Кыргыз гезиттер архиви

  Төбөсү менен төркүнү

Кадыр МАЛИКОВ:
"Сепаратисттер өз улутун сокку алдында калтырды"

Кытайдын Синьцзян районундагы адам өмүрүн кыйган окуялардын курч мүнөздө болгону көрүнүп турат. Абал кооптуу болгондуктан Кытай жетекчиси чоң сегиздиктин ишине катыша албады. Эгер бул окуя башка өлкөдө болгондо мамлекеттин тагдыры чечилмек. Кытай калыңдыгынан гана туруштук берди көрүнөт. Ал эми дин, укук жана саясат, көзкарандысыз аналитика борборунун директору, саясый илимдин доктору Кадыр МАЛИКОВ окуяны үчүнчү күчтөр жасады деп баалайт.
- Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы массалык башаламандыктарды кытай бийлиги сепаратисттик аракет катары баалады. Мунун чыныгы себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Биринчиден, Кытайдагы улуттар аралык кагылышуу бул өлкөнүн ички проблемасы. Бирок окуяга терең назар салсаң, мындан үчүнчү күчтөрдүн катышы бар экени байкалат. Синьцзяндагы жаңжал динге же экстремизмге байланыштуу эмес. Ал чынында эле сепаратисттик мүнөздө. Бул окуяда белгилүү бир тараптын күнөөсү жок. Жаңжалдын атайын сценарий менен даярдалып, алдын ала пландалганы көрүнүп турат. Салыштыра келсең, Ирандагы окуяга да окшош. Дал ушундай сценарий менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да башаламандыктар болуп келген. Биздин борбор Кытайдагы окуя үчүн уйгурларды же кытайларды күнөөлөбөйт. Кытай улуттар аралык маселелерге, анын ичинде аз сандуу калктарга тең мамиле кылган өлкө. Мисалы, ошол эле Кытайда жашаган кыргыздарды алалы, өздөрүнүн каада-салтын, тилин, маданиятын сактоого, өнүктүрүүгө бардык укуктар берилген. Улуттук мүнөзгө ылайык мал чарбачылыгын тутунуп, жакшы жашашат. Кытайдагы дунган, казак ж.б. улуттарда маселе жок.
- Кытай бийлиги жаңжалды баштагандар катуу жазаланат деп билдирүү жасады. Бул жерде бир эле уйгурлар жазаланып калбайбы?
- Биздин маалымат боюнча, күнөөлүүлөр эки тараптан тең кармалган. Бир жарым миллиард калкты башкаруу оңой эмес. Ошондуктан Кытайда укук бузуулар үчүн катаал жазалар каралган.
- Бирок уйгурлар эгемендүүлүктү каалайт. Дүйнө боюнча алардын саны 30 миллионго чамалаш. Деги эле уйгурлар азыркы шартта өз алдынча өлкө болууга жетише алабы?
- Жок. Муну элестетүү да мүмкүн эмес. Мени өкүнткөнү - жанагы сепаратисттердин аракети. Өздөрү чет жерде туруп алып, өз улутун катуу сокку алдында калтырды. Алар Кытай бийлигинин күчүн эң жакшы билет. Адатта репрессия жаңжал отун жаккандарды сурамжылап отуруп, кыйыр түрдө күнөөсү барларга чейин жетет. Бул жерде улуттун көрүнүктүү өкүлдөрү да курмандыкка чабылып кетиши мүмкүн.
- Эгер мындай окуя кайталана берсе, Кытай өлкөсү уйгурларга өтө катаал жаза колдонуп, өлкөдөн көчүп кетүүгө мажбурлоочу чараларды көрүшү мүмкүнбү? Кокус качкындар пайда болсо, түз эле Кыргызстанга келиши мүмкүн да.
- Кытай көп улуттуу өлкө. Азыр жаза колдонуу бүт улутка эмес, бир гана күнөөлүүлөргө карата колдонулууда. Кытай өз жарандарына каршы чыкпайт деп ойлойм. Мисалы, Синьцзянда коммунисттик партияны уйгурлар жетектейт. Деги эле көп улутту башкаруу салтын кытай советтик системадан алган. СССРдин тушунда улуттар аралык мамиле кандай болсо, Кытайда деле ошондой. Бирок, уйгур сепаратисттеринин тарыхый орду бар.
- Канткен менен уйгурлар мусулман дининде. Ошондуктан ислам өлкөлөрү динге шылтоолоп уйгурларды колдоп жибериши мүмкүнбү?
- Бул жерде исламдын тиешеси жок экенин мусулман өлкөлөрү көрүп турат. Бирок азыр жаңжал болгон аймакта ислам ураандары да жаңырууда. Кытайда ушул мезгилге чейин динге байланышкан маселелер көтөрүлгөн эмес.
- Деги эле дүйнөлүк алкакта Кытай улуу өлкө. Анүстүнө дүркүрөп өсүп жатканы кимдир бирөөлөргө жакпайт. Мындайда башка өлкөлөр уйгурларды колдоп жибериши мүмкүнбү?
- Жанагы мен башында айткан үчүнчү күчтөр ошолор. Иранда деле ошондой болду. Азыр бөтөн өлкөнүн ички ишине кийлигишүүнүн эң бир таанымал шылтоосу - адам укугу, демократия, сөз эркиндиги сыяктуу маселелер болуп калды. Булар өлкөнүн ички ишине кийлигишүү үчүн күчтүү инструментке айланды. Бирок мунун кесепетин тартып жаткан учурлар да жок эмес. Мисалы, Ооганстанды алсак, башында аякка кирбеш керек болчу. Киргенден кийин таштап кетүүгө болбойт. Эгер Ооганстандагы абал турукташпаса, бүткүл аймакка, анын ичинде Кыргызстанга да ар качан коркунуч туула берет. Азыр запкыны Пакистан тартып атат. Ооганстанда башка маселелер мындай турсун, он жылдар бою жөнөкөй эле социалдык маселелер да чечилбей келет. Анткени Ооганстандын көпчүлүк аймактарында дин өтө эле радикалдашып барат.
- Азыр ислам кайсы багытта өнүгөт деп дүйнө коомчулугу чочулап турат. Деги эле мунун аягы эмне менен бүтүшү мүмкүн?
- Чынында абал кооптуу. Биздин борбордун көзкарашы исламдын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Исламдын чыныгы баалуулуктарын жайылтуу үчүн дин өкүлдөрүнө, жарандык секторго жардам берүү зарыл. Бул өтө оор процесс болгону менен баарыбир жүргүзүлүүгө тийиш. Мечиттердин абалы оор. Буларга инвестиция менен мыкты кадрлар тартылуусу керек. Ар бир мечитте интернет сайттар ачылып, маалыматтарды тактоого шарт түзүлсө жакшы болмок. Бул үчүн муфтият өз маалымат саясатын иштеп чыгып, бардык аракеттерин коомчулуктун көз алдына ачык-айкын жүргүзүүгө тийиш. Анан да Кыргызстанга араб же Пакистандагы исламдын көчүрмөсүн алып келип таңуулабай, кыргыздын улуттук мүнөзүнө жараша иштелип чыккан ислам керек. Эгер динди мамлекет өз көзөмөлүнө алып көңүл бурбаса, экстремизм менен терроризмди кесип туткан кыргыз жаштары көбөйө бериши мүмкүн. Себеби, мамлекет диний экстремизм идеологиясына исламсыз каршы туралбайт.
Келдибек НАЗИРОВ