Кыргыз гезиттер архиви

  Ат жалында маек

Эсенгул ӨМҮРАЛИЕВ, "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун төрага орунбасары:
"Шайлоо бүткөн соң талап кылабыз"
- Апрель айында аксакалдардын башын кошкон "Ала-Тоо ынтымагы" коому биртоп сунуштарды президентке жолдодуңар эле. Бирок, сунушуңуздарды мамлекет башчысы чымын чакканчалык көргөн жок. А эмнеге аксакалдар тобу буга реакция жасабайт?
- Президент Курманбек Бакиев менен жолугушканыбызда, саясый реформаны аягына чыгаруу: коалициялык өкмөт түзүү, парламенттик шайлоону 50% бир мандаттуу округдан жана 50% партиялык тизменин негизинде өткөрүү, миграция агымын ооздуктоо, энергетика жана суу көйгөйү, стратегиялык объектилерди менчиктештирүүнү токтотуу, кадр жана укук коргоо тармагын реформалоо маселесин оозеки сунуштаганбыз. Өлкө башчысы миграция, укук коргоо тармагын реформалоо демилгебизди колдогон. Калган сунуштарды президенттик шайлоодон кийин чечели деп айткан. Унчукпай жүргөнүбүздүн негизги жүйөөсү ушунда. Шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң, "Ала-Тоо ынтымагы" кайрадан бийликке кагаз жүзүндө кайрылып, сунуштарыбыздын жүзөгө ашышын тыкыр көзөмөлдөп, талап кылабыз.

Сейит ЖААНБАЕВ, Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Ректорлор министрликке эмес, Акүйгө көзкаранды"
- Жогорку окуу жай жетекчилерин дайындоо вазыйпасы президентке жүктөлүптүр. Андай болсо, Билим берүү министрлиги ЖОЖ ректорлоруна кантип көзөмөл жасап, кандайча башкарат?
- ЖОЖ жетекчилерин президент жана өкмөт бекиткени туура эмес. Өлкө жетекчиси "крышовать" эткен ректорлор Билим берүү министрлигинин сөзүн укпайт. Ошондой эле бу жерде бир жагдай бар. Ар бир окуу жайдын эмгек жамааты өзүнүн ректорун шайлоо жолу менен тандап, отчет алса болот эле. Ал эми Акүй дайындаган ректор коллективге эгерим отчет бербейт, ой-пикири менен эсептешпейт. Болгону жогору жактын гана тилин алат. Жыйынтыгында аны эмгек жамаат жумуштан ала албайт, ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Анысы аз келгенсип, финансы маселесин да министрлер кабинети чечет. Маселен, контракт өлчөмүнүн 20%ы өкмөткө кетет. Мындан улам, колу-буту тушалган Билим берүү министрлиги эмне иш кылары түшүнүксүз. Билинбегени менен бул өтө олуттуу маселе. Аны тез аранын ичинде чечүү - мезгил талабы.

Мелис АЙДАРКУЛОВ, Маданият жана маалымат министрлигинин Маалымат саясаты башкармалыгынын жетекчиси:
"Веб-сайт тагдыры күзүндө чечилет"
- Борбордо жашаган тургундардын басымдуу бөлүгү жана гезит, журналдар дагы керектүү маалыматты интернет-сайттардан алат эмеспи. Ага карабастан интернет булагын массалык маалымат каражаттарына мыйзам түрүндө теңештирүү демилгесин тиешелүү министрлик колдобогону кызык.
- Эл өкүлү Алишер Сабиров мындан эки жыл мурда ушул маселени көтөргөн. Ошондон бери ал коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Веб-ресурстардан зарыл маалымат аларыбыз чындык. Бирок, бул маселени дагы жакшылап талдап, "жети өлчөп, бир кесишибиз" керек. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз гана Казакстан интернетти ММК катарына кошкон. Күзүндө 1992-жылдан бери жаңыланбай келаткан "ММК жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизсекпи деп турабыз. Ошол жыйында ушул маселени кошо кароо планда бар. Веб-сайттарды маалымат каражаттарына теңештирүүнүн тагдыры ошондо чечилиши ыктымал.

Салтанат КЫДЫРМАЕВА, "Көк асаба" гезитинин башкы редактору:
"Жандүйнө азыгын алгандар көп"
- Окурман журтчулугу руханий байлык, жандүйнө, улуттук намыс өңдүү темаларды чагылдырган макалаларды дээрлик окубайт. Мындай кырдаалда, неге "Көк асаба" аталыштагы руханий гезит жарык көрдү?
- Биздин коомдо ушундай суроонун туулуп жатышынын өзү өтө өкүнүчтүү. Мындан өткөн трагедия - биринчи жолу чыгып аткан ушул руханий гезитти аттуу-баштуу эле адамдардын "чыгарбай эле жаап сал, мунун келечеги жок" деп мага айткандары. Журналист журтчулугу тарабынан да сынга алындык. Таза жандүйнө, улуттук намыс, руханий байлык кыргызда байыртан болгон жана анын бар экендиги талашсыз. Белгилей кетчүсү, биз булардан алыстагандан улам жандүйнөбүздү жабыркатып, намысыбызды жоготуп, рухубузду кемитип алгандыгыбызда. Бирок, мезгилдин өтүшү менен баары өзгөрөт. Дал ушул учурда мындай басылмага суусагандар, муну жылдап күткөндөр, жандүйнөсүнө биздин гезиттен азык алып жаткандар бар экендигине күбөмүн. Атүгүл, өздөрүнүн демилгеси менен макаласын берип аткандардын аягы үзүлбөй келет. "Көк асабаны" ачуунун зарылдыгынын бири ушунда болсо, бири - кыргыздын дүйнө таанымын, тарыхын, философиясын жана башкасын камтыган гезиттеги макалалар менин жеке дүйнөмдү толуктап турган жашоом. Менимче, кыргыз болуп туруп, кыргыздын рух дүйнөсүнүн жок дегенде учкунусуз калуу мүмкүн эмес. А эгер мүмкүн болсо, анда андай адамдын аты кыргыз, заты маңкурт.

