Кыргыз гезиттер архиви

  ДҮЙНӨКҮН


Дарт дүйнө. Доңуз ылаңынан ушул жаздан бери 700 адам курман болгон. Мындай маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму таратып, эгер бул кесел күчөй бере турган болсо, дүйнөнүн бардык мектептеринде жаңы окуу жылын баштоону жылдырып туруу планы каралып жаткандыгын кошумчалаган.

Өч дүйнө. Гондурастын утурумдук бийлиги өлкө аймагынан 72 сааттын ичинде Венесуэланын элчилигинин чыгып кетишин талап кылды. Ага себеп, утурумдук лидер Роберто Мичелетти менен Венесуэла президенти Уго Чавес бири-бирине өч.

Түс дүйнө. Англияда алгач ирет кара кыз, 20 жаштагы спортчу Рейчел Кристи өлкө периси аталды. Спортчу бул ийгилик менен токтоп калбай, сулуулук титулун аалам периси сынагында да бекемдөөгө жана Олимпиадалык оюндарда да алтын медалга ат салышууга ниеткер.

Көк дүйнө. Расмий Пхеньян Түндүк кореялык өзөктүк программалар боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөргө катышуусун АКШ бул өлкөгө карата болгон мамилесин өзгөртмөйүнчө улантпастыгын билдирет.

Божомол дүйнө. "Аль-Каиданын" башчылары Пакистанда, Ооганстан менен чектеш жеринде жашынып жүрүшөт деп болжойт АКШ. Мындай маалымат Американын мамкатчысы тарабынан дүйнөгө жар салынды.

Бейкут дүйнө. Газа секторундагы жума ортосундагы жарылууда 60 адам жаракат алып, анын 10у катуу абалда. Жарылуу ФАТХ кыймылынын лидерлеринин биринин жээни үйлөнүп аткан маалда болгон. Айрым маалыматтарга караганда, үйлөнүп аткан жигит да, анын атасы да жарадарлардын арасында.

Улутчул дүйнө. АКШ аймагында 300дөй улутчул жашайт деп жарыялады "Нью-Йорк пост" гезити. Мындай кабар Симон Визенталь борборунан алынган. Ал эми бул борбор жооптон качып жүргөн гитлердик аскерлерди издөө менен шугулданат.

Эриш-аркак дүйнө. Ирак премьери менен АКШ президенти өз мамлекеттеринин ортосунда терең кызматташуу туурасында кол алышты. Муну маалымдоо менен АКШ лидери Ирак эгемен өкмөтүнүн алдындагы милдеттенмелерин аткарат деп коомчулукту ишендирип өттү.

Жооп дүйнө. Дүйнөлүк ?1 террорист атыккан Усама бен Ладендин үчүнчү уулу Саада Пакистанда өлтүрүлдү. Бул боюнча CNN америкалык атайын кызматтардын маалыматына шилтеме жасап жар салып чыкты.

Шек дүйнө. Маркум ырчы Майкл Жексонду өз дарыгери өлтүргөн болушу ыктымал деген шек менен анын офиси полиция тарабынан тинтилди. Ырчынын жеке дарыгери Конрад Мюррей пропофол аталган курамында баңгизат камтыган ооруну басаңдатуучу күчтүү дарыны өлчөмүнөн ашырып берип, өлүмгө түрткөн деген божомол бар. Бирок, врачтын адвокаты бул айыптоолорду четке кагууда.





