбек Бакиев 2005-жылы июнь айында беш жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган. Бирок КСДП өкүлдөрү "Курманбек Бакиев 2003-жылкы Конституция менен шайланган, ушундан улам президенттик шайлоо быйылкы жылдын октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүш керек" деген маселени көтөрүп чыгышты. "Атамекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да жалпы маалымдоо каражаттарында президенттик шайлоо быйыл күзүндө болуш керектигин айтып жатты.
Үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков Конституциялык сотко президенттик шайлоо күнүн тактап берүүнү сурап, жеке өзүнүн атынан кайрылды. Өз кезегинде депутат Асылбек Жээнбеков Консотко кайрылуу себебин маалымат жыйынында "бул менин жарандык укугум" деп билдирип, кайрылуусунун жөн-жайын мындайча түшүндүргөн. "Президент Курманбек Бакиев 1993-жылкы Конституциянын 2003-жылы жаңыртылган редакциясынын негизинде шайланган. Ал Конституцияга ылайык, кезектеги президенттик шайлоо президенттик мөөнөттүн бешинчи жылы октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Бирок президент Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда президенттик милдетине расмий түрдө киришкен. Ушундан улам коомдо кайсы Конституцияга таянышыбыз керек деген эки ача пикир болуп жатат. Себеби, президент мурдагы Конституциянын негизинде шайланган жана ага таянсак, быйыл октябрь айынын акырында шайлоо болуш керек. Экинчи тарап 2010-жылы беш жыл болот жана шайлоо эмдиги жылы болуш керек деп жатат. Эгер ушундай эсептей турган болсок, 2010-жылдын октярында президенттик мөөнөт алтынчы жылга аяк басып кетип жатат. Ошон үчүн биз расмий түрдө Консоттон так жооп алышыбыз керек" -деген ал. Бул боюнча аталган фракциянын төрагасы Бакыт Бешимов депутат Асылбек Жээнбеков Конституциялык сотко кайрылары тууралуу фракцияга маалымдабагандыгын айтып, бул маселе ич ара караларын белгилеген. Кызык жагдай, андан мурдараак эле бул фракциясы президенттик шайлоо мөөнөтүн тактоо максатында Конституциялык сотко кайрылганы жатканын байма-бай жарыялап келген. Эсиңиздерде болсо ага чейин өлкөдөгү оппозициялык маанайдагы лидерлердин дээрлик баары өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүшкөн. Айрым саясат таануучулардын айтканына караганда, оппозиция өлкөдөгү энергетикалык кризис менен дүйнөлүк экономикалык каатчылыктан пайдаланып, 2009-жылы мартта элди митингге үндөп, бийликти алсыратып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоого жетишебиз деп болжолдошкон.
19-мартта болгон отурумда Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова "2009-жылы 25-октябрга чейин президенттик шайлоолор өтүш керек. Ал качан болот, октябрда болобу же андан эрте болобу, бул Жогорку Кеңештин колундагы маселе. Президент 2003-жылдагы Конституция менен ант берген. Ал мөөнөтүнөн эрте шайланган, ошондуктан анын мөөнөтү 2009-жылдын октябрында аяктайт" деп жарыя кылды. 20-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети шайлоо ушул жылдын 23-июлунда өткөрүлсүн деген чечимге келип, аны парламенттин кароосуна сунуштаган. Аталган комитеттин төрагасынын орунбасары Автандил Арабаев бул боюнча "Азаттык" үналгысына берген маегинде "эгер президенттин ыйгарым укугунун бүтүү мөөнөтү 25-октябрь болсо, ушул күндөрдүн мыйзамдык мөөнөттөрүн карай келгенде, шайлоо 23-августка туура келет. Бул убакта элдер эмгек эс алуусунда, талаа жумуштарында болот. Буларды эске алып, шайлоону 23-июлга белгиледик" деп, шайлоо бул убакыттан мурун да өткөрүлсө болорун, бирок бул күндөн кечигип калса Конституциялык соттун чечими ишке ашпай калышы мүмкүндүгүн айткан. 19-мартта Консоттун чечиминен кийин президент Курманбек Бакиев УТРКдан жалпы элге кайрылып, "Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун суроо-талабын карап чыгып, жаңыдан шайланган Кыргыз Республикасынын президенти 2009-жылдын 25-октябрынан кеч эмес кызматка кириши керек деген чечимин кабыл алды. Бул кайра кароого жатпай турган акыркы чечим. Мен Конституциялык соттун кандай чечими болбосун президент катары дагы, өлкөнүн жараны катары дагы аткара турганымды мурда эле айткамын" деп билдирди. Эртеси ЖК 79 добуш менен президенттик шайлоо 2009-жылдын 23-июлунда өтөрүн белгиледи.