Улан МЕЛИСБЕК, Мамлекеттик патент кызматынын директору:
"Казактар ойногонуна сүйүнгүлө"
- Кыргыздын улуттук оюндарын казактар четинен менчиктештирип аткан чагы. Маселен, тогуз коргоолду казактар улуттук оюнуна айландырып, эл аралык деңгээлге көтөрүүгө аракет жасоодо. "Кыргызпатент" бул маселеге көңүл бурбаганынын себебин түшүндүрсөңүз.
- Кыргыз, казак, моңголдор - көчмөн элдеринин курамына кирет. Ошол эле бозүй, кымызды казактар колдонот. Демек, бизге тиешелүү оюн, буюм-тайым жана тамак-аштарды казак, моңголдор колдонуп, "биздики" деши ыктымал. Анын сыңарындай, тогуз коргоолду да казак туугандар ойноп атышат. Андыктан, мындан чуу издөөнүн кажети жок. Тескерисинче, тогуз коргоолду жеке эле кыргыздар гана эмес, бөтөн улуттун калкы ойноп атканына сүйүнүшүбүз керек. Азыркы учурда улуттук оюндарды салттуу билим катары эл аралык деңгээлде коргоо боюнча эл аралык келишим кабыл алына элек. Акыркы убакта бул маселени улуттук деңгээлде колго алуу башталды.

Дастан САРЫГУЛОВ, коомдук ишмер:
"Мындай уюмдар улуттук маселени көтөрөт"
- Акыркы убакта эмне үчүн "… ордо" аталыштагы уюмдар көп жаралууда?
- 2002-жылы улуттук дөөлөт-мурастарды сактап, жайылтуу максатында "Теңир ордо" коомдук фонду түзүлүп, Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Ошондо бизге көпчүлүк каршы чыгып, сынга алышкан. Себеби, алар мунун маңызын жеткиликтүү түшүнгөн эмес. 2004-жылы биртоп бейөкмөт уюмдар менен биригип, улуттук маселени көтөрүү максатында "Улут ордо" коомдук уюмун түзгөнбүз. Ал март ыңкылабында коомдук аң-сезимди өзгөртүүдө арбын жумуш жасаган. Жети жылдан бери кыргыздын улуттук маселесин, рухий дүйнөсүн жайылтуу жаатында көп иш аткарылды. Ошол себилген үрөн өнүп отуруп, "Ордо" аталыштагы уюмдардын көбөйүшүнө алып келди.
Негизи ордо - кыргыздын төл сөзү, борбор деген маанини билдирет. Чыңгыз хандын тушунда түзүлгөн борборлор "Алтын ордо", "Көк ордо" деп аталган. Демек, ордо деген сөздүн мааниси өтө зор. Же болбосо ордо оюнун мисалга алалы. Дүйнө жүзүндө аны кыргыздан башка эч ким ойнобойт. Кыскарта айтканда, "Ордо" аталыштагы уюмдардын көбөйүп баратышы - кыргыздар улут катары өзүнүн байыркы салт-санаасы, руханий байлыгына суусап, аларга кайтып барууга далалат жасаганынын алгачкы белгиси.

Сейит ЖЕТИМИШЕВ, жазуучу:
"Интрига даңк талашуудан чыгат"
- Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар, асыресе, жазуучулар арасында көралбастык, интрига күч. Интеллигенция чордону аталган бу тармактын мындай "илдетке" чалдыгышынын сыры неде?
- Мен интрига дегенден тажаган кишимин. Интрига жөнүндө сүйлөгүм да келбейт. Бирок, сурооңузга кыскача жооп берейин. Интрига деген бир сөз болгону менен, анын түрлөрү көп. Бир интриганы конкреттүү мисал менен айтып берейин. Улуттук Жазуучулар союзунда азыр "Уюштуруу комитети", "Демилгелүү топ" дегендер түзүлдү. Алар мыйзамсыз пленум чакырышты. Союздун мыйзамдуу төрагасы, эл акыны Омор Султановду "сиз легитимсиз шайлангансыз, иштен кетиңиз" деп кекиртектеп жатышат. Бул калп. Документтер далилдеп турат. Анда бул интриганын негизги себеби эмне деп сурарсыз. Азыр кат-сабаты жоюлган, күндөлүк жазганга мүмкүнчүлүгү бар айрым адамдар союзга мүчө болгулары келет. Ал эми чыгарма жазган айрым жазуучулар, акындар грамота, медаль, орден дегендерди алгылары келбей, түз эле маданиятка эмгек сиңирген ишмер, эл жазуучусу, эл акыны болгулары келет. Албетте, бул табигый көрүнүш. Ар ким өсүүгө умтулат. Бирок, мындай наамдарга умтулгандар "мен кандай эмгек жараттым" деп өздөрүнө сын көз менен кароого тийиш. Мына ушул маселеде Султанов талапты катуу койду. Талапты туура кабыл албагандар Султановго таарынышты. Терс пикир таратышты. Дал ушул учурду союздун мурдагы иштен бошогон жетекчилери, карьерага жаңы аттанып чыккандар өтө билгичтик менен пайдаланышты. "Уюштуруу комитети", "Демилгелүү топ" деген адамгерчиликке да, мыйзамга да жатпаган көрүнүштөрдү уюштуруп, интриганы улантып жатышат. Мына, интрига кайдан чыгат деп сурайсыз...
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