Яап де Хооп СХЕФФЕР
НАТОнун башкатчысы жума ортосунда артериалдык тромбоздон улам мээсине кан куюлуп, доктурга жеткирилген. Учурда абалы жакшырып калганын расмий өкүлдөрү кабарлайт. Эске салсак, шаршемби күнү НАТО башкатчысы БУУдагы кесиптеши менен кезикмек эле.
Альберто ФУХИМОРИ
Перунун бул экс-президенти коррупциялык аракеттери үчүн 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Сотто экс-президент мамлекеттик төңкөрүштүн алдын алуу үчүн өз жардамчысына 15 млн. доллар карматканын айткан. Бирок, саресепчилер Фухимори ири коррупциялык жаңжал чыкканда жардамчысынын өлкөдөн чыгып кетиши үчүн жогоруда айтылган суммада пара бергендигин белгилешкен.
Михаил СААКАШВИЛИ
Бул ачуусу чукул президент өз мамлекетинин Америка Кошмо штаттары менен пикирлеш экендигин билдирди. АКШ вице-президенти менен жолугушууда Саакашвили мырза АКШ президентинин "XXI кылымда таасир талаасы болбошу кажет" дегенин Грузия музыкадай кабылдарын жашырбады.
Эмомали РАХМОН
Тажик президенти орус тилинин акырындап сүрүлүп чыгарылышына кам көргөндөй. Парламенттин кароосуна жолдогон "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" жаңы мыйзам долбоору боюнча мындан ары мамлекеттик бийлик, мекемелерде сүйлөшүү, маалымат жана документтерди алуу тек гана мамлекеттик тажик тилинде жүргүзүлөт. Ошону менен бирге ар бир жаран тажик тилин билүүгө милдеткер.
Барак ОБАМА
Өзүнүн бешинчи ири басмасөз жыйынын толугу менен саламаттыкты сактоого арнады. Жыйын 56 мүнөткө созулуп, бирок, журналисттер Обамадан бул тармакта эч кандай жаңы маалымат алалышпагандыгын белгилешет. АКШ президенти келерки реформалардан кеп салып жана алардын каржыланышына гана басым жасаган.
Хиллари КЛИНТОН
Бул айым Түндүк Корея дипломаттары тарабынан "күлкүлүү жана эларалык коомчулук эрежелерин эске албай сүйлөй берген акылы бай эмес айым" деп бааланды. Атургай, алардын баамында, Хиллари айым бир туруп баштапкы класстын окуучу кызындай, а кээде пенсионердей.
Жылаңач КОБВОЙ
Нью-Йорктун чок ортосуна барсаңыз, ушундай псевдоним алган көчө ырчысы сөзсүз көзүңүзгө илинмек. Шаарды кыдыргандарга кызык болуп, ар кайсы өлкөдөн келгендер сүрөткө түшүп да калышат. Эми ошол жылаңач кобвой эми - 38 жаштагы Роберт Берк Нью-Йорк шаарынын мэрлигине ат салышканы туру. Башкы атаандашы азыркы мэр, мультимиллионер Майкл Блумберг.
Мануэль СЕЛАЙЕ
Бүгүн Гондурастын кулатылган бул президенти кайрадан өз тактысына отуруусу зарыл. Бул туурасында Коста-Рика президенти Оскар Ариас сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан соң билдирди. Бирок, Гондурастын утурумдук бийлиги мындай маалыматты четке кагып келет.





ЖАПОНИЯ премьер-министри Таро Асо парламенттин төмөнкү палатасын таркатты. Мындай чечимди палатанын акыркы жыйынында спикер Йохэй Коно жар салды. Жаңы шайлоого үгүт иштери 18-августтан тарта старт алат.
БОЛГАРИЯ. Жаңы шайланган премьер-министр өз өкмөтүнүн курамын жарыялады. Эске салсак, жеңишке жеткен "Герб" партиясы парламенттеги 240 орундун 116сын ээлеп, соңунда дагы эки партияны калтырган.
ИСЛАНДИЯ Европалык уюмга мүчөлүккө кабылданууга кечээ расмий түрдө кайрылды. Бул маселе өлкө парламентинде каралганда 33 депутат макул, ал эми 28 эл өкүлү каршылыгын жана 2 гана депутат калыстыгын билдирген. Бирок, 300 миң калкы бар мамлекет банкрот алдында.
ИТАЛИЯЛЫК оппозицияны түзгөн Демократиялык партия Сильвио Берлусконинин өкмөтү мөөнөтүнүн аягына жетпей ишин токтотот деп божомолдойт. Солгундоо иштери башталган соң, ал өз натыйжасын да берет дейт италиялык оппозиция лидерлери.
АКШ экономикасы жакшырып келатканын өлкө президенти белгилеп, финансылык абал турукташканын кабарлайт.
ГЕРМАНИЯ да доңуз ылаңынан олуттуу жабыркап туру. Эки эле күндө 637 ооругандар катталган. Аталган дартка чалдыккандардын жалпы саны аталган мамлекетте 2 миң 455ке чыкты.
ТАИЛАНД. Бул өлкөдө АСЕАНдын 16-жыйыны өтүүдө. Жыйынтыгында Азия-Тынч океан аймагында тынчтыкты жана коопсуздук камсыздоо боюнча документ кабылданат.