Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу ньюс

Шайлоонун шаңы менен Бишкекте орус эстрада жылдыздары Жанна ФРИСКЕ жана Стас ПЬЕХА болду. Талапкерлердин бири бул россиялык ырчыларды чакыруу менен өз үгүт иштерин да аткарып, Жанна айымдын ырына бийге түштү.

АСЕМАнын уулу торолуп, кыркы чыгарылар маалга аз калды. Эске салсак, актриса уулуна Адахан ысымын берген.

АИМА VII эларалык "Славян базары" балдар сынагынын дипломанты болуп кайтты. 16 өлкөдөн келген балдар-кыздардын арасынан биздин көчөт ырчы артисттик чеберчилиги жана бөтөнчө жылдызы менен өзгөчөлөнүп турганын калыстар тобу да баса белгилешкен. Бул сынактын натыйжасында Аима Казакстан, Тажикстан, Россия, Македония жана Болгарияда өтчү балдар сынагына чакыруу алды.


Жамбыл КАМЧИЕВ "Кыргыз тилим - менин дилим" аталган концерттик программа менен аймактарга турнеге чыгууну пландап турат. Анан да куудулду көптөн бери бир ой түйшөлтүп жүрөт. Барак Обама Библияга алакан коюп антын айткан, а неге кыргыз президенттери Куранга колун коюп ант бербейт?

Макс БЕГАЛИЕВди "жубайың менен ажыраштырып салам" деп коркутуп телефон чалган бир кыз пайда болду. Талап кылганы - жолугушуу. Бирок, Максат күйөрманын же кагып кое албай, же сунушун кабылдай албай, ал талап кылган кезигүүнү улам кийинкиге жылдырып келатат.

ОМАРдын күйөрман кыздары mail.ru дүйнөсүндө ырчыга багышталган атайын коом ачышкан. Омар аларга чексиз ыраазы болуп жүргөн чагы.

Саламат САДЫКОВА 31-июль, 1-2-август аралыгында Украинада өтө турган дүйнөлүк фестивалдын алкагында 45 мүнөттүк жеке концертин тартуулайт. Аталган маданий иш-чарага жапон, италяндардан тарта КМШ чөлкөмүндөгү мамлекеттерден да катышат. Кыргыз эл артистинин өз тандоосу менен комузчулар Намазбек Уралиев, Сагынай жана төкмө акын Азамат Болгонбаев коштоп бармакчы.

Дайыр ИСМАДИЯРОВ көп сериялуу казак көркөм тасмасына тартылуудан баш тарткан. Кино жаатынан түшкөн мындай жакшы сунуштун мөөнөтү ырчынын иш графигине туура келбей калганы себеп. Айтмакчы, 23 жашка толгон ырчы туулган күнүн жакында эле апасынын жанында белгилеп кайтты.

Айнура САЛАХИТДИНОВА "Ниссан" үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду. Ырчыга биртууган иниси Рустам чыгармачылыгына көмөк болсун деген тилекте белек кылган. Ырчы кыз айдоочулук күбөлүктү ушул жазда эле колуна алганы менен учурда Бишкек көчөлөрүн кеңири аралай жүргөн чагы.

АРСЕН "Максатыма таянам" аттуу ырына клип тартып, жакында эл сынына койду. Өз алдынча жаңыдан чоң сахнага кадам таштап турган жигиттин бул алгачкы ыр-тасмасы.

Обончу Нурлан АЛЫКУЛОВ Чүй боорун гастроль менен кыдырып жүрүп, жанында коштоп жар болчу кызды тапты. Буюрса, күздө борбордо жеке концертин берип, ал кызга сахнадан ак жоолук салууну пландап жүрөт.

НЭНА Кара деңиздин боюнда өткөрүлчү 8-эларалык "Деңиз уюлу" аталган сынакка барып, 14 катышуучу ичинен өз улутун даңазалаган ырчы деген наамга татып келди.

Даярдаган Айнагүл Сапарбек кызы