Кыргыз гезиттер архиви

  Миң түркүн

Курманбек БАКИЕВ

Август айынын алгачкы күнүндө пайгамбар жашты багындырары маалым. Мамлекет башчысы кечээ журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, куттуктап келген аткаминерлерди кабинетинде жекеме-жеке кабыл албашын шардана кылды. Болгону өкмөт мүчөлөрү түгөлү менен келип, каалоо-тилектерин гана айтышат экен. "Албетте, башкысы - көңүл. Мен үчүн белектин наркы мааниге ээ эмес, эсте калса болгону, - дейт ал. - Бирок, сакал, мурут кыруучу станок, тарак, тиш щетка, жүзаарчы өңдүү күнүмдүк турмушка колдонуучу буюмдардан көпкө ажырай албайм" деп кошумчалаганы жамы журтка табышмак бойдон калды.

Ислам КАРИМОВ
31- июлда белгиленген ЖККУ (ОДКБ) жыйынына Өзбекстан президенти келбей турганын айрым басылмалар жарыялаган. Бизге жеткен маалыматка караганда, Ислам Абдуганиевич жыйынга катышарын расмий билдирип, ал эмес ашпозчуларын кереметтүү Ысык-Көлгө небак жөнөтүптүр. "Уккан кулакта жазык жок" демекчи, өзбек туугандардын журт башчысы булоолонгон палоодон сугунуп, жанына өзү дайыма ала жүрчү "бөдөнөнүн сүтүнөн" гана ырахат алат дешет. Мындан да кызыгы, кесиптештеринин ичинен Курманбек Бакиев менен гана жылуу мамиледе имиш.

Чолпон АБДУЛЛАЕВА

Кесиптеши Алтынбек Сулаймановдун убайын жакшы эле көрүп атыр. Себеби, Алтынбек мырза парламентарийлер үчүн салына баштаган көп кабаттуу үйгө жоопкер. Мындай учурду колдон чыгарбаган Чолпон айым "классташы" менен көз ымдашып, курулушка керектүү материалдарды базар наркынан да жогору баада жеткирип турат экен. Муну көргөн эл өкүлдөрү "ай-ий, Чопа, анча акчаны кайда батырасың?" деп шилекейлерин куюлтуп, Чолпон эжекенин капчыгына көз кызартып аткан чагы.

Нурлан МОТУЕВ

"Саяк лидери" кечээ дагы бир "хохмага" кабылды. Добуш берүү үчүн ?1332 шайлоо участогуна барам деп, капилеттен ?1333 шайлоо участогуна туш келиптир. Чак түштө жолдон адашканын мойнуна алган "көмүр королу": "Абакка отуруп чыккандан бери ушуга окшогон майда-чүйдө нерселер маанайымды бузбай калган" дейт күпүлдөп. Мындан сырткары, мартабалуу чиновниктер конокко чакырганына байланыштуу керээлден кечке мейманчыларын жашырган жок. Ошондой эле ал өзүнүн сүйүктүүсүнө - өзүнө өзү добуш бергенин кошумчалады.

Батыр ЖАЛИЕВ
74 жаштагы бу аксакал эң улгайган студент катары өлкө тарыхында калды. А кишинин айтымында, өзүнөн 51 жаш кичүү улан-кыздардан кем калышпай окуп, мамлекеттик экзамендерин "эң жакшы" деген баага тапшырыптыр. Карыганда билим алышына кандай жагдай таасир эткенин Батыр ата "Азаттык" үналгысына мындайча түшүндүргөн "… бизге окшогон улгайган адамдар окуса балдарга, жаштарга таасири тийеби деген ой. Себеби жаштар ушул 75ке таяп калган кишилер окуп жүрсө, биз эмне кылып жүрөбүз деп намыстанабы дейм. Окууну дагы улантса болот, бирок бизге ылайыктуу окуу калбай калгандай".




Рубрикабыздын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, "Акжол" фракциясынын лидери Улугбек ОРМОНОВ
Салмагы жок саясатчы, бирок мыкты ишкер
Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:
- Аты-жөнүн угуп жүргөнүм менен, өмүрү жолугуп сүйлөшкөн эмесмин. Партия лидери кандай болсо, фракция жетекчиси деле андан ашып түшпөйт да. Жамандагандай болбоюн, бирок, Улугбек Ормонов бардык "акжолчулардай" эле ашынган кошоматчылардын катарын толуктайт.
Турдукан ЖУМАБЕКОВА, ЖК депутаты:
- Кыргызда "Малды сойсо да касапчы сойсун" деген накыл кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, Улугбек Зулпукарович үч чакырылыштан бери дасыккан депутат катары өзүн көрсөтүп келет. Саясатта салмактуу орду, конкреттүү позициясы бар жигит. Акыл парасатынан алып караганда да камчы салдырбайт, бир эмес үч дипломдун ээси экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Адамгерчилиги да жогору, кишинин чоң-кичинесине карабай бирдей мамиле жасайт. Эң башкысы, фракция лидери катары өзүнүн функциясын так аткарганын баса белгилөөгө болот.
Исхак МАСАЛИЕВ, ЖК депутаты:
- Эки чакырылыштан бери чогуу иштешип келатабыз. Берилген тапшырманы так аткарат, бычакка сап болчу мыкты жигит. Эң башкы кемчилиги - спорт менен такыр шугулданбайт. Ага айтар кеңешим, ушул кемтигин толуктаганга аракет жасаса…
Бүбүкан ДОСАЛИЕВА, "Азаттык" үналгысынын телевизиондук продюсери:
- Менин жеке пикиримде, Улугбек Ормонов өсүп келаткан жаш саясатчылардын бири. Маанилүү маселелерге келгенде өз оюн ачык билдирет. Журналист журтчулугу менен да тил табыша билет. Кандай гана иш менен кайрылбагын, сурооңду жоопсуз калтырбайт.
Жылдыз ЖОЛДОШЕВА, "Курманжан датка" атындагы кайрымдуулук фондунун төрайымы:
- Улугбек мырзаны инсан катары жакындан тааныбагандыктан, адамдык сапатына баа берүүгө моралдык укугум жок. Ал эми ишмердүүлүгү туурасында кеп козгосок, фракция лидери катары алгылыктуу жумуш аткара албады. Негизи, "Акжолдун" фракция жетекчилери бат-баттан алмашышы өнөкөткө айланган. Бул, иштин эффективдүүлүгүн арттырбайт, мындай шартта өнүгүү да болбойт.
Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ, "Kyrgyztoday.kg" интернет-телевидениесинин башкы редактору:
- Улукбек Зулпукаровичти эки чакырылыштагы депутат катары билем. Чоң саясатта салмагы жок. Мыкты ишкер десек туура болчудай. Керектүү учурда жеке кызыкчылыгын коргогондон тартынбайт. Дегеним, анын бизнеси Япониядан машине апкелип сатуу болгондуктан, оң рулдуу автоунааларга тыюу салуу маселеси көтөрүлгөндө, ага каршы тикесинен тик турганы маалым. Парламенттеги активдүү, сөзгө чечен депутаттардан эмес. Бирок, акыркы убакта ташы өйдө кулап бараткансыйт. Атүгүл, кийинки спикер ушул киши болот деп жүрүшөт.
Жаныбай КУЛУКЕЕВ, Бишкек шаарынын тургуну:
- Жеке кызыкчылык деңгээлинен көтөрүлө албаган, кайсы бийлик келбесин этегине намаз окугандан башканы билбеген саясатчы катары бааласак жарашат. Фракция лидери деген эле аты болбосо, кайсы ишти кыйратып атканы белгисиз.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