БШК шайлоого чачкан 172 млн. сом, иргелген күлүктөр
БШК 21-марттагы жыйынында президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча тогуз бөлүктөн турган календардык иш планын бекитти. Жер-жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү, талапкерлер топтогон кол тамгаларды кабыл алуу, текшерүү жана талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү менен иштей турган жумушчу топтор жөнүндөгү жоболорду кабыл алды. "БШКнын коомдук кабылдамасы", "Массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоонун тартиби" жана "Автоматташтырылган мамлекеттик шайлоо системасын уюштуруу" тууралуу жоболорду кабыл алып, жумушчу топторунун тутумун бекитти.
Борбордук шайлоо комиссиянын эсептешинче, президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 172 миллион сомдон ашык каражат жумшалмак болду. Мыйзам талабы боюнча президенттикке талапкерлер 18-майга чейин БШКдан каттоодон өтүшү керектиги белгиленип, райондук, облустук, шаардык шайлоо комиссиясына саясый партиялардын өкүлдөрү талапкерлерин 20-марттан баштап көрсөтө башташты, ал 28-мартта аяктады. Президенттикке талапкерлер 18-майга чейин БШКдан каттоодон өттү.
1-майда "Акжол" элдик партиясы президенттикке Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүп, ал талапкер катары 9-июнда катталды.15-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевге расмий түрдө талапкер күбөлүгүн берди. Буга чейин БШКдан "Акшумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев жана дарыгер Жеңишбек Назаралиев өткөн. Президенттикке дагы бир талапкер - Акбаралы Айтикеев топтогон колу жетпей калып, тизмеден чийилди. Так талашкандардын катарына Нурлан Мотуев жана Токтайым Үмөталиева кошулду. Тил комиссиясынан өткөн жана 50 миң кишинин ишенимине ээ болгон алты талапкердин үгүт иштери 18-июндан тарта башталды.

"Мен" дегендердин үгүт иштери менталитетке туура келген жок
Алты талапкер өз үгүт иштерин алты жол менен жүргүздү. Жалпы жонунан президенттик так талаш анчалык кызыган жок. Олуттуу саясатчылар бул көрүнүштүн себеби катары К.Бакиевден биринчи орунду талаша турган татыктуу талапкер жок болгондугун айтышат. Оппозициянын бирдиктүү лидери А.Атамбаев "турсам өлөсүң" деген маанайдагы ар кандай күлкү келерлик билдирүүлөрү электораттын ишенимин жарата алган жок. Анан калса эл менен болгон жолугушууларында эскирип бүткөн пас ыкманы - бийликтин жек-жаатына, жеке турмушуна асылууну, ушак-айың таратууну колдонуп, конкретүү сунуштарын, өлкөнү кантип тез арада бутуна тургузууну айткан жок. Кыргыздын жандүйнөсүнө гангстерчесинен ким бирөөлөрдү тууган-уругу менен жок кылуу, ага алыстан туруп алып ызырынуу жат. Карапайым эл душманын кечирген айкөлдөрдү жакшы көрөт. Жеңишбек Назаралиев каражатын аябаганы менен үгүт иштеринин көбү калктын бир гана катмарына-жаштарга багытталып, интеллигенцияны ойгото алган жок. Ал эмиТемир Сариев президенттик шайлоого тек гана өзүн сыноо үчүн катышкандай таасир калтырып турду. Нурлан Мотуев башынан эле башкы талапкер Курманбек Бакиевди коштоп, колдоп чыкканын айткан. Токтойым Үмөталиеванын чама-чаркы К.Бакиевге негизги атаандаш болууга караандамак эмес.
Коомчулук үчүн алты талапкердин биринин да көчөгө илген көрнөктөрү, көгүлтүр экрандан кеткен роликтери жаккан жок. Психологдордун айтканы боюнча, Жеңишбек Назаралиев тандап алган түстөр коомго тескери таасир тийгизет. А.Атамбаевдин "Бириксек колдон келет" деген үч сөзү сынык сүйлөм. Сынык ой. Эмне колдон келери түшүнүксүз. Бул сөздөрдү плакаттагы өзүнүн бети-башына жаздырып койгону да одоно болуп калган. Ошондой эле оппозициялык басылмалардын баш талапкердин үгүт материалдарына асылып келгени да бекеринен эмес. Курманбек Бакиевдин теледен кеткен көпчүлүк роликтерин, рекламалык жарнактарын бөлөк улуттун өкүлдөрү же киргиздер жасаганы көрүнүп турат. Андагы ой-жорум кыргыздыкы эмес. Албетте, тандап алган кочкул кызыл түс бийликтин, байлыктын символу. Бирок андагы айрым чакырыктар кыргыздын дүйнө таанымына туура келбейт. Мисалы, биздин элдин бүтүндөй аң-сезимин өзүнө сиңирген улуу эпосубуз Манаста эч ким "Манас, жакшы", "Манас накта ажо", "Манас, биздин ажо" деп айтпаган. Кыскасы, бул шайлоодо иштеп жаткан мамлекет башчысын татыктуу рекламалаган топ жок экени көрүнүп калды. Калган талапкерлердин үгүт жарнактары деле баштапкылардан өзгөчөлөнгөн жок.

Зайырбек АЖЫМАТОВ